Негизгиге Кош жүрөк Жубайларга арналган ырлар кантип жаралган?

Жубайларга арналган ырлар кантип жаралган?

3672

Жубайларга арналган ырлар кантип жаралган?

Үйүнүн куту болгон жубайына эркектер бир гана 8-Март күнү эмес, ар бир күнүн майрамдагыдай өткөрүп берсе аздык кылат. Айымдар тууралуу акындар ыр жазып, режиссёрлор тасма тартышат, ырчылар сезимдерин ыры менен жеткирип ырдап жүрүшөт. Эл арасында популярдуу болгон ушундай ырлардын айрымдарынын тарыхына кайрылдык.

Ырдын аталышы: «Ыраазымын сага»

Бир келген жалганда, жетемин баркыңа,

Ансыз деле өмүр кыска адамда.

Жүрөгүмдүн эркеси, балдарымдын энеси,

Токтобосун сүйүүбүздүн кемеси…

Султан Садыралиев: «Ыр даяр болгондо биринчи жубайыма ырдап бергем»

Менин үйүмдүн куту босогомду аттаганына он жылдын жүзү болуптур. Уул десе уул, кыз десе кыз төрөп берип, азыр балдарым үйүбүздү шаңга бөлөп отурушат.  Чынында, жубайың он жылда бир тууганыңдай эле болуп калат экен. Мен үчүн баарына күйүп-бышкан, жашоонун ысык-суугун бирге таткан айымымдын мага кылган мамилесин көрүп ыраазычылыгымды билдире албай койгон жокмун. Ошентип, жубайыма арнап «Ыраазымын сага» деген чыгарма жараткам. Негизи, атайын ыр жазайын деп отурсаң эки-үч айда араң бүтөсүң, ал эми жүрөгүңдөн чыккан ыр бат эле даяр болот. Биринчи обонун чыгарып, андан кийин сөзүн жазып алып, аны улам-улам оңдоп жүрүп бир жуманын ичинде даяр кылдым. Албетте, ыр бүтөрү менен эле биринчи жубайыма «сага арнап ыр чыгардым» деп ырдап бергем. Жубайым ырды кунт коюп угуп «аябай сонун экен, жаздырсаң мындан да жакшы болот» деп кубануу менен кабыл алган. Клибине да ойлонбостон жубайымды тарткам. Азыр эл арасында үй-бүлөлүк ырга айланды, кайсы тойго барбайын сөзсүз суранышат.

Ырдын аталышы: “Жубайыма”

Кандай сезим сүйүү деген,

Балдай сезим сүйүү терең.

Жароокерим өзүң барда,

Жашоом шаңдуу бакыт менен…

Турдакун Ниязалиев: “Бул ыр көп үй-бүлөлөрдү ажырашуудан сактайт”

— Мен үйүмдүн босогосун аттаганда дароо эле жубайымдын жарык маанайын көрөм, жылуу сөзүн угам. Жубайым экөөбүз үйлөнгөндөн кийин башыбыздан көп кыйынчылыктарды өткөрдүк. Үйүбүздө наныбыз жок отуруп калган учурлар да болгон. Ошондо деле жубайым ушул калыбынан жазган эмес. Жаш үй-бүлөлөргө үлгү көрсөткүм, жубайыма ыраазычылыгымды билдиргим келип, даяр текстке бир айдын ичинде обон чыгардым. Аны жубайыма угузуп көрсөм “бир аз башкача болуп калыптыр” деп сөздөрүн анчейин жактырган жок. Анан “жубайыма жакпаса элге деле жакпайт да” деген ой менен биринчи жана үчүнчү куплетин өзгөртүп жазып көрсөтсөм жакшы баасын берди. Кызыгы, башында ырымды радиолорго алып барсам эч ким албай койгон. Ошентип айылга кетип калып, ырымды өзүм жана айылдаштарым угуп жүрдүк. Келип үмүтүм үзүлбөй кайра бердим. Ошондо гана ырдын багы ачылып популярдуу болуп кетти. Угармандар радиолорго чалып “Чарчап келсем” деген ырды коюп койгулачы?” деп суранышчу. Бул ырды угуп беш үй-бүлөнүн жарашканын билип кубангам. Азыр да “ырдын таасиринен улам ажырашпай калдык” дегендер көп.

Ырдын аталышы: “Жубайыма”

Айлансамда да бүт ааламды,

Сендей жанды таба аламбы?

Кудай кошкон жар экенсиң,

Балдарымдын апакеси…

Расул Маматкулов: “Чыгармачыл адамдын аялы менин жубайымдай болуш керек”

— Жубайым экөөбүздүн баш кошконубузга 20 жылдан ашты. Ага болгон сый-урматым, ыраазычылыгымды ушул ыр аркылуу билдиргем. Алгач ырдын обону чыгып, андан кийин сөзү жазылган. Эсимде, мурдагы аранжировкасы жакпай калып, илхом келген сайын оңдоп жүрүп бир жылда аяктагам. Ыр толук даяр болгондо жубайыма ырдап берсем, көзүнө жаш алып отуруп уккан. Негизи, чыгармачыл адамдар абдан жумшак келебиз, тез таарынабыз, ошол эле учурда кайра бат жазылабыз. Ошондой учурда менин көөдөнүмдө эмне болуп жатканын жубайым жакшы түшүнүп, баарын кабагымдан сезип турат. Дегеле чыгармачыл адамдын жубайы менин кемпиримдей болуусу керек.

Ырдын аталышы: “Жубайыма”

Жубайыма жумшаксың деп досторум,

Сөз кылышат, мен ал сөздөн коркподум.

Өз аялым, жумшак болсом эмне экен?

Жумшак эмес, мерездиктен коркомун…

Төлөгөн Мамыров: “Бойдок болсом да үйлөнгөн эркектин образына кирип ырдадым”

— Чыгарманын сөзүн акын Тайырбек Эрматов агай 2013-жылы жазган экен, аны мен алып, ошондон бери эргүү келсе обон жазам деп жүрүп былтыркы жылга туура келди. Негизи, ырдын текстин окуганда эле таасирленип, “элге батыраак жетип пайдасы тийиши керек” деп атайын жөнөкөй обон жазгам. Өзүм бойдок болгонума карабай ырдаганымдын себеби, кийин байракты баары бир келинчегиме берем да. Аны көрүп досторум шылдыңдабасын деп алдын ала эскертип койдум (күлүп). Ал эми ырды образга кирип аткаруума актёрдук чеберчилигим жардам берди. Мен профессионал актёр болбосом дагы, 16 клип, 5 тасмага тартылдым. Ролдорумда образга кантип кирүү керектигин рёжиссёрлор үйрөткөн, андыктан ырды да үйлөнгөн адамдын образына кирип аткардым.

Ырдын аталышы: “Өмүрлөшүмө“

Таптым сени, ажайып көп гүл көрдүм,

Сен болбосоң кереги не гүлдөрдүн?

Аалам толо сүйүү бердиң сен мага,

А мен сага кучак толо гүл бердим.

Майрамбек Осмонов: “Ырдын обонун 15 мүнөттө жараткам”

— Негизи, чыгарманын сөзүнүн автору Каныбек Иманалиев. Обону болсо мага таандык. Бул ырдын обонун жазууда эч кандай кыйынчылык болгон эмес. Текстин окугандан кийин 15 мүнөттө эле обону жаралган. Дегеле менин дээрлик бардык чыгармаларымдын обону аз убакыттын ичинде чыгат, мындан эрте жаралган да обондор болгон. Анан бул обонду жараткан кезде мен үйлөнө элек, 58 килограмм салмакта жүргөн кезим болчу.

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуЖумагүл: Оору менен алпурушуп жашагандан тажадым
КийинкиБурул Жаркынбаева, врач-инфекционист: Бул күндөр өтсө башкача жашайм…