Жумагүл: “Оору менен алпурушуп жашагандан тажадым”
Эки кыздын энеси Жумагүл эки жылдан бери тери оорусунун бир түрү менен жабыркап келет. Анын оорусу өтүшүп кетип, ички органдарына дейре зыянын тийгизген. Учурда балдары үчүн өзүн колго алып турган энеден жардамыңызды аябаңыз.
“Көкүрөгүмө чыккан кичинекей жара денемди каптап кетти”
Мен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургунумун. Жашым 26да. Мектепти аяктаган соң турмуш-шартка байланыштуу жогорку окуу жайда окуган жокмун. Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүрүп 19 жашымда турмуш жолуна аттангам. Учурда экөөбүздүн 5 жана 2 жаштагы кыздарыбыз бар. Экинчи кызымды төрөгөндөн кийин, тактап айтканда, 2018-жылы жаз айында сол көкүрөгүмдө кичинекей кара нерсе пайда болгон. Оорутпагандан кийин бейкапар эле жүрө берчүмүн. Ошол жара чыккандан баштап эмнегедир башым да көп ооруй турган болду. Анда деле баш оорумдун себебин башкадан көрүп маани берген жокмун. Күз айынан баштап ал экинчи көкүрөгүмө, бетиме чыга баштады. Ошентип, көбөйө баштаганда ооруканага барсам, “волчанка” деген диагноз менен он күн жатып дарыланып чыккам. Андан кийин дагы эки-үч ирет ооруканага жатып дарылангам. Бирок бир жери кеткени менен экинчи жериме чыга берди. Бир ирет үйүбүзгө бир апа келип калды. Ал киши “шарап ичип алып тамак ичпей оронуп жатсаң кетет” деп айткан. Ага ишенип бир жума оозума эч нерсе албай, курсагым ачып чаңкасам дагы бозодон ичип жата бердим. Дене табым көтөрүлүп, чыйрыкканда очоктун оозуна барып отура калчумун. Мындан жакшы болбой эле, тескерисинче, анча-мынча жерде бар жаралар жайылып чыгып ириңдеп кетти. Ошондо ооруканага барсам, өтүшүп жүрөккө бере баштагандыгын айтып кардиологго жиберишти. Ал жактан анализдерди тапшырып, жыйынтыгында жүрөгүмө, муундарыма берип, мындан улам гемоглобиним кырк болуп калганын билдим. Мындан сырткары сол көкүрөгүмдө кандайдыр бир без бар экендигин айтышты. Ушуга сарсанаа боло берип кант диабети менен ооруп калдым. Ошентип, бир убакта бир нече оору менен алпурушуп жатам азыр.
“Кыздарым үчүн өзүмдү колго алдым”
Денемдеги жаралар башында кычышып же оорубаганы менен жайылган сайын кийимдериме жармашып ыңгайсыздык жаратчу болгон. Гезит коюп жүрдүм, анда ага жармашып, чыгарган азап эле. Гемоглобиним төмөн болгонго көзүм көрбөй, өз алдымча баса албай калгам. Ошондуктан бир туугандарым дайым жанымда болуп тамак ичирип, тосуп калышкан. Суюктукту түтүкчө менен иччүмүн, башка тамак жечү эмесмин. Азыр, Кудайга шүгүр, дарылануу жыйынтыгын берип, жаралар кете баштады. Бирок жүрөгүм ойноп, дем жетпей кала берет. Дагы деле алсызмын, жакшы баса албайм. Эс-тутумум дагы начарлап баратат. Көкүрөгүмдөгү без экинчи жагыма өтүп кетиптир. Шалдырап эле жата бергендиктен үй жумуштарынын, балдарымдын жүгү жолдошумдун моюнунда. Бир саатка жумуштап кетсе бир күн өтүп кеткендей кыйналып калам. Колумду сууга салсам ириңдеп кетет. Күнүгө дарынын жардамы менен уктайм. Айтор, эки жылдан бери жашоо кыйын болуп жатат. Мындай азаптуу оорунун айынан стресс болуп да жүрдүм. Адамдын ою күлүк экен, жаман ойлор да келип жүрдү. Азыр кыздарым үчүн өзүмдү колго алдым.
“Ушул убакытка чейин бир туугандарыбыз жардам беришти, эми элден жардам сурайм”
Азыр бизде акча суудай эле кетип жатат. Себеби денемдеги жараларга, жүрөккө каршы дары, витаминдерге эле айына он миң сомдой каражат жумшайм. Дарыларымды убагында ичпесем оорум күчөп кетет. Ошондуктан дайыма жаныма салып жүрөм. Жолдошум көп учурда менин жанымда болуп, кээде гана жумушка чыгып турат. Бизге ушул убакытка чейин бир туугандарыбыз жардам беришти, дагы деле колунан келгенин көтөрүп келишет. Өзүбүздүн болсо үй-жайыбыз жок. Азыркы тапта убактылуу менин ата-энемдин үйүндө жашап жатабыз. Эми акча чогултуп борбордогу ооруканага барып дарылангым келет. Бирок акча маселеси тушап турат. Боорукер адамдар жардам берип, бир аз акча болсо борборду көздөй учкудай болуп турам. Анткени оору менен алпурушуп жашагандан тажадым.
Элсом: 0774 53 80 80
Айгерим Токтобай кызы