Негизгиге Интервью Елена Шевченко: Кыздарымдын күрөшүн толкунданбай эле көрөм

Елена Шевченко: Кыздарымдын күрөшүн толкунданбай эле көрөм

528

Как Валентина Шевченко стала одной из главных женщин в истории ММА | UFC

Елена Шевченко спорттогу карьерасын таэквондодон баштаган. 1999-жылы Кыргызстандагы тай күрөшү боюнча Федерацияны Павел Федотов түптөп, бирок федерацияны башкаруу тизгинин Елена Шевченкого тапшырган. 21 жылдан бери маектешибиз болочоктогу чемпиондорду даярдап келет. Кыргыздын сыймыктуу кыздары – Антонина жана Валентина Шевченконун апасы кыздарынын күнүмдүк жашоосу тууралуу айтып берди.

Елена айым, кызыңыздын акыркы мушташына кандай баа бердиңиз?

— Баары Валентина жана машыктыруучусу Павел болжогондой болду. Атаандашы америкалык Кэтлин Чукагяндын артыкчылыгы – бою, колу узун экен, өзү деле ошол артыкчылыгына ишенип жаткан. Ал эми Валентина мушташта тактикасына, аралыкты сактоо жөндөмүнө басым жасады. Контратакага барып, ошол эле учурда сокку берип жатты. Өзүнүн тажрыйбалуулугуна таянып таамай соккуларды берип жатканын баамдадым. Бул Кэтлиндин бир аз шаштысын кетирди окшойт. Үчүнчү раундда Валентина капталынан сокку берди, Кэтлиндин катасы – коргоном деп колунан кармалып калды. Муну Валентина пайдаланып каршылашына колу, чыканагы менен сокку берип жатты. Кэтлин бетке көп сокку жеп, кан көп болуп калды. Рефери аны куткаруу максатында күрөштү убагында токтотту. Муну менен Валентина үчүнчү жолу ЮФСдеги чемпион титулун коргоп калды.

Эмне себептен жарым жылга күрөштөн четтетилди?

— Күрөш учурунда Валентина тизесинин ооруганын сезиптир. Сактыкта кордук жок деп Техастагы күрөш боюнча комиссияга маалымдаптыр. Бутуна радиография жасап көрүшсө, олуттуу деле жаракат жок экен. Калыбына келүү үчүн алты ай убакыт беришти. Кийинки мушташ 2020-жылдын 6-июнунда Австралияда Джоан Калдервуд менен болот.

Мушкер болбогондо кызыңыздан жакшы бийчи чыкмак экен…

— Валентина азыр деле жакшы бийлейт. Перуда жашап жүргөн жылдары ал ар кандай иш-чараларда бийлеп жүрчү. “Комбатэ” деген реалити-шоуда бийлеп утуп алган. Мындан тышкары мылтыктын түрү менен таамай ата алат. Атуу боюнча эркектер менен жарышып, башкы орундарга ээ болгон. Сууда да мыкты сүзөт.

Ар бир жеңишинен кийин чимириле лезгинка бийлеген адаты качантан бери бар?

— Бий – Валентинанын жашоосунун бир бөлүгү. Көп жылдан бери бийлеп чыгып жатат. Бийден да эжеси экөө сабак беришет.

Валентина кичинесинде кандай кыз эле? Кыздарыңыздын балалыгы кайсы жерде өттү?

— Бала кезинде Валентина сүйкүмдүү, адам менен бат тил табышканга жөндөмдүү эле. Эч ким менен урушчу эмес мектепте. Фучик атындагы сейил бактын жанында жашачу элек, ал жерде да достору көп эле. Бала кезинен сүрөт тартканды, бийди жакшы көрчү.

Кыздарыңыздын күрөшкө болгон жөндөмүн канча жашында байкадыңыз? Эмне себептен машыгууну өз колуңузга алган жоксуз?

— Валентинанын жөндөмү беш жашынан баштап аныкталган. Кыргызстандагы эң күчтүү машыктыруучу Павел Федотовго бергем. Себеби ал өз ишинин көзүн таба алган мыкты адис. Биз жаңы бара баштаганда эле анын таэквондо боюнча күчтүү окуучулары көп болчу. Убагында ал аскерде танканын командири болчу, аскерге чейин самбо менен машыккан. Бардык эле ата-эне балдары менен иштей бербейт. Мен кыздарымды ишенимдүү колго тапшыргам.

Валянын биринчи ийгилиги эсиңиздеби?

— 2003-жылы болчу. Дүйнө чемпиондугунда Валентина менен Антонина экөө тең алтын медаль алышкан.

Кыздарыңыздын мушташын аягына чейин көрөсүзбү? Эне катары алардын бети-башы канаганын көрүү сиз үчүн канчалык оор?

— Жок, оор эмес. Оюндун жүрүшүнө кылдат көз жүгүртүп көрөм. Кооптуу жагын ала турган болсок, мен кыздарымдын даярдыгын билем, ошого жараша коркунучтун даражасын да аныктай алам. Баласы экзамен тапшырганда же бир мелдешке катышканда ар бир эле ата-эне тынчсызданат да, ошол сыяктуу сезим менде деле болот. Мындан бир нече ай мурда Антонина учак башкаруу боюнча жайкы мектепти аяктап экзамен тапшырды. Экзаменде учакты өз алдынча абада башкарууну көрсөтүп берди. Бир көнүгүүдө газды төмөндөткөндө учак абада титиреп баштайт экен. Максат – учакты бул абалдан чыгаруу эле. Ошондо кызыма чындап сарсанаа болдум. Азыр ал учкучтун лицензиясын алды, учурда көрүү начар жерден прибордун жардамы менен учакты башкарууну өздөштүрүп жатат.

Валентинанын бир күнү кандай өтөт?

— Бир күндө эки жарым сааттан машыгат. Мелдешке даярданып жатканда күнүнө 2-3 машыгуу болот. Ал өтө көп иштейт.

Учурда кайда жашашат? Канча убакытта бир жолугуп турасыздар?

— Кыргызстандан кийин Сочиде үч жыл турушту. Андан кийин сегиз жыл Перуда жашашты. Акыркы төрт жылдан бери АКШда жашап жатышат. Бир жылдар аралыгында биз Таиландда жолугуп жаттык. Ал жакка мен тай боксу боюнча дүйнөлүк чемпиондукка өзүмдүн командамды алып барчумун. Чемпиондук өткөндөн кийин биз үч-төрт ай Таиландда калып Самуи аралында машыкчубуз. Алты жылдан бери Пхукет аралында машыгып жатабыз. Ал жакта “Тайгери Муайтай” клубу бар. Антонина менен Валентина ошол клубдун атынан чыгышат. Перуда жашап жатышканда да барып турчумун. Ал жерде Перунун борбору Лима шаарында турушчу. Амазонкада, жунгли токоюнда машыгышчу. Валентина мушташка даярданып жатканда машыгууга кошо барып, мен да өз калыбыма келе алдым.

Өздөрү канча убакта бир келишет Кыргызстанга?

— 2011-жылы Валентина Кыргызстандан кеткен. Арадан жети жыл өткөндөн кийин, 2019-жылы 7-апрелде Бишкекке келди. Эл абдан жакшы тосуп алды. Туугандарга учурашып, биз менен сагынычын таратып кетти. Антонина ага караганда көбүрөөк келип турат. Валентинанын убактысы аз.

Кызыңызга турмушка чык дейсизби же карьерасын өстүргөнүн туура көрөсүзбү?

— Албетте, үй-бүлө, бала өтө маанилүү. Бирок бардык нерсенин өз убагы бар. Азыр ал өзүнүн күчүн спортко, чыгармачылык карьерасына арнаганы туура деп ойлойм. Ал эми Антонина турмуш курган.

Кыз кишини ушундай даражага жеткирүү үчүн кандай мээнет кылуу керек?

— Бул суроону машыктыруучусу Павел Федотовго бериш керек. Себеби кыздарды бала кезинен өз камкордугуна, тарбиясына алды. Туура тамактануу, психологиялык даярдык, баары кылдат каралган. Алардын баарын машыктыруучусу көзөмөлгө алып турат.

Кыздарыңыздын атасы тууралуу дээрлик маалымат жок экен. Бул тема сизге жагымсызбы?

— Антонина менен Валентинаны атасы өзүнө ишенген адам эле. Анатолий жаш кезинде футбол боюнча СССРдин чемпиондук курамында ойногон. Аскерге барганда суу алдында жүргөн атомдук кайык менен Тынч океанына эки жолу узак саякатка чыккан. Дайыма мыкты формада, даярдыкта жүрчү эле. Тилекке каршы, жүрөгү ооруп эки жыл мурда каза болгон.

Кыздарыңыз сизди кантип кубандырат?

— Мага экөө тең абдан жакшы кам көрүшөт. Таиландда жүргөндө экөө алтындардын топтомун белек кылып, “сөзсүз тагынып жүрүңүз” деп тапшырма кылышкан. Негизи эле экөөнүн белек тандоодо табити жакшы. Спорттук кийим сатып беришет же экзотикалык өлкөдөн сувенир ала келишет. Көбүнчө жасалга беришет. Энергиясы жакшы жерден алынган белек мага дайыма жагымдуу маанай тартуулап келет.

Алардын жанына биротоло кетүү тууралуу ой болду беле?

— Эмнеге? Эмне үчүн мен башка жакка кетишим керек? Мен кыргызстандыкмын! Менин ордум ушул жерде!

Анара Дүйшөналиева

СоӊкуНуржигит Кадырбеков: Тойго барганда жашырынып отуруп китеп окуйм
КийинкиЖумагүл: Оору менен алпурушуп жашагандан тажадым