Негизгиге Интервью Нуржигит Кадырбеков: Тойго барганда жашырынып отуруп китеп окуйм

Нуржигит Кадырбеков: Тойго барганда жашырынып отуруп китеп окуйм

1515

Нуржигит Кадырбеков: «Тойго барганда жашырынып отуруп китеп окуйм»

Ак калпакчан бул инсандын үнү Кыргызстандын булуң-бурчуна жетип, жүзү элге таанылды. Эл аны мамлекеттик кызматкер, министрдин орун басары эмес, патриоттуктун жүзү, ыймандын үлгүсү, жѳнѳкѳйлүктүн мисалы катары тааныйт. Бир нече тил билген, ар бир сѳзү угумдуу, жугумдуу, айткан кеби менен аткарган иши айкалышкан Нуржигит Кадырбеков маек тѳрүбүздѳ.

Нуржигит мырза, убактыңызды эмнеден аяйсыз?

— Бекер сѳздѳн. Сүйлѳшѳ келгенде рухуңа, акылыңа азык ала албагандар менен маектешүүгѳ кеткен убактыма ичим ачышат. Алыстан баштап баяндап, узак сүйлѳп отуруп алгандар кыжалат кылат. Телефондо кыска, жолугууда маселени так айтсак жетиштүү болмок. Убакыт – эң баалуу ресурс. Аны колдон чыгып кеткенче пайдаланып калуу керек. Убакыт текке кеткенде ачуум келет. Бул жашоо базарга же тойго коротчу жашоо эмес да. Тойго жаныма китеп салып барам. Атым чакырылганча тынч жер таап алып китеп окуп отурам. Коёндой окшош сѳздѳрдү угууга убакыт кетиргим келбейт.

Күнүңүз кандай башталат?

— Жай, кыш дебей күн чыкканга чейин турам. Береке, ырыскы ушул учурда берилет дейт. Бул маалда уктабайм. Ѳзүмдүн “программа минимум” деп аталган планым бар. Анда камтылган үч нерсе күн чыкканга чейин аткарылышы керек. Биринчи – руханий ѳнүгүү үчүн Кудайдан күндүн берекесин, эл-жерге жакшылык тилеп, ибадат кылуу. Экинчи – дененин ѳнүгүшү үчүн спорт менен алек болуу. Эртең менен тонусуң бийик болсо, күнүң берекелүү болот. Үчүнчү – акылдын ѳнүгүшү үчүн китеп окуу. Буларга кошумча бир маанилүү нерсе – үй-бүлѳм үчүн убакыт бѳлүү. Чуркап келген соң үйгѳ салам айтып кирип, кыздарымды эркелетип ойготуп, тамашалар менен кѳңүлдѳрүн алууга аракет кылам.

Канча саат уктайсыз?

— Азыр болжол менен алты жарым сааттай уктап жатат окшойм. Эрте жатууга аракет кылам, “Куптан. Куптандан кийин уктаң” деген жакшы сѳз. Адам канчалык эрте уктаса, уйку ошончолук сапаттуу болуп, жакшы канат экен. Мисалы, 10до жатсак алты саат уктоо жетет. 12де жатсак сегиз саат укташ керек болуп калат экен.

Балалыгыңызда эмнеден тажачусуз?

— Эртең менен чѳп кыркуу кѳкѳйүмѳ тийген. Айрыкча кыштын ызгаарында кыйын эле. Атам, чоң атам бизге чѳптү кырктырып, анан малга берчүбүз. Түйшүгү чоң болгондуктан “жѳн эле бере берсек болмок” деп тажачу элем. Көрсө, дал ушул нерсе иреттүүлүккѳ жана жоопкерчиликке үйрѳтүптүр. Анан чѳп байлоо эптүүлүккѳ машыктырды. Бир кезде чѳп байлоого жип жок учур болду. Ошондо илгеркидей чѳптү эшип байлоону үйрѳндүм. Элибизде “иретсиз иште ийгилик болбойт” деген таамай кеп бар. Малга ушунча тартип менен мамиле кылуу мени башкаларга да жакшы кам кѳрѳ билүүгѳ такшалтыптыр. Баса, сугаттан да суй жыгыла чарчап, тажачумун. Жүгѳрү, беде, картошка сугарганда сууну бизге жеткирбей буруп кетип убара кылышчу. Сууну буруп алган бирѳѳгѳ тамашалай алдап-соолап сүйлѳп, бирине аргасыз коркутуп сүйлѳп жүрүп түнү менен сугат сугарчу элем. Ошондогу сүйлѳшүү, тилин таба билүү аракеттери кийин дипломатиялык иштерди аркалаганымда пайдасын тийгизди.

Бала тарбиялоодо эмнелерге маани бересиз?

— Бала үчүн ата-эненин урушу – трагедия. Анын алдында эч убакта урушпаш керек. Сѳзгѳ этият болуу зарыл. Бала жакшы болсун десек, жакшы гана сѳздѳрдү айтуубуз шарт. Анан “балам, балам” дей берсек кийин алар да “балам” деп кетет. Ошондуктан баланын кѳзүнчѳ “ата-энем”, “бир тууганым” дей жүрүш керек. Тыюу салуу баланын эки жүздүү болуп калыптанышын шарттап коёт экен. Атасынын же энесинин тыюуларына ылайык бирди кылып, алар жокто каалаганын сѳзсүз кылат. Кыз балага атанын, уул балага апанын жумшагыраак болгону жакшы. Бизде ушундай макулдашылган. Эң маанилүүсү – үлгү болуу. Бала ѳзү бирѳѳнү ѳрнѳк кылууну жакшы кѳрѳт. Ошондуктан кѳнүгүү жасоо, китеп окууну кыздарымдын кѳзүнчѳ кылууга аракет кылам. Бала ата-энеден мээрим күтѳт. Ким мээрим тѳксѳ, ошого ынак болот. Кичинекейим уктап калганда барып, ойгоно электе кетип кала берип “кел” десем келбей калыптыр. Жаңы жылдык эс алууда бүт убактымды аларга бѳлүп, кичинекейим апасына барбай калганча мээримимди бердим.

Балалыгыңыз кандай ѳткѳн?

— Там-туң баса баштаганымда чоң атам, чоң энем менен жайлоого кетип, ошону менен 10 жашка чейин алардын колунда тарбияландым. Чоң атам менен энемдин жалгыз караганы, мээрим тѳгѳ эркелеткени мен элем. Кѳрсѳ, бала тарбиялоо менталдык арифметикага жаздыруу эмес, ага кѳңүл буруп, оюнга тойгузуу экен. Айтмакчы, мен да кызымды атайын ийримдерге берип кѳрдүм. Күч келип, кыйнала баштаганында кереги жок деп чыгарып алдым. Оюнга тоюп, эркин ѳскѳн бала кезеги келгенде илимди сиңирип алат.

Чыгармачылыкка убактыңыз артып жатабы?

— Мамлекеттин иши – чоң аманат. Мойнубуздагы милдеттер оңой эмес. Ошондуктан чыгармачылыгым улам кийинкиге жылып келатат. Ѳзүмдүн планым боюнча кезектеги китебимди ѳткѳн жылдын мартында чыгарышым керек эле. Жаздан жайга, андан күзгѳ жылып отуруп дагы бир март келип калды. Китебим дагы деле иштелип бүтпѳй турат.

Мамлекеттик кызматкер кандай болушу керек?

— Элге жакын болуп, эл менен болуш керек. Элге чыгып, маселени жеринен кѳрүп жатабыз. Жаштар менен тыгыз мамиледе болуу башкы шарт деп эсептейм. Кеңседе отуруп алып мамлекеттин кызматкери боло албайбыз.

“Айлык менен үй-бүлѳнү кантип багат?” деген суроо кѳпчүлүктү кызыктырат…

— Ооба, айлык аз. Бирок ошол аз айлыкта береке бар десем ишенесизби? Айлык, негизинен жетет, болгону, напсиге жетпей калат. Акча менен кошо адамдын каалоосу да кеңейип кете берет экен. Дүйнѳдѳгү тамактын баары сеники болсо да, бир чыны тамакка тоёсуң, жүз бѳлмѳ үйүң болсо да бир эле бѳлмѳсүнѳ уктайсың. Миллион сомдук унаа айдаган адам барган жерге маршруттук такси менен эле жетип алсаң болот. Болгону, адам шүгүр кылууну билсе. “Митсубиси каризма” айдайм. Аны алууга бир туугандарым жардамдашкан. “Министрликте иштеген адам ушундай унаа айдайбы? Алмаштыр” дешет. “Айланайын, кайсы акчама жаңыртам? Ушуга эле шүгүр. “Жакшы мамлекеттик кызматкер байлыкка кызыкпаш керек” дейм. Үй-бүлѳсү да байлыкка кызыкпаса андан да жакшы. Баарына Кудайга шүгүр, жубайыма да Жараткан ыраазы болсун.

Жубайыңызга дагы эмне үчүн ыраазы болосуз?

— Беш күн иште болуп, эс алуу күндѳрү андан алыс сапарларга кетип калам. Үйдүн, балдардын жүгүн кабагым-кашым дебей кѳтѳрүп жатканына рахмат.

Бул орунда канчага чейин кармалам деп ойлойсуз?

— Билбейм. Бирок мамлекетим үчүн ар дайым кызмат кыларым талашсыз.

Чет ѳлкѳдѳ калып калуу оюңуз болду беле?

— Жок, жок. Эч качан. Японияда, Америкада жашагам. Америкалыктардын “кѳздѳн сырткары – кѳңүлдѳн сырткары” деген кеби бар. Четте жүрүү баары бир адам кѳңүлүн карыктырат. “Окууну аяктап мекениме кетсем экен” деп эле дегдеп турчумун. Азыр жаштарыбыздын агылып кетип жатканы ойлондурат. Биз аз элбиз, колубуздан келишинче жылдыз болуп жыйылып, үркѳр болуп үйүлүшүбүз керек. Ал үчүн кѳп иштерди кылуу мойнубузда.

Сонун икаялар сиздин оозуңуздан тарап жүрѳт. Аларды кайдан табасыз?

— Аалымдар, аксакалдар, кээде карапайым эле адамдар икаялардын кени болуп чыга келишет. Андай адамдар менен сааттап сүйлѳшүү ырахат. Ошол кезде кагазга жазып, эстеп калууга аракет кылам.

Айтмакчы, ушундай маанилүү нерселер жазылган дептер, китепче жоготуп кѳрдүңүз беле?

— Чет ѳлкѳгѳ кетип жатып карындашымдын кѳңүлүн кѳтѳрүүгѳ компьютеримди калтырып кеткем. Ичинде ажолор баштаган атактуу инсандар менен түшкѳн сүрѳттѳрүм, ырларым, аңгеме, макалаларым бар эле. Бир учуру келгенде апам “балам башкасын албадыбы” деп аны сатып жибериптир. Угуп “ичиндегилерди эмне кылдыңыз?” десем, “ичинде эч нерсе деле жок болчу” дейт. Компьютерде сакталгандар тууралуу айтып берсем катуу капа болду. Ѳзүм андай нерселерге кайгыра бербейм, жакшылыкка жоруп коём. Апамды “ал бир темир, табылат. Ага кеткен нервиңиз табылбайт” деп араң соороттум. Компьютерди сураштырсак сатып алгандар Орусияга салып жиберишкен экен. Ушул нерсеге таасирленип калган апам кийин компьютерди ѳздѳштүрүп алды. Азыр аябай жакшы билет.

Кандай эс аласыз?

— Дем алыш күндѳрү телефонду ѳчүрүп, үй-бүлѳм менен болууну жактырам. Ѳгүнү музейде чуу түшүргѳн окуя болгондо да ушул себептен телефонумду ѳчүрүп койгон элем. Жандырганча мени катуу талкуулап жиберишиптир. Ушундан кийин мамлекеттик кызматкерге бул жарашпайт экен деп калдым.

Гүлайым Калыбекова

СоӊкуКандай түстөгү капчык сизге байлык чакырат?
КийинкиЕлена Шевченко: Кыздарымдын күрөшүн толкунданбай эле көрөм