Негизгиге Ийгилик сыры Мухаммед Али болом деп отун жарган Нуржигит Кадырбеков жана башкалардын шык берген...

Мухаммед Али болом деп отун жарган Нуржигит Кадырбеков жана башкалардын шык берген адамдары

622

Жашообузда кимдир-бирөнүн шыктандыруу сөздөрү же болбосо басып өткөн жолу, иш-аракеттери өзгөчө таасир калтырып ийгилик жаратууга өбөлгө түзгөн учурлар арбын. Мейли ал жакын инсан, китептеги каарман же кулагыбызга куюп келген насаат кептер болсун. Коомубузда өзгөчө орду бар ийгиликтүү инсандарыбызга шык берген адамдар тууралуу сөз кылабыз.

Эмил Уметалиев, «Kyrgyz Concept” компаниясынын негиздөөчүсү: “Жылуу мамилелер мага таасирин тийгизди“

  • Менин мотиваторлорум таенем, өзүмдүн энем жана биринчи мугалимии болду. Таенем мага бир гана жылуу мамиле жасады. Апам болсо өзү жамшак киши болчу. Мага бир да жаман сөз айтчу эмес экен. А мугалимим мени өз баласындай көрчү. Башка мугалимдер да “Кыргызстандын келечектеги жетекчиси” деп мактап коюшчу. Жумшак мамиле, сүйүү, алкоо, кубаттоо, ишенүү сөздөрдү менин бүгүнкү ийгиликтериме таасирин тийгизди. Анан да мен кандай гана иш болбосун өз алдымча, өз оюм, тандоомдун негизинде жасачумун, өзүм чечим чыгарчумун. Жардам берип же менин ордума эч ким кылып койчу эмес. Ашыкча кеңеш берген, кийлигишип, мага кысым жасаган киши болгон жок. Кичинекейимден өз оюм калыптанган.

 

Нурсултан Кубанов, “Perspective” билим берүү борборлор тармагынын ээси:   “Жыл сайын бир кадамга өсүп туруум керек“

  • Негизи эч кимди кумир тутпайм, мотивацияны өзүмө-өзүм эле берем.  Ушул күнгө келип бир дагы мотивациялык тренингдерге барган эмесмин. Ийгиликти жаратам деген инсан туура чөйрө тандаш керек, чөйрө 70 пайыз роль ойнойт. Бирок эжемдин айткан бир сөзү азыркыга чейин жаттап калыптырмын.  Мен 11-класска келгенде жайкы каникул учурунда официант болуп кафелердин биринде иштеп калдым. Ошондо эжемдин: “Кийинки жылы официант болуп иштебе, ар жыл сайын бир кадамга болсо дагы алдыга жыл”,-деп айтканы эсимде. Бул үчүн эжеме рахмат, ошол сөзү мага таасир берип  эч качан токтогум келбейт. Кыргызстан үчүн алты жылда 19 тил окутуучу мектеп, 2 IT Академия ачтым. 300дөн ашык кыргыз балдарды чет жакка чыгардык. Аны менен эле чектелип калбастан, Стамбул, Алматы, Москвада дагы жаңы филиалдарыбызды ачтык.

Эдил Касенов, ишкер: “Тарыхыбыздагы ата-бабаларыбызды мотиватор катары  көрүшүбүз керек”

  • Мен Ютуб блогерлердин же байлардын сөздөрүн кайталаганды жаман көрөм. Анткени ар бир адамдын өзүнүн ой- максаты жана акыл-эси болушу керек. Менин жашоомдогу мотиваторум-атам.  Атам өзүнүн акыл насаат сөздөрүн кичинекей кезимден кулагыма куюп келген. Анан мен да атамды уят кылбайын, атам жаман сөзгө калбасын деген ой менен ийгиликке умтулгам. Тилекке каршы, кээ бир жаштар дүйнөлүк белгилүү инсандарды  мотиватор катары көрүшүп, сүрөттөрүнө дейре баракчаларына коюп алышат. Бул туура эмес деп ойлойм. Биздин өзүбүздүн тарыхыбызда болгон ата- бабабыз биз үчүн мотиватор болуп, биз ошолордун баскан жолунан шыктанышыбыз керек.

Нуржигит Кадырбеков, мурунку Маданият министри: “Мухаммед Али болом деп отун жарчумун”

  • Бала кезимден Мухаммед Али тууралуу көп укчумун. Күчтүү, кыйындарды ага салыштырып коюшчу. Маалымат алганга анда азыркыдай Ютуб жок, Советтер союзу мезгилинде телевизордон алардын мелдештерин көрсөтчү эмес. Абдан кызыккандыктан анын ким экенин агамдан сурасам: “Мухаммед Али сендей кезинде бир унаа отунду аралап койчу экен”,- деди. Ошондон баштап колумдан араа түшпөй калган. Баарын араалап, жарып бүтүп, дагы отун издеп калгам. Көрсө, агам мени алдап шыктандырып коюп, отун маселесин чечип алган экен. Кийин иликтей келип Мухаммед Алинин машыкканына, адамгерчилигине абдан таасирленгем. Жарды турмушта жашап, эч кандай шарты жок жерде машыгып деле ийгиликти багындырса болоруна ынангам. Мотиваторду сөзсүз эле алыстан издеп кереги жок, кээде жаныңдагы эле адамдар сага чоң мотиватор болуп беришет. Анын сыңары менин китепке болгон кызыгуума баткендик балдар себепкер болушкан. Мен кыргызча китептерди окуп жүрсөм, алар дүйнөлүк классиктердин китептерин окуп бүтүп коюшуптур. Ошондон баштап аларга атаандашып жүрүп дүйнөлүк классикага кызыгып кеткем.

Тилек Токтогазиев, ишкер: “Ата-энемдин ишеними көп иш жасоомо жардам берет”

  • Баарыбыздын эле биринич мотиваторубуз ата-энебиз болот эмеспи. Негизи чоң атам катуу киши болуптур, атамды такыр эркелетчү эмес экен.  Анан атам Жумгалдан Фрунзеге окууга кетип баратканда атасы кучактап туруп кулагына: “Балам, мен сага ишенем”,-деп айткан экен. Ушул бир ооз сөздүн таасиринен улам атам орустардын арасында жалгыз тырышып, башкалар таштаса да кыйынчылыкка карабай окуусун калтырбай окуптур. Кийин атам мага да бул сөздү айткан. Ишеним ар кандай кыйынчылыктарды жеңгенге жардам берет. Апам болсо биздин бир да мүнөтүбүздү бош койбой окуу, ар кандай ийримдерге барышыбызга шарт түзүп берген.

Менин ата-энемден кийинки мотиваторум-келинчегим. Экөөбүз мектеп курагыбызда эле таанышканбыз, ошондо эле сүйүп калгам. Экөөбүз теңтуш болсок, кыздар эрте эле турмушка чыгып кетерин түшүнчүмүн. Ошол себептен “акча табышым керек. 2012-жылы 17-августта үйлөнөм” деп 18 жашымда алгачкы бизнесим баштагам. Ата-энем студент кезимде күнүнө  элүү сомдон беришчү. А мен курсташтарыма “тамак ичип алгам” деген шылтоону айтып өзүм үйдөн бышырып алган жумуртканы жечүмүн да, күнүнкү элүү сомду катчумун. Ошентип ал акчам 2000 сом болгондо суусундуктарды сатып баштагам. Ойлогонумдай эле акчамды көбөйтүп, айтылган датада келинчегиме үйлөндүм.

Айгерим Токтобай кызы

 

СоӊкуЭркек уулдуу болуу сырын уролог Абдрашит Акынбеков айтып берди
КийинкиӨзүмдү күзгүдөн көрүп нес болуп калдым, көрсө боюм узун эле экен…