Жаз айларынын биринде биздин гезит аркылуу сколиоз оорусунан жабыр тарткан Аппазали кайрымдуу элден жардам сурап кайрылган эле. Дайыма бүкүрөйүп жүргөндүктөн күндөн-күнгө дем алуусу кыйындап, тез аранын ичинде операция жасатуу керек экенин айткан. Боорукер адамдардын жардамы менен оорусунан айыгып, түптүз болуп мекенине келген Аппазали бул жолу өзүнүн бүгүнкү кубанычына себепкер болгондорго ыраазычылыгын билдирди.
“8 айлыгымдан бери алышып келаткан оорумдан кутулдум”
Мен Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун кулунумун. Жашым 20да. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Мен ата-энемдин караан туткан, көптү үмүттөндүргөн жалгыз уулумун. Сегиз айлык кезимде талмам кармап калганда доктурлар жүлүнүмдөн суу алышыптыр. Ошондон баштап сколиоз менен жабыркап келгем. Эки жашка келгенде араң баса баштапмын бирок, басып бара жатып эле жыгылып калчумун. Анан он жашка чыккандан баштап омурткаларым кыйшайып, боюм өскөн сайын эңкейип калгам. Моюнумду түздөө үчүн Орусиядан эки ирет операция жасатканбыз. Тилекке каршы, тамагыма жасалуучу үчүнчү операциядан “биз кепилдик бере албайбыз” деп орусиялык врачтар баш тартып коюшкан. Себеби бул өмүрүмө чоң коркунуч алып келмек экен. “Башка жактан деле ушундай жооп аласыңар” деген сөздү укканда үмүтүм өчүп абдан жаман акыбалда калдым. Бирок кол куушуруп отуруп калбай изденүүнү уланта бердик. Акыры ошол кезде Түркияда медицина тармагында эмгектенген Нурсейит аттуу байке менин бул оорудан кутулушума себепкер болду. Ал мени Стамбулдагы бир канча ооруканаларга алып барып көрсөттү. Жыйынтыгында, жеке менчик клиникалардын бири айыктырууга кепилдик берди. Операция үчүн 75 миң доллар сурашты эле, Нурсейит байке сүйлөшүп 50 миң долларга түшүрдү. Операция үч этап менен өттү. Алгачкы эки этапта моюнумду түздөп, кармап туруу үчүн темир коюшту. Анын убактысы он саатка созулду. Эки жумадан кийин жети саатка созулган операцияда омурткамдан бир дискин алып салышты. Экөө тең оор операциялардан болду. Бирок, Кудайга шүгүр, операциядан кийинки абалым жакшы, жыйынтыгында түптүз болуп калдым.
“Мындай өзгөрүү болорун күткөн эмесмин”
Мен өзүмдүн боюм мынчалык узун деп ойлогон эмесмин, кичинекей кезимден бери бүкүрөйүп жүргөнгө боюм кичине эле. Көрсө, узун эле экенмин, азыр 171 сантиметр болуп калдым. Биринчи жолу бастыруу үчүн тургузушуп, күзгүдөн өзүмдү көргөндө түптүз болуп турганымды көрүп көргөн көзүмө ишенбедим. Анткени мындай өзгөрүү болорун күткөн да, ойлогон да эмес элем. Моюнум бир аз түздөлүп, бирок эңкейген абалда калам го дегем. Мурда операция болгондорду көрчүмүн, бирок эч кимисинен меникиндей жыйынтык көргөн эмесмин. Эгерде туура эмес операция жасалса нерв клеткалары кысылып, такыр баспай калуу коркунучу бар экен. Ошого көп доктурлар тобокелчиликке барбай бир аз кыйшайган абалда калтырышат экен. Мен абдан тажрыйбалуу доктурларга туш келиптирмин. Азыр аларга болгон ыраазычылыгымды сөз менен айтып жеткире албайм. Кубанычымда чек жок. Эми алты айдан кийин текшерүүгө кайра барам. Ага чейин көп басып, жакшы тамактансам эле сөөктөрүм өзү кабылына келет экен. Эң негизги талап — оор жүк көтөрбөшүм керек.
“Кайрымдуу адамдарга абдан ыраазымын”
Менин абалыма үй-бүлөм эле эмес, айылдаштарым да кубанып жатышат. Үйгө келсем тууган-урук, досторум, кошуналарымдын баары шарларды байлап майрамдагыдай тосуп алышты. Эртеси той бердик. Менин айыгып келгенимди уккан сколиоз менен ооругандар алыстан да келип көрүп кетип атышат. Аларда да үмүт, стимул пайда болду деп ойлойм. Кыргызстанда сколиоз менен ооругандар абдан көп экен. Аларга айтарым, эч качан үмүт үзбөңүздөр. Апам экөөбүз Орусияда эле бир жыл дарыландык. Ал үчүн жерибизди сатып акча топтоп барганбыз. Бир жылдык дарылуума 10 миң доллардай каражат сарптаганбыз. Стамбулдагы операцияга тууган-урук, дос, тааныштарыбыздын баары колунан келген жардамын беришти. Ал жетпегенде жалпы элге кайрылуу жасоого аргасыз болгонбуз. Азамат Байматов агабыз өз кайрымдуулук фондунун каналына тартып, сиздер баш болгон массалык маалымат каражаттары абалымды чагылдырып, өзүбүз унаабызды сатып, карыз алып отуруп керектүү каражат бир жарым айда топтолду. Жакындарымдын, элдин жардамы менен азыркы акыбалга жеттим. Сиздерге абдан ыраазымын. Финансылык жактан жардам бере албагандар комментарийлерде мен үчүн дуба кылып турушту, аларга да ырахматымды айтам. Жакшылыгыңыздар эселеп кайтсын! Келечекте, мен да кайрымдуулук менен алектенип, ооруган инсандарга жардам берем деген үмүт-тилегим бар. Башыңа түшкөндөн кийин көп нерсени билип калат экенсиң, доктур табуу жаатында болсо да жардамым тийсе дейм. Өзүм 9-классты аяктап, Ош мамлекеттик университетинин колледжинде программистик кесипте билим алып жаткам. Үчүнчү курска келгенде ден соолугума байланыштуу окуумду таштоого туура келген. Буюрса, окуумду кайрадан калыбына келтирем. IT тармагында бекер онлайн окууну сунушташты. Ушул багытта терең билим алып, жеткирип берүү кызматынын өзгөчө формасын иштеп чыккым келет.
Айгерим Токтобай кызы