Өзүнүн 43 жаш курагынан алда канча жаш көрүнгөн көп балалуу эненин жаштыгынын сыры — аялзаттык бакытында. Ушул жашында сегиз небереге таене болгон Венера айым көп аялдарга үлгү болчудай.
“Кудай тилегимди орундатып 9 кыз берди”
Мен Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Правда айылынын кызы болом. Үй-бүлөмдө жалгыз кызмын, менден кийин үч иним бар. Эже же сиңдим жок болгонго он бир кызы бар кошунабызга суктана берчүмүн. Алар менен чогуу ойноп, мектептен келгенде жалгыз тамактана албай алардыкына барып же бир кызын чакырып келип чогуу тамактанчубуз. Кыз баланын жалгыз болгону болбойт экен. Ошондо эле Кудайдан көп кыздуу болууну тиленер элем. Тилегим орундалып жолдошум экөөбүз учурда 9 кыз, 1 уулга ата-эне болдук. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, мен дүйнөдөгү эң бактылуу, эң бай энемин.
“Мен үчүн жолдошум идеалдуу адам”
Мектепти аяктаганда педагогикалык багыттагы окууга тапшыргам. Бирок сокур ичеги болуп ооруп калып, ден соолугумду калыбына келтиргенге чейин окуум калып калды. Андан кийин деле уланта албай, ошол бойдон окубай калгам. Кийин бир дос кызыбыз турмушка чыгып тоюна барганда жолдошумду бир көрүп эле жакшы көрүп калгам. Экөөбүз эки ай сүйлөшүп үй-бүлө курдук. Жолдошумдун мен баалаган негизги сапаты — жоопкерчиликтүүлүгү болду. Бирөөгө сөз берсе — дароо аткарат. Аял кишини кадырлайт. Мен өзүмдүн жүрөгүмө туура келген жолдошту тандап алгам деп ойлойм. Ал мен үчүн идеалдуу адам. Жолдошум сегиз бир туугандын улуусу болгону менен шартка байланыштуу ата-энебиздин колунда калганбыз. Кайнатам өтө жакшы адам эле… Бактыбызга кайненем азыр төрүбүздү көрккө бөлөп отурат.
“Атабыз баарыбызды жалгыз өзү багат”
Жолдошум экөөбүз жаңы үйлөнгөндө Казакстанга барып иштеп көрдүк. Бирок ал жактагы жумушубуз ийгиликтүү болгон жок. Анан жайыттан жай алып мал багып, бүгүнкү күнү фермер болдук. Жолдошум “балдарыбызды тарбияласаң болду, мен сени эч качан көчөдө жумуш кылдырбайм. үйүбүздүн эле куту бол, башкысы мыкты эне болсоң болду” деп башында эле айткан. Ошол себептен балдарды карап эле үйдө отурдум. Атабыз баарыбызды жалгыз өзү багат.
“Бир уулумду жоготуп чоң стресске кабылгам”
Бала кароодо эч качан кыйналган эмесмин. Өзүм чыйрак, чыдамкай айыммын. Балдар кичине кезинде көбүнесе жолдошум көмөктөшчү. Анан улуулары чоңойгон сайын кичүүлөрүн карашчу. Улуу кызымды бешиктин алдына койчумун, ал жылбай отуруп терметет эле. Балдарымды кантип чоңойтконум чындыгында эсимден деле чыгып калды. Бирок бир баламды жоготкондо депрессияга учурап, ооруп калгам. Уулумдан кийин удаа дагы бир уулду жарыкка алып келгем. Ортосунда бир эле жаш айырмачылык бар болчу. Ошентип ал балам 3,5 жашка чыкканда трактор тебелеп кетип уулубуз чарчап калган. Көрсө, айдоочу ичимдик ичип алып жолдон чыгып кетиптир. Эч бир ата-эне баласынан ажырабасын, баланын күйүтү өтө жаман экен. Андан кийин да төрөй бергеним мени баламдын күйүтүнөн аз да болсо алаксытты.
“Жолдошум эч убакта кыздуу болгонуна кейиген эмес“
Төртүнчү кызымды өзүмдүн туулган күнүмдө төрөгөм. Аны УЗИден “уул” деп айтышкан. Анан медиктер жолдошумдан коркуп сүйүнчү сурабай коюшуптур. Бирок жолдошум торт, гүлүн көтөрүп алып жаркырап эле кирип келген. Ал эми уулдуу болгондо “уул экенин өз оозунан угайынчы, терезеден башын чыгарып айтсын” деп терезеде туруптур. Качан өз оозумдан укканда ишенип, аябай кубанган. Бирок ага чейин бир да жолу “уул төрө” деп айтып, кейиген эмес. Тескерисинче, “кыздуу болгула, кыз жакшы” деп ар дайым айтып келет.
“Төрт кызыбызды турмушка узатып, уулубузду үйлөнттүк”
Жолдошум экөөбүз төрт кызыбызды турмушка узатып, жалгыз уулубузду үйлөнтүп келиндүү болдук. Калган беш кызыбыз мектеп окуучулары, эң кенжебиз быйыл 1-класстын босогосун аттады. Татыктуу эне болуу да чоң иш. Тогуз кыздын тогуз башка мүнөзү бар. Ар бирине өзүнө жараша мамиле кыласың. Кыздарымдын арасынан бир эле кызым менен сырдашам. Ал ичиндегисин жашырбайт. Өзүмдүн бир тууган эже-сиңдим жок болгон үчүн көп маселеде ошол кызым менен кеңешем. Атабыз тарбияга катуу, кыздарды катуу кармайт. Менден да ошону талап кылат. Кыздарыбызды диндин негизинде тарбиялап, “Барган жериңе таштай каты. Ошол жердин тымырын тартып, ырын ырда, сөзүн сүйлө, бизге коноксуңар” деген насаат сөздөрүмдү айтам. Кудайга шүгүр, кыздарымдын тарбиясына суктангандар, колун сурагандар арбын. Төрт кызым тең мектепти аяктап эле турмушка чыгышты, окутканга үлгүргөн жокпуз.
“Дайыма өзүмө кам көрүп турам”
Балдарымдын ортолору 1,5-3 жашка чейин. Эгерде ден соолугуң чың болсо жылда төрөсөң деле болот экен. Менин ден соолугум жакшы, шүгүр. Дайыма өзүмө кам көрүп турам. Кадимки эле чалкан, бака жалбырак деген сыяктуу чөптөрдү көп ичем. Чөптөрдөн ар кандай маскаларды жасайм. Той-топур же көчөгө чыкканга эмес, жолдошум үчүн жасанам. Аялзаты үчүн жакшы сөздөн артык белек барбы? Кымбат баалуу белектен да кымбат болгон жакшы сөзүн аябайт жолдошум. Бир жакка баруу керек болсо дайыма унаасы менен алып жүрөт. Балдарым да атасынын мага кылган жылуу мамилесин сезишет окшойт, “атам сизди жакшы көрөт!” деп турушат.
Бала- бакыт! Бардык аялзатына “эки бала эле төрөйм, бага албайм” дебеңиздер демекчимин. Ар бир баланын өз ырыскы болот. Кимге канча бала берсе, ошончо баланы төрөп, эне болууну каалайм!
Айгерим Токтобай кызы