Негизгиге Менин наристем 6 айлык наристеге кам кѳрүү

6 айлык наристеге кам кѳрүү

2291

6 айлык наристеге кам кѳрүү

Наристе – үй-бүлѳнүн жаңы мүчѳсү. Аны менен жакшылап таанышып, ага жагымдуу жана ыңгайлуу атмосфера түзүү ата-эненин башкы милдети. Бул шартта сизге жардамчы жана жакшы кеңешчи болууга аракет кылабыз.

Наристе 6 айга толду. Жарым жылдык жашоо аны кадыресе адамдардын катарына кошту. Бул айда бала жаны тынбай тоголонуп, ушул аракети менен бүт бѳлмѳнү «кыдырып» чыгат. Ѳз аракети менен отурууга умтулуп, чоң адамга кол сунуп, талпынат. Айдын аягында толук отуруп калышы керек.
Мурда туш келген нерсени оозуна салса, азыр айрым нерселерди ѳз аң-сезими менен таанып, ажырата баштайт. Мисалы, упчу эме турган зат экенин билип, оозуна максаттуу түрдѳ салат. Бир колундагы буюмду жерге түшүрбѳстѳн экинчи колуна ала алат. Ушул кыймылдар аны манжасын, жеңин соруу сыяктуу адаттардан алыстатат. Колунан түшүрүп алган оюнчугун издейт, шылдырагын кыймылдатып токтотуп, тыңшап, үндү күтѳт. Айтор ѳз алдынча анализ кылып кѳрүүгѳ ѳтѳт. Баланын сѳѳктѳрү укмуштай ийкемдүү кез болгондуктан анын ийилчээк кыймылдары таң калтырат. Кокус, жогоруда саналган кыймыл-аракеттер балаңызда кечигип жатса сѳзсүз дарыгерге кайрылыңыз.
Сүт тиштеринин чыгуусу уланууда. Атайын режим менен толук тамактанууга киришүү керек. Бала күнүгѳ тѳрт маал тамак жеп, эки маал жеңил шам-шум кылууга тийиш. Ал эми эне сүтүн суткасына жок дегенде алты жолу эмиши шарт.

📌Ата-эненин милдети
Баланын физиологиялык гана эмес, психикалык жана эмоционалдык жактан да толук кандуу жакшы ѳсүүсүнѳ маани бериңиз. Бул үчүн аны менен сүйлѳшүүнү, ырдап берүүнү, эркелетүүнү кынтыксыз аткарыңыз. Мисалы, бул айдан баштап наристеңиз менен алакан чаап, жүзүңүздү алаканыңыз менен тосуп жашынмак ойносоңуз болот. Ушул жѳнѳкѳй гана аракеттер баланын мээрим менен ѳсүүсүнѳ сонун кѳпүрѳ болуп берет.
Жарым жашка келип калган балаңызды элге татыктуу аралаштыруу үчүн ар дайым аракетте болуңуз. Бейтааныш адамдарды чоочуркап карап, алардан коркконун кѳңүл буруусуз калтырбаңыз. Дал ушул кезде баланын ѳзүнѳ кам кѳргѳн жан бар экенине ишенүүсү абдан маанилүү. Ошол эле маалда ашкере кызганчаак болуп, башкалардан таптакыр бѳлүп салуу да болбойт. Наристенин башка балдарга болгон кызыгуусун байкасаңыз алар менен чогуу отургузуп ойнотуңуз.
Наристе ѳзүнүн атын билип калды. Андыктан аны ѳз атынан кѳп-кѳп чакырыңыз. Ошондой эле башы, кѳзү, оозу кайсы экенин айтып, үйрѳтѳ баштасаңыз болот. Бул аракеттерди күнүгѳ бир нече жолу кайталап, жаңы нерсенин санын күнүгѳ бирден кѳбѳйтүп жүрүп отуруңуз. Чоңдор үчүн таң калгыдай эч нерсеси жок зат бала үчүн жапжаңы, ѳтѳ кызыктуу экенин эске алыңыз. Бала ошол жаңы нерселерди үйрѳнүү менен мээсине кѳнүгүү жасалып жатат деп түшүнүңүз.

Гүлайым Калыбекова

СоӊкуНазира Айтбекова: Атасы бар болгон сезим сонун экен
КийинкиЧыгармачылыктан бизнеске