Негизгиге Ааламда Назира Айтбекова: Атасы бар болгон сезим сонун экен

Назира Айтбекова: Атасы бар болгон сезим сонун экен

645

Назира Айтбекова: “Атасы бар болгон сезим сонун экен”

Назира айым, атаңызга жолугуп бул сүрөткө түшкөнүңүздөргө көп
болуп калыптыр го?

Негизи 2017-жылы январь айында го дейм жаңылбасам, жаңы ажырашкан
кезимде бук болуп жүрүп, атамдын номерин таап чалып сүйлөшкөм. Былтыр
күздө атайын издеп барып жолуккам. Бул ошондогу сүрөт. Түптө бир
айылда турат экен. Мектепте үйлөмө аспаптардан, комуздан сабак берет.
Ойдо жок жерден эле жолуккум келип кетип калгам. Көкүрөгүм кечиримди
талап кылды. Жеңилдегим келди. А сүрөтүн эми чыгарганымдын себеби,
убакты-сааты эми келди, “менин атам бар” деген нерсеге моралдык жактан
эми даяр болдум. Аны сыртка чыгарыш, ал ойго көнүш үчүн убакыт
керектелди.

Көптөн күткөн жолугушуу сизди кандай сезимдерге бөлөдү эле? 22
жыл бою көрбөгөн адам чоочун көрүнүп калат бекен?

Башында ушул менин атамбы деген ой келип, кылдаттык менен чачын,
көзүн, колун, ар бир мүчөсүн кызыгуу менен карап, үнүн берилип
тыңшадым. Бул жыл аралыкта унутууга үлгүрүптүрмүн. Жаңы таанышып
аткандай сезим болду. Чочуркадым, албетте. Ата — бала сезими менде
жаңы эле ойгонду. Атасы бар болгон сонун сезим экен. Кадамды да
ишенимдүү басып, өзүнчө бактылуумун.

Сиздин эсиңизде атаңыз кандай адам катары, кандай элесте калган
эле?

Тентек, шайыр, комузда, чопо чоор, сыбызгыда, ооз комузда ойногон,
тамашөкөй, тамакты сонун жасаган, боорукер, адамга жамандыгы жок,
айтор, дүйнөдөгү эң мыкты адам катары эле эсимде болчу. Ал мен үчүн эч
качан жаман болгон эмес. Келген жок деп сагынып, таарынганым эле
болбосо, бала үчүн ата-энеси эң эле идеалдуу да.

Бала чагыңызда атаңызды сагынган, аталууларга суктанган, ата
мээримине суусаган күндөрүңүз болчу беле?

Классташтарым атасын айтканда көңүлүм ооручу. Бышактап ыйлап
кирчүмүн. Атасы менен кызынын кучакташканын көрсөм муңая түшчүмүн.
Шагым сынчу. Кыйналганымда атамдын колдоосун жоктодум. Ата издей
берер элем. Жакшы адамдарды апама чактап, Жараткандан ата суранып
жүрдүм. Азыр деле улуу адамдарга башымды жөлөп, кадимкидей эркелейм.
Мээрим эңсейм кадимкидей, ата эңсейм.

Алгачкы жолугушуудан бери мамилеңиздер кандай уланууда?

Андан кийин жолугуша элекпиз. Телефон аркылуу гана ал-акыбал
сурашчубуз. Акыркы эки сүйлөшүүбүздө узун кептерди чубадык. Керемет
сезим болду. Ичимде бугум толуп, ыйлагым келип турган. Бала чагыма
кайрылдык. Кылык-жоругумду эстедик. Каткырдык. Ошол эки сүйлөшүү мени
болуп көрбөгөндөй бакытка бөлөдү. Жаңы кыялдарым пайда болду.

Атаңыз менен табышканыңызды апаңыз кандай кабыл алды?

Албетте апама жаккан жок. Жыйырма жыл азабымды, жыргалымды жалгыз тартса, даярдап, чоңойтуп койгон баласы башканы карап атса таарынат да. Мен аны аябай жакшы түшүнөм, бирок атаңдан баш тартыш, ага таарыныш мүмкүн эмес экен. Мен ак көңүл, дардаке, унутчаакмын. Атамдын бир жамандыгын эстей албайм азыр, же эстегим келбейт. Ичимде ага адвокат
болуп жактайм. Жаңылды деп ойлогум келбейт. Ошондой болуш керек болчу дейм. Менин жөн гана бала катары аталуу болгум келип атат. Башка эч нерсе каалаган жокмун жана башка максатым да жок. Апам түшүнөт деп ойлойм. Апам атасынын сүйүктүү кызы да. Атасын кандай жакшы көрсө, мен да ошентем. Өчүргүч алып келип алып өчүрсөң да баланын ата — энесине болгон сүйүүсүн өчүрүү мүмкүн эмес экен.

Атаңыздын үй-бүлөсү барбы?

Жалгыз жашайт. Аялдан жолдуу эмес экен атам.

Андай болсо ата-энеңизди жараштыруу тууралуу ойлор келдиби?

Атаё-энесинин чогуу болгонун кайсы бала каалабасын? Каалайм! Болгондо
да болуп көрбөгөндөй каалайм. Бирок ал эч качан ишке ашпаган кыял
бойдон калса керек. Ал эми чоңдордун чечими. Мамилесине аралашканым
канчалык туура болот, билбейм.

Уулуңуз таятасына окшош экен, экөө таанышыштыбы?

Уулумдун таятасы менен абдан таанышкысы келет. Кыялданат. Көп сурайт.
Тааныштыруу менин да кыялым. Учурдагы кырдаалдан чыгып алсак анан
тааныштырам, жакындарымдын ден соолугу маанилүү да.

Бир жолку постуңузда уулуңуз Ариет экөөңөрдүн диалогуңарды
жазып, “уулум экөөбүздүн тагдырыбыз окшошуп калганына ичим
тызылдады” деп жаздыңыз эле…

Өкүнүчтүү нерсе албетте. Бирок тагдырга айла жок экен. Кайталанбашы
үчүн болгон аракетимди жумшадым. Болгон жок. Бул тагдырды
кабылдашыбыз керек жана алдыга кадам ташташ керек.

Уулуңузду атасы менен көп сүйлөштүрүп, тез-тез жолуктурууга аракет
кылып турасыз. Атасын эч убакта жамандабайсыз. Муну менен өзүңүз
бала кезиңизде албай калган мээримге балаңыз бөлөнүп өсүүсүн
каалайсызбы?

Албетте! Эне ата менен баланын ортосун буза да алат, көпүрө да боло
алат. Айрым акылы жок энелер баланы курал кылып өзүнүн өчүн алыш үчүн
колдонот. Сезимдери менен эсептешпейт. Менин баламдын бактысы,
сезими өтө маанилүү. Анын кирпигинен жан дүйнөсүндө эмне болуп
жатканын сезип турам. Мен атамды сагынгандай сагынбасын, атамды
жоктогондой жоктобосун, атама таарынгандай таарынбасын дейм. Ортосуна
түшүп, атасын мактап, атасын бийик көргөзүп, атасына адвокат болуп
турам. Таштанды сезбеш керек бала өзүн. Аталуу бала жашоодо
ишенимдүү кадам таштаарын билдим.

Эми өзүңүз тууралуу китеп чыгарат экенсиз, өзгөчө эмнелер тууралуу
камтыйсыз?

Буюрса, жакында «жөнэлеойлор” аттуу китебим чыгат. Алар менин ойлорум,
жан дүйнөм, көз карашым, сезимдерим. Китеп мени сүрөттөйт.

Сиз, өз жашооңуз тууралуу ачык-айкын маалыматтарды айтасыз,
жакшысын, жаманын да жашырбайсыз. Элге айтылбаганы, “муну
жазбай эле коёюн” дегендери барбы?

Көп. Көп нерсе айткым келет. Өзгөчө бала чагымдагы жаралар көп. Чоңдор
өз сезимдери менен алек болуп атып, менин сезимдерим эске алынбай
калган. Таарынычым көп болуп, балалыгымдагы ошол сезимдерим үчүн
кечире албай жүрдүм экөөнү. Азыр коё бердим окшойт. Кечирим керемет
сезим.
Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуАйгерим: Өз атасын мыкаачылык менен өлтүрдү, дагы канча адамдын канын ичет бул?
Кийинки6 айлык наристеге кам кѳрүү