Негизгиге Тагдыр Айгерим: Өз атасын мыкаачылык менен өлтүрдү, дагы канча адамдын канын ичет бул?

Айгерим: Өз атасын мыкаачылык менен өлтүрдү, дагы канча адамдын канын ичет бул?

855

Айгерим: “Өз атасын мыкаачылык менен өлтүрдү, дагы канча адамдын канын ичет бул?”

24 жаштагы Айгерим атасынан 2019-жылдын 21-декабрында айрылган. 57 жаштагы Кененбаев Шейшенбек өз баласынын колунан ажал тапкан. Адамдын үрөйүн учура турган кылмыш иши азыр тергөөдө.

“Анын атама болгон кеги кичине кезинен эле ойгонгон”

Биз Таластын Кара-Буура районунан болобуз. Эки агам, иним жана сиңдим бар. Бала кезим бактылуу, жетишкен жашоодо өттү. Атам устачылык менен алектенчү. Тынч жашообузга бүлүк салган адам — атамдын биринчи никесинен төрөлгөн өз уулу. Апама чейин атам ошол эле айылдан аял алып, ажырашкан экен. Ал аялы менен ажырашып атканда ортодогу уулу 6 жашта экен. Атам “баланы мен алып калып тарбиялайм” десе аялы болбой алып кетип, төркүнүнө таштап өзү шаарга кетип калыптыр. Ошентип ата-бала бир айылда, бирок бири-бирине жат болуп жашап калышат. Жат болуп эле тим болбостон апасы, туугандары кайраштырып, тукуруп атып ал баланын атама болгон кеги кичинесинде эле ойгонгон. Бир айылда болгондон кийин бир мектептен билим алдык да. Ошондо ал менин байкелериме: “Атаңарды өлтүрөм, айтып баргыла”,-дей берчү. Атам уулун кийин деле үйгө ээрчитип келип, биз менен тааныштырып бооруна тартканга аракет кылды. Убактылуу жакшы мамиле жасап, жибип калат да, кайра эле кекенип баштайт. Айтор, тарбиясы, чөйрөсү начар болуп чоңойду. Атам “баламды убагында өзүм алып калганда башкача болот эле, тарбиясы орундуу болуп бир үйдө силер менен чоңойбойт беле” деген өкүнүч менен жашады.

“Достору менен келип агамдын 14 жерине бычак сайып кетишкен”

Кийин биз эс тартканда шаарга көчүп келдик. Тиричилигибиз жакшы эле болчу. Баласы келип “мага эмне кылып койдуң эле?” деп уруш чыгара бергенинен апам экөө кеңешип өзүбүз жашап аткан үйдү сатып, жарым акчасына жер тилке алып эки кабат үй салып берди. Ал үйдү атам пайдубалынан баштап шыбагына чейин өзү бүтүрдү. Ошол кезде атам чака менен ылай ташып жүргөндө баласы салынып аткан үйдүн ичинде уктап жаткан күндөрү болгон. Үй бүткөндөн кийин деле ыраазы болбой атама “сага баары бир ичим жылыбайт” деген экен. Ичи жылыбаса деле өз оокатын кылып калса жакшы эмеспи. Байма-бай атама чалыпалып сөөккө жете турган уу сөздөрдү агытып моралдык жактан кысымга алып турчу. “Түбүңө жетем” деген сөздү көп айтчу эле. Атам ага деле карабай үйгө чакырып: “Уулум, бир туугандардын улуусу сенсиң, биздин көзүбүз өтсө баш-көз болуп, ордубузду басасың” деп жакшы мамилесинен жазган жок.
Көп өтпөй үй-бүлөбүздү кырсык басты. 2016-жылы өзүмдүн улуу агамды алдап кафеге чакырыптыр. Достору менен барган экен, тамактанып бүтүшкөндөн кийин ээн жерге алпарып баарылап байкемдин 14 жерине бычак сайышыптыр. Өлтүрмөк окшойт, бир аял көрүп калып кыйкырса качып жоголгон экен. Ал аял тез жардам чакырып, агамды оор абалда ооруканага алып келишкен. Жүрөк тушуна шилтенген бычактан коргоном деп колу менен калкалана берип сол жак капталынан тамтык жок. Эки бөйрөгүнө, табарсыгына бычак сайышкан. Бул кырсык баарыбыздын эсибизди оодарып кетти. Эки-үч жыл узакка дарыланып атып байкем жакшы болду. Тиги кишинин үстүнөн арыз жазып каматканбыз. Бирок атам: “Жаман да болсо бир тууганыңар, ал камалып кеткенде беш баласын ким багат” дегенинен сөзүн жерге таштабай байкем тосмо арыз жазып берген болчу. Ошол окуядан кийин тынч жашатпасын билип атам байкелеримди Москвага иштегени кетирди. Экөө соода кылып, атам маал-маалы менен алардын жанына барып жашап турчу. Ал учурда бизге тийишпегени менен ар кайсы номерден атамдын өзүнө чалып тынчын ала берчү экен.

“Атамды да дал байкемди бычактагандай кылыптыр”

2019-жылдын 21-декабрь күнү атам менен сиңдим үйдө болчу. Мен апам иштеген тигүү цехке барып кол кабыш кылайын деп кеткем. Түшкү саат 2лерде атамдын телефонунан бир киши “кимиси болосуңар” деп чалды. Кызы экенимди айтсам, ооруканага келгиле деди. Жаман оюмда атамды унаа коюп кетип кырсыктаганбы деп ойлодум. Апам экөөбүз айткан дарекке жетип барсак өлүккана экен (ыйлап). Атамдын өлгөнү бир тең, анын кандай шартта каза тапканы бир тең болду биз үчүн. Соттук медициналык экспертизага кирдик. Дал байкемди бычактагандай кылыптыр, эки бөйрөгүнө, жүрөк тушуна, табарсыгына сайып, акырында мууздап салган экен. Милиция атамдын сөөгүн шаардын көчөлөрүнүн биринен тааптыр. Сөөгү табылган жерге барсак көлчүк кан болуп калыптыр, тегерек чети таза. Муну ал жалгыз кыла алмак эмес. Дайыма өзүнө окшогон балдар менен топтошуп жүрчү. Ошолор менен биргеликте жасаганынан шегим жок. Москвадан байкелерим келип, атамдын сөөгүн айылга алып кеттик. Жерге берип кыркылыгына чейин айылда болдук. Андан кийин деле эки айга чейин өзүбүзгө келе албай жүрдүк. Апам дайыма кыжаалат болуп жүрчү эле. Атам сыртка чыгып караңгыга калса, достору менен жолугуп кармалып калса улам-улам чалып, көчөдөн карап турчу. “Телефонуңду өчүрбө” деп тынымсыз айта берээр эле. Көрсө, жүрөгү жамандыкты сезчү экен. Атам каза болордун алдында чоң атам менен чоң энем түшүнө кирген экен. Аян берген тура деп азыр да көз жашы кургабай, ыйлап отурат. Ошондо Москвага кетирип жибергенде тирүү калат беле? “Кете бериңизчи” деп сурансак “былтыр Жаңы жылды уулдарым менен тоском, быйыл силер менен тосуп туруп кетейин” деген болчу…

“Бул абактан чыкса биздин өмүрүбүзгө да коркунуч туулат”

Жети айдан бери тергөө иштеринде орчундуу жылыш болгон жок. Берген көрсөтмөсү менен таанышсак, атам урушту биринчи баштаптыр. Анан аффект абалында өзүн коргойм деп бычак шилтеген имиш. Атам мушташмак тургай, бирөөнү катуу какпаган киши болчу. Бир ирет байкемди Москвага салалы деп чогуу баратсак астыбыздан чыкты. “Кандай, уулум, жакшы жүрөсүңбү?” десе, ал атамды жакадан кармап: “Сенин түбүңө баары бир жетем” деген эле. Муну мен өз көзүм менен көргөм. Ал биздин үй-бүлөнү 2007-жылдан бери коркунучта кармап келет. 13 жыл ушунун кысымына, коркутуусуна, зомбулугуна чыдап келдик. Эми түрмөнүн артында да жөн жатпай байкеме бир ирет чалып “сенин да түбүңө жетип тынам” дептир. Жаны тыныш үчүн канча адамдын канын ичкиси келип атат деги анын? Медициналык коммисияга акча берип справка жасатып алды. Аффект абалында болгон деген бүтүм чыгарышыптыр, мунун аркасы менен ал ашып кетсе 6 жылга кесилип, андан кийин амнистияга илинүүсү толук мүмкүн экен. Биз болсо атамды атайын пландап, мыкаачылык менен өлтүргөнү үчүн өмүр бою абакта калуусун талап кылабыз. Себеби бул эртең чыгып келсе биздин өмүрүбүзгө да коркунуч туулат. Мунун бир таянган бай көңүлдөшү бар. Убагында ал эң жакын досунун аялы болчу. Азыр ошол аял справка да алып берип, туш тарапка чуркап жазасын жеңилдетүүнүн аракетин кылып келет. Буга чейин кыз зордуктап, мушташып, унаа менен жүргүнчүнү сүзүп кетип, кыскасы, жети жолу кылмыш иши козголуптур. Анын баарын териштирип билдик. Бирок бат эле абактан бошонуп, оңой кутулуп жүргөн. Бул жолу биз аягына чейин барабыз. Атамдын өлүмү үчүн тиешелүү жазасын алышы керек.

Аймээрим Курбаналиева

СоӊкуАдинай Касымбекова: Ата-энем бизди жүрүм-туруму менен тарбиялады
КийинкиНазира Айтбекова: Атасы бар болгон сезим сонун экен