Негизгиге Интервью Адинай Касымбекова: Ата-энем бизди жүрүм-туруму менен тарбиялады

Адинай Касымбекова: Ата-энем бизди жүрүм-туруму менен тарбиялады

609

Адинай Касымбекова: “Ата-энем бизди жүрүм-туруму менен тарбиялады”

Медицина илимдеринин доктору, невропатолог, психотерапевт, ырчы, актер, тамада…көп кырдуу талант Турат Касымбековдун кызы биздин рубриканын мейманы болду. Жайдары, ар бир сөзү орундуу Адинай үй-бүлөсү тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

— Адинай, бүгүнкү күндөгү кырдаал сиздин үй-бүлөңүзгө да таасир эттиби?

— Албетте, биздин үй-бүлө чоң болгондуктан арабызда ооруп-айыккандар болуп атат. Көпчүлүккө аралашпай, обочолонуп атабыз. Ошол эле учурда телефон аркылуу бири-бирибизден кабар алып турабыз. Азыр чындап эле баары чыңалган абалда турат. Бул күндөр эртерээк өтсө экен. Учурда үйдө онлайн иштеп аткан учурубуз.

— Эмне иш кыласыз?

— Мен Борбордук Азиядагы Америка университетин аяктагам. Ушу күнгө чейин сатуу тармагында иштеп келем. Медиа агенттигибиз бар, ал жактан нөлдөн баштап ишкерлик кылуунун жолдорун, жарнама тармагын кантип иштетүү керек экенин окутабыз. Курбум менен “Багет” деген кулинардык дүкөндү иштетип келгенбиз. Аны былтыр сатып жибердик. Азыр бизнес баштоо, бутуна тургузуу жана каражат табуу тармагында сабак өтөм. Өзүмдүн он жылдык тажрыйбама таянып учурда төрт тайпаны окутум чыгардым. Буюрса алгачкы жыйынтыктар жаман эмес.

— Ата-энеңиз бала кезиңизден мээнетке бышырды беле?

— Менин балалыгым абдан сонун өттү. Ата-энем мени материалдык жактан гана эмес, моралдык жана психологиялык жактан да толук кандуу бакытка бөлөп чоңойтушкан. Кандайдыр бир чыгармачылык жөндөмүмдү байкап, бир нерсе жасап көрөм десем тыюу салышчу эмес. Окшошпосо да кылам дегенимди кылып көнгөн жайым бар. Атамдын жумушуна байланыштуу АКШда эки жыл жашап калдык. Анда мен төрт жашта болчумун. Англис тилинде сүйлөп, ой жүгүртүп калган кезимде кайра мекенибизге кайтканбыз. Бир чети биздин үй-бүлөгө ошол нерсе да таасир этти окшойт. Эң негизгиси ата-энем сиңдим экөөбүзгө толук эркиндик берген. Жөнү жок тыйып биздин шагыбызды сындырчу эмес. Бул бала үчүн өтө маанилүү.

— Ошентсе да тартипке чакыра турган талаптары болгондур?

— “Баштаган ишти аягына чыгар” деген талапты экөө тең койчу. Азыркы күнгө чейин ошол эрежени карманышат. Андан сырткары “бир нерсени жасасаң майын чыгара жаса же такыр баштаба” дешчү. Атам болсо бизге бир маселени чечүүдө бир нече жолу бар экенин көрсөтө билчү. Биздеги чыгармачылык жөндөмдү ачууда атамдын салымы бар. Апам өзгөчө талапты катуу койду, убагында ал талаптарга маани берчү эмесмин. Кийин карьерамды түптөп баштаганда жасаган иштин майын чыгаруу кандай маанилүү экенин түшүндүм. Көрсө, кылган ишиң майнаптуу болсо бат өсүп-өнүгөт экенсиң. Апамдын талабы менен сиңдим экөөбүз тең окууну кызыл аттестат менен аяктаганбыз. Кудайга шүгүр, жашообузда өз ордубузду таптык.

— Сырткы келбетиңиз атаңызга окшош экен?

— Жүз кишинин элүүсү атаңа окшош экенсиң дешсе, тең жарымы апама окшоштурушат. Эгер шайыр жүрсөм атама окшоштурушат. Олуттуу кезим апама окшош. Атам жашоодо өзү каалаган нерсени жасоодон коркпогон адам. Бизге да талантуу болгондон коркпогула деп көп айтат. Ырчы, актёр катары жайдары жүрөт. Доктур катары олуттуу, адилеттүү жетекчи. Экөөнүн мүнөзү тең менде бар. Ушундай адамдардын кызы экениме сыймыктанам.

— Атаңыз ушу күнгө чейин апаңызга сезимдерин ачык айтып турабы?

— Ооба, атам башынан эле сезимдерин ачык айтып келет. Өткөндө соода борборлорунун биринде жаштарга арнап иш-чара өткөргөн. Аягында залда отургандардын суроосуна жооп берип атып апама сезимдерин билдирип, сахнага чакырып, ал аял менен кандай бактылуу экенин айтып берип атты. Жүрөгүмдү жылуулук аралап, башкача толкундандым. Негизи эле кайсы жерде болбосун апамды көтөрүп мактап, сүйөрүн айтып, сулуулугун баса белгилегенден тажабайт. Ата-эне өзүнүн жүрүм-туруму менен баланы тарбиялайт экен. Аларды көрүп мен да сезимдеримди ачык билдире алам.

— Сиздерди көбү орус мүнөз үй-бүлө катары деп ойлошот. Турмушка чыгып атканда кандай салттарды колдондуңар?

— Мени кадимкидей эле сөйкө салынып, колдон узатышты. Жолдошумдун ата-энеси деле салтты катуу кармабаган заманбап үй-бүлө. Кайнатам эмерек жасаган цех иштетет, апам эл аралык уюмда иштейт. Апам ушунчалык жумшак адам, мага өз кызындай мамиле жасайт. Мен ал адамдан үлгү алам. Биздин үй-бүлөгө кийлигишпейт, кеңешин берип колдоп гана турушат.

— Төркүнгө канча убакытта бир барып турасыз?

— Жумасына бир нече жолу кезигебиз. Атайын кече уюштуруп, ата-энелерибизди бат-баттан жолуктуруп көңүл ачабыз. Бул мага абдан жагат, үй-бүлөдөгү мамилени бекемдөөнүн бирден бир сыры бат-баттан жолугуп сагынычты таратуу деп билем. Үйүбүздөгү жазылбаган мыйзамдардын бири – кандай көйгөй чыкпасын эч качан наалып, ыйлактабайбыз. Ооруп калсак, үйдө олуттуу көйгөй жаралса жакшы маанайда жеңгенге аракет кылабыз. Атамдын талабы ушундай. Ушу күнгө чейин аткарып келген алтын эрежебиздин бири –ар бир шаршембини балык күнү дейбиз. Ал күнү сөзсүз чогулуп тамактанабыз, чер жазабыз. Бири–бирибиздин туулган күнүбүзгө материалдык эмес, жан дүйнөгө керектүү белек даярдайбыз. Ыр ырдайбыз же клип тартабыз, балким туулган күндүн күнөөкөрү тууралуу видео баян даярдайбыз. Кыскасы чыгармачылык жактан изденүү биздин үй-бүлө үчүн маанилүү нерсе.

— Атаңыз кандай таята болуп атат?

— Бала ойнотууда атам ар түркүн ыкмаларды колдонот. Балам да чоң атасынын жумшактыгын билип каалагандай калчайт. Мойнуна минет, кубалашып ойнойт, китеп окуйт…айтор, экөө жолукканда атам болгон ишин жыйыштырып небереси менен гана болот. Кийинки жолугушууну да күн санап күтө берем деп калат.

— Кыргыздын эркектеринде “уулдуу болушум керек” деген түшүнүк бар. Бул нерсе атаңызга да тиешелүүбү?

— Атам үчүн уул менен кыздын айырмасы жок. Апама “эки кызымды төрөп бергениңе рахмат” деп көп айтат. Ушу күнгө чейин атамдын “уулум болсо” деп сөз баштаганын уккан эмесмин. Мен турмушка чыккандан кийин жолдошумду “уулумдай болуп калдың” деп айтып калат. Балким ичиндеги уулдуу болгусу келген сезимин күйөө баласы канааттандырды окшойт. Мен деле ушу күнгө чейин эркек иним же байкем болсо деп деле ойлонбоптурмун.

— Апаңыз жаш көрүнөт дегенди көп уксаңыз керек?

— Ооба, ар бир уккан сайын мага жагымдуу болот. Мамилебиз курбулардыкындай, бирок ошол эле учурда көзгө көрүнбөгөн апа-кыздай болгон чек бар. Мен үчүн апам бардык жагынан үлгү. Кожейке катары жарым саатта столду жайнатып коёт, керек болсо койдун этин бир заматта жиликтеп салат. Чарбачыл, жаны тынбайт. Ошол эле учурда жумушуна байланыштуу эл аралык сүйлөшүүлөрдү да жүргүзөт. Таене катары баламды укмуш эркелетет, эне катары акыл-насаатын айтат, курбу катары сырыңды уга билет. Ошол эле учурда аял катары өзүн абдан сүйөт. Өзүнө абдан кам көрөт. Апам менен кофе ичип сүйлөшүп отурганды жакшы көрөм. Сиңдим экөөбүздү өзүнүн жүрүм-туруму менен тарбиялады десем туура болот. Дайыма сиңдим экөөбүзгө “тескери сүйлөбөгүлө” деп көп айтат. Негатив, жаман сөз сүйлөгөнгө жол бербейт.

Анара Дүйшөналиева

СоӊкуКызыңыздын бактылуу болушун кааласаңыз…
КийинкиАйгерим: Өз атасын мыкаачылык менен өлтүрдү, дагы канча адамдын канын ичет бул?