Кызыңыздын бактылуу болушун кааласаңыз…
Кызыңыз барбы? Андай болсо анын бактысы сиздин колуңузда. Келечекте аны
бактылуу жашоо күтөбү же бактысыз болуп калабы, аны сиз гана аныктай
аласыз. Эсиңизде болсун, кыз бала күн сайын көргөн нерсесин өзүнүн
жашоосунда кайталайт. Үйүңүздүн үч көтөрүлүп жатканына карабай түшкө
чейин уктап жатсаңыз, кийин мындай образды кызыңыздан көрөсүз. Күйөөңүздүн
сизди кемсинтип, кол көтөрүшүнө жол берсеңиз, кызыңыз да өзү аңдабай туруп
ушундай жашоону тандайт. Андыктан өзүңүздүн жашооңузга анализ жүргүзүп,
өзүңүзгө суроо бериңиз: кызымдын бактылуу болушун мен каалаймынбы? Эгерде кааласаңыз, аны ошого жараша тарбиялаңыз.
Сүйүү бериңиз
Кыз баланы тарбиялоодогу эң негизги фактор болуп ата-эненин экөө тең ага
берген сүйүүсү эсептелинет. Ал сүйүүнүн өзүнө керектүү өлчөмүн алган кыз гана
бактылуу боло алат. Убагында сүйүүгө, мээримге каныккан кыз бала аны башкага
бере да билет. Анын адамдарга жана өзүнө болгон ишеними дал ушинтип
калыптанат.
Ден соолугуна караңыз
Кызыңыздын ден соолугун жакшы көзөмөлдөөгө тийишсиз, анткени ал келечектеги
эне. Аны кичинекей кезинен туура тамактанууга, өзүн алып жүрүүгө үйрөтүңүз.
Мунун баарын өзүңүздүн мисалыңызда көрсөтсөңүз жугумдуу болот. Аны спорттук
ийримдерге тартууга аракет кылыңыз. Бирок футболго же дзюдого эмес, кыздарга
таандык ийримдерге, бийге бериңиз. Кыздын кыз бойдон калганы жакшы.
Үй тиричилигине үйрөтүңүз
Кызыңыздан келечекте ханышаны көргүңүз келсе да аны үй тиричилигине
бышыруу талап кылынат. Тамак жасоо, үйдү таза кармоо – ар бир аялзатынын
милдети. Бул милдеттерди түшүнүп чоңоюусу үчүн кичине кезинен баштап
кызыңызды жардамга чакырыңыз. Жаш курагына жараша алы жеткен жумуштарды
жасатып үйрөтүңүз. Жумуш жасатпай сүйүктүү кызыңызды аёо менен эч кандай
жеңишке жетишпейсиз.
Өзүнө болгон ишенимин арттырыңыз
Мейли, сырткы келбетинде кандайдыр бир кемчилиги болсун, бирок сиздин
кызыңыз – сиз үчүн айга-күнгө теңегис сулуу. Муну күнүнө бир нече ирет кайталап
кызыңыздын аң-сезимине сиңириңиз. Бирок эсиңизде болсун, чегинен ашырып
жиберсеңиз, бул текеберчиликке алып келет. Ошондой эле табит менен
кийинүүгө, таза, тыкан болууга кенедейинен үйрөтүңүз. Сырткы келбетинен
корунуу кичинекей кызда өзүнө-өзү ишенбөөчүлүктү жаратат. Мындай сезим кыз
чоңойгон сайын өөрчүп отуруп карьера жасоодо, жар тандоодо сөзсүз терс
таасирин тийгизет.
Билим бериңиз
Кызыктуу китептерди окутуу, аларды талкуулоо, чет тилдерин үйрөтүү, театрларга
алып баруу – мунун баары кызыңыздын пайдасына. Билимдүүлүк – бүгүнкү
замандын талабы.
Атасы менен энеси – негизги үлгү
Келечектеги үй-бүлөсүн кыз бала атасы менен энесинин мамилесин көрүп түзөт.
Эгерде атасы энесин сүйүп, аны сыйласа, аң-сезиминде келечектеги өзүнүн
түгөйүн атасындай элестетет. Ал эми атасы менен энеси ынтымаксыз болуп,
бири-бирине туура эмес мамиле жасашса, кызга үй-бүлөлүк туура жашоону
элестетүү оор болот.
Алтын аралыкты сактаңыз
Кыз баланы катуу кармаш керек деген түшүнүк менен бала тарбиялоодо чектен
тышкаркы катуулукту колдонгон ата-энелер көп. Психологдордун айтымында
мындай тарбияда чоңойгон көпчүлүк кыздар ата-энесинен бөлүнөрү менен
эркиндик деген ушул экен деген ой менен тескери жолго түшүп кетишет. Андыктан
кыз баланы тарбиялоодо алтын аралыкты сактаңыз. Ооба, 13 жаштагы кыздын
түнкү клубда жүргөнү туура эмес, ошол эле убакта бул курактагы кызыңызды
классташынын үйүнө конокко жибербей койгонуңуз да сиздин ашыкча
катуулугуңузга жатат.
Аталарга алты кеңеш:
Кызыңыздын ар кандай суроосуна жооп берүүдөн эринип “апаңдан сура”
деген шылтооңузду таштаңыз. Аталар да жооп берүүгө милдеттүү. Эгерде
жооп таппай калсаңыз, жоопту кызыңыз менен чогуу издеңиз. Бул ага сөзсүз
жагат.
Кызыңыздын жанында жубайыңызга болгон сезимиңизди билдирүүдөн
тартынбаңыз. Кызыңыз чоңойгондо сиз анын апасын кандай сүйсөңүз, өзүн
да ошондой сүйө турган адамга жолугат.
Кызыңыз менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз, аны менен ойноңуз, колуңузга
көтөрүңүз. Аны көтөрүп ойнотууга мүмкүн болбогон убак бат эле келет.
Ашыкча эркелөөсүнө жол бербеңиз. Аталык сүйүүнүн ашыкчалыгы анын
жетишсиздиги сыяктуу эле зыян алып келиши мүмкүн.
Кызыңызды түшүнүп, анын жашоосуна чын дилден кызыгыңыз. Көбүрөөк
чогуу болуңуз.
Керек учурда каардуу да болуп коюңуз, бирок адилеттүүлүгүңүздөн
жазбаңыз. Жазалоодо эч качан кол көтөрбөңүз.
Атасыз кыздарга кандай тарбия керек?
Эркектер тууралуу, айрыкча кызыңыздын атасы тууралуу жаман сөз
айтпаңыз. Атасы таштап кеткенин, аны карабай койгонун кайра-кайра айта берсеңиз кыздын эркек аттуудан көңүлү калып, келечекте турмушка чыкпай калуу коркунучу күтүлөт.
Кызыңызга таятасы, таякелери, өзүңүздүн эркек досторуңуз менен
көбүрөөк баарлашуусуна шарт түзүп бериңиз. Ал эркектин бул
жашоодогу ролун ошолор аркылуу көрүп-билсин.
Кызыңыз үчүн атанын да ролун аткарам деп аракет кылбаңыз. Энесинен
кыз бала аялдык сапаттарды гана: назиктикти, боорукерликти алууга
тийиш.
Бактылуу болуңуз. Жашоого болгон нааразычылыгыңызды кызыңыздын
көзүнчө айта бербеңиз. Алты саныңыз аман экенине шүгүр кылып
позитивдүү маанайда жашаңыз. Сизди көргөн кызыңыз да бактылуу
болуп чоңоёт.
Кызыңызды жылуу мамиле сакталган толук кандуу үй-бүлөлөр менен
көбүрөөк аралаштырыңыз. Андай досторуңузга, туугандарыңызга
конокко барарда кызыңызды чогуу алып алыңыз. Ал кадимки үй-бүлө
кандай болорун билип чоңойсун.
Айназик Раимкулова