Карантинден кандай пайда таптыңыз?
Бүгүнкү башыбыздан кечирип аткан күн баарыбыздын сабырыбызды сынап аткан
учуру. Бул күндөрдү пайдалуу өткөрөбүзбү же жөн гана убакытты текке
кетиребизби ал өзүбүздөн гана көз каранды. Элге төбөсү көрүнгөн белгилүүлөргө
байланышып карантин кандай пайдасын көрүп жаткандарынан кабар алдык.
Айбек Карымов, обончу: “Ата-баланын баалуулугун сездим”
Жумуш деп жүрүп үйгө эрте келгенде 6-7де, кеч болгондо түнкү 12-1де келчүмүн.
Балдарымдын тарбиясы апасынын мойнунда эле. Менде ушул күндөрү балдарым
менен ээн-эркин ойноп, эркелешип, сырдашканга жакшы мүмкүнчүлүк болду. Ал
ортодо ата менен баланын ортосундагы баалуулукту сездим. Сабактарын окуп
атса жанына барып отуруп калам, текшерип. Ойносо кошо аралашып ойнойм.
Сыртка чыгып чогуу сейилдейм. Айтор, жыргап аттым. Ошого балдарым да көнө
түшкөн экен, эми жумуш башталып сыртка чыксам “бат эле келесизби? Бир
саатта эле келип калыңызчы” деп суранып атышат.
Токтобүбү Черикчиева, ырчы: “Неберемди мурун карашчу эмесмин…”
Буга чейин той, жумуш деп эртең менен кетип, кечинде келип үй-жай ойдогудай
каралчу эмес экен. Мага үйдө болгон жагып атат. Үйүмдү кырып-жышып жууп,
оокатымды түгөлдөп, тамакты түрлөп жасап, деги койчу, кылган ишимен ырахат
алып атам. Көрсө, күнүмдүк иштин шары менен көп нерсеге маани бербейт
экенбиз. Неберемди буга чейин карашчу эмесмин. Азыр эки күндө бир алып келип
өзүм карап күлкүсүнөн кубат алып, кыймыл-аракетин көрүп эле жыргап атам.
Аскат Мусабеков, ырчы: “Атам чачымды бала кездегидей тегерек кылып
кыркып берди”
Адатта айылга барганда ата-энемдин жанында аз эле убакыт болуп, кайра эле
шаарга шашчумун. Бул жолу карантин башталганда айылга кеткем, ошол бойдон
жакында эле келдим. Ата-энемдин жанында болуп каалагандай сырдашып,
сагынычымды болушунча таратып келдим. Илгери бала кезде атам өзү эле
чачымды тегерек кылып кыркып берип койчу эле, ошондой кылып кыркып берди.
Ал чач жасалга мага окуучу күндөрүмдү эске салды. Ушул күндөрү жан дүйнөмдү
эс алдырып, сергигенге шарт түзүлдү.
Лилия Абдуваитова, ди-джей: “Жасаганга чоло тийбей жүргөн тамактарды
жасадым”
Жеке мен үчүн пайдалуу жагы — жакындарым менен чер жаздым. Буга чейин
айтылбаган сөздөрдү сүйлөшүп сырдаштык. Мындан үйдөгүлөрүм жыргады.
Кожойке катары буга чейин кол тийбей аткан жумуштарды бүтүрдүк. Өзгөчө
ашканада ар кандай рецепт менен түрлөп тамак жасап берип кубандырдым.
Интернеттен көрүп, бирок жасаганга чоло тийбей аткан даамдарды жасап көрдүм.
Жакут Сыдыков, куудул: “Карантин болбосо сарай салынат беле…”
Мен Сокулук жакта айылда турам. Ойлоп көрсөм, буга чейин жөн эле шаарга
түшүп-чыгып бензинге акча коротуп жүрүптүрмүн. Карантин башталганы үйдө
оокат кылып атам. Сарай салып, мал кармап, тоок багып чарбамды жакшыртып
атам. Негизи ниет кылып жүргөм, бирок карантин башталбаса ал сарай 5 жылда
салынат беле же салынбай кала берет беле билбейм. Жашоого деле көп акча
кеткен жок. Ун, бир аз азык-түлүк менен эле оокат кылса болот экен. Үнөмдүү
жашоону үйрөнөт экенсиң. Мен өзүм үчүн көп эле пайда таптым десем болот.
Азамат Исмаилов, алып баруучу: “Аялга жардам берүү сүннөт”
Буга чейин убактымдын көбү жумуш менен өтүп үйгө кеч келип калчу элем. Бул
жолу келинчегиме жардам берип атам. Экинчи баламдын төрөлгөнүнө төрт ай
болду. Үйдүн, баланын түйшүгү оңой эмес да. Негизи буга чейин деле үй
иштеринде аялыма кол кабыш кыла койчумун. Кээ бир эркектер муну намыс көрөт
эмеспи. Жок, бул намыс эмес, сүннөт. Азыр келинчегиме каралашканга көп убакыт
артып атканы мен үчүн пайда болуп турат.
Анапия Раимбекова, ырчы, обончу: «Баламды көбүрөөк таанып-билдим»
Кенже уулум 9-классты окуйт. Ойлосом жумуштан бошобой көп нерсеге колум
тийбей бир түрлүү эле тамак жасап бере берчү экенмин. Азыр колум бош, күндө
уулум экөөбүз кеңешип ар кандай рецепт менен түрлөп тамак жасап атабыз.
Балам батасын берип атат. Убакыттын тардыгынан көп сүйлөшчү эмес экенбиз.
Балам менен сырдашып ага эмне көбүрөөк жагаарын, табити кандай экенин дагы
жакшылап биле баштадым. Мен үчүн эң чоң пайда ошо болду. Убакыт көп
болгондуктан социалдык тармактарды карап, акындардын жакшы ырларына көзүм
урунса шап кармап коюп отурам. Буюрса карантин бүтсө ошол ырларга обон
чыгарууну ниет кылып атам.
Ширин Сарыгулова, актриса, манасчы: “Саламаттыгымды чыңдадым”
Жумуш, той, концерт, съёмка менен убактымдын көбү сыртта өтчү экен. Азыр
убакыттын кенендиги мага чоң пайдасын тийгизип атат. Мисалы, буга чейин 10-15
жылдык билимим ар кайсы баракка жазылып турчу, ошонун баарын чогултуп китеп
кылып жазып атам. Күнүмдүн көп бөлүгү компьютердин маңдайында өтүп жатат.
Буга чейин эки жолу жол кырсыгына кабылып башым тынымсыз ооруй берчү,
бийлеп жүрүп муундарыма суук тийгизгем. Акыркы айларда иммунитетти көтөрө
турган Япониядан чыккан дарыларды ичип саламаттыгымды чыңдадым. Эми бул
тармакта жеке ишкерлик кылайын деп аракеттенип аткан учурум.
Борончу Кудайбергенов, куудул: “Нан жасалып үйгө береке киргендей
болду”
Катуу чуркап келе жатсаң бирөө жеңинен тартып “токто!” дейт го. Бул карантин
көп нерсеге көзүбүздү ачты. Мисалы, айына 3-4 миң сомго деле жашаса болорун,
эки сыйра кийимди жууп-тазалап кийсе болорун билдик. Буга чейин бүт сатып
жечү элек. Нанды үйдөн жаап, үйгө береке киргендей болду. Эми мен карантин
жакшы болду десем көбү туура эмес түшүнүп таарынып калышы мүмкүн. А чындап
келгенде адам көп нерсенин баркын билгенге шарт түзүлдү деп ойлойм.
Анара Дүйшөналиева