Негизгиге Менин наристем Мээрим жетишпеген бала кандай болуп чоңоёт?

Мээрим жетишпеген бала кандай болуп чоңоёт?

538

Мээрим жетишпеген бала кандай болуп чоңоёт?

Баланын кийими бүтүн, курсагы ток болушу – анын бактылуулугунан кабар
бербейт. Мындан сырткары бала сүйүүгө жана көңүл бурууга муктаж. Бала
тарбиялоодо ата-эне тарабынан кетирилген кемчиликтер анын бүтүндөй
жашоосун бузушу мүмкүн. Мисалы, өз убагында сүйүүсүн, мээримин бере албаса,
бала төмөнкүдөй сапаттарга ээ болуп калыптанат:

Эмоциясын билдире албайт

Бала чагында керектүү деңгээлде мээримге тойбогон бала өзүнүн эмоциясын
чыгара албайт. Ошондой эле башкалардын кайгысын же кубанычын бөлүшө
албайт. Демек, мындай адамда башкалар менен баарлашууда көйгөй жаралат.

Эч кимге ишенбейт

Көңүл сыртында өскөн бала айланасындагы адамдарга ишенбей чоңоёт. Анткени
аларда кичинесинен баштап ар бир адам өз маселесин өзү чечүүсү керек деген
түшүнүк калыптанат. Жыйынтыгында жакын адамдарына да ишенбей, алардын
жакшы ниет менен сунуштаган жардамынан баш тартып, ар бир кыймыл-
аракеттен шек санай берген мүнөзгө ээ болот.

Өзүн-өзү төмөн баалайт

Мээримдин жетишпестигинин дагы бир жыйынтыгы – өзүн-өзү төмөн баалоо. Ата-
эненин мындай “белеги” балага өмүр бою кедергисин тийгизет. Өзүн баалоосу
төмөн адам кандайдыр бир катачылык кетирүүдөн коркот. Анын мындай сапаты
каалаган окуу жайына тапшыруусуна, кийин кирешеси көп кызматка баруусуна
бөгөт коёт. Ал дайыма жеңилирээк жолду тандайт, анткени оорураак милдеттерди
аткара албай калуудан коркот.

Депрессияга жакын болот

Бул аялдарга көбүрөөк таандык. Эгерде кыз бала өз убагында ата-энесинин
сүйүүсүнө тойбосо, анда депрессияга бат кирип кетүү коркунучу болот.
Организминдеги серотонин жана дофамин гормондорунун өнөкөт жетишсиздиги
аны мындай абалга алып барат.

Ишеничтүү болбойт

Бала кезинен эч кимден үмүт кылбай чоңойгон бала кийин деле
айланасындагыларга көп кайрылбайт. Өзү да убадасын аткарбайт. Мындан улам
ал коомдон четтеп калат. Ишеничтүү болбоо көп учурда эркектерди жабыркатат.
Анткени мындай эркектин достору жок болот, айланасындагылар ага ишенич
артпайт, кайсыл убак болбосун үй-бүлөсүн таштап кетип калышы мүмкүн
болгондуктан ага өмүрлүк жар болууну каалагандар аз болот.

Башкалардын оюнан көз каранды болот

Айланасындагылардын сынына тез сынып калуу, башкалардын ою менен жашоо
да жетиштүү мээрим көрбөгөн адамдын белгиси. Өз ою жок мындай адам баарын
башканын кеңеши менен жасап, жагынып жашайт. Кыскасы,
айланасындагылардын ою ал үчүн абдан маанилүү, а сын аны депрессияга
жеткириши мүмкүн.

Бактылуу боло албайт

Адатта мындай адам өзүнө окшош жар тандайт. Натыйжада алар өз балдарына да
керектүү сүйүүнү бере алышпайт. Жакшы жарга туш келген күндө деле сүйүүсүз
өскөн адам жүрөгүнүн тереңинде өзүн бактысыз сезе берет. Бала кезиндеги
боштук өмүр бою толбойт.

Бактылуу баланы кантип тарбиялайбыз?

Сиздин мүнөзүңүз, кыймыл-аракетиңиз, үй-бүлөдөгү абал балаңыздын
психикасын калыптандырат. Ал бактылуу болобу, жокпу, сизден көз каранды.
Андыктан…

Балаңызга сүйүүңүздү билдирип туруңуз. Аны кучактап, өөп, “мен сени
жакшы көрөм” деп кайталап айткандан аянбаңыз.

Бала – бул сиздин кубанычыңыз. Андыктан маанайыңыздын кандай экени
мааниге ээ эмес. Балаңыздын жанында ар дайым күлүп туруңуз. Сиздин
жүзүңүздөн кубанычты көргөн бала анын себепчиси өзү экенин түшүнсүн.

Үй-бүлөдө экинчи, үчүнчү балдар төрөлгөндө улуусуна “эми сен чоңоюп
калдың” деп сөз менен да, мамиле менен да билдирүүнүн кажети жок.
Балдар бул сөздү “биз сени мындан ары жакшы көрбөйбүз” дегендей эле
кабыл алышат.

Бала бардык нерсени оюн аркылуу кабылдайт. Алар үчүн ар кандай
ийримдер менен алек болууга караганда ата-энеси менен чогуу ойноо
маанилүү. Балаңыз менен канчалык көп ойносоңуз, ал сизге ошончолук
жакын болот. Анткени ал сиз дайыма анын жанында экениңизди, сизге
баары бир эмес экенин сезип чоңоёт. Андыктан оюн үчүн жок дегенде
күнүнө жарым сааттык убактыңызды бөлүңүз.

Чогуу жумуш кылуу да ата-эне менен баланын ортосундагы аралыкты
жакындатат. Кичинекей баланын кылып жаткан жумушубузга аралашканы
убакытты созот же чачылып ишти көбөйтөт. Бирок сабыр кылып анын
жардамынан баш тартпаңыз. Чачылган жерди жыйнап койсо болот.

Тамактанууга отурганда “жеш керек” деп каалабаган тамагын да алдына
коюп койбой, эмне жегиси келип атканын сурап, анын каалоосу менен
эсептешкен туура. Бул нерсе кийим тандоого да тиешелүү. Бала өзүнүн
оюнун маанилүүлүгүн кичинесинен билип чоңоюусу керек.

Коркунуч баланы калп айтууга жана жашырууга мажбур кылат. Андыктан
баланы коркутуу жолу менен тарбиялоо туура эмес.

Аймээрим Курбаналиева

СоӊкуЖылдыз: Кесиптешим акча талап кылып атат, бербесем абийиримди ачат
КийинкиКарантинден кандай пайда таптыңыз?