Негизгиге Кыз сыры Жылдыз: Кесиптешим акча талап кылып атат, бербесем абийиримди ачат

Жылдыз: Кесиптешим акча талап кылып атат, бербесем абийиримди ачат

1251

Жылдыз: “Кесиптешим акча талап кылып атат, бербесем абийиримди ачат”
(Кириш сөз)

Жат адамга жубай болдум

Жолдошум менен баш кошконубузга сегиз жылдын жүзү болду. Бул жылдары уул
жана кыздуу болдук. Бир үйдө түтүн булатып, бир казандан аш ичип оокатыбыз
чогуу өтүп атканы менен жан дүйнөсү мага жат, чоочун адам.
Өзүмдүн ата-энем Көлдө жашайт. Борбордогу окуу жайдын студенти элем, жайкы
эс алууга барганда курбуларым менен эс алганы Чолпон-Атага жөнөп калдык.
Кадыр ал жерде скутерлерди ижарага берип иштейт экен. Капыстан болгон
таанышуу жашоомду түп-тамырынан бери өзгөрттү. Эки күндүк эс алууда ал
артыман калбай ээрчип, алды-артыман чыгып көңүлүмдү алганга аракет кылып
атты. Жанымдагы курбуларыма ансайын эрмек табылып калды:

— Колго түшкөн коёнду коё бербей карма жаның болсо, –дейт Чолпон улам сөз
менен чымчылап.

— Мага аны кармаштын кереги да жок, жылдызыбыз келишкен жок, — дейм мен
чыртыйып.

— Жылдызды эмне кыласың?! Сени жактырып, көзүңдү карап атабы, пайдалан,
–деп Нурпери бир жагынан шыкактайт.

Бирок беттегенимди бергеним жок. Кадыр өңдүү-түстүү, үстү-башы тыкан, өзүнө
тың болгону менен менин жүрөгүмдүн четин да жылыта алган жок. “Жылдызы
келишип” деген сөзгө мен бөркүмдөй ишенер элем. Мейли, өңү серт болсун, бирок
көргөндө жарк этип өзүнө тартып алган адамды издеп жүргөм. Тилеке каршы
андай адамга кеч жолуктум…

Ошентип жайкы эс алуум бүтүп шаарга окуума кайтып келдим. Көп өтпөй артыман
ээрчиген баягы жигит мен окуган окуу жайда пайда болду. Мени кантип, ким
аркылуу тапканын чыргытып айтпай койду. Бирок алды-артыман чыгып сабактан
тосуп алып, үйгө узатып коюп жүрдү. Көп өтпөй Бишкектен Көлгө ала качып алды.

Мен сени сүйбөйм, окуумду бүтүшүм керек! Күйөөгө азыр тийбейм, -деп башыман
жоолугумду жулуп ыргытып, чыр чыгарганымды Кадыр катардагы кыз кылыгы деп
кабыл алды. Алды-артыман чыккан аялдардын кысымына туруштук бере албай
чала тааныган адамдын аялы болдум.

Эрежеси жат башка үй-бүлөгө көнүп кетүү оңойго турган жок. Кадыр үйдө эки
эркек бир туугандын улуусу экен. Менин каалоом эске алынып, Бишкекке көчүп
барып окуумду улантмай болдум. Ата-энеси шаардан жашай турган үй-
жайыбызды дайындап, тиричилигибизди түптөп беришкен. Андыктан жаңы
тирилик болуп, урунуп-беринип кыйналган деле жокпуз. Мен үчүн оорчулук
жараткан нерсе — күйөөмдүн мүнөзү эле. Баягы көзүмдү карагандын бири жок.
Улам өзгөрүп, түнт тартып, корс кыялы чыга баштады. Балким мен жакшы мамиле
жасап, аял катары өзүмө тартсам болот беле деп айыпты өзүмө коём. Имерилип,
көзүн караган сайын эмнегедир кагып-силкип урушканы, көр жемеси көбөйүп
баратты.

Ортобузду бала да жакындата алган жок

Анын түшүнүгүндө аял үйдөгү тамагыңды жасап, кириңди жууп, балаңды бага
турган кара күч эле. Беттегенимди бербей жүрүп жогорку окуу жайды бүттүм. Тун
уулумду төрөп үйдө отуруп калдым. Бул жылдары күйөөмдүн буга чейин
билинбеген дагы жагымсыз сапаттары ачылды. Акчага ашкере катуу экен. Ар бир
берген акчасынын эсебин, кайда коротуп, эмне сатып алып, канча сом артканынан
бери такып сурайт эле. Кээде ошонусунан заарканып кем-карчымды ачык айта
алчу эмесмин. Айтор, менин көзүмө күйөөмдүн кемчилдиктери гана көрүнүп атты.

Мурдакыдай өзүмө тартып, мамилени оңдогонго, үй-бүлөдөгү ынтымакты
бекемдегенге аракет да кылбай калдым. Эптеп күн өткөнү, курсагымдын тойгону,
жашоомдун уланганы эсеп болуп атты. Уулубуз чоңоюп бала бакчага баргандан
тартып жумуш караштыра баштадым. Бир аз тыйын тапсам да үстү-башымды
ондоп, адам катары элге аралашып иштегим келди. Жакын курбуларымдын бири
Чолпон мектепте мугалим эле. Тааныштары аркылуу мага жеке бала бакчадан
жумуш караштырып берди. Күйөөмө иштейм десем өзүң бил дегендей кылды.
Ошо менен жаңы жумуш, жаңы адамдарга аралашып жашоомо аздыр-көптүр
жандануу киргенсиди.

Жүрөгүмө жаккан адамга жолуктум

Жумушка алаксып, күйөөмдүн кылган мамилесине мурдагыдай ызаланбай кол
шилтегенди үйрөндүм. Анча-мынча ачуу сөздөрүн кулагымдын сыртынан кетирип,
үй тиричилине кийлигишкен майдачылдыгына көз жумуп жашоо мен үчүн
мурдакыдай оор болбой калды. Мендеги кайдыгерликти ал да сезип жүргөнбү,
эркектик үстөмдүгүн кылып “мени тоготпойсуң” деп кол көтөргөнгө өттү. “Акча таап
кыйын болуп калдыңбы? Сени деген аял дейт, мага баш ийгенге милдеттүүсүң”
деген сыяктуу ачуу сөздөрүнө эми таягы кошулду. Кадырдын мындай мүнөзүн
жууп кеткен, аны менин алдымда актап турган бир гана жакшы жагы — уул-кызына
мыкты ата эле. Алардын ою менен болуп, өтө эркелетип жибербесе да эл катары
кийинтип, убактысын бөлүп чындыгында аталык милдетин жакшы аткарчу.
Күндөрдүн биринде менин кунарсыз күндөрүмө көрк берген адамга жолуктум.
Анын кызы мен иштеген бала бакчага келер эле. Кызын дайыма өзү жеткирип,
кайра өзү алып кетчү. Бир курдай иштеген кыздардан анын аялы эмнеге кызына
келбесин сураганымда ажырашып атканын, аялы кызын таштап Орусияга
иштегени кетип калганын божурашты. Эрнис мени менен жылуу учурашып, кыска
сүйлөшкөнүбүз менен мени ага белгисиз күч жетелеп турар эле. Кызы башка
тайпада болгондуктан бакчадан алып кетер маалында аны кадимкидей күтөм.
Акмалап турам. Ал да мени менен учурашып, бир көрүнмөйүн кетпейт. Бир жолу
күндөгүдөн кечирээк келди. Бул маалда менин тайпамдагы балдардын баары
тарап, мен да кеткенге камынып жаткам. Сумкамды алып сыртка чыксам жеткирип
коюуну сунуштады. Каршы болгон жокмун. Бир нече жолку ушундай жеткирип
коюудан кийин сый мамиледен өтүп экөөбүз жакындашып кеттик. Ортобузда
болгон мамилеге өкүнгөн да жокмун. Тескерисинче убакыттын өтүшү менен ага
байландым. Ортобуздагы ысык мамиле эки жылдай созулду. Бир ирет
жолугушканыбызда мындан ары мамилебиз минтип улана бербесин, эгер мен аны
чындап жакшы көрсөм, бир жаңсыл болуп турмушка чыгуумду суранды. Андан
чечкиндүү кадамды күткөн эмес элем. Жеке өзүмдүк аялдык бактымды көздөсөм
азыр да аны ээрчип кетүүгө даяр элем. Бирок эки балам мени тизгиндеп турду.
Кесиптешим абийиримди ачам деп мени коркутуп атат
Бакчада чогуу иштеген эже менин үй-бүлөмдөгү абалдан кабардар эле. Жумушка
келген күндөн тарта мүнөзү ачык-айрым, менден 6-7 жаш улуу тарбиячынын
жардамчысы болуп иштеген ушул эже менен жакын болуп кеттим. Өзү тууралуу
баарын ачык айткандыктан мен да сырларымды ушул эжеге айтчумун. Күйөөмөн
таяк жеп 1-2 жолу көзүм көгөрүп барганда да ага арманымды айтып ыйлагам.
Бирок Эрнис экөөбүздүн мамилебиз тууралуу ачык айткан эмесмин. Тартынып
оозум барчу эмес. Ал да бизди жөн гана сый мамиледе деп ойлочу. Ичимдеги
болуп аткан бурганакты жалгыз тарта албасыма көзүм жетип бул ирет эжеге
сырымды ачтым.

— Кантип? Тымпыйып алып көп нерсенин баары сенде жаткан го? Ак никелүү

күйөөң туруп ушуга кантип дитиң барды? –деди дароо эле. Айтканыма өкүнүп
калдым. Андан ары сөздү уланткым келген жок.

— Күйөөң деле жакшы эле жигиттей көрүндү эле… Эми күйөөнүн баары эле кол
көтөрөт да, ботом…-деп келатканда андан ырыстуу деле кеңеш чыкпасына көзүм
жетип туруп кеттим.

Ошондон кийин эженин мамилеси мага кескин өзгөрдү. Мурдакыдай сырдашпай
калдык. Мени шектүү тиктеп, жумуш бүтүп кетерде аңдып эле кызыктай болуп
атты. Менден ирээнжип калган го деп ойлоп аттым. Бир жолу дем алыш күнү үйдө
отурсам телефонума билдирүү келди. Эжеден экен: “Мага болгон сырыңды бекер
айттың. Эми мен күйөөңө айтпай сактап жүрөм деп кепилдик бере албайм” деген
билдирүү менен кошо эки сүрөт келди. Экөө тең мен Эрнистин машинасына
отуруп жаткандагы сүрөт экен. Бирок эки башка күнү тартылган. Жүрөгүм “болк”
дей түштү. Муну эмне максат менен тартканын, аны мага эмнеге жөнөтүп
жатканын сураганымда: “Тынч жашагың келсе мага төлөп бересиң” деген
билдирүү келди. Абдан таң калдым, эжеден мындайды күткөн эмес элем. Эртеси
жумушка барганда сүйлөшүүгө чакырсам кепке келбей койду. “Мен сага жаздым
го, сөз бүттү” деп басып кетти. Азыр менден чоң суммадагы акча талап кылып
атат. Болбосо менин ымандай сырымды биринчи күйөөмө, кайын журтума,
төркүнүмө жайып абийиримди ачаарын эскертти. Азыр санаадан, ойдон чарчап
турган кезим. Эрниске айтсам аны бул нерсе көп деле тынчсыздандырган жок.
“Балким баары жакшылыккадыр. Ушунун шылтоосу менен ачыкка чыгып үйлөнүп
алабыз” дейт камаарабай. А мен ал нерсеге даяр эмесмин. Күйөөмдүн, кайын
журтумдун, айрыкча балдарымдын алдында абийирим ачылып уят болгонумду
эстесем түн уйкум качат. Эже талап кылып аткан акчаны оңойлук менен таап бере
албайм. Акчаны алгандан кийин дагы бир шылтоо таап опузаласа кантем? Айтор
башым маң болду, мени туура түшүнүп, туура кеңеш берүүңүзду суранам,
окурман?!

СоӊкуГүлнара Сыдыкбекова, ырчы: Айлам кеткенде жардам сурап чыктым
КийинкиМээрим жетишпеген бала кандай болуп чоңоёт?