Гүлнара Сыдыкбекова, ырчы: “Айлам кеткенде жардам сурап чыктым”
Филармониянын алдындагы Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде 35 жылдан бери эмгектенип келген кыл кыякчы, ырчы айым Гүлнара Сыдыкбекова көп жылдан бери аты жаман оору менен алышып келет. Каарманыбызды алдыда оор операция жана узакка дарылануу күтүп турат. Өз алдынча күрөшүүгө алы жетпей калганда элден жардам суроого аргасыз болуп турган ырчы айымды колдой турган кайрымдуу адамдардын бар экенине ишенебиз.
“Он жылдан бери ушул оору менен алышып келем”
— Негизи өзүмдүн кант диабетим бар болчу. 2009-жылы лейкоплакия деген ооруга чалдыктым. Ал оорудан адамдын терисинин жумшак жери кычышат экен, менин табарсыгым ошентип жүрдү. Бул оору менен эки жыл алыштым, бирок дарыгерим деле маммологго жибербептир. Эжем врач эле, “ушинтип атам” десем бир сыйра көрүп эле “дароо онкологияга бар” деди. Мамажанов деген доктурга кирдим, мени текшерип көрүп “жаныңда киши барбы” деп сыртта турган эжемди чакыртты. Мени сыртка чыгарып коюп эжем бир топтон кийин ыйлап чыкты. “Эмне болду?” десем “создуктурбай операция кылыш керек экен, шишигиң чоңоюп кетиптир” деди. Көрсө, эмчек рагынын экинчи стадиясында экенмин. Анализ тапшырып, документтеримди толуктап операцияга даярданып калдым. Кудагыйым бар эле, эртең-бүрсүгүнү операцияга кирем деп жүргөндө ага жолугуп калдым. “Дароо эле операция десе бара бербей, бир аз дарыланып көрбөйсүзбү?” деп корей улутундагы бир доктурга жиберди. Ал мени текшерип туруп: “Териң абдан назик экен, организмиң деле операцияны көтөрө албай калуусу мүмкүн. Чөп менен дарылан”,-деген кеңеш берди. Бир топ чөп дары алдым дагы үйгө бардым. Эки күндөн кийин операцияга кирмекмин, доктурлар улам чала бергенинен албай качып аттым. Бир чети 1998-жылы эки бөйрөгүм тең ооруган. Бир жолу химиотерапия алганда катуу кыйналдым. Азыр эле ушинтип атам, операцияны көтөрө аламбы же жокпу деген суроо жаралып чочулаганымдын себеби да ушунда. Ошентип жалаң дары чөптөрдү колдонуп, тамакты ылгап калдым. Ашкабак, сабиздин ширесин, балды колдонуп аттым. Салмагым 75 килограммдан 45 килограммга түштү. Куурулган, майлуу тамактарды азыркыга чейин жебейм. Кылдаттык менен тамактанбасам кадимкидей кыйналып калам. Ошентип 2011- жылдан бери чөп ичтим, организмим тазаланганы менен рак клеткалары башка органга тарап кетиптир.
“Карантинде катуу кыйналдым”
— Индияга, Алматыга барып дарыланып аттым. Метостазадан ошол алматалык дарыгерим айыктырды. Карантин башталганга чейин абалым жакшы болчу. Чек ара жабылгандан бери мен дарыгериме жетпей калдым. Оорум кескин күчөп кетти. Бир көкүрөгүмдө ийненин көзүндөй болгон тешик пайда болду да ал жерден алгач суу, анан кан ага баштады. Чүпүрөк койсом канга бат эле чыланып калды. Андан кийин ал тешик беш сомдук тыйындын көлөмүндө чоңоюп, эт өсүп жара боло баштады. Жагымсыз жыттанып, катуу оору менен коштолот. Жан чыдатпаган ооруга чыдабай доктурга барсам химиотерапияга жөнөтүштү. Учурда терапия алып кыйналып атам. Тилим булдуруктап, алым кетип көптө өзүмө келем. Азыр доктурлар дарылап тешиктер бүтөлгөндөн кийин гана операция кылабыз дешти. Чек ара жабык болгондуктан операция өзүбүздөн жасалат. Ага каражатты азыртадан чогултуу керек болуп атат.
“Ооруганыма карабай шайыр жүрөр элем”
— Өзүм оркестрде көп жылдан бери иштеп келем, 47 жашыман ырдап, клип тарттырып чыгармачылыкка аралашып жүрдүм. Ооругандан бери психологияны окуп, өзүмдү шыктандырып оптимист болууга үйрөндүм. Мени сыртыман билгендер “сен калп эле ооруйт болушуң керек, ооруган киши чүнчүп жатып калчу эле” дешчү. Дартым ичимде болгондон кийин кандай кыйналып, ооруп атканымды баарына жар сала бермек белем. Жылмайып тим болчумун. Ушу күнгө чейин бир да басылмага “ооруп атам, жардам керек болуп атат” деп кайрылган эмесмин. Айлам кетип, операцияга каражат тез арада топтош керек болгондуктан жардам сураганга туура келди. Үйдөн бир эле жолдошум иштейт, кошумча каражат таба турган булак жок. Ушу күнгө чейин Ат-Башыдагы жердештерим, туугандарым, чыгармачылыктагы эже-сиңдилерим колдоп жүрүшөт. Үч балам, беш неберем бар. Кызым турмушка чыккан, эки уулубуз менен чогуу турабыз. 40 жашымда төрөгөн уулум азыр 9-классты бүттү. Менин дартым аларды да санаага салып турган кези. Элимдин колдоосу менен бул оор күндөрдү артка калтыра аларыман үмүтүм чоң.
Элсом номур: 0772148886
Анара Дүйшөналиева