Негизгиге Интервью “Диабетсиз балалык” уюмунун директору Нурхан Жумабаева: Кант диабети менен ооруган балдардын энелерине...

“Диабетсиз балалык” уюмунун директору Нурхан Жумабаева: Кант диабети менен ооруган балдардын энелерине жүрөгүм ооруйт

211

Каарманыбыз он жылга жакын убакыттан бери кант диабетинен жапа чеккен балдардын бала бакчадан баштап мектептеги жашоосуна чейин катышып, алардын камын көрүп келет. Ата-энелерге бул оору тууралуу так маалыматты жеткирүү бирден-бир милдетим деп эсептейт. Өкүнгөнү, оору кичинекей балдарды да аябастан, жыл сайын кулачын жайып келе жатат.

– Нурхан айым, уюмду негиздөөнү эмнеден баштадыңыз эле?
– Менин эки кызым бар, кичүү кызым 1 жаш 8 айында кант диабетине чалдыккан. Эмне себептен бул ооруга кабылды, так билген жокпуз. Иммунитети алсыз болдубу, бат-баттан ооруп, оозул боло берчү.Үй-бүлөбүз үчүн бул күндөр оор болду, себеби мындай оору тукумубузда болбосо, мурда-кийин бет келишпесең ал дарт жөнүндө маалыматым жок эле. Балада бул оору кездешерин деле билбепмин. Дарыгерлер биздин уруксатыбыз менен кызыма инсулин сайышты жана мындан ары дайыма инсулин алып туруу керектигин түшүндүрүштү. Себеби кандагы канттын деңгээли нормада 4-6 болуу керек болсо, биздики 2ге түшүп же 26га чыгып кетип атты. Убакыт өткөн сайын бул оору башка органдарына таасир этерин билгенде стресс болдум. Кандай аракет кылбайын кызымдын абалы 5-6 жылдан кийин оорлошуп кетчүдөй сезилген. Оюм онго бөлүнүп санаа тарта баштадым. Ошол эле учурда оору тууралуу кенен маалымат окуп билип аттым. Социалдык тармактар аркылуу өзүмө окшогон ата-энелерди издедим. Көрсө, мендейлер көп экен. Арасынан бир эне: “Менин балам жакшынакай эле жүрөт, кант диабетин олуттуу деле кабыл алган жокмун”,- деди. Ошондон баштап жеңилдей түштүм.

– Бала бакча ачуу идеясы ошондо жаралдыбы?
– 3-4 айдан кийин балдардын клубун ачтым. Он чакты ата-эне өз ара сүйлөшүп, балдарыбызды чогуу ойнотуп аттык. Канты бар баланы бир да жеке, мамлекеттик бала бакча албайт. Жоопкерчиликтен коркушат. Кызымды бала бакчага бере албасыма көзүм жеткенден кийин 2013-жылы май айында “Пчёлка” деген бала бакча ачтым. Ачарын ачып алып медайым, тарбиячы, педагог таба албай кыйналдык. Балдардын тамактануу режимине, кантынын деңгээлине өзүм жооп берип аттым. Жардам сурап Бишкек шаардык мэриясына, Саламаттыкты сактоо, Социалдык коргоо министрлигине канча кат жазып кайрылдым, эч биринен жооп болгон жок. Өзүмдүн үйүмдү бала бакча катары берүүгө, кант диабети бар балдарды бекер алууга макул элем. Министрлик болгону, бир доктур бөлүп берип, анын айлык акысын төлөсө деп ойлогом. Аны да кылышкан жок. Башында ойлоп көрсөм бакчаны эмоция менен гана ачып алыптырмын. Өзүм моралдык, материалдык, юридикалык жактан да корголбоптурмун. Ата-эне баласын бекер берген күндө да талап коёт да. Бир баланын канты түшүп кетет, андайда калтырап калат. Көтөрүлүп кетсе комага түшүп калат. Бир нече жолу ошондой учур болду. Кээ бир баланын канты бир ай, бир нече күн бою көтөрүлүп жүрө берет. Бакчадан комага түшүп калбайт деп ким кепилдик берет эле? Жогорудагы кемчиликтерден улам 2018-жылы медициналык билим алайын деп колледжге тапшырдым. Ага чейин биринчи билимим мугалим, экинчиси менеджер болчу. Окугандан тартып өзүм мурдакыдай балдарды караганга убактым тар болуп, убактылуу диабети бар балдарды кабыл алууну токтотуп койдук да, ошол колдо тарбияланып жаткан балдарды бүтүрүп чыгардык. Алты жыл аралыгында кант диабети бар 22 бала бакчаны бүтүп кетти. Анан эле 2019-жылы пандемия башталып кетип, ага  байланыштуу бакчаны убактылуу жабууга туура келди. Себеби кант диабети менен ооруган баланын иммунитети алсыз болгондуктан, ар кандай ооруга туруштук бере албайт. Эгер кырдаал жөнгө салынса, балким, март айынан баштап кайра кабыл алууну баштайбыз деп ойлойм.

– Кант диабети менен ооруган балага кандай кам көрүлөт? Биринчи жардамды кантип көрсөтүү керек?
– Баланын канты түшүп кетсе, ага атайын жанында жүргөн таттууларды берүү керек. Ал эми көтөрүлүп кеткен учурда инсулин гана жардам бере алат. Канттын деңгээлин болжолдоп билүү мүмкүн эмес, ал үчүн бир жолу колдонуучу атайын тесттер бар, же аппараттар бар. Бала дайыма ошону жанына салып жүрөт да, сөөмөйүнө такканда канттын деңгээли көрүнөт. Ага жараша инсулин инъекциясы курсагына сайылат. Ал ийне өтө ичке жана бир жолу колдонууга гана жарайт. Мен бакчага келген ар бир баланы сезип турчумун. Бурчка тыгылып отуруп калса, тердеп баштаса, өңү-башы өзгөрүп баратса дароо кантын ченеп, чара колдончумун. Бул айыкпаган дарт болгондуктан күндө, өмүр бою инсулин алып туруу керек. Кээ бир балдар күнүнө он жолудан инсулин алышса, башкасы күнүнө 7-8 жолу канттын деңгээлин ченеп турууга аргасыз. Эң негизги эреже – дайыма туура тамактанууда жашашы керек. Өкүнүчтүүсү, бала убагында дарыланып, инсулинди өз маалында керектүү дозада алып турбаса кийин ден соолугуна залакасы тийет. Көзүнүн көрүүсү начарлайт, эске тутуусу, бир нерсеге кунт коюусу төмөндөшү мүмкүн. Майда кан тамырларга доо кеткендиктен көз, бут биринчи жабыркайт.

– Бул ооруну тереңден билген эне катары айтсаңыз, балдарда диабет эмнеден улам пайда болот экен?

– Экинчи типтеги диабетке стресс, ашыкча салмак, туура эмес жашоо образы, уйку безинин сезгенүүсү жана башка факторлор себеп болуусу мүмкүн. Ал эми балдар көбүнчө кабылып аткан биринчи типтеги диабеттин себебинин так аныктамасы жок. Ген аркылуу берилүүсү мүмкүн дешет, антейин десең биздин генде жок болчу, ага карабай кызым ооруп калды. Балада алсыроо, бат чарчоо, дайыма суусап туруу, салмагы кескин өсүп же азайып кетсе кооптонууга негиз бар.

– Учурда кайсы тармакта иштеп атасыз?
– Диабет тууралуу көп адамдын маалыматы жок. Биздин уюм жер-жерлерди кыдырып ата-энелерге, ооругандарга маалымат, мүмкүнчүлүккө жараша жардам беребиз. Азыр Дүйнөлүк диабеттер фондунун алкагында долбоор менен иштеп атам. Бишкек жана Чүй облусундагы 8 мектепти тандап алдык. Өкүнүчтүүсү, айрым мектептерде медициналык кабинет жок. Азыр андай кабинет ачууга каражат издеп аткан кезибиз. Балдар инсулинди танапис учурунда коридордон же башка жерден жашынып алышат. Же классташтарынан уялып уколду убагында албай коёт. Мектепке диабети бар баланы бир шарт менен кабыл алат. 1-4-класстын окуучусун апасы сыртта сабагы бүткүчө күтүп отурат. Окуучунун канты кескин жогорулап кетүүсү мүмкүн. Ал эми мугалимдин диабет тууралуу маалыматы жок болгондуктан, биринчи жардамды көрсөтө албай калат. Мындан улам мугалимдерге, ата-энелерге, окуучуларга бул оору тууралуу жана биринчи жардам жөнүндө сабактарды өтүп атабыз.

– Региондордо абал кандай экен?
– Ал жакта да абал жүрөк оорутат. Ата-энеде маалымат жокко эсе, бирок биз маалымат, жардам берүүгө дайым даярбыз. Түштүк аймакта жалгыз бой эненин эки баласы тең диабеттен ооруйт. Ага 1-2 саат тажабай түшүндүрүп берем. Өзү да алына жараша балдарына кам көрүп атат. Мындай ата-энелер, тилекке каршы, көп. Ата-энелерге инсулинди кантип туура алууну да окутуп атабыз. Бул оору мамлекет тараптан колдоого алынса жакшы болот эле. Ооруну айыктыргандан көрө, аны алдын алуу оңой эмеспи.

– Инсулин мамлекет тарабынан бекер берилеби?
– Ооба, инсулинди мамлекет тендер аркылуу сатып алып, бизге бекер берет. Доза бирдик менен ченелет, кичинекей балага аз бирдик кетет да, бир куту 1 айга жетиши мүмкүн. Чоң балдарга 1 куту 3 күнгө араң жетет. Кээ бир учурда инсулиндин өзү берилгени менен атайын ийне берилбей калышы мүмкүн. Андайда ата-эне кадимки ийне колдонууга аргасыз болот. Ал ийне менен инсулиндин ийнесинин дозаны көрсөтүүчү өлчөмү такыр эки башка.

– Балдардын бул оорусун эне катары жүрөгүңүзгө оор кабыл алсаңыз керек?
– Албетте, ооруган ар бир бала үчүн санаа тартам. Балдар курсакка сайган ийне оорутат дешти. Канчалык ооруйт болду экен деп өзүмө сайып көрдүм. Жакшы эле оорутат экен, мындай ийнени күндө бир нече жолу алган балдардын абалын ойлосом жүрөгүм эки эсе ооруйт. Баласынын диабет экенин билген эненин абалын эстесем кыйналам. Мындай бала өмүр бою бир кол менен бапестеп кароого муктаж болот. Ал үчүн эне жумушунан чыгат же бала багуучу жалдайт. Бала багуучу да оңой менен жоопкерчилиги эки эсе болгон жумушка келгиси келбейт. Жогоруда туура тамактануу керек дебедимди, азыр ага ар бир эле ата-эненин чамасы келе бербейт. Мектеп болсо өзүнчө көйгөй. Мен кызымды төлөм акысы кымбат экенине карабай жеке мектепке бердим. Ал жакта да меникиндей балдар бар, алардын ата-энеси менен тыгыз байланыштабыз жана бири-бирибизге жардам берип турабыз.

– Ооруга кабылган кыз балага келечекте эне болуу мүмкүнчүлүгү барбы?
– Менин кызым 10 жашка чыкты. Башка ооруга эмес, диабетке кабылганына шүгүр дейм. Келечекте кондитер болуп, өзүнүн ресторанын ачууну кыялданат. Убагы келгенде турмуш куруп, балалуу болоруна ишенем. Анткени бизде ооруган кыздар-балдар турмуш куруп, бактыга жараша ден соолугу таза балалуу болуп атышат.


Анара Дүйшөналиева 

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here