Негизгиге Аялзат жана карьера Назира Жетигенова: Мен дүйнөдөгү эң мыкты таенемин

Назира Жетигенова: Мен дүйнөдөгү эң мыкты таенемин

751

Куудул, тамада, Назира Жетигенова жыл өткөн сайын жашарып, ар кандай имидж, стилдерди жаратып келет. Жашоосуна өзгөчөлүк киргизип турганды жактырган Назира айым көп мырзалардын көзүн суктандырган бойдок. Дал ушул айым менен сулуулук жана башкалар туурасында кеп курдук.   

Назира айым, кандайсыз?! Айымдардын Эл аралык майрамын кантип майрамдадыңыз?

— Чыгармачыл адамдар ар бир майрамда иштейбиз, дайым кызматта болобуз. Быйылкы 8-Март күнү да гастролдо болдум. Мен үчүн башка күндөр майрам.

Жыл өткөн сайын айымдардын бетине бырыш түшсө, сиздики, тескерисинче, көркүңүзгө көрк кошулуп келатат.  Келбетиңизге кантип кам көрөсүз?

— Ар бир адам өзүнө кам көрүп жаштыгын узартса болот. Мен азыркы тапта кымбат баалуу кремдерди колдонуп жатам. Андан тышкары беттин булчуңдарын ойготуу үчүн “скульптурный” укалоо жасатып, япон коллагенин ичип жатам. Беттин ичинен гана эмес, сыртынан да кам көрүү кажет. Жашылча-жемиштердин жарымын жесем, жарымын бетиме сүйкөйм. Андан башка да маскаларды жасап турам. Кичине кезимден эле “чала спортикмин”. Андыктан спорт менен да досмун.   

Сиздин пластикалык операция жасатканыңызды билебиз, муну өзүңүз жашырбайсызбы?

— Мени “бетин тарттырды” деген сөз таратышкан. Бирок мен операцияны көзүм менен мурдума эле жасаткам. Себеби өзгөчө капталдан караганда мурдум өзүмө жакчу эмес. Өзүмчө эле “комплекс” боло берчүмүн. Көзүмдүн болсо бир жагынын сурмасы чоң, бири жагы кичине болуп териси жабылып турчу. Көргөндөр операциядан кийинки өзгөрүүнү дароо байкашты. Мындай операцияны эркек кишилер, менин кесиптештерим деле жасатышкан.  Бирок эмнегедир көбү жашыра беришет. А мен жашырган жокмун, элди алдай албайсың.

Азыр пластикалык операциянын зыяны тийбей элеби? Жасатканыңызга өкүнбөйсүзбү?

— Зыянын деле көргөн жокмун. Өкүнгөнүм, жасаткандан кийин мен каалагандай жыйынтык болбой калды. Ошондуктан жасатардын алдында жакшылап ойлонуп, адисти жакшы тандаш керек экен. Кудайдын берген келбетин өзгөрткөн чоң күнөө. Ар бир адам кылган күнөөсүнө өзү жооп берет. Мен бул кылганым үчүн отурсам-турсам Кудайдан кечирим сурайм. 

Негизи эле жашооңузга жаңылыктарды киргизип турганды жакшы көрөт окшойсуз. Дегеним, чач жасалгаңызды да тез-тез өзгөртүп турасыз?

— Туура. Өзүм имидж, стилди улам өзгөртүп турганды жакшы көрөм. Үйдөн деле буюмдардын ордун алмаштырып, жаңы стиль киргизип турам.    

Арыктоо рецебиңиз менен бөлүшө кетсеңиз.

— Мен башында үч айдай арыктатуучу капсула ичтим. Ал капсула курсагыңды ачырбайт, суусатат экен, анан ашказан ошого көнүп калат. Ошентип, азыр кичине эле тамак жесем тоюп калам. Ал капсуланы башкаларга кеңеш катары “ичкиле, арыктайсыңар” деп айта албайм. Анткени ал кан басымы жогору, кант диабети бар, рак оорусу менен жабыр тарткандарга, жүрөгү ооруган, астма, зобу бар, бала эмизген айымдарга такыр болбойт. Ичерден мурда диетолог, доктурлар менен сөзсүз кеңешүү керек. Анын жасалмалары да болот. Мен капсула тууралуу маалымат алып, доктурум менен кеңешип анан ичкем. Анан, албетте, бир эле капсулага ишенип жата бербестен, күн сайын чуркап, фитнеске барып, үйдөн көнүгүүлөрдү, баарын комплекстүү түрдө жасап жаттым. Азыр салмагымды бир калыпта кармап, семирбегенге аракет кылып жатам. Тамактан өзүмдү тыйып коём. Ушул ыкмалар менен 13 килограмм таштадым. Мурда 73 болсом, 10 айдын ичинде  60 килограммга түштүм. 

Мындан мурда сүйүктүү адамыңызды тапканыңызды айттыңыз эле.

Сиздин мындай чоң өзгөрүүгө кадам таштаганыңызга ошол нерсе да түрткү болгондур?

— Балким, ошондой (күлүп). Сүйүктүүм колумду сураган, азыр сүйлөшүп турабыз. Бирок дагы деле ойлонуудамын. Бири-бирибизди дагы да байкап көрөлү дедим. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” дегендей, экинчи ирет турмуштан жыңылып калбоом керек. Сүйүктүү адамым тууралуу башында айткам, бирок ал адам жөнүндө кенен ачып берүүнү туура көрбөйм. Бакыт тынчтыкты сүйөт. Кудай буйруп болуп калса убакыт-сааты келгенде ачыкка чыгабыз.   

Эгерде сүйүктүүңүз чыгармачылыгыңызды токтотууну суранса аткарат белеңиз?

— Эгерде чындап менин талабыма жооп берсе, экөөбүз бири-бирибизди түшүнсөк, сүйсөк, менин ишеничимди актаса, башка айымдарга азгырылбаса, “аялдын орду үй, үйдө отур, сени өзүмө эле багам. Каалаганыңды кылам” десе чыгармачылыгымды ташташым мүмкүн.

Кыздарыңыз турмушка чыгууңузду колдошобу? 

— Улуу кызым 29 жашка чыкты. Буюрса, мени төртүнчү ирет таене кылганы турат. Ал эми кичүү кызым 27де, бир баланын апасы болгон. Кыздарымдын турмушка чыгуум боюнча ойлору жакшы, эч кандай тоскоолдук кылышпайт. “Эгерде сизди сыйласа, бактылуу кылса каршы эмеспиз” деп айтышат. 

Сизди таененин ордунда элестете албай жатам. Кандай таенесиз?

— Менин төрт неберем бар, бешинчисин күтүп жатабыз. Улуу неберем тогуз жашта болсо, кичүүсү экиде. Мен өзгөчө башкача теене болушум керек. Көп эле таенелер неберелерин менчелик жакшы көрүшпөйт деп ойлойм, мен жанымдай көрөм. Балким, өзүм жаш эне болуп бала жатын сагынып калгандыктанбы, дүйнө жүзүндө менин неберелеримдей таттуу, сулуу бала жоктой сезилет. Неберелерим да мени абдан жакшы көрүшөт. “Кудайга ушунчалык ыраазымын, булар жок кантип жашап жүргөм?” деп айтып калам. Жашоомдун азыркы маңызы, мааниси, кызыгы – неберелерим. 

Айгерим Токтобай кызы

(Маалыматты уруксатсыз көчүрүп, биздин булакка активдүү шилтемесиз орнотууга тыюу салынган. Редакция Леди KG)

СоӊкуЖолдош Жанызаков: Балдарыма корей тилин үйрѳтүүнү 5 жашынан баштагам
Кийинки«Халал» сертификатына ишенсе болобу?