Негизгиге Интервью Чыгармачылыктан бизнеске

Чыгармачылыктан бизнеске

222

Той, концерттер токтоду. Бирок ар дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн идеяларга бай чыгармачыл адамдар үчүн бул көйгөй эмес. Алар ар кандай бизнес ачып ишкерлик менен алектенип жатышат.

📌Тынар Курбаналиев, куудул: “Кардарларды тура калып өзүм тейлеп жибергим келди”
— Мен буга чейин бизнес ачуу тууралуу деле ойлончу эмесмин. Жакында бир иним сунуштап Ошко “Тынар фаст-фуд” кафесин ачтык. Иштеп баштаганыбызга бир ай боло элек, Кудай оң көзүн салып, буюрса жакшы. Күнүнө 70-80дей кардарга жеткирип берүү кызматы аркылуу сатып жатабыз, келип тамактангандардын саны андан да көп. Кафеде тез даярдалуучу тамактардан сырткары лагмандын төрт түрү бар. Үйүңө келген конокко тамагың жакпай калса томсоруп каласың го, биринчи ачылып жатканда ошондой абалда калбайын деп аябай тынчсыздангам. Эртеден кечке кафеде болуп, кардарлар кирсе тура калып өзүм тейлеп жибергим келип жүрдүм. Азыр бошогон учурда эле барып көз салып коём, калган учурда иним көзөмөлдөйт. Инимдин жубайы болсо тазалык жагын колго алган. Тазалыкка, санитардык нормалардын сакталышына өзгөчө көңүл буруудабыз. Тамактардын баасы да башка жактагыларга салыштырмалуу арзан, ошол эле учурда даамдуу. Эми кафенин ичин чоңойтуп туруп бир чоң экран коюп, эч жакка чыга эле концерттеримди коюп туруу идеясы келип жатат. Анан Бишкек менен Жалал-Абадга да ачууну болжоп жатабыз.

📌Назми Байзакова, ырчы: “Тармактык бизнестен ырчылыкка караганда жакшы киреше таап жатам”
— Мен азыр кара зире майын саткан компанияга кирип алгам. Бул майдын дарылык касиети чындыгында эле абдан күчтүү экен. Себеби, компанияга кирерден мурда өзүм ичип, кыздарыма берип пайдасын көрдүк. Апамдын канты да нормага түштү. Ушундай жыйынтыктарын өз көзүм менен көргөн соң башкаларга да чын жүрөгүмдөн жардам берүү максатында “иммунитетиңерди көтөргүлө” деп сунуштап жүрүп эле өзүнөн-өзү бизнеске айланып кетти. Өзүм соода-сатыкка жокмун, мурда мындай тармактык бизнеске аралашып көргөн эмесмин. Кызыккандардын саны көп болуп эми элдин ыраазылыгын да, айлык да алып жатам. Карантинде жумуш жок болуп турганда мен жакшы акча иштеп алдым. Азыр ырчылыктан да көп акча табам десем болот.

📌Данияр Эрматов, ырчы: “Ырчылыкты эле карап отурбай башка бизнестерди ачып койгонум жакшы болгон экен”
— Азыр той жок, авиакассам дагы иштебей турат. Бирок азыр мен башка бизнестин үстүндө иштеп жактан кезим. Ош шаарында “Эрматов” деген Япониядан келген автотетиктерди саткан дүкөнүм бар болчу. Аны эки жыл мурда ачкам, бирок анын мага таандык экенин көптөр билчү эмес. Ырчылыкты эле карап отурбай башка да бизнестерди ачып койгонум жакшы болгон экен, азыр каражат алып келген негизги булагым ушул дүкөн болуп жатат.

📌Адилет Жумабаев, ырчы, музакынт: “Өлкөнү жашылдандырууга салымымды кошуп жатам”
— Мен жети жылдан бери эле тойлордо ырчы, музыкант болуп иштеп жүрчүмүн. Акыркы жылдары Орусияда кафелерде иштеп жүрдүм. Анан Бишкекке келип жаңы эле жумушка киргенде карантин болуп бардык жумуштар токтоп калды. Ушундай кырдаалда кандай жумуш болсо дагы иштебесем мени, үй-бүлөмдү ким бакмак эле?! Кандай жумуштар токтобой турганын сураштырсам тазалык, жашылдандыруу жаатын айтышты эле, гүлдөр менен иштөөнү тандадым. Өзүмдүн эки ыр, бир клибим бар. Бирок той тармагына кирип алып сахнага көп чыгынбай жүрчүмүн. Эл көп тааныбаганы үчүн тартынбай эле иштеп жатам. Бирок, албетте, ырдап жүрүп эле кара жумушта иштеп калсаң бир аз башкача болот экенсиң. Азыр жумушума көнүп, ырдап иштеп калдым. Энелер күнүндө эжекелерге арнап ырдап бердим эле, ал видео элге тарап кетиптир. Кечинде жумуштан келсем эле тааныштарым видеонун ссылкасын жиберип башташты, ачсам эле мен жүрөм. Карантинди көпкө созулат деп ойлогон эмесмин, ошон үчүн убактылуу бул жумушта иштеп жатканымды дос балдарыма айтпай жүргөм. Ошол видео менин калпымды чыгарып койду.

📌Бегимай Карабаева, ырчы: “Сооданын берекеси мол, жугумдуу да экен»
— Апам соодагер болгондуктан кичинекей кезимден эле соодага аралашып чоңойгом. Эс тартып калганымдан тартып апам “ырчылыкты эмне кыласың, ал убактылуу, андан көрө соода тармагына өтсөң” деп кулагыма куюп келген. Бирок мен ал сөздөргө маани деле берчү эмесмин. Апам каалаганыбызды алып берип, эч нерседен кем кылбай өстүргөнү үчүн кыйынчылык мага билинбеген. Анан жеке жашоомдогу бурулуштарга кабылганда эки кызымды багуу үчүн ырчылыктан башка каражат алып келүүчү бир булак ачуу керек болду. Ошондо апама “сизден акча сурай берип уялып жатам, өзүмчө бизнес кылайын” десем, апам “эми эсиңе келдиңби” деп колдоо көрсөттү. Бир жылдан бери апамдан бөлүнүп дүкөн ачып, төрт айдан бери ал дүкөндө өзүм отуруп иштеп жатам. Сооданын берекеси ушунчалык жугумдуу экен, көп иштеримди бүтүрдүм. Азыркы акылым мурда болгондо мындан да чоң бизнес кылмак экенмин. Элде той эле болуп турсун, той болсо кийим-кече жакшы өтөт. Бул жагынан ырчы менен соодагердин тилеги бир экен.

📌Манас Алыкулов, тамада: “Тандыр ачуу идеямды ишке ашырдым”
— Мен карантинге чейин эле тандыр ачкым келип жүрчү. Анан карантинден кийинки кырдаал да түрткү болуп эми ачып, тандыр самсасын, нан жасап жатабыз. Буюрса, Кудайдын берген ырыскысы менен бизнес жакшы жүрүп жатат, жакында тандыр гриль дагы баштаганы турам. Тандырдан чыккан азыктардын сапатына кепилдик берем, самсыга адал этти, сапаттуу азыктарды колдонобуз.

Соӊку6 айлык наристеге кам кѳрүү
КийинкиГүлжигит Сатыбеков: Үйлөнгөнүбүздү ата-энебизге кеч айттык