Негизгиге Ааламда Кырк жаштан кийин балалуу болуу бактысы

Кырк жаштан кийин балалуу болуу бактысы

1152

Кырк жаштан кийин балалуу болуу бактысы
Балалуу болуу – ар бир аялзатынын тилеги. Бири 18 жашында эне болсо, айрымдар үчүн кырктан ѳткѳндѳн кийин да кѳз жаруу кеч эмес. Жашы ѳткѳндѳ бала жытын жыттаган жылдыздар саналуу. Ѳзгѳчѳ тобокелчиликке барган эр жүрѳк айымдардын тизмеси тѳмѳндѳ.

Моника Беллуччи
Италиялык актриса Моника Беллуччиге дарыгерлер 2002-жылы кош бойлуу болуу мүмкүнчүлүгү ѳтѳ тѳмѳн экенин айтышкан. Эне болуу бактысынан үмүтү үзүлѳ түшүп баш-оту менен съёмкага кирип кеткен. Биринчи кош бойлуулугу ага күтүүсүз белек болуп, 2004-жылы Деваны тѳрѳгѳн. “Дева эң сонун учурда тѳрѳлдү. Ага чейин кѳп киного тартылып, жашоом жакшы болуп аны бардык жагынан камсыз кыла алдым”, — деп кубанган. Андан кийинки тѳрѳтү 6 жылдан кийин болуп, 45 жашында Леони аттуу кызын тѳрѳгѳн. Ѳзү турмушка 37 жашында чыгып кеч тѳрѳгѳнүнѳ ѳкүнѳт. “Мен башка айымдарга үлгү болгум келбейт, 45 жашта кѳз жаруу – ѳзүңдү эки эсе тобокелчиликке салууга барабар. Колдон келсе эне болуу миссиясын убагында аткаргандан ѳтѳрү жок”, — дейт актриса. 55 жаштагы актрисанын он жаштагы кызы учурда эң мыкты мектептин биринде билим алат. Ал эми актриса кино дүйнѳсүндѳ атактуулугу сууп калгыча иштеп, кыздарынын келечегин толук камсыздап коюунун аракетинде.

Холли Берри
2013-жылы киного тартылуу учурунда актриса ѳзүн жаман сезип дарыгерге кайрылган. Ошол кездеги сезимдерин ал тѳмѳнкүдѳй сүрѳттѳйт. “Абалым начарлап жолду катар бѳйрѳгүмдѳ таш бар го деп күмѳн санап жаттым. Бирок 46 жашымда кайрадан кош бойлуу болом деген ой үч уктасам түшүмѳ кирбес эле”. 12 жаштагы кызы менен эле калам деп ойлоп жүргѳн актриса экинчи ирет кош бойлуу болгонун укканда жигити менен мамилесин мыйзамдаштырган. 2013-жылдын 5-октябрында Холли уулдуу болгон. Баласынын атын Масео (Кудайдын берген белеги) деп коюшкан. “Уулум мен үчүн кѳптѳн бери каалаган жана күтүүсүз белек болду. Жашоомдо баары тажатма болуп баштаганда жаңы боёкторду кошту”, — дейт актриса.

Келли Престон
Актёр Джон Траволта менен жубайы актриса Келли Престондун биринчи баласы 16 жашында каза болгон. Аутизм менен тѳрѳлгѳн баланы кезектеги талма оорусу алып тынган. Бул кайгыдан аларды 9 жаштагы кызы Эшли да алаксыта алган эмес. Экѳѳ тең кино дүйнѳсүнѳн алыстап, бардык чакыруулардан баш тартышкан. Үйүндѳ кайрадан баланын үнү жаңырат деген жакшылыктан үмүтүн үзгѳн Келли 47 жашында кош бойлуу экенин билген. “Мындай жакшы жаңылыкты бѳлүшпѳй коюу мүмкүн эмес. Мен беш айдан кийин кайрадан эне болом” деген сүйүнүчүн ѳзүнүн баракчасына жар салган. Улуу баласындагы оору дагы кайталанбасын деп чочулаган актриса кѳз жарганга чейин мыкты адистердин кѳзѳмѳлүндѳ болгон. Ошентип, 2010-жылы 59 жаштагы актёрду жубайы үчүнчү ирет наристелүү кылып, уулуна Бенжамин деген ысым ыйгарышкан.

Джанет Джексон
Америкалык ырчы Джанет Джексон (Майкл Джексондун эжеси) 2016-жылы 50 жашында биринчи ирет кош бойлуу экенин билген. “Мындай жаңылыкты силер менен бѳлүшпѳй коюу мүмкүн эмес. Жашоомдун жарымын басып ѳткѳндѳ эне болгону турам”, — деп күйѳрмандарына видеокайрылуу жолдогон. Дарыгерлердин кѳзѳмѳлүндѳ болуу үчүн Европага пландалган турун токтоткон. Үчүнчү ирет ѳзүнѳн тогуз жаш кичүү адамга турмушка чыккан Джанет кандай жол менен болсо да балалуу болууну каалаган. Акыркы учурда алар бала багып алуунун пландап жатышкан. Бирок дарыгерлер ырчынын ден соолугу жакшы экенине ишендирип күтѳ турууну сунушташкан. Акырында ЭКО жолу менен кош бойлуу болуп, тогуз айдан соң операциянын жардамы менен уулдуу болгон.

Мэрайа Кери
41 жашында ЭКОнун жардамы менен эгиз балалуу болгон ырчы тѳрѳгѳндѳн кийин экинчи балалуу болууну пландабасын айткан. Себеби кош бойлуулугу ѳтѳ оор болуп, дээрлик тогуз айдын жарымын ооруканада ѳткѳргѳн. Кан басымы жогору болгондуктан эненин жана түйүлдүктѳрдүн ѳмүрүнѳ коркунуч жаралган. Бирок балдарын бооруна аман-эсен кыскандан кийин ырчы “буга чейин карьера деп жүрүп жашоомдун теңинен кѳбүн текке кетириптирмин” дейт. Монро жана Морокана аттуу балдары учурда тогуз жашта.

Марина Могилевская
“Ашкана” сериалынын кѳркүн ачкан орус актрисасы Марина Могилевская 41 жашында кыздуу болгон. Отуз жаштан ашкандан кийин ал дагы кѳз жаруу үчүн болгон аракетин жумшаган. Бирок улам киного тартылып, бирде ден соолугу жол бербей, ата болууга татыктуу түгѳй табылбай жатып он жылы текке кеткен. Качан гана мындай бакыттан үмүтүн үзгѳндѳ кош бойлуу экенин билген. Кыздын аты ким экенин азыркыга чейин сыр бойдон сактап келет. Учурда кызы тогуз жашта. “Жыйырма жашымда тѳрѳбѳй жүрүп кырктан ашканда кѳз жарганыма бир да жолу ѳкүнбѳйм. Бул куракта дымагың сууп, элге кыйын экениңди далилдегиң келбей калган учур экен. Балаңа эмне бергиң келерин жана эмне бере аларыңды жакшы билесиң”, — дейт актриса.

Лера Кудрявцева
Тележылдыз биринчи уулун 19 жашында тѳрѳгѳн. Үчүнчү күйѳѳсү футболчу Игорь Макаров менен бирге жашаган жылдары үчүнчү кызын жарык дүйнѳгѳ алып келген. 2018-жылдын май айында чоң эне болсо, тѳрт айдан кийин ѳзү кыздуу болгон. 47 жаштагы Лера табигый жол менен кош бойлуу болуп, ѳзү тѳрѳгѳнүн расмий маалымдаган. Анткени ага чейин айрым басылмалар “карын эненин кызматын пайдаланды” деген маалымат чыгарышкан. Эки жаштагы Мариянын тарбиясына, күн тартибине алып баруучу кылдат маани берет. Мисалы, азыртадан сууда сүзүүгѳ, бийге алып барат. Бул куракта эне болуунун артыкчылыгы катары эне болгон дитин балага бура аларын айтат Лера.  

Марина Порошина
Сериалдардын жүзү болгон актриса Марина Порошина беш баланын энеси. Ага чейин эки никесинен тѳрт кызы бар. 24 жаштагы кызы Полинанын атасы актёр Гоша Куценко экени кѳпчүлүккѳ маалым. Экинчи жолдошу менен 17 жыл чогуу жашап 3 кыздуу болгон. Ал эми кѳптѳн күткѳн уулун 45 жашында 2019-жылдын 11-январында тѳрѳдү. Жалгыз уулунун атасы ким экенин ачык айткан эмес. Башында анын кино дүйнѳсүнѳ байланышы жок улуту башка адам экенин маалымдаган. Кѳз жаргандан кѳп ѳтпѳй актриса кайрадан жумушуна киришкен. Ал эми уулун багуу милдети анын улуу кызы Полинага жүктѳлгѳн.

Бир собол
Кырктын кырында тѳрѳгѳндѳгү сезимиңиз?

Бизде да кырктын кырында тѳрѳгѳн айымдар жок эмес. Жаш ѳткѳндѳ балалуу болуу сезимин алар тѳмѳнкүдѳй айтып беришти.

Ырчы Алтынай Нарбаева: “47 жашымда Кудай үчүнчү ирет эне кылды”
— Уулум менен кызым чоңоюп калды деп 37 жашымда тѳрѳгѳнгѳ аракет кылсам болгон жок. Андан кийин 42 жашымда бала жытын ушунчалык сагынып, анда да жакшы аракет кылдым. Дагы болгон жок. Жылдар ѳтүп эми картайдым, кайдан тѳрѳмѳк элем деп үмүтүмдү үзүп койгом. Кудай жалгап 47 жашымда дагы бир ирет балалуу болууну буюрган экен. Жаңылыкты баарыбыз кубануу менен кабыл алдык. Кош бойлуу экенимди билбей иштеп жүрѳ бериптирмин. Декреттик ѳргүүгѳ деле чыккан жокмун. 4 айга чейин ѳзүм бактым, андан кийин айылдан келген жеңем багышты. Кызым Карина быйыл бешке чыкты. Кѳп учурда чет жакта гастролдоп жүрүп кызымдын жүрѳгүнүн сары суусун алып койгон окшойм. Азыр кетпе деп эле жанынан чыгаргысы келбейт. Алыс жакка кетип кайра жанына кайтып келгиче сагынып, жол тим эле узарып кеткендей болот. Экѳѳбүздүн чогуу болгон күндѳрүбүз майрамдын майрамы. Ушундай сезимди ар бир аялзатына каалайм. Эзели катуу урушуп, тыйбай ою менен болом. Мен негизи эле жумшак энемин.

Стилист Замира Молдошева: “Балалуу болгуча абдан кыйналдым”
— 42 жашымда кыздуу болдум. 7 ай талгак болуп кыйналып, тура албай жаттым. Мага талгак аябай кыйынчылык жаратты. Тѳрѳѳрүмѳ эки ай калганда гана жеңилдедим. Кийин тѳрѳттѳн кийини депрессия болдум. Анан ойлодум, балага 15 жыл зар болуп, күтүп жүргѳн мен ушундай депрессия болуп жатсам, удаа тѳрѳгѳн энелер кантти экен деп. Кызымдын тѳрѳлүүсү менен жашоом толук ѳзгѳрдү. Кош бойлуу кезимде классикалык музыка угуп, китепти кѳп окучумун. Сегиз айынан баштап китеп окуп берүүнү адатка айландырдым. Кырк жаштан кийинки балага башкача мамиле жасалат окшойт. Ар бир сѳзүнѳ олуттуу маани берип, ден соолугуна абдан кылдат кам кѳрѳбүз. Быйыл 4 жаш 8 ай болуп калды. Бийге, пианиного бердик. Акылдуу, зирек кызым бар. Буюрса, беш жашынан кийин спортко берели деп жатабыз. Баары эле эрке дешет, азыр эркелебегенде качан эркелейт? Кааласа башына кум сээп, баткак кечип ойнойт. Атасы экѳѳбүз тең ою менен болобуз. Мен башка айымдарга да кырктан кийин тѳрѳгѳндѳн коркпогула деген кеңешимди берер элем.

Элмара Турсуналиева ди-джей, алып баруучу:
— 41 жашымда кызымды тѳрѳдүм. Уулум Ислам экѳѳнүн ортосу 12 жаш болду. Бир гана Кудайдан тилеп жаттым, эгер буйрук болбосо миң ирет дарылансаң деле боюңда болбойт да. Мен экѳѳнү тең кылып тиленип да, дарыгерге да кѳрүнүп жаттым. Кош бойлуу экенимди билгендеги кубанычымды сѳз менен жеткире албайм. Жакшы жагы талгак болгон жокмун, ар нерсе жегим келген жок. Жеңил жүрдүм, уйкум келгенине карабай дайым кыймылда болдум. Жакындарым сарсанаа болуп “жатсаңчы, эс алсаңчы” деп жатышты. Кырк жаштан кийин тѳрѳп атам, ден соолугум кандай болор экен деп бир аз кооптондум. Мыкты врач издеп шаарды кыдырдым. Баары эле жашым 41де десем чалкасынан кетип: “Ѳзүң тѳрѳй албайсың, операция жолу менен кѳз жар” дешти. “Саламаттыгым жакшы болуп турса эмнеге операция болушум керек?” — деп макул болбой койдум. Акырында Каныш Карымшакова деген мыкты доктурга туш болуп, ѳзүм эле жакшынакай кѳз жардым. Тѳрѳтүм деле эл ойлогондой оор болгон жок. Кызым 4,5 жашта. Эки жашынан баштап бийге барат. Башынан зээндүү, акылдуу. Кош бойлуу кезимде эле кыйнаган эмес. Азыр да жаныма ээрчитип алам, такыр убара кылбайт. Жоош, ашыкча беймаза кылбаган мыкты кызым бар.

СоӊкуГүлүмкан, блогер: Кыргыз тилдүү блогер болсом деген тилегиме жеттим
КийинкиЖыргалбек: Ажал мени айланып жүрѳт. Жашагым келет