Жумуш жоктур аял колу тийбеген,
Кѳтѳрүмүң, чыдамың тең жер менен.
Гүлүмкан, блогер: “Кыргыз тилдүү блогер болсом деген тилегиме жеттим”
Ютуб каналынан видео кѳрбѳгѳн адам жок болсо керек. Андан бир кызыкты бериле тиктеп отуруп видеонун түркүн максаты бар экенин байкабайбыз. Ал эми видеону кѳрүү менен тасманы чыгарган адамдын капчыгына тыйын салып жатканыңызды билет белеңиз? Ютубтун ушундай сырлары тууралуу эки баласы менен үйдѳ отуруп эле Ютуб аркылуу кызыктуу жашоо образын түзүп алган блогер айым айтып берет.
Гүлүм, окурмандарыбыз үчүн ѳзүңүздү тааныштыра ѳтсѳңүз?
— Менин атым Гүлүмкан. Социалдык баракчаларга Гүлүм деп кыска ат менен катталам. Баткен облусунун Лейлек районунан болом. 31 жаштамын, уулум жана кызым бар. Учурда үчүнчү наристебизди күтүп жатабыз.
Ютуб каналында ѳз аудиторияңызды тапкан инсансыз. Бул тармакка качан кызыга баштагансыз?
— Орто мектепти аяктап БГУнун журналистика тармагына тапшырдым. Окууга катар эле КТРКга жумушка киргем. Дал ошол жактан журналистика мен үчүн эместигин билдим. Ал жактан ѳз оюңду чагылдырууга дээрлик мүмкүн эмес экен. Жасаган эмгегиңди тез эле жокко чыгарып салышат. Ушинтип иренжип жүргѳн кезде мени ала качып кетти. Турмушум кыйын болуп калды. Окууну эптеп бүттүм. Ажырашкан соң уулумду ата-энеме таштап Орусияга иштеп кеттим. Келип кайрадан теледе иштедим. Ошондо орус блогерлерин кѳп кѳрчүмүн. Аларды карап отуруп баары орус тилинде экенине ичим күйѳ берчү. Кыргыз блогерлер болсо деле орус тилинде иштешет. Анан кыргыз тилдүү блогер болууну максат кылдым. Ушул максат менен 2016-жылы Ютубдан канал ачып видеолорду тарта баштагам.
Бул жактан акча табууга мүмкүн экенин билчүсүз да?
— Жок, болгон максатым кыргыз тилдүү блогер болуу эле. Анын ичинде айымдарга жакын болуп, аялзатына пайдалуу нерселер менен бѳлүшкүм келди. Алгач видео тартып баштаганда камера турсун жакшы телефонум да жок болчу. Телефонумдун камерасы начар болгонго аны менен видео тартуу мүмкүн эмес эле. Күчтүү каалоо менен максатыма жетүү үчүн жумуштун камерасын уурданып колдонгонго аргасыз болгом. Баары кеткен соң жумуштун камерасын иштетип, тарткан видеомду кѳчүрүп алчумун. Бир күнү бул кылыгым жетекчиме билинип калды. Урушкан деле жок, бирок туура эместигин катуу эскертип, кылдат пайдалануума уруксат берди. Ушинтип иштеп жүрүп тез эле 10 миң катталуучу топтодум. Ошол маалда видеомо бир бала “эже, баракчаңыз активдүү экен. Монетизация кылбайсызбы?” деп комментарий жазып калды. Бул сѳздү алгач түшүнгѳн жокмун. Ал бала менен жеке сүйлѳшүп анан баракчам аркылуу киреше тапса болорун билдим. Ал кезде Ютуб миң кѳрүүгѳ бир доллар тѳлѳчү. Кийин акча табуу жолун татаалдаштырып салды. Тактап айтканда, видеонун эмес, видео кѳрсѳтүлүп жатканда чыга калган жарнаманын кѳрүлүшүнѳ жараша тѳлѳп калды. Анда да жарнаманы ѳткѳзүп жибербей толук кѳрүү шарты менен. Ушинтип изденип иштеп жүрүп кайрадан турмушка чыктым. Үй-бүлѳнү тандап, ишимди таштадым, бирок блогерликти калтырган жокмун. Жолдошум туулган күнүмѳ камера белек кылды. Үй шартында иштеп калганда кылган эмгегимди актоо үчүн аракет кылып айрым товарларды жарнамалап, ѳз эмгегимди да баалай баштадым. Бирок биздин коомдо кызыктай түшүнүк бар. Бир нерсенин жарнама экенин байкаса дароо тескери пикирлерди айтып, урушуп башташат. Акча табууну жаман нерсе сыяктуу ойлошот. Бул нерсе мени капа кылат.
Эмгекти актоосу керектигин айтып калдыңыз, кандай мээнет жумшалат токтоло кетсеңиз?
— Мен үйдѳ балдарым менен отургандыктан түйшүк кѳп. Бир видео тартуу үчүн беш саат кенен кетет. Видео тартууга киришүүм балдарды уктатуудан башталат. Анан боёнуп, кийинип, ыңгайлуу жерди таап, камерамды жайгаштыруу керек. Бул арада балам ыйлап калуусу мүмкүн. Кээде оюнга алаксытып коюп видео тартып баштасам бир нерсе айткысы келип жаныма чуркап келишет. Ушинтип тартылган видеону монтаждоо да чоң иш. Андан тышкары айымдардар келген суроолорту топтоп отуруп атайын бир адис менен интервью жасап тартчумун. Психолог, косметолог, педиатр, гинеколог, айтор, айымдардын кайсы маселесине ким жооп бере алса, ошол адисти маекке чакырып, катталуучуларыма кызмат кылдым.
Бул иштин кандай оорчулугу бар?
— Айымдар тынымсыз кат жазышат. Кѳбү ыйлап-сыктап маселесин айтышат. Окуган соң кайдыгер боло албайсың. Тынч уктайын десең да ал маселе оюңа келе берет. Бирѳѳнүн жеке жашоосун угуу энергияны алат экен. Ушул нерсе мени чарчатчу. Анан эл кѳзүндѳгү жашоо мен үчүн эмес экен. Окуп, изденип, тажрыйбамдан топтолгон нерселерди кеңеш кылып бѳлүшсѳм мени абдан идеалдуу ойлоп алышат экен. Бирок мен эч кандай идеалдуу эмесмин. Анан бир кемчилигимди байкап калып таңыркагандардын алдында кыжалат болом. Эл мени кандай болсом ошондой кабыл алуусун каалайм.
Блогер болууну каалагандарга кандай кеңештериңиз бар?
— Негизи, блогер болот элем деген адамга тоскоол болчу эч нерсе жок. Койчу да тоо койнунда жатып сонун блогер боло алат. Мыкты телефон болсо камеранын деле кереги жок. Жогорку билим да зарыл эмес. Тескерисинче, эркин иштегенге абдан ыңгайлуу. Теледен кысылып калган жаным блогерликтеги эркиндикти абдан баалайм. Ким кааласа чыгынып кирише берсин. Болгону, элге бергиси келген нерсени тактап алганы жетиштүү, кѳрѳрман сѳзсүз табылат. Бир ирет бул тууралуу видео жасап, катталуучуларыма сунуштагам. Ал видеодон кийин катталуучуларымдын арасынан жеке каналын ачып, аракет кыла баштаган айымдар болду.
Каналыңызды эмне үчүн саттыңыз? Ютуб баракчанын баасы канча турат?
— Чоң үй салып жатканбыз. Быйылкы жыл баарыбызга эле оор болбодубу. Ошого каражат керек болду. Негизи, сата билгендер 100 миң катталуучусу менен 5-6 миң долларга чейин сатышат экен. Мен да жакшы эле баага саттым. Чоң керегибизге жарап кетти.
Алдыда кандай максатыңыз бар?
— Чукулдагы башкы максатым – аман-эсен колумду боорума алуу. Бул каналда абдан пассивдүү иштедим. Блогерликке кайра киришсем жаңы максаттар менен жогорку деңгээлде кылгым келет. Бирок азыр так чечим кыла элекмин. Болгону, кѳнгѳн ишимди таштай албай Ютубдан кайрадан канал ачып койдум.
Бул ишиңизге жакындарыңыз кандай кѳз карашта?
— Жолошум видеолорумду атайын отуруп деле кѳрбѳйт. Ѳзүм кандай видео тартып, эмнелерди сүйлѳгѳнүмдү айтып берем угуп коёт. Баса, кезинде дал ушул Ютуб менен ой бѳлүшүүм мени депрессиядан чыгарган. Мунун баарын билген үчүн жолдошум ишимди колдоп гана келди. Ал эми апам дайыма кѳрүп, сунуш, пикирлерин айтып турат. “Жабыгыраак кийин, кошуналарга уят болом. Бул тууралуу айтпай эле койбойт белең. Муну туура айттың” деп турат. Кѳздѳн алыс бол деп тынчсыздана берчү. Каналымды сатып жибергенимде апам абдан кубанды.
Гүлайым Калыбекова