Негизгиге Менин баяным Жыргалбек: Ажал мени айланып жүрѳт. Жашагым келет

Жыргалбек: Ажал мени айланып жүрѳт. Жашагым келет

616

Жыргалбек: «Ажал мени айланып жүрѳт. Жашагым келет»

Тирүүлүктүн милдети арбын. Иште, эс ал, кызмат кыл, ырахат ал, жардам бер… Тизме түгѳнчүдѳй эмес. Бирок адамзат бул тизмедеги сонундардан аттап ѳтүп, арзыбаган нерселерге ѳмүр коротот экен. Жумуш, уруш, ушак, күнѳѳ… Каарманым жашоонун ырахаты эмне экенин кеч билгенине бармак тиштеп ѳкүнѳт. Башкалар да мендей адашпаса экен дейт.

            – Бир айдан соң кыркка чыгам. Артыма кылчайган сайын жүрѳгүм сыгылат. Алдыга үмүттүү караганым менен коркунучум үмүтүмдѳн күчтүүлүк кылып жүрѳгүмдү ого бетер мыжыгат. Жалгыз аргам – мына азыр, ушул мүнѳттѳрдѳ ырахат алып, бактылуу болуу. Акыркы жылдарымды ушундай чымыркануу менен бакыт издеп жашап келем. Себеби дарыгерлер менин ѳмүрүм кыска болорун кабарлашкан. Кээде отуруп ушуга да шүгүр дейм. Кѳзүмдү май басып кѳѳп жүргѳн күнү күтүүсүз кырсыкка кабылып ѳлүп калсам азыркыдай бактылуу жашоо да бар экенин билбей калмакмын да. Кеп башынан болсун.

            Үйлѳнүү чечимин ѳзүм да күтпѳгѳн жерден кабыл алдым. Себеби мага кѳңүлүн берип, мени жактырып жүргѳн кыздын убалына калгам. Ал бир күнү кош бойлуу экенин айтты. Азыр иштен башка эч нерсеге кѳңүлүм жок экенин, буттан турушум керектигин айта баштаганымда эле:

– Андай болсо асынып алам. Ѳлүмүмѳ сен себепчи экениңди катка жазып, баарына таратып туруп асынам,- деди.

            Далайга талашып-тартышканым менен кызды соорото албадым. Алдырып салууга такыр ынабай койду. Чынында, ал мени абдан жакшы кѳрчү. Мен болсо жалаң ѳзүмдѳн улуу байкелер менен иштеп, алардыкындай кирешеси агып турган иш түзүп жыргап жашагым келчү. Денемде жаштык жалыны ойноп, каалаганымды кылып чардап жүргѳндѳ минтип кайдагы бир санаа жабышты. Балким, Жайнагүл түбѳлүк мендик болуу үчүн ушул амалдарды ойлоп тапкандыр. Айтор, акыры Жайнагүлдү айылга ата-энеме алып барып, той кылып келдик. 27ге келип калган уулунун үйлѳнүүсү ата-энем үчүн зор кубаныч болду. Келинчегим канчалык айланчыктап, кѳңүлүмѳ карабасын мен аны кабыл ала албай койдум. Жакшы мамиле кылбайсың деп таарынып ыйлаган сайын каным кайнап, ачуумду араң карманам. Күчүмдү иштен чыгарып, керек болсо үйгѳ келбей күн-түн жүрүп алам. Аялым ай-күнүнѳ жетип уул тѳрѳдү. Кызыл эт экенине карабай наристенин мага окшоштугун айтпа. Балам мени сооротту. Уулумдун жытын сагынып үйгѳ тартылчу болдум. Бирок аялыма эмес.

            Жайнагүл абдан баласаак экен. Балким, дагы да мени ѳзүнѳ тартуунун амалын кылганыбы, үч баланы удаа тѳрѳдү. Жеке жашоомдо ѳзүмдү бактысыз сезгеним менен ажырашып кетүү тууралуу ойлогон эмесмин. Балдарымды тирүүлѳй атасыз калтыруу – эркектик эмес. Кесиптеш байкелердин изи менен керек кезде кѳңүл ачып, аялым бар экенин унутуп ойноп жүргѳн күндѳр кѳп болду. Башкысы, балдарым үчүн деп жашап жаттым. Үчүнчү уулум жарыкка келгенде аракка тоюп алып «мен кыздуу болгум келет. Шагыраган балдарды багып кул куда болуп ѳтмѳк белем. Мен кыз узатып кан куда да болушум керек да. Эмне кыз тѳрѳбѳйсүң?» деп аялымды ашата сѳгүп оолуктум. Кутурганым менен акылымдын тайкылыгы ушунча болуптур, барбай койдум. Аялымды тѳрѳт үйүнѳн апам менен эжем чыгарып келишти. Мен болсо обу жок кылыгыма бетим күйүп турса да шек алдырбай тескери карап жаттым, уулумдун жүзүн ачып койбой.

            Жайна экѳѳбүздүн бир үйдѳ баш калкалаганыбыз болбосо бири-бирибизге чоочунбуз. Аялым да баштагыдай бой салбай салкын тартып кетти. Мурдагыдай эркелебей, таарынбай, менден эч нерсе суранбай калганы абдан байкалып жатты. Кѳрсѳ, башта ал айланчыктаган сайын мен чиренип, кыялымды кѳрсѳтүп, ѳзүмдү чоң сезип ырахаттанып жүрүптүрмүн. Эми анын баарынан чарчаган сыяктуу мага үңүлүп да карап койбойт. Анын мени барсыңбы, жоксуңбу дебей тиричилик кылып, ата-энем, бир туугандарым менен камыр-жумур болуп алганына таң калам. Алар да ар качан Жайнанын айтканы менен макул. Кѳзүн карап жалынышат. Ал кантип мынчалык кадыр күтүп алган? Айран таңмын.

            Баягы байкелеримден үйрѳнгѳн тажрыйбама таянып унаа алып сатуу боюнча ѳз алдымча иш баштадым. Бирде алдыга жылып, бирде артка кетип жумушум тынымсыз күрѳштү талап кылат. Канчалык кыйынчылык болсо да анын бирин үйгѳ алып келбейм. Кризиске кептелген кезде да балдарыма анын бирин байкатпай даамдуу тамагынан ажыратпай бактым. Чыныгы эркек так ушундай кылат эмеспи. Мен ѳзүмдү ар бир кадамда, ар бир иште чыныгы эркек экенимди далилдеп турууга кѳндүргѳм.

            Ѳз алдынча иш кылуу мен ойлогондой эки бутту асып, чыйт түкүрүп жатып калуу эмес экен. Тескерисинче, болгон жоопкерчилик мойнуңа асылып, түн уйкуну да унутат экенсиң. Бир жылы жумушум укмуштай алга жылды. Ишим жүрүшкѳн сайын жанталаштым. Мындай мүмкүнчүлүк дайыма эле боло бербеси маалым го. Пайдаланып жетишип калууга шаштым. Ошол түнү кеч келип жаткам. Эртеси жаңы келген унааларды кѳрүүгѳ ашыгып таң азандан ишке чыгып кеттим. Орто жолдо колум рулда карыша баштады. Анан кѳзүм караңгылап кетти. Ѳзүмдү жаман сезип эмнегедир коркуп кеттим да, унаамды четке айдоого аракет кылдым. Мына токтой береримде кѳзүм кѳр болуп, кулагым да эч нерсе укпай калды. Акылымды башкарууга тырышып, жедеп маш болуп калган колдорум унааны токтотту. Мээмде акыркы жолу жумуштагы бала менен сүйлѳшкѳнүмдү эстеп, бир нерсе болсом ошого чалышат деп ойлоп жаттым. Түшүнүксүз ушул дүлѳй караңгылыкта канча турдум билбейм. Балким, кыска эле секунд же бир нече мүнѳттүр, ажырата алган жокмун. Бир маалда кѳл-шал түшкѳн тер менен ѳзүмѳ келе баштадым. Колум улам тырышып, жазылып жатты. Бир топто акылымды жыйнап кыбырап жол уладым. Түшкѳ маал иште отуруп эсимди жоготуп кулаптырмын. Ооруканадан кѳзүмдү ачтым. Ошол күнү эле кечинде башымда уюган кандар бар экенин жана жүрѳгүмдѳ олуттуу оору пайда болгонун аныкташты.  

            Бала күнүмдѳн ийне менен ак халатчандардан абдан коркчумун. Дарыгердин «тез арада операция кылуу керек» дегенин укканда кѳзүмѳ жаш айлана түштү. Ушунчалык коркок экенмин. Демейде оозума албаган Кудайга жалынып жибердим. Заматта апамды сагынып кеттим. Жанымда турган жубайымдын карааны зор күч берип, ага жалооруй карадым. Денемде майда калтырак. Үч күн тынымсыз тамчылатма дарыларды коюп операцияга даярдашты. Чарчаганмынбы же дарынын күчүбү, бир нерселерди ойлонууга тырышканыма болбой кѳз ача албай уктап жаттым. Дарыгерлер организмге эс алуу берилбегени мени ушундай абалга жеткирген дешти.

            Операцияга кирчү күнү айылдан ата-энем да келишти. Операциянын сааты жакындаганда каалаган адамым менен сүйлѳшүп алуумду билдирди медайым. Ансыз да оюма түркүн санаа келип, жакындарым биринен сала бири кѳз алдымда элестеп турган жаным жашып кеттим. Ойлонуп отуруп телефондон Жайнаны жаныма чакырдым. Ырас, апам менен да жолуккум келди. Бирок алсыздык кылып ыйлап жиберчүдѳймүн, анымды апама кѳрсѳткүм келген жок. Ары кѳз жашымды жан адамга байкатпай сүртүп коюуга Жайна гана жарамак. Ѳңү кубарып кирип келди. Анда да толгон санаа турганын байкадым. Бири-бирибизге үнсүз кучак жайдык. Бири-бирибизди улам бекем кысып, демибизди катып үнсүз сүйлѳшүп турдук. Ушул кыска убакытта ушул арык аял менин чоң ишеничим болуп келгенин билдим. Канчалаган кылыгыма кың дебей түтүп, жалгыз ѳзү мени бактылуу бүлѳнүн кожоюну кылып кѳрсѳтүп келген турбайбы. Ушул илмийген алсыз жан коломтомду жандырып, дос-жорого кадырымды кѳтѳрүп келатыптыр го. А мен буга эмне жакшылык кылдым? Кагып-силкип, кароосуз калтырып, ал аз келгенсип ала жипти аттап сайрандаганымчы… Алдында салбырап турдум.  

– Буюрса, баары жакшы болот. Биз сени күтѳбүз, – назик үндѳн кайрат алдым.

            Жети саатка созулган операция ийгиликтүү аяктады. Башты ачтырып жаптыруу оюнчук эмес да, аябай эле ѳңдѳн аза түштүм. Дарыгерлер темирдей тартип менен режим сактап жашоону тапшырышты. Эки ай бою Жайнагүл жаш баладай карады. Тамагымды таптап берип, сейилге жетелеп чыгып, эркелетип уктатат. Аялымдын үй ичинде мынчалык кабагы жадырап, элпек жүргѳнүн мурда байкабаптырмын. Чын эле минтип жүрбѳсѳ да керек, себеби мен үйдѳн чанда бир тамактанчумун. Баары уктаганда келип, эртең менен наар албай шашып кетчүмүн. Балдарым да биринин артынан бири бой тиреп келатканы даана байкалып, кѳз тойгузат.

            Ѳтпѳчүдѳй сезилген эки ай да артта калды. Ишке чыгууга деги эле кѳңүлүм тартпайт. Балдарымды эркелетип, аялым менен тамашалашып эле отургум келет. Ойлондум да, ѳнѳктѳш таап, иштин бир топ жоопкерчилигинен ѳзүмдү бошоттум. Мындай кадамымдын дагы бир себеби мындан ары башыма да, жүрѳккѳ да күч келтирбей жашоом керек эле. Айрыкча жүрѳгүм качан болбосун кармап калышы мүмкүн, арты жаман болушу деле ыктымал экенин жашырышкан эмес.

            Бул оору менин кѳзүмдү ачты. Мен тандап убара болуп жүргѳн нерселер жашоонун маңызы эместигин билдим. Ишти шылтоо кылып үй-бүлѳнүн жыргалын сезбей келгенимди мойнума алдым. Мындан ары ачка-ток болсом да балдарымдын жанында болом деген убадамды аткарууга тырышып келем. Кээде башымдан да, жүрѳгүмдѳн да оорунун күчү байкалып, алсырай түшѳм. Кырктын кырына жетпей жатып ушунча оорулуу болуп калганыма арданам. Ѳзүмдү жемелейм. Арак-шарап менен адепсиз жүрүмдүн азабын тартып жатканыма уялам. Антсе да тирүүлүк кандай кызык, жашагым келет. Үй-бүлѳм менен ата-энеме тынымсыз каттап турабыз. Алардын алдына барган сайын ата-энеме Жайнагүлчѳ кызмат кылбаганымды сезем. Жайнагүлдүн мага кылган кызматына чексиз ыраазы болом. Азыр да Жайнам дары-дармегимди саат-мүнѳтүнѳн калтырбай берип караган үчүн жашап жаткандаймын. Баса, билесизби, мен азыр кыздуу болбогонума кубанып да кетем. Себеби бир жерден «башка аялзатына абийирсиз мамиле кылсаң сенин карамагыңдагы аялзатына так ошондой мамиле жасалат» деп уктум. Акчама чиренип далай кызды эрмек кылганымды эстесем ѳзүмдѳн жийиркене түшѳм. Эгер кыздуу болуп калсам… Жок, жок, элестете да албайм… Болгону, уулдарым менден эстүү чыгып жаза басуудан, жаңылып күнѳѳ кылуудан алыс болсо экен деп тиленем. Кайсы күнү жакындарымды таштап кетерим белгисиз. Ага чейин алар менен тирүүлүктүн ырхатына батып, жашап жетишким келет.

Гүлайым Калыбекова  

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here