Негизгиге Ашкана Тез даярдалуучу пайдалуу таңкы тамактар

Тез даярдалуучу пайдалуу таңкы тамактар

796

Тез даярдалуучу пайдалуу таңкы тамактар

Ичинде сюрпризи бар булочка

Кандай азыктар керек?

Гамбургер үчүн булочка: 3 даана

Жумуртка: 3 даана

Колбаса: 100 г

Сыр: 40-50 г

Азыраак көк чөп

Кантип жасалат?

Булочкалардын баш жагын кесип аласыз да, ичиндеги жумшагын алып саласыз. Баарын эмес, жумуртка менен колбаса баткыдай кылып алсаңыз жетиштүү болот.

Ичи оюлган булочкалардын ичин колуңуз менен бир аз суулап аласыз. Мындай суулоо булочкалар бышканда өтө кургак болуп калуудан сактайт.

Ар бир булочканын түбүнө алгач тууралган колбасадан саласыз. Анын үстүнө бирден жумуртканы чагып, бетине кыргычтан өткөрүлгөн сырдан себелейсиз.

Тууралган көк чөптөн бир аз сээп, булочканын “капкагын” жабасыз.

Эми булочканын ар бирин фольга кагазына тыгыз кылып ороп, 180-200 градуста ысып даяр болуп турган духовкага салып 12-15 мүнөт бышырасыз.

Начинкалуу  лаваш

Кандай азыктар керек?

Лаваш: 2 даана

Жумуртка: 2 даана

Помидор: 1 даана

Катуу сыр: 150 г

Кантип жасалат?

Лавашты көмөч казаныңыздын көлөмүндөй кылып тегерете кесип аласыз.

Сырды кыргычтан өткөрүп, помидорду узун-узун кылып туурайсыз.

Көмөч казанды кызытып, майлайсыз да, ага лавашты төшөйсүз.

Жумуртканы чыныга чалып алып лаваштын бетине куюп, бардык жерине жеткидей кылып тегиз жаясыз.

Анын үстүнө сырдан себелейсиз, помидордун бир нече кесимин таштайсыз.

Анан көмөч казандын капкагын эки мүнөткө жаап коёсуз. Бул маалда жумуртка бышып, сыр эрийт.

Эми көмөч казандын капкагын ачып лавашты конверт кылып бүктөйсүз да, эки тарабын кууруп коёсуз.

Сыр омлети

Кандай азыктар керек?

Катуу сыр: 40 г

Жумуртка: 2 даана

Кайнатылган колбаса: 50 г

Сүт: 3 чоң кашык

Кызыл таттуу болгар калемпири: 50 г

Укроп

Туз, мурч

Кантип жасалат?

Чуңкур идишке жумурткаларды чагып чаласыз

Ага сүттү, майда тууралган укропту, татымына жараша туз менен мурч кошуп аралаштырасыз.

Сырды кыргычтын орточо тишинен өткөрөсүз, колбаса менен болгар калемпирин болсо майда чарчы кылып туурайсыз.

Муздак көмөч казанды майлап туруп сырды тегиз төшөп саласыз.

Эми отко коюп, сырдын эрип, кайнашын күтөсүз. Ошондо жумуртка аралашмасын анын үстүнө тегиз кылып куясыз. Үстүнө тууралган колбаса менен болгар калемпирин саласыз.

Көмөч казандын капкагын жаап, жай отто 3 мүнөт бышырасыз.

Даяр болгон омлетти ортосунан бүктөп, жашылчалар менен берсеңиз болот.

Тоголок омлеттер

Кандай азыктар керек?

Катуу сыр: 70 г

Жумуртка: 2 даана

Кефир: 150 мл

Укроп: 1 боо

Ун: 300 г

Сода, 0,5 чай кашык

Сарымсак: 1 тишче

Өсүмдүк майы: 3-5 чоң кашык

Туз

Кантип жасалат?

Чуңкур идишке кыргычтан өткөрүлгөн сыр менен майда тууралган укропту саласыз.

Үстүнө жумуртканы чагасыз, кефирди куясыз.

Сода, туз, мурч жана майдаланган сарымсакты кошуп жакшылап аралаштырасыз.

Эми унду салып кадимкидей камыр жууруйсуз.

Камыр колго жармашпай калган кезде калыңдыгын бир сантиметрдей кылып жайып, диаметри 5 сантиметрдей болгон стакандын жардамы менен камырды тегерек кылып кесип аласыз. Камырдын калганын жыйнап алып кайра жаясыз.

Көмөч казанга майды куюп кызытып, ага тегерек камырларды салып эки тарабын кызарта кууруйсуз.

СоӊкуЖыргалбек: Ажал мени айланып жүрѳт. Жашагым келет
КийинкиУнаа айдоодо сабырдуусузбу?