Унаа айдоодо сабырдуусузбу?
Бишкек шаарынын ичинде жол жүргѳн ар бир адам кааласа-каалабаса да тыгынга кабылып, ачууланган айдоочулар менен унаалардын жарышкан жагымсыз сигналына күбѳ болот. Кѳчѳ толгон унаанын ичинде миң түркүн адамдар, алардын арасында жылдыздар да бар. Кызык, алар кандай ойдоочу?
Кенже Дүйшеева, ырчы: “Жашоомдогу мүнөзүмдү рулда колдонбойм”
- Жашоодо тез кыймылдаган адам болгонум менен, рулда эч качан шашпайм. Бул менин мүнөзүмдѳ калыптанган. Мээмде “эч качан шашпа, башка нерселерди ойлонбо, эмоцияга алдырбоо керек” деген команда бар. Рулга отурарда маанайым жок болсо дагы бардыгын унутуп, жакшы нерселерди ойлойм. Кандай гана кырдаал болбосун тобокелдикке салганды жактырбайм, өтө сабырдуу айдоочулардын катарына кирем. Болжогон жерге убагында жетүү үчүн сөзсүз түрдө бир саат эрет чыгам да, шашпай айдап барам. Жашоомдогу мүнөзүмдү рулда эч колдонбойм. Жеке өзүнүн эле эмес, башкалардын коопсуздугу үчүн да рулдагы адам сабырдуу болуусу абзел.
Минур Алтынбеков, ырчы: “Шашып баратсам да башка айдоочуларга жардам кылам”
- Мен сабырдуумун, ашыкча кыжалат боло бербейм. Ылдамдыкты шаар ичинде сексенге жеткирбейм. Кээде эч ким жок жерден катуураак айдап коём. Бир жолу Токтогул менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде эки таксист байке урушуп жатышыптыр. Шашып баратканыма карабай аларды кѳрүп түшүп бардым. Көрсө, бир таксист оң жакка гана айдоо керек болгон жерден түз айдап кетип, экинчи сызыкта келе жаткан байке аны кагып кете жаздаптыр. Анан экөө “мындай белги жок” деп талашып жатышкан экен. Мен барып күнүгө көрүп жүргөн белгини көрсөттүм, байкелер тынчтанып кетишти. Негизи эле жолдо жүргөндө жол бошотуп берип же жардамымды аябайм. Анткени бирөөгө жардамың тийсе, эртең сага да башканын жардамы сөзсүз тиет.
Назми Байзакова, ырчы: “Коопсуз шаар долбоорунан улам сабырдуураак болуп калдым”
- Унаа башкарып жүргөнүмө жыйырма биринчи жыл. Айдоочу катары сабырдуу да эмесмин, такыр эле “беспредельщица” да эмесмин. Эгерде шашпасам бүт жол эрежелерин сактап айдайм. Ал эми шашылыш болгондо эрежени бузушум мүмкүн. Ошондо да эки жагымды карап, кырсыкты алдын алып, бат айдап өтүп кетүүм ыктымал. Бирок өзгөчө азыр коопсуз шаар долбоору кирип, көптөгөн камералар коюлганы баарыбызды бир чекке киргизип койду. Ошондон уламбы, азыр сабырдуураак болуп калдым окшойт.
Максат Давранов, алып баруучу: “Унаамды сүзүп кеткендер көп болот”
- Айдоочу катары менин сабырдуулугума көбү таң калышат. Жол тыгында турамбы же бирөө өтүп кетүүнү суранабы, баарын өткөрүп, өзүм шашпай жүрө берем. Жол эрежесин бузуп, артымдан унаамды сүзүп алгандар канча болду. Андай кырдаалда эгерде унаама катуу жарака кетпесе, зыян кылган айдоочуну кечирип коём. Былтыр Ала-Букадагы тойго шашып баратсам Таш-Көмүрдөн бир унаа алдымдан чыга калып сүзгөн. Ал аксакалдан чоң күнөө кеткен негизи. Бирок эрежени мен бузбасам да “уунамды ѳзүм оңдоп алам, сиздер бара бериңиздер” деп жанындагы апалардын батасын алып, аларды сапарынан кармаган эмесмин. Ал күнү тойго барбай унаамды жүктөп алып кайра Ошко келгем.