Негизгиге Интервью Кубаныч Эсенбаев: Улуу балдарым Аселди абдан жакшы кѳрүшѳт

Кубаныч Эсенбаев: Улуу балдарым Аселди абдан жакшы кѳрүшѳт

904

Жашообузга чѳнтѳк телефон келе элек кезде баарыбыз телевизор кѳрчү эмес белек. Күтүп кѳргѳн телеберүүлѳрдүн арасында “Сыр сандык” деген кѳрсѳтүү бар эле. Анын шайыр мүнѳз алып баруучусу кийин кѳрүнбѳй калды. “Сыр сандыктын” кайда кеткен сырын билбей жүргѳн кезде биз издеген алып баруучу “Кара жорго” деген бийибизди кайрадан жандантып эл алдына чыга келди. Дал ушул “Кара жорго” бул мырзага ак жолтой болуп азыр бактылуу жашоонун ырахатына чѳмүлүп жүргѳн кези экен.

Кубанычбек Эсенбаев, тележурналист, алып баруучу, “Кара жорго №1” тобунун продюсери (“Кара жоргонун” жайылтуучусу, тамада,)

— Саламатсызбы, кандай жаңылыктар менен бѳлүшѳсүз?

— Жакшы, буюрса. Кайрадан тойлор башталып, акырындан иштей баштадык. Оор күндѳрдүн артта калганына кубанып жүрѳм. Чыгармачылыкта тыным болуп калган кезде жаңы нерсе издеп калабыз да. Андыктан Ютубда “Кара жорго” деген канал ачып иштеп баштадым. Азыр ѳзүң үчүн иште деген заман болуп калбадыбы. Ѳзүм үчүн иштейин деп Ютубду толук ѳздѳштүрүүгѳ тырышып жүрѳм. Интернет заманында чет өлкөлүктөр дагы Аселдин “Кара жоргосун” сатып алышат.

— Теле тармагында иштебей калдыңыз беле?

— Илим Карыпбеков жетектеп турган кезде анын кысымы мени жумуштан кетирген. Илим менен соттошуп алгач жеңгем, бирок анын тааныштыгы күч болуп кетти. Бирок мен жапа чеккен жокмун, “Сыр сандыкты” жакшы көргөн көрүүчүлөрдѳн куру калгандыр, мага жакшы болду, көзүм ачылды, жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Учурда эл телевизор көрбөй калыптыр, интернетке өтүп кетиптир, андыктан интернетте өзгөчө Ютуб, Инстаграмда популярдуу болуу – учурдун талабы. Бир жаман жери, Илим Карыпбеков, анын жакын командасынын мага тирешүүсүнүн кесепети Аселге да тийди. Бүгүнкү күнгө чейин Аселдин ырларын “Музыка” каналы бербей, клиптерин чыгарбай келишет. Жаңы клип тарттырып барса шылтоо таап алышпайт.

— Жубайыңыз чыгармачылыктан алыстаган жокпу?

— Үйдѳ жүрүп эле алынын келишинче обондуу ырларды жазып, изденип жатат. Жакында жаңы ырларын угасыздар. Тойлорго чогуу барабыз. Ырын ырдап, бийин бийлеп, эл алдында, тойлорго чакырууларда эле жүрөт.

— Сиздер тойго кеткенде кызыңыздар ким менен калат?

— Кызыбыз Томирис эки жарым жашка чыкты. Чоңоюп калса дагы аны таштап кете албайбыз. Кенедей кезинен жаныбыздан чыгарбай ээрчитип алып, бирибиз эл алдына чыкканда бирибиз сахнанын артында карап отурабыз. Бир жолу таштап кѳрдүк. Ишибизди бүтүрүп келгенче экѳѳбүз тең тынчсыздандык. Келсек аябай таарынып калыптыр, басылбай катуу ыйлады. Дагы деле эмчек эмет да, апасы сооротоюн десе ага да карабай ыйлап, таарынды.

— Ысымы ѳзгѳчѳ экен, ким койду эле?

— Ысымын уулум Нуржигит койду. Кызымдын жарыкка келиши жакындарыбызга чоң сюрприз болгон. Асел 7 ай болгонго чейин бийлеп жүрѳ берди. Ичи кичине эле, анан кийиминен көп байкалган да жок. Башында аман-эсен төрөп алсын дедим, анан кичине торолсунчу дедик. Ошентип, Аселдин боюнда бар экенин, төрөгөнүн эч ким билген жок. Кызыбыздын кыркы чыкканда жакындарыбызга сүйүнчү айтып жентек тойго чакырдык. Жакшылыгыбызды угуп бир сүйүнүп, кеч айтканыбызга бир таарынып баары таң калышты.

— Абдан камкор ата болсоңуз керек?

— Ооба, ошондой эле. Кызымды үйгѳ чыгып келген күндѳн ушул күнгѳ чейин ѳзүм гана киринтем. Ымыркай кезинде бала колго токтобойт эмеспи, Асел ошондон абдан коркчу. Менин болсо улуу балдарымдан улам тажрыйбам бар да, сонун эле жуунтуп алып жаттым. Башында апасынын сүтү азыраак болуп кызымдын салмагы аз эле. Анда мен атайын даяр сүттүн түрүн сатып келип, өзүм даярдап упчу менен өзүм берип жатып кызым салмагынан ашып кетти. Чочулап дарыгерге барсак апасынан “эмне деген сүт бересиң?” деп сураса Асел мени карап врачка жооп бере албайт. Компотун дайыма ѳзүм кайнатып, бѳтѳлкѳгѳ да ѳзүм гана куюп берем. Кѳлгѳ чыгарда бир күндүк компотун даярдап чыккам, кармалып эки-үч күн жүрүп калдык. Кызым атасы жасаган суусундукка аябай кѳнүп алыптыр, башка суу ичпей убара кылды. Кызыма карап үйгѳ шашып келдик. Кызыгы, Томирис тили чыга элек жатып смартфондон үйрѳнгѳндѳрүнүн баарын айтат. Бир жолу унаамдын номерин кѳрсѳтүп тамгасын, сандарын айтып аябай таң калтырды.

— Кызыңызды бѳбѳктүү кылуу оюңуздар барбы?

— Менин бир уулум, эки кызым болду. Ушул балдарым аман болсун. Бирок Аселкага “ѳзүң үчүн болсо дагы бир уул тѳрѳшүң керек го” дейм. Мен баласаак болгонго бала үчүн аябай санаа тарта берет экенмин. Улуу кызым окууга кетсе деле “кандай жетти, качан келет?” деп санааркай берем.

— Улуу балдарыңыз сиз менен чогуу турушабы?

— Уулум көбүнесе менин колумда чоңойду. Экинчи никемдеги кызым таенеси менен эле, ал киши өтүп кеткенден кийин мага келди. Колледжде билим алат. Уулум режиссёрлукка кызыгат, андан сырткары клип, жарнамалык роликтерди тартып чыгармачылык менен алек. Чыгармачылыктан алыс эле болуусун каалап, юридикалык окууда окуткам. Бирок болбой эле ушул багытты тандап алды.

— Келинчегиңиз менен тил табышуулары оңой эле болдубу?

— Аселка ѳзү адамдын кѳңүлүн оорутканды билбеген жан. Уулум да, кызым да Аселканы аябай жакшы кѳрүшѳт. Асел болсо ашканада укмуш эми. Картошканын ѳзүн эле кууруп койсо дагы сонун болот. Мен азык-түлүктү ташып келе берем, Асел тамакты түрлѳп жасайт. Кызым экѳѳ курбулардай эле. Экѳѳ кандай тил табышат деп санааркаган деле жокмун.

— Сиздерди табыштырган “Кара жорго” бийи болду да, Асел айымга канча убакытта сезим пайда болуп, аны качан ачыктадыңыз?

— Аселдин жароокерлиги, чынчылдыгын баалачумун. Калп айтканды жаман көрөт. Сезимимди айтууда аябай эле ойлондум. “Кандай кабыл алат болду экен” деп чочуладым. Бирок айтпай да коё албайт элем. Асел эки айдай ойлонуп мен күткѳн жакшы жоопту берди. Жашоомо Аселдин келиши менен ѳзүмдү жалгыз сезген, бактысыз санаган оор күндѳрүмѳ чекит коюлду. Жогоруда айткандай, ашканада мыкты кожойке. Анан деги эле чарчабаган иштерман. Огородубузду толтуруп жер-жемиш айдайм. Мен кетмен менен чабам дегенче болбой аралап кол менен эле отоп салат. “Эмне колуңду жоорутуп, жаныңды кыйнайсың?” деп урушам. Тазалыгы да укмуш. Менин кийимдерим кийилгенден эмес, жуула бергенден улам эле эскирип кетет болуш керек. Табиятка жакындыгына таң калам. Мышыгы бар, тамак бере берип укмуш семиртип салган. Аселдин балалыгын айтып беришсе, кечинде коё берилген атты эртеси кармай албай убара болушат экен. Жакын айдап келгенде баягы ат Аселге ѳзү эле барат дейт. Асел эркелетип туруп кармап берип койчу экен. Чыгармачылыгы боюнча айтсам, “Кара жоргону” Асел менен Элмураттай бийлеген адам жок. Бул бий менен булар тарыхта калды. Азыр билинбейт, бирок бир кезде тарых муну айтып чыгат. Буларга кыргыздын бийин жандандырганы үчүн мамлекеттик сыйлык беришсе да жарашмак. Асел менен Элмуратка жадагалса “Маданияттын мыкты кызматкери” деген наам беришкен жок. Бирок эл баалайт, эл билет. Бул шексиз.

— Спорт менен мамилеңиз кандай?

— Абдан сонун. Дайыма жүгүрѳм. Турникте ойнойм. Анча-мынча жаштардан ашып түшүшүм мүмкүн, кем калышпайм. Жакында эле Инстаграм баракчама жүктѳгѳн бир сүрѳтүмѳ бирѳѳ “Мотуевге чыгасызбы?” деп жазды. “Аны коюп, экѳѳбүз эле таймашып кѳрѳлү” дедим. Айтышуубуз курчуп 2000 жолу отуруп-туруңуз деди. Утсам ал мага бир кой берип, утулсам мен ага бир койдун баасы 10 миң сом бермек болдум. Ютубдан түз эфирге чыгып отуруп-туруунун эрежесин, мелдештин шартып аткарып, бир саат аралыгында 2100 жолу отуруп-турдум. Жеңдим. Анан тиги киши убадасын аткарбай койду. Эртеси буттарым ооруп, эки-үч күндө булчуңдарым өзүнө келди. Бирок мен өзүмдү сынап жеңишке жетип, ал эле эмес, Кыргызстанда чоң рекорд жасаганыма сүйүндүм. Эгер эми бирөө жарым менден ашып жасай алса “Кара жорго” футболкасын белек кылам.

— Киреше булагыңыз барбы?

— Жок, сатканды такыр билбейм. Алып баруучулук, тамадалыктан пайда табам, андан сырткары блогерликтен, Ютубдан акча табууну көздөп жүрөм. Жогоруда айтып ѳткѳндѳй, огородду жакшы иштетем. Огороддун кызыгы бүтпѳйт да, берилип кетип башка иштерим калбаса экен дейм. Жашоо тез темп менен өзгөрүп барат. Андыктан алдыңкы, учурдун демин сезген, жаңыча ой жүгүрткөн адамдардан болууга тырышам.

Гүлайым Калыбекова

СоӊкуУнаа айдоодо сабырдуусузбу?
КийинкиБалаңыздын эс тутумун жакшыртыңыз