Негизгиге Кош келипсиз! Ормон Нурбек уулу: Жөн эле колуна балык берип койбостон, кайырмак берип жардам...

Ормон Нурбек уулу: Жөн эле колуна балык берип койбостон, кайырмак берип жардам кылганды туура көрөм

617

Жакында эле өткөн Олимпиадада күмүш медалдын ээси болгон Айсулуу Тыныбековага элден башкача белек кылган Ормон Нурбек уулу интернетте катуу талкууга алынды. Спорттун чеберлерин колдоп, сыйлап жаткан инсан менен жакындан таанышып, маек курууну туура көрдүк.

Саламатсызбы Ормон мырза, алгач өзүӊүз тууралуу айтып берсеӊиз.

Саламатчылык. Мен Нарындан болом, төрт бир туугандардын кичүүсүмүн, ата-энем жөнөкөй адамдар — мугалимдердин баласымын десем болот. Азыркы тапта жеке ишкерлик кылып жатам.

— Спорттун күйөрманысыз го?

Ооба, жаш кезимден бери эле спортко кызыгам, бирок турмуш шартына байланыштуу спорт менен дайым машыгып, чебер боло алган жокмун. Антсе да спортко колдоо көргөзүп, ар-дайым спортчуларга колдон келген жардамымды берип келем. Алар үчүн машыгуу залын дагы ачып, ичине бардык шаймандарын коюп бергем. Эрежесиз эр мушташ боюнча спортчуларды даярдап, командабыз менен алардын беттештерин уюштуруп келебиз.

— Айсулууга кандай себептер менен алтын чынжыр белек кылдыӊыз?

Негизи Айсулуу өткөн Олимп оюндарында өзү алтын медал алат деп ишенгенбиз, бирок тилекке каршы күмүш медал буйурду. Олимпиаданын медалы болбосо дагы, алтын чынжыр менен Айсулуунун көӊүлүн көтөрүп, кийинки мелдешке стимул болсун дедим. Мынчалык талкуу болот деп ойлогон эмесмин, болгону чын жүрөктөн белек тартуулагым келди.

— Сыр болбосо, баасы канча?

Баасы сыр эле болсун, бирок «импортный» жана арзан эмес экени көрүнүп эле турса керек.

— Жеке ишкерлик кылам дедиӊиз, кайсы тармакта?

Мындан он жылдай мурда үй-бүлөлүк шартыбыз аябай жакшы болбогондуктан, Россияга иштеп кетүүгө туура келди. Ал жакта жашоо татаал, ары урунуп, бери урунуп, соода тармагына келдим. Ортодо маляр да болдум. Бирок соода тармагы мага жакын болуп, ишим жүрө баштады. Эл катары «Дордойдон» орун алып, товарларды Россия эле эмес, Түркия жана башка өлкөлөрдөн да ташыдым. Тыйындын келиши мага оӊой турбагандыктан, ар бир сомду туура колдонууну үйрөнүп, башка тармактарга да кошулуп, иш жүргүзө баштадым. Кыргыз болгондон кийин мал жыйнадым дегендей.

— Малдын кайсы түрүнө басым жасайсыз?

Албетте уй, кой багуу ыӊгайлуу. Бирок жылкыны жактырам. Ошол себептен көк бөрү боюнча да «Ак Барс» командасын түзүп, каржылап келе жатам. Спорт менен бизнести ушул жерден тыгыз байланыштыра алдым.

— Сизди меценат катары тааныгандар дагы көп экен, бул нерсеге кантип келдиӊиз?

Жогоруда айткандай бала чагымда тыйын жагынан кыйналдык. Бирок кыргызда намыс деген бар да, эки колум, эки бутум аман турса кайырчы болмок белем деп тытынып иштедим. Бирок кээбир адамдар иштейин десе да майыптыгынан иштей албай келишет. Бир жолу ошондой адамга жардам кылып коляскасын алып бердим. Анан ошол киши кадимкидей эмгектенип, бир үй-бүлөнү баккканга жарап калды. Ошондон бери бирөөгө жардам берип сооп алууну өзүмө адат кылайын деп чечтим. Мен бирөөгө миӊ сом берсем, Кудай ошону эки эсе, үч эсе кылып мага кайтарып жатат, шүгүр. Жөн эле колуна балык берип койбостон, кайырмак берип жардам кылганды туура көрөм.

Азыркы тапта таштандыны сорттоп, кайра иштетүүтү завод ачып жатам. Ал жерде айылдыктарга иш орундары түзүлүп, мамлекеттик бюджетке салыктар төлөнөт. Муну менен Кыргызстандын экологиясына өзгөчө көӊүл буруп, өз салымымды кошкум келди. Мындай ишкана Нарын обласында азырынча жок болгондуктан, туура иш кылып жатам деп ойлойм.

— Нарында туу көтөрүп жатат деп уктук, маалымат берсеӊиз.

Ооба, жергиликтүү жаштар ушундай демилге көтөрүштү, мен албетте мындай нерсени колдоп, өз салымымды кошуп жатам. Бул иш-чара Кыргыз Республикабыздын эгемендигинин отуз жылдыгына арналат. Бирок керектелүүчү материалдар чет өлкөдөн келгендиктен курулуш иштери убактысынан кечигип жатат, эми мынтип аба ырайы да сууктай баштады. Желектин өзүн Түркиядан сапаттуусун алдырып, даярдап койдук. Флагшток Кочкордун кире беришине орнотулуп жатат, бирок бир эле Кочкордуку эмес, жалпы кыргыз элиники деп түшүнүүнү суранат элем. Бул флагшток Нарын облусундагы эӊ бийик жана желеги эӊ чоӊ болуп, аны көргөн ар бир жараныбыздын патриоттук сезими козголот деп ойлойм.

Кол кабыш кылып жаткан ар бир инсанга, бөтөнчө, демилге көтөрүп, күнүгө ушул жерде чуркап жүргөн патриот жаштарга тереӊ ыраазычылык билдирем!

— Маегиӊизге чоӊ рахмат, сизге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

Рахмат, бар болуӊуздар!

СоӊкуТогуз кыз, бир уулдун апасы Венера айым турмуш жолуна 18 жашында аттанган

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here