Негизгиге Күйүт Жоокер Эсентурдун агасы Амантур: Иним менен акыркы жолу 14 секунд сүйлөштүм

Жоокер Эсентурдун агасы Амантур: Иним менен акыркы жолу 14 секунд сүйлөштүм

577

Жоокер Эсентур Кубанычбек уулунун агасы Амантур: «Иним менен акыркы жолу 14 секунд сүйлөштүм»

Биз Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынан болобуз. Мен эки, иним бир жашында атам трактор менен чоң сууга түшүп кетип каза болгон. Бизди чоң апам бакты, кийин эс тартып окууга барганда чоң апам каза болуп туугандардын колунда калдык. Апам экинчи ирет турмуш курган, аны менен кийин табышып, катышып алганбыз. Өзүм сүрөтчүмүн, балдарга сүрөттөн сабак берем. Эсен Д. Асанов атындагы лицейди бүтүрүп, андан ары окуусун Орусиядагы академиядан уланткан. Келгенден кийин кызматын “Бөрү” атайын отрядында улантып командирдин орун басары кызматында болчу.

Баткендин чек арасына эки жума мурда которулган. “Абал тынчыгыча 3-4 ай ушул жакта болот окшойбуз” деген болчу. Сыягы ошондо жаңжал жаңы башталып аткан окшойт. 29-апрель күнү чалсам түйүн бош эмес экен, кайталап чалсам алды, “тынч элесиңби?” десем “беш сааттан бери тынбай атышып атабыз, өзүм чалам” деди, ошондо акыркы жолу сүйлөшүптүрбүз. Кийин өчүк болуп туруп алды.

Түн ортосунда бир досу чалып: “Силерге эч ким байланышкан жокпу?”-дейт. “Жок” десем коюп койду. Таң атпай жездем чалды, “үйдө болсоң жолугалы” деди. Анда деле шек санабайм. Бирок жүрөгүм түпөйүл болуп турду. Дос балдарым үйгө келип суук кабарды угузганда инимен айрылганымды билдим. Сөөгүн чогуу иштеген балдары алып келди, айылда атамдын жанына берге бердик.

Бир жагымды шылып кеткендей эңгиреген абалда турам. Эсен менин сырдашым, таянычым, тирегим эле. Бала кезден жашоого бышык, кара жанына тың, чукугандай сөз тапкан, шайыр, боорукер жан эле. Жоокер болуп мекенимди коргойм деген максатына жетти. Чек арачы болом деген кыялы 6-классынан бери бар болчу. Үйлөнө элек эле, сүйлөшкөн кызы бар же жок экенин билбеген бойдон калдык.

Акыркы жолу банктан 80 миң сом насыя алып, мал алып тоого чыгарам, жылкы курайм дептир. Ал насыясы жабылыптыр, бирок кимдер тарабынан жабылганын иликтеп биле алган жокмун. Өзүбүзгө келе албай отуруп калдык. Мындан аркы жашообузда согуш көрбөйлү, эч ким боору сыздап бир тууганынан айрылбасын.

СоӊкуДени сак тамактануунун таблицасы
КийинкиКуудул, алып баруучу Жакут Сыдыков: “Койлорго концерт коюп кезүүнү таратып жиберчүмүн”