Өлкөбүздө болуп аткан окуялар ишкер, депутаттыкка талапкерлигин койгон Тилек Токтогазиевдин беттегенин бербеген өжөр экенин далилдеди. Мындай адамды адатта “отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” деп сүрөттөшөт. “Жаш, билимдүү, дымактуу, максатын так коё билген адамды кандай эне төрөп, тарбиялады экен?” деген суроого каарманыбыз жооп берди.
— Эже, уулуңуздун кызматы кут болсун! Кандай сезимде болуп атасыз?
— Рахмат! Уулумдун министр болгонуна кубанып, толкунданып атам. Жаш болсо да анын билимине, тажрыйбасына ишенип чоң милдетти берип аткандарына ыраазымын. Билими, алдына койгон максаты бар адам тилегине жетерине ишенем.
— Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз? Канча балаңыз бар?
— Менин кесибим инженер-технолог. Политехникалык институтту бүтүргөм, консерва заводунда көп жыл лаборант болуп иштедим, кийин долбоорлук бюролордо, “Кыргызстандартта” эмгектендим. Учурда 61 жаштамын, пенсиядамын. Өзүм кол өнөрчүлүктү жактырам, бул тармакта да иштеп жүрөм. “Кийиз дүйнө” фондуна катышам. Төрт балам бар. Улуу кызым Асел дары-дармек тармагында иштейт, үч баласы бар. Жашоосуна тың. Кийинки кызым Роза банк кызматкери. Ал да үч баланын энеси. Тилек төрөлгөндө эки кыздан кийин уулдуу болгонума ишенбей ыйлап жибергем. Жолдошум да катуу сүйүнгөн эле. Кичүү уулум Бекжан болсо студент.
— Тилек кичине кезинен эле беттегенин бербеген өжөр беле?
— Тилектин мүнөзү таятасын тарткан. Оюндагысын ачык айткан сапаты да тайларына окшош. Кичинесинде бир нерсеге кызыгуусу күч болчу. 1-класска барганда орусчаны жакшы сүйлөй алчу эмес. Ага болбой эле орус класска берип койдук. Тырышып жүрүп тилди өз күчү менен өздөштүрүп, кыйналса да класстын алдыңкы окуучуларына кирген. Окуусунан жаңыдан ийгиликтерди жаратып баштаганда жашоо-шартыбызга байланыштуу жер которуп калдык. Барган жерибиздеги мектеп-гимназия мурдагы мектебинен да күчтүү экен. Башында “5”ке окуп аткан балам “3”кө түшүп калды. Математика сабагынан да аксап калды эле, репетитор жалдап берип бат эле ал сабакты да өздөштүрүп кетти. Атасы жыйналышка барып калганда: “Балаңды эле мактай беришет, уялып бүттүм”,- деп калчу. Мугалимдер уулумдун жакшы окуганына кошумча кылып элпектик, сылыктык сапаттарын да баалашыптыр. Ошондо эле өзү окуучу болсо да экөөбүз көчөдө ээрчишип баратсак селсаяктарды көрүп калып: “Апа, бул кишилер эмнеге көчөдө жүрөт, мен президент болсом ушулардын баарына жумуш берем. Көчөдө калбайт, иштеп оокат кылышат”,- дечү.
— Акчага кичинесинен сарамжалдуу беле?
— Туулган күнүндө “кийим же велосипед” сатып ал деп тыйын берсек эзели бир жөнү жок коротуп, оюнчук алган учуру болгон эмес. Жол кире кыл, тамак ич деген акчаны да коротпой чогултчу экен. Эсимде, мектептин жанында “Раритет” деген китеп дүкөнү бар эле. Ошол дүкөндөн эки күндүн биринде эле мектептен келатып китеп сатып келе берер эле. Бир жолу “Дүйнө картасы” деген 3-4 даана энциклопедия келип түшүптүр. Баасы 200 доллар экен. Биз берген акчаларды чогултуп ошол китепти да сатып алган. Кийин тарых, география сабагынан олимпиадаларга катышып жакшы ийгиликтерди жаратып келчү. Жогорку класстарында тренингдерге, англис тили курстарына барып жүрдү. Кайсы тармакка барбасын жакшы ийгилик жаратмайын жаны тынчу эмес.
— Өз алдынча качан акча таап баштады?
— 16 жашында бир уюмга ишке кирди. Ошондо 2 миң сом айлык алып келгени эсимде. Дүкөнгө кирип нан, жумуртка, май көтөрө келиптир. Ошондо уулумдун кылган ишине ичим жылыган болчу. Кийин Тышкы иштер министрлигине стажер болуп кирди. Ал жактын иш системасын көрүп келип аябай капа болгон. “Жөн эле чай ичип, компьютерде оюн ойноп отура беришет экен” деп келген. Азыркы системанын катачылыгын ошо таптан баштап ойлонгон болуш керек. Мектепти мыкты бүттү. АУЦАга тапшырсын, окуусунун акысын төлөйлү деп алдын ала акча чогултуп жүргөнбүз. Бирок уулум бизди сүйүнтүп Кыргыз-Орус славян университетине бюджеттик негизде өтүп кетти. Баягы чогулткан акчаны өзүнө ыроолоп унаа алып берели десек, “ал акчаны мага бергиле, ишкерлик баштайм” деди. Ошентип, коктейль бизнесин баштаган. Анысы жакшы болбой кофеге өтүп кетти. Айтор, баламдын бирди эки кылмай сапаты кичинесинен эле бар.
— Ортодон банкрот болуп стресс болдум деди эле. Кантип чыкты ал кырдаалдан?
— Ал кезде атасы акыл-насаатын айтып, сабырдуулукка чакырып, кеңеш берип жол көрсөттү. Ал күндөрдү кайра башынан эскерүү мага оңой эмес. Күнөскана иштеткенде жанында жүргөн кишилер эле чоң суммадагы акча алып качып кетип оор жагдайга калтырышты. Уулумдун сынып калбай, чөгүп кетпей стресске туруштук бергени мени кубандырат. Бул жагынан мүнөзү атасын тартыптыр.
— Балдарыңыз атасынан, сиз жолдошуңуздан айрылган учур да оор болгондур?
— Жолдошум 2019-жылдын декабрь айында операция болгон. Медицина жагы бизде жакшы эмес экенин ушунда билдик. Себеби ага чейин эч кимибиз олуттуу ооруп ооруканага жатып көргөн эмеспиз. Жолдошум үйгө бир жумадан кийин чыгып келди, бирок абалы начарлап кетти. Тилек башында атасынын оорусу мындай күч алып кетет деп ойлогон эмес экен. Америкага иштери менен кетип аткан болчу, “мен келгиче чуркап калат экенсиз” деп узаган. Тескерисинче, Тилек келгенде ден соолугу кескин начарлап кетти. Көрсө, өпкөсү 4-стадиядагы рак экен. Кеч билип калдык. Балам менен кыздарым Түркиядан жакшы клиника таап алып кетишти. Балам атасын ажалдан алып калуу үчүн болгон аракетин жумшады, жанынан чыкпай кичинекей баладай эле карады. Ага болбой бир заматта колубуздан жулдуруп ийдик. Асманыбыз урап, тообуз кулап кеткендей эле болдук. Тилек стресске түшүп кетпесе экен деп корктум эле. Ошол учур пандемияга туш келип калып өзүн колго алып элге жардам берем деп келиним экөө чуркап жүрдү. Жолдошум каза болгондо чөгүп депрессияга түшүп кете жаздадым. Жетелешип чогуу чай ичерде жалгыз калган оңой эмес экен. Тирүү кезиндеги виделорду көрүп ыйлап аттым. Тилек мендеги бул өзгөрүүнү байкап: “Апа, ыйлабаңыз. Сиз ушинткен сайын атам кыйналат”,- деп мени санаадан ойготту. Уулумдун кайратына ошондо дагы бир ирет таң бердим.
— Келиниңиз жөнүндө айтып берсеңиз?
— Келиним Тилек окуган окуу жайдан дүйнөлүк экономика бөлүмүн бүтүргөн. Биздин үй-бүлө чоң да, конок үзүлбөйт. Башында бир аз жат болду окшойт, кийин биздин шартка ыкташып жашап кетти. Англис тилин эркин сүйлөйт, билимдүү. Жаңы турмуш курганда кенен-чонон жашагыла деп бөлүп койгонбуз. Кийин балалуу болгондо каралашып багышып атып кайра чогуу туруп калдык. Уулу Бакай 6 жашта, кызы Ырысай 3 жашта. Неберелеримди баккандан өткөн ырахат жок мен үчүн.
— Уулуңуздун айланасындагы акыркы окуялар да жүрөгүңүздү ооруткандыр?
— Шайлоого аттанганда тынчсыздандым, ар кандай сөздөр айтылып атты. Таенесинен, чоң энесинен бата алды. Шайлоодон кийин митинг башталды. Эне катары жүрөгүм ошондо ооруй баштады. Өзү телефонун жоготуп алыптыр, жанында жүргөндөр кабарын айтып атышты. Тилектин башына таш тийиптир деп улуу кызыман укканда астыман жер көчтү. Ага чейин ар кимиси үйгө чейин келип “үй-жайыңарды өрттөп, талкалап кетебиз” дешкенинен неберелеримди алып тынчыраак жакка кетип калдым. Бир жумадай үйгө жологон жокпуз. Ошол күндөр биз үчүн кооптуу, оор эле болду.
— Социалдык тармактардын колдонуучусусузбу? Ал жакта уулуңуз тууралуу ар кандай пикирлер бар.
— Ооба, көп жыл болду катталганыма. Тилектин дарегине не деген гана сындар айтылган жок. Башында ар бир сөзгө жүрөгүм ооруп жүрдү. Эне болгондон кийин балаңды коргоп калгың келет экен. “Тилек, карачы сени ушинтип айтып атышат, катуу айтып чыкпай эле койчу” десем, “апа, булар атайын фейктер, кылар жумушу ушу” деди. Кийин ал сөздөрдү жеңил кабыл алганды үйрөндүм.
— Уул-кыздарыңыз ийгиликтүү чыгыптыр. Эне үчүн мындан өткөн бакыт болбосо керек. Канткенде эне балага туура жол көрсөтө алат?
— Негизи, эркек балдарды эмгекке кичинесинен тарбиялаш керек. Айылдын турмушу жакшы жардамчы болот. Баланын ойлонуусуна, сүйлөөсүнө эркиндик беришибиз керек. Биз “ай, чоңдор сүйлөп атканда аралашпа, эшикке чык” дейбиз. Бул ата-эненин катасы баланын канатын кыркуусу мүмкүн. Мисалы, кичүү баламды архитектор болосуң деп сүрөт тарттырып кыйнай берчүмүн. Анткени кичине кезимде өзүм архитектор болгум келчү. Көрсө, анда кызыгуу, шык деле жок экен. Жөн эле кыйнай бериптирмин. Демек, бала максат коюуда ага түрткү гана берип оюңду таңуулабаш керек экен дедим. Атасы экөөбүз деле көп кыйынчылык тарттык. Бирок тапкан-ташыганыбызды балдардын билим алуусуна жумшадык. Билимди жакшы алуусуна шарт түздүк. Мен бирөөгө атаандашып көр оокатка кызыкпайм. Бирок билимден акча аябаш керек. Бала өз күчүнө ишенгенди кичинесинен өздөштүргөнү жакшы. Мейли, мектептен орто баа алсын, бирок аны өз күчү менен алганы маанилүү. Балдарымдын бирине да пара берип окуткан эмеспиз. Абдан көп кыйналышты, мээнеттеништи акыры минтип акыбети кайтып отурат. Кудайга миң мертебе шүгүр. Балдарыма ыраазымын.
Анара Дүйшөналиева