Негизгиге Ашкана Үй шартында жасалган сүт азыктары

Үй шартында жасалган сүт азыктары

405

Сыр

Кандай азыктар керек?

Кефир (2,5 % майлуулуктагы): 1 л

Сүт (2,5 % майлуулуктагы): 1 л

Жумуртка: 3 даана

Туз: 3 чай кашык

Кантип жасалат?

Жумурткаларды чагып, ага 1 стакан кефир, туз кошуп жакшылап чаласыз.

Башка эмаль мискейге сүт менен кефирди куюп, жай отко коёсуз.

Буга башка идиштеги жумуртка менен кефирдин аралашмасын куюп тынымсыз аралаштырып турасыз. Болбосо түбүнө тартып кетет.

Кайнаган соң сүт ирип, сары суусу пайда боло баштайт.

Андан кийин да 10 мүнөт кайнатасыз, бул убакытта сырдын коюу бөлүгү менен сары суусу бири-биринен толук ажырап калат.

Бир нече кабат болуп бүктөлгөн даки аркылуу куйсаңыз, сырдын коюу бөлүгү дакиде калат.

Дакини ороп, мискейдин үстүнө тарелканы көмөрүп, анын үстүнө оор нерсе менен бастырып коёсуз.

Сары суусу толук агып бүткөн соң, тактап айтканда, эртеси сыр жегенге даяр болот.

Брынза

Кандай азыктар керек?

Сүт: 3 л

Ашкана уксусу (9%дуу): 3 чоң кашык

Туз: 1 чоң кашык

Кантип жасалат?

Сүттү күчтүү отко коёсуз.

Көбүктөнүп көтөрүлө баштаганда уксус менен тузду кошосуз. Сүт дароо ирий баштайт. Кашык менен аралаштырып карап турасыз: коюусу ирик-ирик, сары суусу жашыл түстө болууга тийиш. Отто көп кармабайсыз: 2 мүнөт кайнаса жетиштүү болот.

Дуршлагга кабатталган дакини жаап, ага ириген сүттү куясыз.

Анан дакини ороп, үстүнөн оор нерсе менен бастырып коёсуз.

Түнү менен турса, эртең менен сонун брынза пайда болот.

Йогурт

Кандай азыктар керек?

Сүт (3,5% майлуулуктагы): 1 л

Кошулмасыз табигый йогурт: 3 чоң кашык

Кантип жасалат?

Сүттү кайнатасыз.

Отту өчүрүп, сүттү 30 градуска чейин муздатасыз.

Башка идишке 3 чоң кашык йогурт менен 5 чоң кашык жылуу сүттү аралаштырып уютку жасайсыз.

Уюткуну сүткө кошуп жакшылап аралаштырасыз.

Кургак, таза идиштерге (майда банка же стакан) сүттү куюп, жылуу жерге 4 саат коюп коёсуз. Жылуу жай катары духовканы колдонсоңуз болот. Аны күйгүзүп, кайра өчүргөндөн кийин табына йогурттарды салып коёсуз. Йогуртту даяр болгонго чейин бир ордунан кыймылдатпоо сунуш кылынат.

Коюулатылган сүт

Кандай азыктар керек?

Сүт: 1 л

Шекер: 180 г

Кантип жасалат?

Мискейге сүттү куюп, шекерди салып отко коёсуз.

Кайнаган соң отту азайтып кайната бересиз. Түбүнө тартып кетпеш үчүн маал-маалы менен аралаштырып турууну унутпаңыз.

Сүт коюуланып, азайып отуруп 400 грамм болуп калганда оттон чыгарасыз.

Мультиваркада жасалган быштак

Кандай азыктар керек?

Кефир: 1 л

Кантип жасалат?

Кефирди мультиварканын идишине куясыз. Мультиварканын “мультиповар” же “подогрев” деген программасына бир саатка коёсуз. Капкагын жаап, бир саат күтөсүз. Ошондо быштак даяр болот.

Коюусун сары суусунан дакинин жардамы менен бөлүп аласыз.

1 литр кефирден 250 грамм быштак чыгат. Каймак же каалаган жемишиңизди кошуп жей берсеңиз болот.

СоӊкуКызыктуу жашоо «жагымдуу капкандан» чыкканда башталат
КийинкиАйыл чарба министри Тилек Токтогазиевдин апасы Бүбүсайра Асанбекова: “Атасынан ажыраганда уулум сынып калабы деп корктум”