Негизгиге Ден соолук Ар бир органга керектүү азыктар

Ар бир органга керектүү азыктар

1932

Дене-мүчөнүн ар бир бөлүгү бизден өзүнчө кам көрүүнү талап кылат. Мээни, муунду, жүрөктү, боорду убагында өзүнө керектүү витаминдер менен камсыз кылып турсак, ден соолукта көйгөй жаралбайт эле. Организмдин витаминден өксүгөнү ар түрдүү оорунун башаты болгондон сырткары адамдын чарчоосуна, иш жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келет.

Мээге
Омега-3, Омега-6 мээге керектүү май кычкылдыгы деңиз азыктарынын бардык түрүндө бар. Балыктын кандай түрү болбосун сиңимдүү келип курамында магний, натрий, калий жана фосфор болот. Бул мээнин ар бир клеткасын азыктандырып витамин менен камсыздайт. Адамдын кунт коюу, эске тутуу жөндөмүн жакшыртат. Деңиз азыктарынын курамындагы йод мээнин өнөкөт чарчоосунун алдын алып табигый антидепрессант болуп саналат. Ушул эле витаминдер жаңгактын түрлөрүндө да бар. Нерв системасынын туура иштөөсү үчүн күндө 30 грамм жаңгак жеген пайдалуу.

Көзгө
Бета-каротин затына бай сабиз көздүн көрүүсүн жакшыртууда натыйжалуу азык. Ал эми карагатта антоциан деген зат бар. Ал көздүн кан тамырларынын ичкерип кетүүсүнөн сактап, кан айланууну жакшыртат. Мындан улам көз чарчабайт, талбайт. Жүгөрүнүн даны темирге жана кальцийге бай болгондуктан көздүн чарасын микробдордон сактайт.

Булчуңга
Белокко бай азыктардын сап башында жумуртка турат. Анын курамындагы протеин, Е,А, Д витаминдери булчуңду өстүрүп эле тим болбостон, аны сактаганга да жардам берет. Бир күндө экиден ашык жумуртканын сарысын жеген болбойт. Ал эми агына чектөө жок. Уйдун, тооктун этинде креатинин заты көп. Банан да булчуңду өстүрүүгө жөндөмдүү жемиш. Бул азыкты күнүмдүк рациондо бир жолу колдонуу булчуңду өстүрүп, майды эритүүгө жардам берет.

Өпкөгө
Өпкө антиоксидантка, С жана Е витаминине муктаж. Брокколи менен сарымсакта бул витаминдердин баары бар. Сарымсак өпкөнү зыяндуу токсиндерден тазалап турат, дем алууну жеңилдетет. Брокколиде болсо фолий кычкылдыгы көп. Ал өпкөнүн сезгенүүсүн алдын алат. С, Е витамини алмада көп. Алманын курамындагы витамин дем алуу системасын жакшыртат. Күндө бир алма жеп турсаңыз өпкөнүн иштөөсүн жакшырткан болосуз.

Териге
Майлуулугу 5% болгон быштакта Е витамини жана селен заты бар. Бул витаминдер тери клеткасынын картаюусун алдын алат. Капуста жана салат жалбырагы К витаминине бай келгендиктен теридеги жаранын айыгуусун тездетет. Сабиз менен ашкабактын курамындагы бета-каротин теринин нымдуулугун сактап, күн нурунан коргоого жардам берет. Күнүмдүк жашооңузда көп суу ичүүнү адатка айландырсаңыз теринин клеткасы жаңыланып, нымдуулугун жоготпойт.

Боорго
Ашкабак менен лимон боорго жаккан азыктар. Себеби лимондун курамындагы пектин заты боордогу шлакты тазалоого, токсиндерден арылууга шарт түзөт. Ашкабак оор тамакты сиңире албай аткан боорду жеңилдетүүдө жардамы чоң. Ошондой эле көк алма боордун клеткасынын жаңыланып туруусун, боор рагын алдын алууга шарт түзөт. Күнүнө орточо көлөмдөгү 2 көк алма жесеңиз, боорду тазалап турган болосуз.

Жүрөккө
Кургатылган өрүк жүрөккө керектүү азыктардын биринчи сабында турат. Анткени ал В жана А витаминине бай. Курамы темир, калий жана магнийден турат. Күнүнө 100 грамм как колдонуу менен сиз иммунитетти, гемоглобинди көтөрүп, нерв системасын бекемдеген болосуз. Помидор жүрөк-кан тамыр оорулардын алдын алып, инфарктка кабылуу коркунучу 20%га азайтат. Ал эми буурчактын бардык түрү кандын курамындагы шекердин өлчөмүн бир калыпта кармайт. Эгер шекердин курамы бир калыпта болсо, жүрөктүн булчуңдары чың болот.

Бөйрөккө
Карагаттын даны менен жүзүм калийге бай. Организмге калий заты киргенден кийин заара айдоочу милдетти аткарат. Андыктан бөйрөктө кум, ашыкча шлак чогулбоо үчүн бул эки азыкты үзгүлтүксүз колдонуу керек. А жана С витаминине бай сабиз да бөйрөккө пайдалуу. Анын курамындагы пайдалуу заттар бөйрөктү инфекциялык оорудан жана кумдун топтолуусунан сактайт.

Ичегиге
Малинанын курамында клетчатка көп болгондуктан ичегиге керектүү азык экенин дарыгерлер айтып келет. Бир порция малинада 8 грамм клетчатка бар. Клетчатка ичтин катуусунун же өтүүсүнүн алдын алат. Ичегинин иштөө тартибин жөнгө салып турат. Лимондогу С витамини ичегилердин бактериялык тең салмактуулугун сактап турат. Мындан улам ичеги ар кандай инфекцияга туруштук бере алат. Селдерейдин сабагы ичегилерди жумшартуучу касиетке ээ болгондуктан ичтин катуусунан сактайт.

Муун жана сөөккө
Сөөк кальцийге муктаж. Азыктардын ичинен сырда кальций көп. Бир күндө эки тилим сыр менен чектелсеңиз болот. Себеби, андан көп өлчөмдөгү кальцийди организм сиңирип жетишпейт. Капустанын бардык түрүндө кальций бар. Бир күндө бууга бышкан 100 грамм капуста жесеңиз организмди 25% кальций менен камсыздаган болосуз. Жаңгактын жана кургатылган жемиштер түздөн-түз сөөккө пайдасы болбосо да аны колдонуу сунушталат. Себеби жемиштердин курамындагы калий кальцийдин заара менен кошо жуулуп кетпешин алдын алат. Андыктан курамында калий бар азыкты кальций бар азык менен чогуу колдонсоңуз пайдасы көбүрөөк болот.

Анара Дүйшөналиева


СоӊкуАйыл чарба министри Тилек Токтогазиевдин апасы Бүбүсайра Асанбекова: “Атасынан ажыраганда уулум сынып калабы деп корктум”
КийинкиБаланы максат коюуга үйрөткөн он кадам