Омар, Диана: “Бири-бирибизди “күчүк” деп эркелетебиз”
Белгилүү адамдар эл көзүндө жүрүп, талкуу үстүнөн түшпөгөн адамдар. Өздөрүнө кошулуп түгөйлөрү да эл көзүндө. Ошондой элдин бүйүрүн кызыткан жуптардын бири ырчы Омар менен жубайы Диананын сүйүү баяны назарыңызда.
— Омар, Диана, мындан үч жыл мурда элдин батасы менен түндүк көтөрдүңүздөр эле. Кепти ошол күнгө жеткирген таанышуу, махабат барактарынын ачылганынан баштасак.
— Омар: Ал кезде келинчегим медициналык академияда билим алчу. Мен окуу жайдын бир кечесине конок катары чакырылгам. Кезегим келип ырдап жатсам бардык студенттер эле бийлеп жатышкан. Бир ыр ырдап бүткөндө концерттин алып баруучусу Кубат Кубанычбеков: “Омар, сени ушул столдо отургандар жаман көрүшөт экен, бийлебей коюшту” деп Дианалар олтурган столду көрсөтүп жатпайбы. Ал көрсөткөн тарапты караганда эле көзүмө биринчи Диана урунган. Ошол эле кеченин аягында телефон номерин алып, биринчи кадамды жасадым.
— Диана, сизди ырчы жигит кандай өзгөчөлүктөрү менен арбап алды?
— Биринчиден, Омардын мага жөнөкөйлүгү жаккан. Сүйлөшүп баштаганда эле жүрөгүндө ыйманы бар экендигин түшүнгөм. Жашоого олуттуу карагандыгын абдан баалагам.
— Үйлөнгөнгө чейин жети ай эле сүйлөшүптүрсүздөр. Бул аралыкта болочок жубай тандоо оңой болбосо керек?
О: — Ооба, биз жаз мезгилинде таанышсак, күзүндө эле баш коштук. Жети айдын үч жарым айын мен чет жерде өткөн сынакка катышуу менен, бир айын аскерде кызмат өтөө менен өткөрдүм. Чынында экөөбүз бири-бирибизди беш колдой билип, анан баш коштук деп айта албайм. Бул убакыт аралыгында болгону ортодо жакшы мамиле курганга жетиштик. Бирок, чет жерде жүргөндө Диананы жакшыраак билдим. Сынакка катышып жаткан учурда күн сайын телефон чалып, ийгилик каалап, моралдык жактан жакшы колдоо көрсөттү. Кызмат өтөп жүргөндө болсо башкалар уктап жатса мен түнкү 2-3кө чейин келинчегим менен сүйлөшүп, таң атканда тура албай кыйналган күндөрүм да болду. Адамда жакшы көрүү сезими жашаса, кыйналганына деле карабайт экен. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндөгү мамиле менен үй-бүлө кургандагы мамиле эки башка болот экен. Жубайым экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр жаралган учурлар болду. Албетте, бул бардык үй-бүлөдө эле болот, башкысы, бул нерсени биргеликте жеңип, бири-бирибизди түшүнүшүп жашап келе жатабыз.
— Үй-бүлө бекем болуу үчүн жубайлар бирин-бири колдогондон сырткары мактап, жылуу сөздөрү менен эркелетип туруу керек дешет. Сиздер бири-бириңиздерди кантип эркелетесиздер?
О: — Эмнегедир экөөбүз тең бири-бирибизди “күчүк” деп эркелетибиз. Негизи эле мен жакшы көргөн адамдарымды ушинтип эркелетем. Себеби бул эң жакшы көргөн жаныбарым. Мындан тышкары, “торпогум, жаным” деген сөздөрүм да бар. Кээде ал сөздөрүм “Диана” же “Дикиге” айланып калат. Муну укканда келинчегим мага бир нерсе жакпай жатканын түшүнөт. Биз үч жылдык гана тарыхы бар үй-бүлө болгондуктан, үй-бүлөнү сактоо боюнча чоң бир кеңеш деле айта албайт экенмин. Бирок, ушул убакыт аралыгында эркек менен аял киши өз функцияларын так аткарса, жашаганга жеңилдик болот экен. Бири-бирине жароокер болуп турганы да жакшы. Мен, мисалы, Диана кандай гана иш баштабасын колдоп турам. Жубайым да өз алдынча бир нерсе кыла бербейт, сөзсүз түрдө биринчи кеңешип, уруксатымды алат. Мени сыйлап уруксат сурап жатса ого бетер жардам бергим келет.
Д: — Мен жолдошумду “Омар” же “Өмүрбек” деп такыр атынан айта албайм. Көбүнесе, “күчүк, жаным” деп эркелетет экенмин. А үй-бүлө бекем болуу үчүн кээ бир жерде бири-биринин кемчиликтерине көз жуумп коюп, ар кандай кырдаалдарга түшүнүп, колдоп койсо, ошондо үй-бүлө бекем болот деп ойлойм.
— Ортодогу жаш айырмачылык жашоодо кандай таасирин тийгизип жатат?
О: — Келинчегим менден сегиз жаш кичүү. Экөөбүз эки башка курактын адамдары болгондуктан мен жубайымды жаштай түшүнгөнгө аракет кылам. Жубайым болсо “Омар жакшыраак билет” дегенсип турат. Анан ортодо түшүнбөстүктөр болгондо өзүмдү улуу сезип “бул жаш да” деген жакшы шылтоо даяр. Ортодо аралык чоң болгондун жакшы жактары көп, сага болгон сый-урмат да жогору болобу деп ойлоп коём.
Д: — Мен жолдошумду “сен” деп айта албайм, “сиз” деп кайрылам. “Сиз” десең урушканда дагы катуу урушуп кете албайт экенсиң (күлүп). Жашым кичүү болгондуктан өзүмдү кичинекей кыз сезип эркелеп жүрө берем.
— Диана, учурда кайын журтуңуз менен бирге турат экенсиз. Айрым келиндер кайнене, кайната менен жашоону каалашпайт го, аларга кандай кеңеш берет элеңиз?
— Ооба, биз үйлөнгөндөн баштап эле ата-энебиздин колунда турабыз. Кайненем да “өз үйүңдө ашып кетсе 25 жыл турасың, калган өмүрүңдү кайын журтуң менен өткөрөсүң” деп айтып калат. Андыктан, кайненелер деле балдарына жакшылык каалашат. Жаман сөз айтса да жакшы болуусу үчүн айтат. Ошондуктан келиндер ушул нерселерди туура кабыл алып, түшүнүүсү керек деп ойлойм.
— Учурда Арууке аттуу кызды тарбиялап жатасыздар. Өзүңүздөргө ата-эне катары кандай баа бересиздер?
О: — Кудайга шүгүр, кызыбыз жакшы шартта өсүп жатат. Экөөбүз тең бала дегенде ичкен ашын жерге таштаган адамдардан экенбиз. Ата катары колумдан келишинче иштеп, үй-бүлөмдү камсыздап, кызымдын келечегине жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүнү максат кылгам. Анан келинчегим экөөбүз “кызды сен, эркек баланы мен тарбиялайбыз” деп сүйлөшүп алганбыз. Кыз баланы атасы жакшы көрүп гана туруу керек. Эгерде кемчиликтери болсо өз оозум менен эмес, жубайым аркылуу, анын тили менен жеткиргенге аракет кылам. “Балалуу болгондо билесиң” дегендей, өзүң жебегенди балаң жесе ушундай сүйүнүп, балаң сүйүнсө өзүң жегенден да артык болот экен. Балалуу болгондон бери жүрөгүмдө тынчтык орногондой болду.
Д: — Мен кичинекей кезимден балдарга жакынмын. Өзүм алты бир тууган болгондуктан, өзүмдөн кичүү төрт кичинекей бөбөктөрүмдү бакчумун. Эшиктен кичинекей балдарды көрүп калсам эзилип, кучактап өпкүлөп жүдөтчүмүн. Эми кызыма татыктуу, үлгүлүү эне болгум келет. Чынында Омар абдан баласаак экен. Кокус кызы чалынып кетсе деле мени урушуп жиберет.
— Омар мырза, сиз жети балалуу болууну каалачу элеңиз. Бул бакыт болгону менен чоң жоопкерчилик да эмеспи. Көп балалуу болууга азыртадан даярдык көрүп жатсаңыз керек?
— Ооба, бул менин кыялым. Жубайым да көп балалуу болгусу келет. Адамды “бага албай калсаң эмне болот, тигинде мынча эле бала бар” деп шайтан азгырып, аз балалуу болгонго үгүттөйт экен. “Ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт” деп айтылгандай балалуу боло бериш керек. Балдар бирин-бири ээрчитип чоңоё беришет. Кийин балдарыма ар кайсыны сүйлөбөй, тарых, дин тууралуу маалыматтарды айтып, шыктандыруучу кеңештерди бергим келет. Чоң ата, чоң апасы да терең ой жүгүрткөн адамдар, алардын да насааттарын угуп чоңоюшса менин жумушум кыйла жеңилдейт.
— Диана айым, сизди мурда жалаң жоолукчан көрчү элек. Дин жолунда жүргөн адамдын жоолук салынбай калуусуна белгилүү себеп болсо керек?
— Мен жаңы келин болуп келгенде башка келиндердей эле жоолук салынып жүрдүм. Элдер “чечип салды” деп айткандай хиджап кийген эмесмин. Бирок, келечекте жоолук салынып жүрүү ниетимде бар.
— Чыгармачыл инсандын жубайы болуу үчүн эмнени курмандыкка чалууга туура келет экен?
— Биринчиден, ар кандай сөздөргө, талкууга даяр болушуң керек экен. Башында социалдык тармактардагы негативге даяр болгон эмес экенмин. “Биз аларга эч нерсе кылбасак, эмнеге алар жаман сөздөрдү жазышат” деп түшүнчү эмесмин. Бир жакка барганда элдин көзүндө болууга да көнгөн эмесмин. Азыр менде терс пикирлерге карата иммунитет пайда болуп калды, көңүл бурбаганга аракет кылам. Ал эми эл алдында жүргөнгө акырындык менен көндүм окшойт.
Айгерим Токтобай кызы