Негизгиге Ааламда Академик Жамин Акималиев: Пенсия алууга моралдык укугум жок дедим

Академик Жамин Акималиев: Пенсия алууга моралдык укугум жок дедим

52

Академик Жамин Акималиев: “Пенсия алууга моралдык укугум жок дедим”

Республиканын илимине эмгеги сиңген ишмер, академик, айыл чарба багытында кыргыз эли үчүн көп эмгек кылган Жамин Акималиев бүгүнкү оор күндө четте карап турган жок. Ал 1996-жылдан бери албай чогултуп келген пенсиясын “элиме жардам болсун” деп албай өкмөттүн казынасына калтырды. Академиктин бул эрдиги социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, көбү батасын берип турган кези.

– Жамин агай, жакшы жышаан баштадыңыз. Бирок көбү “ушунча жылдан бери кантип пенсиясын албай жүргөн?” деп таң калышууда. Негизи, пенсияга кайсы жылы чыктыңыз эле?
– Мен 1996-жылы 60 жашка чыктым. Ал кезде эркектер ошол куракта пенсияга чыкчу. Кыргыз Агрардык академиясынын президенти, Жогорку Кеңештин депутаты элем. Жумушум, айлыгым жакшы кез. Бир күнү президенттин аппаратынан кыздар чалып калышты. “Сиз алтымышка чыгыптырсыз, пенсияга документти бизге жибериңиз, калганын биз бүтүрөбүз, жетекчилик Кыргызстандагы кадыр-барктуу, эмгеги сиңген он чакты кишиге жогорулатылган пенсияны коёлу деп жатабыз”,- дешти. Ал кезде Аскар Акаев президент болчу. Пенсиялык китепчени да шаан-шөкөт менен тапшырышмак. Макул болдум дагы, кайра бир аздан кийин ойлонуп чалдым, канча сом пенсия коюларын билгим келди. “Сиздей кишилерге 40-50 миңдин тегерегинде коюлат”,- дешти. 96-жылы заман оор болчу. Өлкө боюнча калктын жарымынан кем эмес эл жакырчылыкта жашачу. Депутаттардын ал кезде элдин алдында уяты бийик болчу. Элдин катмарын өз көзүбүз менен көрүп жүрдүк, кыдырып айылдарга барганда бизден нанга акча сурагандар болду. Анан “академиядан алган айлыгым 30 миңдин тегереги болсо, пенсиям 40-50 миң сом болсо, эл ачка отурса алардын бетин кантип карайм?..” деп ойлонуп-толгонуп жатып он чакты күндөн кийин президенттин аппаратына кайра чалдым. Уятым андай нерсеге жол бербесин айттым дагы, “андай суммадагы пенсияны алууга моралдык укугум жок” дедим. Андан көрө ошол акчаны жакыр элдин жашоосуна, пайдасына кошоюн, пенсиямды кечтим дегем.

– Ошондо ал акча эсебиңизде жокпу же чогулуп турду беле?
– 24 жылдан бери 1 сом пенсия алган жокмун. Бирок көбү мени чоң суммадагы пенсия алып жүрөт дешти. Пенсия албайм десем эч ким ишенбейт. 45 миң сом пенсия алсам, бир жылда 500 миң сомдой акча болот экен. 24 жылда 12 миллион сом болмок экен. Ал акчаны азыр мен өкмөттөн алсам төлөп берет да. Ал акча мага артык баш эмес болчу, бирок ушул күндөрү эл кыйналып турганда мага бере турган акчаны элге жумшагыла дедим. Эч кимге деле айткан эмесмин, өткөндө бир телевидениеден телефон чалып “ушундай маалымат уктум, чынбы?” дешкенинен айткам. Андан кийин эле жайылып кетти. Мага пиардын кереги да жок. Пейилди оңдомоюн биз оңолбойбуз, карантин учурунда 50-60 миң пенсия алгандар бар. Айрымдар чоң суммадагы айлык, андан сырткары пенсия алышат. Ушул күндөрү бир айлыгын элге жумшап койсо кандай жакшы жардам болмок. Бир чети башкаларга жакшы саамалык болсун деп айтып отурам.

– Жакындарыңыз бул кадамыңызга кандай карады?
– Кээ бири “ошончо акча чогулуп калыптыр, азыр өзүңүз деле алып албайсызбы” дешти. Ал тургай айылдагы туугандар мага таарынып: “Ошол пенсияңды убагында алып, бизге деле жардам кылып берип турбайт белең”,- дешти. Кудай канча жашты жазганын билбейм, бирок мындан аркы жашоомдо деле пенсиямды алайын деген оюм жок.

– Пенсия албасаңыз кайдан каражат таап жашайсыз же ишкерлик кыласызбы?
– Илгери 15 жашымда атам “соодагер жана артист болбойсуң” деген. Ушул күнгө чейин соода жаатына жологон жокмун. Кудайдын берген энчиси менен жашап келе жатам. Эмгек стажым 68 жыл. Кандай гана кызматта иштеген жокмун. Оокатым Кудайга шүгүр. Бала-чакам каралашат. Балдарым менден акча аябайт, бирок берет деп эле ала бербейм. Акчаны үнөмдүү пайдалансаң эле жетет. Ушул күнгө чейин ысырапкорчулукка жол бербейм, той-ашка дайыны жок барбайм. Кыскасы, тапкан акчанын баркын билип жашап жатам. 27 жылдан бери оозума арак ала элекмин. Арак ичпесең үйдөн да конок азаят экен. Ач көз болсоң 6 миллион сом айлык алсаң да жетпейт, пейилиң ток болсо кенедей акча менен оокат кылсаң болот. Ушул тапта мамлекеттик эле кызматта иштейм, он жылдан бери Кыргыз дыйканчылык илимий изилдөө институтунун директорумун.

– Обончулук өнөрүңүздү жыйыштырдыңбы?
– Жо-ок, азыр деле обон жаратууга каалоом бар. Өрүк комузумду чертпей калсам көңүлүм чөгүп кетет. Жумуштун көптүгүнөн убакыт артпай калып жатат. Радионун алтын казынасында ондон ашык обонум сакталып жүрөт. Кээде конокторго барганда комуз менен ырдап калам. 1-2 катылып жаткан обонум бар, ошолорду чыгынып радиолорго бере албай жүрөм.

– Кудайдын кулагы сүйүнсүн, 84 жашка чыксаңыз да саламаттыгыңыз жакшы экен. Ден соолукту жаштайыңыздан сактасаңыз керек?
– Бала кезимде жайлоодо ат үстүндө жүрдүм. Жайлоонун таза абасында айран, сүт, каймакка көөлөнгөн талкан жеп чоңойдук. Кийин мектепти артыкчылык менен 15 жашымда бүтүп, шаарга Айыл чарба институтуна тапшырганы келдим. Боюм 150 сантиметр эле. Баары мени “боюң кичинекей” дегенсип тоготушпайт. Боюмду өстүрүүнүн амалын издеп жүрүп спортко бардым. “Оор темирди кантип көтөрөм?” деп штангадан качып гимнастикага ыктадым. Күндүз окуп, кечинде машыгып жатып эки жылда боюм 166 сантиметр болду. Ден соолугумду ошол кезден баштап колго алдым десем болот. Дагы бир сырым, тамеки тартпайм. 57 жашымда ичимдикти токтотком. Жаңы төрөлгөн кишидей болуп, экинчи өмүрүмдү сүрүп жаткандаймын. Жүрөгүм жакшы, ичегилерим, өпкө, боорум жакшы, кан басым деген көйгөй жок. Күндө саат алтыда турам. 10-15 мүнөт желип чуркайм, көнүгүү жасайм. Муздак сууга чайынам, мончону абдан жакшы көрөм. 120 градус ысыкта тердеп, кайра муздак бассейнге чөмүлөм. Ошондо тырмагыңдын учуна чейин кан жүгүрүп, жакшы пайдасы болот. Дайыма көк чай ичем. Тамак тандабайм, бирок жеп жаткан тамактын сапатын карайм. Жылыткан тамак жебейм. Кызылча салатты жакшы көрөм. Кечки сегизден кийин тамак ичпейм, уктаардын алдында 1 саат жөө басам. 7-8 сааттан кем эмес уктайм, уйкум аз болуп калса жүрөгүм бат-бат согуп баштайт. Азыр буттарымдын муундары ооруп калат. Ага карабай жөө басып, чуркай берем. Көлгө барганда апрель айында деле сууга түшө берем, муздак сууну жакшы көрөм дебедимби, ушундан улам муундарым ооруп калып жатат окшойт.

– Канча небереңиз бар?
– Алты баланын атасы болдум, жети неберем, алты чөбөрөм бар. Биринчи үй-бүлөмдөн төрт балам бар, эки эркек, эки кыз, экинчи үй-бүлөмдөн эки уулум бар. Эң улуу кызым элүүдөн ашты, кичүү балам жыйырмага чыкты. Балдарыман экөө менин жолумду жолдошту. Асылбек, Манас аттуу уулдарым Москвадагы айыл-чарба академиясын бүтүп келишкен. Экөө тең кесиби менен иштеп, кийин Асылбек ишкерликке өттү, Манас болсо үй-бүлөсү менен Америкада жашайт. Кыздарым өз турмушунда. Кичүү балдарым борбордогу жогорку окуу жайларда окуп жатышат. Чет мамлекетке деле баргысы келди, бирок карыганда көргөн балдарың таттуу болуп жаныңдан чыгаргың келбейт экен. Мен сарсанаа болом деп жибербей койдум. Балдарыма ыраазымын, баары мени уят кылбай оокатын кылып келе жатышат.

– Жубайыңыз эмне иш кылат?
– Бурул менен 1985-жылы баш коштук. Менден 24 жаш кичүү, ортобузда терең сүйүү бар. Бири-бирибиздин көңүлүбүздү калтырбай жакшы жашап келе жатабыз. Кесиби боюнча экономист. Убагында иштеди. Кийин эки балалуу болгондон кийин аларды, мени карап үйдө отуруп калды.

– Айыл, мал чарбаны мыкты билген адам катары үйүңүздө багбанчылык кылып, мал багасызбы?
– Бүт өмүрүмдү жер менен иштедим. Бирок кылган ишимдин баары коом, эл үчүн болду. Көбү “Акималиевдин менчиктештирип алган жери көп” деп айтышат экен. Менде бир сотых да жер жок. Жадагалса Ак-Талаа районундагы Үгүт айылындагы үлүш жеримди Курманбек иниме бергем. Агрардык университеттин жанында 5 кабат там бар, ошонун биринчи кабатында төрт бөлмөлүү үйдө жашайбыз. Ушул күнгө чейин көп кабаттуу особняк салайын деген максатым да болгон эмес. Эшиктин алдына жүзүм тигип койгом. Андан башка багбанчылык кылбайм, мал да кармабайм. Мындан бир нече жыл мурун иниме акча берип, ал айылда мал кармап турчу. Бизге керек болгондо согум союп келип турчу эле. Тилекке каршы, иним каза болуп калгандан бери мал деле багылбай ошол бойдон калды.

Социалдык тармактагы пикирлер:

Замира Өмүрзакова: Үлгү алгыла! Сизге ден соолук, дөөлөттүү карылык!

Чыңгыз Мухаммед уулу: Ушундай элине күйгөн адамдар иштесе болмок өкмөттө…

Атыр Жолдошева: Бул агабыз өтө сыйлаган адамдардын бири. Кызматы Кыргызстанга сиңген. Сонун да ырдайт. Ушундай кишилер пенсиясын албай жатса башкалар да ойлонор…

Момуналы Акматов: Бечара мугалимдер 4000 сом пенсияга араң чыгып жатышат. Ошондо биздин түгөткүчтөр 20 адамдын пенсиясын алат экен да!

Суусаркан Калыковна: Ушундай адамдар бар үчүн дүйнө сакталып турат.

Какен Келдибекова: Укум-тукумуңуздан жакшылар чыксын! Кудай узун өмүр берсин!

Саид Рахман: Үлгүлүү инсан экен. Мындай иш баарынын эле колунан келе бербейт.

Кубаныч Мурзабаев: Ошол акчаны мамлекетке бербей эле активисттерге бергенде жакшы болмок. Элге жетмек. Эми ал акча чоңдордун чөнтөгүнө кирип кетет го?…

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here