Негизгиге Тагдыр Сайрагүл: Кызым 14 жашынан баштап мени багат, чыркырап ыйлап карылар үйүнө бербей...

Сайрагүл: Кызым 14 жашынан баштап мени багат, чыркырап ыйлап карылар үйүнө бербей койгон

271

Сайрагүл: “Кызым 14 жашынан баштап мени багат, чыркырап ыйлап карылар үйүнө бербей койгон”

52 жаштагы Сайрагүл эже төшөккө байланган оорукчан адам. Өмүрлүк жары дүйнөдөн өтүп кеткендиктен, ишенери жалгыз 18 жашар кызы Айтурган. Ал 14 жашынан баштап иштеп апасын багып келе жатат.

“Жалгыз кызым – менин бар байлыгым”

– Ата-энемдин жалгыз, бакма кызы болчумун. Мени багып алган атам менен энем 1992-1993-жылдары өтүп кетишкен. Каралашар адамым болбогондуктан, жогорку билим деле алган эмесмин. Турмушка чыктым, андан деле өйдө-ылдый болуп жүрүп 34 жашымда бир кыздуу болдум. Кызым эки жаштан өтүп калганда жолдошум бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Ошондон кийин кызым экөөбүз борборго келип батирге чыкканбыз. Кызым экөөбүздүн үстүбүздө үйүбүз, толгон байлыгыбыз болбосо да оокатыбызды жакшынакай эле кылып жүргөнбүз. Кызым – менин бар байлыгым. Ал эч нерседен капарсыз мектепте окуса, мен жеке ишканаларда эмне жумуш чыкса иштеп кете берчүмүн. Анан мындан төрт жыл мурунку кезектеги текшерүү жашоомду түп-тамыры менен өзгөрттү.

“Кезектеги текшерүүгө барып эле комага түшүп калдым”

– Жыл сайын текшерүүдөн өтүп турчубуз. Ал жылы да кезектеги текшерүүдөн өтүп, санитардык китепчеме кол койдуруу үчүн гематология борборуна баргам. Барсам мурда мени карап жүргөн доктурум жок экен. Башка доктур канымды текшерип көрүп, гемоглобинимдин көрсөткүчү 60 болуп калганын, 120 болмоюнча мөөр баспай турганын айтты. Доктурга: “Эжеке, жыйырма жыл мурда көк боорумду алдыргам. Ушундай гемоглобин менен эле кызымды төрөп алгам, менин каным эч убакта көтөрүлбөйт”,- десем да мөөр басып берүүгө макул болгон жок. Кан куймакчы болду.
Ошондо өздөрү шашып калдыбы же кандын тобун текшеришкен жокпу, айтор, экинчи топтогу менин каныма башка кандардын топторун аралаштырып куюп алышыптыр. Муну кийин угуп калдым. А мен кан куюлганда эле өзүмдү жоготуптурмун. Кызымдын айтуусу боюнча, чыйрыгып, үшүп жатканымды эле айткан экенмин акыркы сөзүмдө. Тоңдуруп койгон адамдай эле катуу болуп, кыймылдабай калыптырмын. Ал эми доктурлар оозума жылуу суу куюп, эсиме келтирүүнүн амалын көрүшүптүр: “Апаң кандай басып келсе, ошондой кылып чыгарабыз. Катачылык бизден кетти”,- деп айтышыптыр. Ошентип, тирүү өлүк болуп комада жатыптырмын. Ал учурда үч жолу бөйрөгүм иштебей, гемодиализ куйдурушуптур. Төртүнчү жолкусунда гемодиализде иштегендер “өлүп калса мойнубузга ала албайбыз” деп кабыл алуудан баш тартып коюшуптур. Ошентип, 47 күн дегенде комадан чыктым. Чыкканда денемде кыймыл жок, тилим булдуруктайт. Ооруганга дейре салмагым 61 килограмм болсо, андан кийин 41 килограмм болуп калгам.

“Эртели-кеч отурганды гана билем”

– Шаардагы ооруканадан чыкканда Воронцовкадагы ооруканага 32 күн жатып, кичине түшүнүктүүрөөк сүйлөп калдым. Бир бутумдун манжалары кыймылга келе баштады. Андан кийин да үч жолу барганда бир бутум менен бир колум кыймылга келди. Кызымдын жардамы менен бир бутумду сүйрөп ага жөлөнүп алып басып калдым. Бирок колумдун алы жок, жадагалса чыныны көтөрө албай калдым. Бир бутумда сезүү такыр жок, манжаларым кыймылдабайт. Доктурлардын айтымында, мээнин колу-буттардын иштөөсүнө буйрук берүүчү функциясы жоголуп кетиптир. Анысы аз келгенсип башымда киста бар экен. Аны алдырып салайын деп хирургдан суратып көрсөм, ал: “Операция столунан турабы же жокпу, кепилдик бере албайм. Убалына калгым келбейт. Андан көрө ушинтип эле жүрө берсин”,-дептир ачык эле. Азыр башым солкулдап ооруп турат. Андан улам бир жак көзүм бозоруп, адамдарды карап турганым менен жүзүн даана көрө албайм. Денеме, жамбашыма, буттарыма экзема сыяктуу жаралар чыгып, кычышканы түнү менен уктатпай жанымды кыйнайт. Эч кандай жылыш жок, бирөө жазып берген дарыларды ичип башкасына барсам “булар сизге болбойт” дешет. Мына, инсульт алганыма төрт жыл, эки ай болду, анын эки жылын төшөктө жатып өткөрдүм. Кечке жаткандан жамбашым менен далыларым уюп кетчү. Эки жылдан бери жок дегенде отуруп, бирөө таяса бутумду сүйрөп басып калдым. Таяк менен басып жүргөндөрдү көрүп суктанам. Мен таяк менен да баса албайм да. Эх, колумда каражатым болсо же жанымда жөлөп-таяган адамым болсо, балким, айыгып кетмектирмин!..

“Кызым 14 жашынан тарта мени жалгыз багып келе жатат”

– Мен ооруганда кызым 14 жашта болчу. 3 ай бою мени менен ооруканада жашады. Окуусуна да барбаптыр. Күнүгө доктурлар жазып берген дарыларын алып келип жүрүп, аягында акчасы калбай калып мен туулган күнүндө алып берген уюлдук телефонун 600 сомго сатып мага дары алып келиптир. Тамак-ашты болсо ооруканада жаткан бейтаптар беришчү экен. Түндө үстөлдүн үстүндө уктап жатып андан жыгылган күндөрү болуптур. Ошол учурда бир боорукер жан сооп үчүн деле “канча күндөн бери ушул жерде жүрөт?” деп сурап койбогонуна ичим ачышат.
Бир күнү мектептеги агайы чакырып калып, мени медайымга дайындап коюп мектепке барыптыр. Мектептеги мугалимдери эмне болгондугун сурашканда бакырып ыйлап айтып бериптир. Анан бир мугалими жуунтуп, үстү-башын жаңыртып берип, баары чогулуп мени көрүп кетишкен. Ошентип, кызым мугалимдеринин жардамы менен 9-классты аяктаган, 10-11-классты окуган жок. Мен төшөктөн тура албай жатып калганда мамлекеттен жардам сурап барса бир жалаяк бере албай коюшпадыбы (ыйлап)! Анан карылар үйүнө алып кетебиз деп келишиптир. Кызым бутума жыгылып алып чыркырап ыйлап, “өзүм багам” деп бербей койгон.
Айтканындай эле төрт жылдан бери ар кимдин үйүн жыйнап берип акча таап мени багып жатат. Ооруканага жатарымда болсо үч ай мурун эле акчасын чогулта баштайт. Мага карап эртеден-кечке иштей албайт, чакыруу болгондо эле барып турат. Бул жумушту ар кимден сурап отуруп таап алыптыр. Жумуштарын жасатып алып жашсынтып акчасын бербей койгондор, “эртең кел” деп коюп телефонун өчүргөндөр да болду. Кызым курактуу кыздар мындай кырдаалда баш-аягын таппай калышмак го. Мен комада жатканда “өлүктү коркпой кайтарып жатканга кантип кичинекей жүрөгү чыдады экен?”деп азыр корком. Кызым ачка-токко да көндү, кышында бут кийиминин таманы түшүп калып кийимсиз жүргөн күндөрү да болду. Мурдагы жылы мага айтпай барып колледжге тапшырып коюптур. Документтерин алып барып экзамен тапшырса өтүп кетиптир. Анан мага келип сүйүнчүлөп жатпайбы. Буюрса, кызым башталгыч класска мугалим болот. Өзү мурда азыркы окуу жайынын алдынан өткөндө “ушул жакта окусам” деп тилечү экен. Кудай буйруп тилеги ишке ашты. Негизи, окуусунун контрагы 22 миң сом болчу. Окуу жайдын жамааты абалыбызды көрүп биринчи жылы жарым пайызын кыскартып берген, быйыл болсо 70 пайызын кыскартышты, аларга рахмат.

“Чычкандар менен бир бөлмөдө жашадык”

– Биз ооруканадан чыкканча үч айдай убакыт өтүп кетти да, ал арадагы батир акысы төлөнбөй калды. Анан батир ээси муздаткыч, духовка сыяктуу кичине ырыстуу оокаттарымды баалап алып коюптур. Ал эми калган оокаттарыбызды короого чыгарып салышкан экен, жаанда калып чиригени чирип жатыптыр. Баш багар жерибиздин жок экендигин билгенде кызым жөө издеп жүрүп үч миң сомго бир бөлмөлүү үй таап, ал жакка кирсек ичинде чычкандар көп экен. Башка баш калкалай турган жерибиз жок, болсо да акчабыз жетпегенден кийин айласыздан эки айдай ошол жерде жашадык. Болгон кийим-кечебизди кутучага салып койсок, чычкандар аларды нандын күкүмүндөй эле майдалап салчу. Керебет да жок, жерде жатсак чычкан тебелеп өтчү. Сентябрь айы келип суук түшө баштаганда жашоого мүмкүн болбой калды. Анан кызым анча-мынча алтын буюмдарымды, тумагымды өткөрүп акча кылып, азыркы жашап жаткан үйүбүзгө сегиз миң сом төлөп киргенбиз. Мага бул үйдүн шарты жагат, жер үй болгону менен жуунуучу бөлмө, дааратканасы ичинде. Баспасам мени кайсы мончого алып бармак эле кызым? Ансыз деле тургузуп-отургузганга араң алы жетет. Качан басып жыгылып бир жерин сындырып алам деп корком. Азыр жакшы үйдө жашап турмушубуз жакшырып калгандагысы. Үйдүн ээсине рахмат, короосундагы бактарын кышкыга отун кылып алууга берген. Ошондой чоң дарактарды үч күн бою араалап, отун кылып жыйнады кызым.

“Бөйрөгүмдү, жүрөгүмдү деле берейин, кызымдын үйү болсунчу!”

– Айрымдардай болуп догурунуп элден жардам деле сурабайм. Төрт жылдан бери кызым иштеп 200-300 сомдон таап, аны ичпей-жебей чогултуп батирдин акысын төлөгөнүбүзгө сүйүнөбүз. Кийим алганды болсо эчак унутканбыз. Азыркы үстүмдөгү кийип жүргөн кийимдер менен төрт жыл мурун Гематология борборуна баргам. Ошону менен чече элекмин. Бир жолу кайрымдуулук иштерин кылып жүргөн Азамат Байматов келгенде: “Индияга боор, бөйрөк алмаштырганга барып жатпайсыңбы. Мен жүрөгүмдү деле берейин, кызыма жер алып берчи?..”- деп айттым. Ал жер болсо эле үй салып берерин айткан. Кокус мага бир нерсе болсо кызым кайда калат? Мага көп кыжалат болуп жүрүп богок оорусу менен ооруп калды. Нервден улам бир жак бети шишип кетет. Башы көп ооруйт экен, аны да менден жашырып дарыны уучтап ичип жүрө берет экен. Ушинтип ооруп жатса дагы мага жылмайып гана тим болот. Ушул кызыма үй кылып берсем арманым жок эле.

Элсом: 0559 35 34 42
Байланыш номери: 0559 35 34 42

Айгерим Токтобай кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here