Негизгиге Интервью Гүлзада Рыскулова: Чачым менен кошо эски маалыматтардан арылгым келди

Гүлзада Рыскулова: Чачым менен кошо эски маалыматтардан арылгым келди

311

Гүлзада Рыскулова: “Чачым менен кошо эски маалыматтардан арылгым келди”

Карантин ар бир инсандын өсүп-өнүгүүсүнө жаңы ачылыштарды ачты окшойт. Бирөөнө мурда ачылбаган таланттар тынчтык бербей жатса, башкасы үйдүн бир бурчу болгон ашканадан эле ырахат алса болоруна ынанды. Өзгөчө үндүн ээси, төрт баланын мээримдүү энеси, сүйүктүү жар, КР Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова да алардан кем калышпай, карантинди жаңылыктарга мол кылды. Анда кеп маектешимде. 

Гүлзада айым,  бул күндөрү эмне менен алек болуп жатасыз? Сизге каратиндин  кандай пайдасы тийди?

Корообузга мөмө-жемиштерди отургузуп, ушундай жөнөкөй нерселерден эле ырахат алуудамын. Негизи, жаздын келери менен адам баласынын колу жерге тийүүсү керек экендигин билдим. Жер менен канчалык гармонияда болсоң, ал сага ошончолук энергия берет экен. Карантин учурундагы стресс, ар кандай кыжаалатчылыктан мени жер менен иштөө кыйла алаксытты. Мурда жер үйүбүзбү батирге  алмаштырууну ойлонуп жүргөнбүз да, эгерде көп кабаттуу үйдө жашасак төрт шок эркек балабыз менен кантип чыдар элек деп ойлонуп калабыз.  Ар кандай кырдаалда жер үйдө жашаган эле ыңгайлуу экен. Карантин бул жатта көзүмдү ачкандай эле болду. Анан бул убакытта мага дагы бир өзгөчө багытка жол ачылды деп айтсам болот. Көптөн берки ойлонуп жүргөн максатым карантинде ишке ашты. Ал-мугалимдик кесип. Кеңешбек аттуу аке менен ар кандай долбоорлордо чогуу иштешип жүрөбүз. Ал кишинин сунушу менен кызына, өзүнө вокалдан сабак өтүп отуруп акырындап окуучуларым көбөйүп, учурда онлайн сабак өтүп жатам. Көптөн бери “өзүмдүн аркамдан жакшы окуучуларым чыкса” деп ниет кылып жүргөн элем.

Ырчы жигиттерден кем калышпай эстефета кабыл алгандай эле чачыңызды кырып салдыңыз.  Узун, коюу чачыңызды алып салууңузга эмне себеп болду?

Мен чачымды балдар эстафета баштай электе, тагыраагы, карантиндин башында эле алдыргам. Чынын айтайын, эски чачымдан тажадым. Балдарды катар-катар төрөп чачым түшүп калган, анын жаңылануусун кааладым. Балким, чач маалымат алып жүрөт деген туура, эски маалыматтардан арылгым да келди окшойт.

Бул үчүн чоң эрдик керек го, көпкө ойлондуңузбу?  

Жок, көп деле ойлонгон жокмун. Бир күнү отуруп эле жолдошума айтсам ал “кел” деп дароо эле кырып салды.  Коюураак чач чыгуусу үчүн андан кийин дагы бир жолу алдырдым. Анан экинчи жолкусу бир аз өсүп калганда социалдык баракчама чыгардым. Чачымды алганыма өкүнгөн жокмун, тескерисинче, эски чачымдан арылганыма аябай сүйүндүм.

Ыңгайсыздык жараткан жокпу анан?

Башында чачым жок болуп башып үшүп жатты. Ушул эле болбосо, ыңгайлуу жактары көп экен. Анткени бетим менен кошо башымды жууп коюп, ар кандай маскаларды бетиме койгончо башыма да коюп жаттым. Өзүмдүн күнүгө душка түшкөн адатым бар, анан чачымды кургатканга эле көп убактым кетчү. Чачымды фэн менен кургаткан сайын “байкуш чачым жабыркап жатат” деп ойлончумун. Ал эми балдарыма күтүүсүз болду. “Жараштыбы” деп сурасам “жок, апа, чачыңыз кана?” дешти.  

Балдарыңыз канчага чыгып калышты?   

Тун балам Мейкин 17 жашка чыгып калды. Борборубуздагы М.Күрөңкеев атындагы окуу жайда окуп жатат. Андан кийинки балам Курманбек. Ал күзүндө беш жашка чыгат. Курманбектин жан-дүйнөсү назик, өтө сезимтал бала. “Апа, Байхан жыгылып кетпесин, тамагыңыз күйүп кетпесин” деп бардык нерсеге “сигнал” болуп турат. Кийинки жайдары балам Бакай. Элпек, тарбия жуккан, сүр көрсөтүп койсоң айтканыңды көзүңдөн байкап жасаган, тез жазылган балам. Кичинекейим Байхан болсо эки жашка чыкты. Мүнөзү корс, өктөм, баарын башкаргысы келет. Көргөн нерсесин ырга салып  эртели-кечке ырдап жүрөт. Байкелеринин аттарын кошуп дагы ырдап жиберет. Келечекте төкмөчү болобу деп күлүп калабыз. 

Улуу балаңыздын чыгармачылык жолду тандоосу өзүнүн каалоосу болдубу? 

Мейкин мектепте окуп жүргөндө мектеп программасы менен көп алышып кыйналчу элек, баалары да төмөн болуп калчу. Кабыл алуусу начар болуп жатабы деп сарсанаа болчумун. Өзү кичинекей кезинен эле учкуч болом деп көп айтчу. Мен болсо  музыкалык жөндөмү күчтүү экендигин айтып, музыкант болууну сунуштачумун. Бирок таңуулачу эмесмин. Кийин музыкалык окуу жайга баргандан тартып жалаң “5” деген баага окуй баштады. 1-курсту ортолоп калганда: “Уулум, сен учкуч болууну каалачусуң, билесиңби? Багытыңды музыкага буруп максаттарыңды сындырып койгон жокмунбу?”-деп сурасам: “Апа, мен туура эле кесипти тандаптырмын. Учкучтар бир топ жылда бир эле жолу космоско учса, мен музыка аркылуу күнүгө космосту көрүп, алар көрбөгөн дүйнөлөрдү таанып келип жатпаймынбы. Мен музыка дүйнөсүнүн учкучумун” деген жооп узатты. Ошол жообунан кийин туура багыт бергенимди түшүндүм. Буюрса, тун уулум  менин жолумду жолдоп өз каалоосу менен чыгармачылык жолду тандады.

Бала менен турмуш жаңыртуунун кыйынчылыктарын башыңыздан өткөрдүңүзбү?

Бала менен турмуш курганда өзгөчө өспүрүм курагында көйгөйлөр көп болот экен. Мүнөзү өзгөрүп, өз алдынча чечим кабыл алып өзүн чоң сезип, анча-мынча тарбия иретинде айтылган сөздөрдү уккусу келбеген учурлары болду. Негизи эле өспүрүм курактагы балдардын өз атасы менен деле ушундай көйгөйлөрү болот экен. Азыр бизде баары жайында, Кудайга шүгүр, ал убакыт тез эле өттү.  

Азыр жолдошуңуз менен балаңыздын мамилеси кандай?

Азыр уулум бой жетип, акылына кирип калган учуру. Кудай буюрса жакшы жолго түшүп алдык. Атасы менен мамилеси жакшы. “Ата” деп кайрылат. Жолдошумдун колу чебер, бардык нерсе колунан келет.  Балам атасы менен кошо үй тиричилине байланыштуу жумуштарды жасап, көп нерселерди андан үйрөнүп жаткан чагы.     

Аялзаты көп учурда баласы үчүн өз бактысын курмандыкка чалып коёт эмеспи. Баласын да өксүтпөй, өзү да бактылуу болуш үчүн айымдарга кандай кеңеш берет элеңиз?

Баласы менен жаңы турмуш баштоону каалаган айымдар алгач өздөрү финансылык жактан көз карандысыз болуулары керек. Анткени биринчи турмушундагы балаңызда кандайдыр бир муктаждык жаралса аны канааттандыра алгыдай болсун. Анан сөзсүз түрдө балаңызды ар кандай жаман сөздөрдөн коргошуңуз керек. Себеби андай бала бардык нерсени өзүнө кабыл ала берет, ага баары жакшы мамиле кылып турса да өзүн өгөйдөй сезе берет.  Ал эми жаңы турмушуң менен баланын ортосунда араачы болуп, мамилесин түздөп туруу оңой эмес. Бирок аял бул учурда экөөнө тең бирдей мамиле кылып, акылмандуулугу менен баарын жайгаштырышы керек..

Балдарыңыз да өзүңүздөй патриотпу?

 Эркек баланы кыргыз экендигине сыймыктанган мекенчил кылып тарбиялоо керек деп ойлойм. Ал эч качан улутун, жерин чанбаш керек. Мен балдарыма өзөктүү тарбия берүүгө умтулам. Ушундай тарбиянын таасиринен улам болуш керек, менин балдарым бийигирээк жерге чыгып калса эле “Кыргызстаным!” деп кыйкыра беришет. Балдарымдын биринчи үйрөнгөн ыры да гимн болгон. Ал эми турмуш-тиричиликтин тарбиясын өз турмушунда деле үйрөнүп кетишет.             

Мындан бири нече ай мурун жашооңузда орду толгус жоготуу болду. Атаңыздын арты кайрылуу болсун!

Атам беш жыл мурун инсульт алып калган эле. Ошондон бери ооруканага байма-бай көрүнүп турчубуз. Акыркы күндөрү атам берерге ашын таппай башкача эле болуп калган. Инимдин үйү менен биздики жакын болгондуктан күнүгө үйгө бир жолу келип, неберелерине “менин балам ким” деп кыйкырып койсо, алардын “мен” деп ызылдаган үндөрүн угуп ырахаттанып алып кетчү. Эх, өмүр деген ушундай кыска экен, атам 65 жаш курагында кете берди.   

Атаңыз дастан укканды жакшы көргөнү менен сиздин чыгармачылыкка аралашуузга бир топ убакыт каршылык көрсөтүп жүрүптүр. Анан кантип көз карашы өзгөрүлүп калган?

Атам өзү эпосторду, дастанды радиолордон калтырбай уккан инсан эле. Атам уккан музыкаларды биз да угуп чоңойдук да. Ошондуктан менин салмактуу ырларды ырдап чыгуума  ал кишинин таасири зор. Атамдын учурунда ырчыларга жеңил баа берилчү, ырчылык кесип катары бааланчу эмес. Ошол себептерден улам башында каршылык көрсөтүп жүрдү. “Сенин карьераңдан да бактылуулугуң керек” дечү. Мени ырчы эмес, бактылуу аял катары көргүсү келсе керек. Кудайга шүгүр, жар, эне катары дагы атамдын көзүн сүйүндүрдүм деп айтсам болот. Чыгармачылык жол оңой эмес экендигин, менин кыйналган учурларымдын баарын көрдү. Акыркы күндөрү “кызым, сен Жер энени даңктап ырдап, Жер эненин эмгегин бааладың, Жер энени ыраазы кылдың” деген сөздөрүн айтты. Чындыгында,  атамдан мындай сөздөрдү угам деп эч ойлогон эмес элем.     

Апаңыз Айнагүл эженин жүрөгү жумшак адам экенин билдим эле бир маектешүүдө. Өмүрлүк жолдошунан ажыроо ага да кыйын болуп жатса керек? 

Атамды жоготуу баарыбызга эле эң оор жоготуу болду. Катуу  стресс алган экенмин, атамды жерге бергенден кийин ооруканага да жатып чыктым. Анан өзүмдү “балдарым үчүн кайраттуу болушум керек” деп токтоттум. Жолдошум да “өзүңдү карма” деп катуураак айтты. Чындыгында жоготуу жаман экен. Бирөөгө барып көңүл айтып коюу оңой эле экен. Бирок ал сөз дагы адамдын кайгысын токтото албайт экенин билдим. Бул нерсени коё бергенге убакыт керек экен. Атамдан кийин апамдын көздөрүнөн себепсиз эле жаш ага турган болуп калган. Анан карантин башталганда ар кандай маалыматтарды окуй берип “балдарым, эл аман болсо экен” деп отуруп башка толкунга өтүп кеткендей болдук. Ашыкча кайгырып бараткан экенбиз, карантин бизди силкип эсибизге келтирип койгондой болду. Апам деле алаксып, “атабыздан го ажырадык, эми балдарыма ден соолук бер” -деп тиленип калды. Азыр баарыбыз тообо келтирип отуруп калдык. 

Айгерим Токтобай кызы       

СоӊкуЭрнест Бөрүбаев: Кыйналган адамдар түшүмдөн да кетпейт
КийинкиСайрагүл: Кызым 14 жашынан баштап мени багат, чыркырап ыйлап карылар үйүнө бербей койгон