Негизгиге Ааламда Эрнест Бөрүбаев: Кыйналган адамдар түшүмдөн да кетпейт

Эрнест Бөрүбаев: Кыйналган адамдар түшүмдөн да кетпейт

245

Эрнест Бөрүбаев: “Кыйналган адамдар түшүмдөн да кетпейт”

Учурдагы кырдаалга байланыштуу муктаж адамдарга кол сунуп, колунан келген көмөгүн көрсөтүп келе жаткан маданият өкүлдөрү аз эмес. Алардын катарында куудул, тамада, жүрөгүндө боорукерлик сапаты ашык инсан Эрнест мырза да бар. Анын муктаж адамдарга бир тууганындай күйүп-бышып, көйгөйүн чечип, жашоолорунун оңолуусуна чоң салымын кошуп келе жаткандыгына эл эле эмес, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри да ыраазы болуп, өз кеңешчиси кылып дайындады. Убакытынын тардыгына карабай маектешүүгө келген каарманыбызга ыраазычылык айтабыз.

▶️Эрнест мырза, жакында эле Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин коомдук кеңешчиси болуп дайындалдыңыз. Алгач ушул сыйлыгыңыз куттуу болсун! Министрлик тарабынан мындай баалоо өзүңүзгө деле күтүүсүз болду окшойт?

▶️Куттуктооңузга чоң рахмат! Өзүңүздөр көрүп жаткандай кырдаал башталгандан бери колубуздан келишинче элибизге жардам бергенге аракет кылып жатабыз. Бизден жардам сурагандарга “үйүңөрдө отуруп тургула, өзүбүз жеткирип беребиз” деп айтып айтылган даректерге өзүбүз алып барып жаттык. Өтмөктөн өтүү тууралуу документибиз болбогонго шаардын ичиндеги посттор өтүүбүзгө чоң тоскоолдуктарды жаратып жатты. Дагы бир жолу өзүм жашаган аймактагы узун жол тыгындан төрт саатта жылып эптеп өтмөккө жетсем өткөрбөй коюшту. Унаамда пакеттерде тоок, уй эттери бар болчу, батыраак даректерге жеткирбесем бузулуп кетмек. Ушунчалык арданып кайра үйүмө жиним менен барып, “мен мамлекеттен бир тыйын сураганым жок, тескерисинче, мамлекетке жардам берем. Тоспой эле коюңуздарчы” деген пост жазгам. Жазган постумду Улукбек агабыз окуптур. Анан эртең менен ооз бекитип жатсам “өтмөк маселеси кыйынчылык жаратып жатыптыр, мен жардам берейин” деген билдирүү келип справка жазып берген. Ал справка аябай жардам берип, каалаган жериме тез жетип жаттым. Мурда өтө албаган жерлерден өтүп колум узарып жатканына аябай сүйүнгөнүмдөн ыраазычылык иретинде баракчама пост жазгам. Ошонун эртеси жардамчысы чалып министрликке чакырды. Эч нерсе оюмда жок жерден эле барып күбөлүк аларымды билгенде макулдугумду бердим. Себеби экөөбүздүн максатыбыз бир экен. Мурда агабызды кумир тутуп, сыйлап жүргөнмүн. Эми ортобузда жакындык пайда болду.

▶️Мындай жоопкерчиликтүү жумушту моюнга алуу, эмгегиңиздин баалануусу сизди кандай сезимдерге жетеледи?

▶️Чынын айтканда, өтө кыйынчылыкта жашагандарды көрүп стресске түшүп кеткен элем. Министрдин жылуу сөздөрүнө аябай кубанычта болуп, духум көтөрүлүп, мындан ары иштөөмө дем-күч пайда болду. Мындай колдоо болуп турса “дагы эмне колумдан келет, эмне кылып жиберсем” деп изденип калат экенсиң.

▶️Негизи эле соопчулук ишин баштап, “Апам жана мен” ыктыярдуу тобун түзүү кимдин демилгеси болгон?

▶️Жалаң Өзгөндөн чыккан эже-ага, ини-карындаштарыбыздан түзүлгөн “Өзгөн өнөрпоздору” ынтымагыбыз бар. Биз майыптар үйүнө барып, кайрымдуулук концерттерине катышып, айтор, мурдатан эле кайрымдуулук кылып жүргөнбүз. Кырдаал башталганда Алтынай Нарбаева апабыз (ред:өкүл апасы) “элибиздин башына кыйынчылык түшүп турган кезде үйдө отуруп алсак болбойт. Биз элдин уул-кыздарыбыз” деп жардам берүү демилгесин көтөргөн. Ошондон кийин биз ортодон каражат чогултуп, азык-түлүк алып жардам бере баштаганбыз. Биздин ынтымактын мүчөлөрү жалпы токсон үйгө жардам бердик. Алтынай апам абдан мээримдүү, боорукер жан негизи. Эл аралап жүрүп алардын көйгөй, түйшүгүн көргөндөн кийин “Апам жана мен” деген ыктыярдуу топ түзүп, карантин бүткөнчө токтобой жардам берүү максаты менен жардамыбызды улантып келе жатабыз. Биздин бир да күнүбүз муктаждарга жардамсыз өткөн жок.

▶️Азыр топто канча адам бар?

▶️Азыр топто тогуз адам барбыз. Алар Алтынай апабыздын эки курбусу Клара жана Нурия эжелер, Бактыгүл Бадыева, Анжелика, карындашым Кызсайкал, Сагын Эргешов менен Талант Сагынбаевдер.

▶️Жардам берүүдө кандай талаптарыңыздар бар? Же баарына эле бирдей көмөк көрсөтө бересиздерби?

▶️Жардамга муктаж адамдарга эч кандай талаптарыбыз жок. Болгону бизге кайрылып жатканда инстаграмдын жеке кат бөлүмүнө жазбай, посттордун алдына комментарий кылып телефон номери, жашаган дареги менен эмнеге муктаж болуп жаткандыгын жазып коюшса, ошол жетиштүү. Анткени тизме ошол комментарийлердин арасынан түзүлөт. Аларды окуган адамдар балким жардам берип калышат. Ал эми дайрекке жардам берүүнү каалагандар жазышат. Албетте, муктаж үй-бүлөлөрдүн баарына эле жардам бергибиз келет. Каражатыбыз чектелүү болгондуктан арасынан өтө муктаждарын тандаганга туура келет. Бир жумадан бери тамак жебей отургандар бар. Ачкадан сулайып жатып калгандарды да көрдүк.

▶️Башында жардам берүүнү өз чөнтөгүңүздөрдөн баштасаңыздар, учурда демөөрчүлөр чыга баштаптыр?

▶️Ооба, башында өз чөнтөгүбүздөн чыгарып жаттык, бирок жардамга муктаждар ушунчалык көп болгондуктан күчүң жетпей калат экен. Өздөрү аял киши болсо дагы Алтынай апабыздын курбулары көп жардам беришти. Алар күнүнө 200-300 үйгө азык-түлүк даярдап берип жатышат. Азыркы учурда көбү менин номеримди таап алышып муктаж адамдардын дарегин сурашат же жеке катка жазышат. Кээде досторум акча чогултуп беришсе, азык-түлүк оокаттарын көтөрүп кошуналарым да келип жатышат. Мурда мен тоюн алып баргандар да көп кол сунушууда. Элди эл эле колдоп жатат.

▶️Күндө ар кандай тагдырдагы адамдар менен жолугасыз, алардын жашоолору сизге кандай таасир берип жатат?

▶️Ооба, күнүгө татаал тагдырларды көрүп жатып башында аябай кыйналгам. Үйгө келгенде кусуп, кыйналганымдан уктай албай, уктасам да кыйналган, ооруп жаткан, сыз үйдө жашагандар түшүмө киришчү. Азыр көнүп калдым. Бирок азык-түлүк берип, батирге көчүрүп, көчөдө калгандарга үй таап берсек деле баары бир “эмне кылып жатышат болду экен” деп ойлоно берем. Кээде жолума ыңгайлуу болсо барып кабар алып турам.

▶️Мындай боорукерлик сапатыңыз мурда эле бар беле же тагдырларды өз көзүңүз менен көргөндө ойгондубу?

▶️Боорукерлик сезимим ашыкчараакпы же кемпирдин колунда чоңойгонгобу, бирөөнүн кыйналганын же жөн эле тасмаларды көрсөм деле таасирленип ыйлай берем. Анын үстүнө көзү менен көрсө таш боор адам деле боорукер болуп калат го.

▶️А кандайча чоң энеңиздин колунда тарбияланып калгансыз?

▶️Мен бир жашымда ата-энем шаарга иштегенге кетишип, мен чоң энемдин колунда калгам. Өзгөндө эшек минип, күрүч эгип чөп чаап чоңойгон эле баламын. 17жашка чейин энемдин колунда болуп, кийин Бишкек шаарына атамдын колуна келгем.

▶️Карантинде ата-энелер балдарына, үй-бүлөсүнө көңүл буруп, балдары менен убактысын өткөрүп жатышат. Сиз болсо кечке чейин эл камын ойлоп жүрсөңүз жакындарыңыз убактыңыздын тардыгына таарынышкан жокпу?

▶️Жок, тескерисинче, алар мага дем берип жатышат. Мен келгенде келинчегим тамагын даярдап турат. Тамактанып бүткөндө эс алсын деп бардыгы сыртка чыгып, мага тоскоол болбогонго аракет кылашат. Мен күндүз эл аралап жүргөндө келинчегим комментарийлерди окуп, тизмек түзүп чыгат. Мен келген кайрылууларды карап чыгып, келинчегим түзүп койгон тизмени колума кармап эртеси дагы жөнөйм. А балдарым менен жай отуруп сүйлөшө элегиме көп болду. Жакында эле Даткайым аттуу кыздуу болгом, ал кызымды кээде-кээде эле көрүп калам. Карасам чоңоюп калган болот. А карантин жок кезде күндүз кечке үй-бүлөм менен болчумун.

▶️Бешик бооңуз бекем болсун! Балдарыңыз чоңоюп калыштыбы?

▶️Рахмат. Кичүү кызыма эки айдай болуп калды, кыркын чыгарганбыз. Ал эми улуу балам 17ге чыкты. Ортончу уулум Нурислам төрт жашка чыкты.

▶️Бул сиздин экинчи турмушуңуз окшойт?

▶️Ооба. Биринчи турмушумдан бир уулум, азыркы турмушумдан бир кыз, бир уулум бар. Учурда улуу балам М.Күрөңкеев атындагы окуу жайында биринчи курста билим алып жатат. Буйруса уулум дагы ырдап чыгат. Уулумдун апасы кытайлык кыргыз, азыр Кытайда жашайт. Ал эми уулум биз менен. Азыркы келинчегим уулума жакшы мамиле кылып, өз баласындай карайт. Мага караганда азыркы апасы жакыныраак. Бир туугандарына абдан жакын, Кудай сактасын, биздин үйдө жаман көрүнүштөр жок.

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуЭлмирбектин элди ойлонтчу саптары
КийинкиГүлзада Рыскулова: Чачым менен кошо эски маалыматтардан арылгым келди