Негизгиге Сахна өкүлү Элмирбектин элди ойлонтчу саптары

Элмирбектин элди ойлонтчу саптары

356

Элдин уулу Элмирбек акын – кыргыздын кемибес кенчи. Акын ѳзү бир маегинде: “Тѳкмѳлүк ушундай кызык ѳнѳр – тѳгүп кете беребиз, айткандарыбыз ѳзүбүздүн эсибизде калбай калат”, — деп айткан. Бирок таамай айтылган кепти эл унутпайт. Акындын мына ушундай эл аралап кеткен жана элге жетиши керек болгон саптарын чогулттук. Албетте, бул тапкандарыбыз океандай терең да, кенен да улуу таланттын айткандарынын тамчысы гана.

«Тѳрѳлѳр тѳрдү булгады»

Акын бул ырын 2009-жылы Бакиевдин доорунда ырдаган.

Ѳзгѳнү ѳздѳн жогору,

Койгондугун билбейсиң.

Ѳзѳгүңдү митедей

Соргондугун билбейсиң.

Ѳз жериңде мусапыр

Катыгүн, болгондугуң билбейсиң.

Сапаты тайып сын кетти,

Жалганы калып чын кетти.

Жамагы калып ыр кетти,

Кадыры тайып барк кетти,

Кайран элден нарк кетти.

Жарчылар жалган сүйлѳдү,

Жалпынын зарын билбеди.

Тѳрѳлѳр тѳрдү булгады,

Тѳбѳлдѳр элден уурдады.

Жаттан карыз кѳп алды,

Жан кечтилер жеп алды.

Бѳтѳктѳн карыз кѳп алды,

Бѳрүлѳр бѳлүп жеп алды.

Аалы Туткучев менен болгон айтышында:

Асманда учуп баратып,

Каркыра бузбайт катарын.

Каркырача болбогон,

Кайран элге капамын.

Ѳзгѳчѳ баалап сезимди,

Ѳзгѳчѳ ырдап жүрѳлүк.

Ѳмүргѳ ѳлүм каршылаш

Бирок Ѳмүргѳ эмгек күбѳлүк,-деп ырдаган.

Чыгармачылыкта табышкан жакын досу Жеңишбек Жумакадыр менен болгон айтыштагы саптарынан:

Жетимиш улут жеримде

Жектебей жашайт бир-бирин.

А кыргыздар неге бѳлүнѳт

Кыр, ташка жанчып киндигин?

Кайратың бойдо турганда Элим,

Кармашам деген душманды

Каңгайга сүргѳн күч элек.

Калмактан сынган кечээ эле

Кабырга сѳѳгүң бүтѳ элек.

Бек болгон кезде ынтымак,

Беттешем деген душманды

Бээжинге сүргѳн күч элек.

Беделде сынган баягы

Белиңдин сѳѳгү бүтѳ элек.

Ошентсе да

Азгырык кирип дилине,

Негедир кыргыз бул кезде

Бѳлүнүп жаткан убагы…

Ал эми Казакстанда болгон айтышта казак акыны Даулетке жооп берген бул саптары калктын сыймыгын арттырган:

Анча-мынча бул жерде тууган келсе,

Анда-санда ушундай бооруң келсе,

Козгото бербесеңчи шайтаныңды,

Сен эмес кытай тартып ала алган эмес

Башымда ушу турган калпагымды.

Жаш тѳкмѳ, шакирти Акматбек Султан уулунун тушоо кесүү кечесинде устатынын ыры:

Бирѳѳнѳ атак, кур мансап,

Бирѳѳнѳ абийир, ар кымбат.

Кѳѳдѳндѳн чыгып кеткенче

Кѳгѳндѳй асыл жан кымбат.

Колуңдан тайып кеткенче,

Кокуй күн дүйнѳ мал кымбат.

Жигерден тажай электе,

Жигитке сүйүү жар кымбат.

Кай бирѳѳ үчүн арбын пул

Кабаттап салган там кымбат.

Элмирбек үчүн билгенге

Ээ болгон эчен мураска

Элинен башка кай кымбат?

Малдарым жок деп кейибейм,

Акмат,Мал сарайды дуу кылган.

Балдарым бар, миң шүгүр

Батирим ичин чуу кылган.

Акча, мансап, дүйнѳм жок

Ар кимдер ичтен кѳз арткан,

Шакирттер арбын, миң шүгүр

Шааниси кымбат сѳз айткан.

Дагы бир шакирти, кыздардан чыккан тѳкмѳ акын Изат Айдаркулова менен болгон айтышында:

Улуунун жакшы экени

Тилегинен байкалат,

Кичүүнүн жакшы экени

Жигеринен байкалат.

Акындын деми ѳскѳнү

Жүрѳгүнѳн байкалат.

Чечен адам сүйлѳсѳ

Чер жазылган салтанат.

Тантык адам сүйлѳсѳ

Тарпын сѳздүн чыгарып

Табитиңди кайтарат.

Ѳчкѳн кайра тамбаган,

Ѳткѳн кайтып келбеген,

Жалган бул жашоо ким деген

Жазмышка барбы кѳнбѳгѳн.

Жаралмагың — кайтмагың

Жандуу болбойт ѳлбѳгѳн.

Ал эми акын бир акын болобу

Аманатын ѳткѳндүн

Азыркыга бербеген.

Шакирттер ѳсүп жатканы —

Шаштыргандай асканы

Мен азыр

Шаар куруп жаткан ѳңдѳнѳм.

Акын кѳп айтыштын биринде Ысык-Кѳл тууралуу айтканы эл аралап кеткен:

Касиеттүү Ысык-Кѳл,

Каракол анын борбору.

Эт жүрѳктүн толтосу,

Эки кѳздүн ортосу.

Бугу эле эмес бул кѳлдү

Сыйлаган экен кезинде

Сарбагыш, Тынай, Толтосу

Сан кыргыздын ортосу.

Кѳңүлүң толкуйт кѳргѳндѳ,

Толкундап батпай бир жерге.

Кѳл эмес кѳз жаш ѳңдѳнѳт

Кѳк жалдар тѳккѳн бир кезде.

Мойт аке сүйгѳн Ысык-Кѳл

Мончо эмес билгенге.

Сарт аке сүйгѳн Ысык-Кѳл

Сауна эмес билгенге.

Гүлайым Калыбекова

СоӊкуГив-оюнунун бактылуу жеңүүчүлөрү
КийинкиЭрнест Бөрүбаев: Кыйналган адамдар түшүмдөн да кетпейт