Гив-оюнунун бактылуу жеңүүчүлөрү
Бул адамдарды чыныгы жолдуу адамдар десе болот. Бир баскычты басып катталып коюшту, анан эле унаалуу болуп жатып калышат. “Кандай эле адамдарга мындай фортуна жылмаят?” деп жатасызбы? Ал бактылуу жеңүүчүлөр төмөнкүлөр.
Самара Каримованын оюнунда Лексус үлгүсүндөгү унаа утуп алган Кожоева Айнура, 30 жашта: “Мен үчүн бул оомат болду”
- Мен Кадамжайдан болом. Жолдошум экөөбүз тең мектепте мугалимдик кесипти аркалайбыз. Самара Каримованын катталуучуларынын арасында мен да бармын, оюндун акыркы күнү лентасынан көрүп калып катталгам. Утам деген деле оюм жок болчу, ошон үчүн оюн болгон күнү түз эфирге кирген эмесмин, мончого кеткем. Телефонум үйдө калган эле, менин жеңишим тууралуу жолдошума Орусиядагы туугандарыбыз айтышыптыр. Ал деле ишенбептир. Бизди мончодон алып келе жатып: “Унаа утуп алыптырсың”,- деди жай эле. Анан эле үйгө келсем уюштуруучулар бир нече ирет чалып СМС-билдирүүлөр толуп кетиптир. Эмнегедир ошондо деле толук ишене албай жаттым. Качан гана Бишкекке чакырышканда бир аз ишенгендей болдум. Чынын айтканда, ийгиликтүү адамдардан бир эле калем сап алсаң кандай сүйүнөсүң, а бул мен үчүн оомат болду, дегеле үч уктасам түшүмө кирбеген нерсе болду. Унааны алып үйгө барсак туугандарыбыз шарларды илип короону жасалгалап, музыканы жаңыртып коюшуптур. Ушундай маанайда бизди тосуп алганы абдан жагымдуу болду. Бизди чоң той берди деп ойлоп алышыптыр. Биз, болгону, кошуна-колоң, дос-туугандарыбызга чакан дасторкон жайып коноктоп койдук.
Асел Кадырбекованын оюнунда 5 миң АКШ долларын утуп алган Кулжабаева Замира, 37 жашта: “Жок дегенде майда белектерине илешип калайын деп ойлогом”
- Мен Аксыда, тоонун түбүндө интернет анчейин тартпаган аймакта жашайм. Кесибим боюнча математика мугалимимин. Инстаграмдагы гив-оюндарына буга дейре көп эле катышып жүрчүмүн, бирок такыр жолум болгон эмес. Аселдин оюнуна деле адаттагыдай катышып коюп, кийин оюн тууралуу унутуп калыптырмын. Башкы байге ойнотулганда деле түз эфирге кирген эмесмин. Дегеле социалдык тармактарга катталып койгонум эле болбосо, интернет жакшы тартпагандыктан кээде эле баш багып коём. Оюн ойнолгон күнү кесиптешим: “Тез интернетке кир”,- деп чалып калды. Атайын эшикке чыгып алып интернетке кирсем уюштуруучулар чалып жеңүүчү болгонумду кабарлашты. Ачыгын айтканда, мурда “тааныштарына берет” деген ой менен бул оюнга такыр ишенчү эмесмин. Бирок жок дегенде майда белектерине илешип калайын деп катталып койгом. Анан эле өзүм утуп жатсам, мен үчүн таң калычтуу болду. Асел менен кайнасам каным кошулбайт, эл сыяктуу эле аны сыналгыдан көрүп жүрөм. Көрсө, бул оюн мен ойлогондой эмес, адилет өтөт экен. Эртеси эле жолдошум экөөбүз Аксыдан борборго бардык. Барсак, Асел айым бошобой 3-4 күн кармалып калып жатпайбызбы, анда ого бетер “алдап чакырып алыштыбы?” деген ой коё бербей жатты. Жолдошум дагы “болбосо кете берели” деп тынчсыздана баштады. Бирок эртеси күнү жолугуп, башкы байгени Асел өз колу менен тапшырды. Эми ал акчага унаа алууну пландап жатабыз. Анткени иштеген мектебим менен үйүмдүн аралыгы алыс, буйруса, айдоочулук күбөлүк алсам, жумушума унаам менен барып калам.
“Тамашоучу” Азамат Исмаилов менен вайнер Шумкардын оюнунда “Geeiy MK” үлгүсүндөгү унааны утуп алган Алиф Мурзалиев, 21 жашта: “Күлөрүмдү же ыйлаарымды билбей калдым”
- Мен Лейлек районунун Кулунду айылынын кулунумун. Негизи, ушул күнгө дейре гив-оюнуна кызыкчу эмесмин. “Ошончо элдин арасынан кайдан утмак элем?” деп кол шилтеп коёр элем. Ал эми Азамат байкенин оюнуна досторумдун сунушу менен биринчи жолу катышып жатып жеңүүчү болорумдан үмүт кылган деле эмесмин. Гивдин башкы байгесинин бактылуу ээси табылар күнү мен түз эфирде отургам. Бир маалда менин “Инстаграм” баракчам чыгып калып жатпайбы. Ошондо бир аз башкача боло түштүм. Ошол замат түз эфирди көргөн тууган, айылдаштарым куттуктап чала башташты. Мындай чоң белекти жок жерден эле утуп жатсаң же күлөрүңдү же ыйлаарыңды билбей бир башкача болот экенсиң. Чын, кубанычымда чек жок. Уюштуруучуларга ыраазымын. Мурда өз унаам жок эле, эми айдаарымды же сатарымды убакыт көрсөтөт. “Кантип утуп алдың? Биз деле түнү менен дуба кылып чыкканбыз”,- деп азыркыга чейин жазышат. Аларга айтарым, ойноп жатканда жакшы тилек менен катышып, утарыңыздардан катуу үмүт кылбаңыздар демекчимин. Анткени утпай калган адамдарда терс пикир жаралат.
Данияр Эрматовдун оюнунда “Chrysler” үлгүсүндөгү унааны утуп алган Бекишов Шаймерден, 11-класстын окуучусу: “Жеңүүчү болууну ниет кылгам, бирок күткөн эмесмин”
- Мен Токтогулдун Тоолук айылынан болом. Үй-бүлөдө беш бир туугандын кичүүсүмүн. Мектепти, жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктагандан кийин унаа алам деп кыялданчумун. Мына, Кудай буйруп ага чейин эле Данияр Эрматовдун гивинен утуп алдым. Негизи, гивге биринчи ирет катышып көрдүм. Албетте, катышып жатканда жеңүүчү болууну ниет кылгам, бирок сөзсүз утам деген ишеним болгон эмес. Майда белектердин жеңүүчүлөрүн аныктоодо түз эфирди калтырбай көрөр элем, а башкы байгеникинде түз эфирге кирген эмесмин. Менин “Инстаграм” аккаунтум чыкканын биринчи байкем көрүптүр, ал дагы оюнга катышкан эле. Анан ал дароо эле мага чалып сүйүнчүлөдү. Анда деле, уюштуруучулар куттуктап чалганда деле ишенген жокмун. Ата-энем: “Кантип берип коймок эле?”- деп алар да ишенишкен жок. Качан гана жеңүүчү катары видео киргизгенде ынандым. Азыр унаам шаарда байкемдикинде калды, биздин жолдорубуз жаман болгону үчүн айдап келген жокмун. Өзүм унаа айдаганды билем, андыктан өзүм эле айдайын деп жатам.
Айгерим Расул кызынын оюнунда “TОYOTA Хайлендер” үлгүсүндөгү унаанын жеңүүчүсү Мендибаева Миргүл, 54 жашта: “Эс алууга келип унаа утуп алдым”
- Мен Түп районунун кызымын. Жолдошум экөөбүз Орусиянын Екатеринбург шаарында иштегенибизге он жылдан ашты. Бишкекке кезектеги эс алууга келгенбиз. Эки айдан бери балдарым, неберелеримдин курчоосунда эс алып жатабыз. Гив-оюнуна Орусияда жүргөндө кызыгып, катышып жүрчүмүн. Бирок шарттарын туура эмес аткарчу окшоймун. Бишкекке келгенде неберем көрсөтүп, экөөбүз шарттарын аткарып катыштык. Жеңүүчү экенимди айтып чалышканда нес болуп, сүйлөй албай сүрдөнүп, суроолорго жооп бере албай калдым. Анткени утарым оюма да келген эмес да, жөн эле катышып койгонбуз. Бүгүнкү күнгө чейин куттуктагандардын аягы үзүлө элек. Буйруса, бир жуманын ичинде кайра Орусияга кетем. Унаанын үстүн жаап үйгө эле калтырып, чалым экөөбүз келген сайын айдап турабыз.
Айгерим Токтобай кызы