Негизгиге Ден соолук Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирустан сак болуңуз!

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирустан сак болуңуз!

54

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирустан сак болуңуз!

11-март күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясын жарыялаган. Анткени Кытайдан чыккан Covid-19 деп аталган вирус дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөсүнө тарап, биздин кошуна өлкөлөр болгон Казакстан менен Өзбекстанга да келип жетти.  

Коронавирус. Бул эмне болгон вирус?

Коронавирус – ичине 30дан ашык түрүн камтыган вирустардын чоң тобу. Биринчи кезекте ал жаныбарларды жабыркатат, бирок адамда оору козгоого да жөндөмдүү. Вирустун бул жаңы түрү өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында катталды. Кытай окумуштууларынын изилдөөсүнүн жыйынтыгында, адамга бул оору жаныбарлардан жукканы белгилүү болгон. Болжол менен вирустун булагы болуп Ухань шаарындагы деңиз азыктарын эле эмес, жылан, жарганат сыяктуу өзгөчө деликатестерди саткан базар эсептелинген. Вирусту изилдеген окумуштуулар аныкташкандай, оорулуудан табылган коронавирус жарганатта кездешкен коронавируска абдан окшош эле. 

Кантип жугат?

Коронавирустун алып жүрүүчүсү – аны менен ооруган адам. Башка вирустар сыяктуу эле коронавирус да ооруган адамдан соо адамга чүчкүргөндө, жөтөлгөндө чачыраган шилекей аркылуу жугат. Ошондой эле оорулуу адам кармаган буюмдар аркылуу да жугушу мүмкүн. Инкубациялык мөөнөтү 2 күндөн 20 күнгө чейинки убакытты түзөт.

Белгилери

Жаңы оорунун дагы бир кооптуу жагы – аны кадимки сасык тумоо менен алмаштырып алууга болот. Анын белгилери төмөнкүлөр:

  • чарчоо сезими
  • дем алуунун оорлошу
  •  дене табынын жогорулашы
  • жөтөл
  • тамак оорусу
  • баш оорусу
  • булчуңдардагы оору

Аны айыктырууга болобу? Вакцинасы барбы?

Бул вируска каршы эч кандай дары-дармек жок. Аны антибиотик менен дарылоого болбойт. Ооруган адамдын дарылоосу өпкөнү сактап калууга багытталат. Изилдөөчүлөр вакцинанын үстүнөн иштөөгө эми киришти. Анын бир жылдын тегерегинде даяр болуусу айтылууда.

Кимдер үчүн кооптуу?

Бардык курактагы адамдар вирусту жуктуруп алуулары мүмкүн. Бирок статистика боюнча, 65тен жогорку курактагы, аялдарга караганда эркектердин көбүрөөк ооруганы белгилүү болгон. Коронавирустун ошол курмандыктарынын дээрлик баарынын өнөкөт оорулары болгон. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун анализине таянсак, иммунитети төмөн, жүрөк жана кан тамыр ооруларынан, кант диабети, жогорку кан басым, өпкө оорулары, онкологиялык оорулардан жапа чеккен адамдарда коронавирусту жуктуруп, андан каза табуу коркунучу жогору экен.  

Коронавирус менен сасык тумоонун кандай айырмасы бар?

Коронавирус менен сасык тумоонун белгилери дээрлик окшош болот. Бирок генетикалык жактан алар таптакыр эки бөлөк. Сасык тумоонун вирустары абдан тез тарайт. Жуккандан 2-3 күндөн кийин белгилери билине баштайт. А коронавируска бул үчүн 20 күнгө чейинки убакыт керек.

Кантип сактанабыз?

Вирустан сактануу үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоо керек. Алардын көпчүлүгү жеке гигиенага байланыштуу.

► Колуңузду бат-баттан самындап жууп туруңуз жана көп колдонгон буюмдарыңыздын да тазалыгына көңүл буруңуз. Телефон, клавиатура, пульт, эшиктин туткалары, лифттин баскычтары, дүкөндөрдөгү арабалар кооптуу буюмдар болуп эсептелинет.

► Таза эмес колуңуз менен бетиңизди кармабаңыз. Инфекция организмге ооз жана мурун аркылуу эле эмес, көз аркылуу да кирип кетиши мүмкүн.

► Бул 100 пайыз коргой албаса да, медициналык бет кап кийиңиз. Сууланышкан, кир болгон бет каптарды улам алмаштырып, аны кармаган соң колду самындап жууп туруу сунушталат.

► Чүчкүргөндө, жөтөлгөндө оозду алакан менен жабуу сунушталбайт. Андан көрө бир жолу колдонуучу салфетканы пайдаланып, андан кийин дароо ыргытып жиберүү керек. Ал жок болсо бүгүлгөн чыканагыңызды тосуңуз.

► Учурашууда убактылуу кол алышкандан жана өбүшүүдөн баш тарта туруңуз.

► Вирус 39 градуста өлөт. Андыктан ысык чайдан көбүрөөк ичиңиз. Ошондой эле күн нурунун астында көбүрөөк болуңуз.

►Кездемеде 6-12 саатка чейин активдүү жашоосун уланта берет. Кадимки айна вирусту өлтүрүүгө тийиш. Ал эми кышкы кийимди күн нуруна жаюу жетиштүү.

►Колду тез-тезден жууп турууга кошумча тамакты чайкап турса болот. Муну менен тамакта турган вирустун өпкөгө түшүүсүнө тоскоол болуп, микробдордун аракетин азайта аласыз.

►Эл көп чогулган жерлерге барбай туруңуз. Себеби жөнөкөй: карым-катыш канчалык көп болсо, вирустун жугуу коркунучу ошончолук жогору.

►Алсыз иммунитет – коронавирустун негизги душманы. Андыктан стресс, туура эмес жашоо образы, тамеки – булардын баарын чектеп, анын ордуна иммунитетиңизди көтөрүңүз.

Иммунитетти кайсы азыктар көтөрөт?

  1. Сарымсак. Табигый антибиотик болуп эсептелинет. Күнүнө бир тишчеден сарымсак жесеңиз, ар кандай вирустар сизге жолобойт. Эгерде жыты жакпаса, майдалап алып суу менен кошо жутсаңыз болот.
  2. Туздалган капуста. Аскорбин кычкылынын эң жеткиликтүү жана кымбат эмес булагы. Пияз, көк чөптөрдү, семичке майы менен кошуп жесеңиз, витаминдердин бүтүндөй топтомун жеген болосуз.
  3. Уй эти. Белоктун, темирдин, цинктин жана селендин мыкты булагы. Бул элементтер сиздин организмиңиздин ар кандай оорулар менен күрөшүүсүнө жардам берет. Сарымсак жана чийки жашылчалар менен кошуп жесеңиз, анын натыйжасын андан бетер күчөткөн болосуз.
  4. Пайдалуу чайлар. Малина, карагат, лимон, бал, имбирь кошулган чайлар илгертен келаткан иммунитетти көтөрүүчү каражат болуп саналат.
  5. Табигый бал. Күн сайын эртең менен таза балдан бир чай кашыктан жеп алуу иммунитетти жакшы көтөрөт. Же болбосо аны чай, лимон менен айкалыштырууга болот. Эске алуучу жагдай, балды ысык сууга кошкондо анын пайдалуу касиети жок болуп кетет.
  6. Жемиштер. Ар кандай вирустар менен натыйжалуу күрөшүүдө адистер жашылча-жемиштерди көбүрөөк пайдаланууну сунушташат. Бул жерде лидерлер – цитрус жемиштери. Мисалы, бир даана апельсинде С витамининин бир суткалык нормасы камтылган. Помидор, анар, грейпфрут булар да иммунитет үчүн абдан пайдалуу. 
  7. Суу. Иммунитеттин эң жөнөкөй, арзан “дарысы” – кадимки таза суу. Суу организмибизден ар кандай уулуу заттарды айдап чыгат, а организмге суу жетишпеген учурда сасык тумоо менен ооруп калуу коркунучу жогору болот. 

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here