Асланайым Аширова: “Кайрадан ат үстүнө отурсам деген кыялым күч”
Көпчүлүк каарманыбызды цирк ханышасы деп тааныйт. Себеби ал бала кезинен ат үстүндө чоңоюп, абада бийлеп жашоосунун басымдуу бөлүгүн цирктин аренасында өткөрүп келет. Аялзаты үчүн өтө кооптуу, ошол эле учурда кызыктуу кесипти аркалаган айым мындан бир жыл мурда катуу кырсыктаган эле. Азыр Асланайым ат үстүндө ойномок тургай араң басып жүргөн кези. Биз каарманыбыздан кабар алып төмөнкүдөй маек курдук.
— Асланайым, үзгүлтүксүз дарыланууда экенсиз. Учурда ден соолугуңуз кандай?
— Былтыр Сауд Арабиядагы иш-чарадан кырсыктабадым беле. Мен Кыргыз өлкөсүнөн желегибиз менен, «Салбуурун» федерациясынын командасы менен биргеликте биздин улутту мыкты тараптан көрсөтүү үчүн барган элем. Бирок машыгуу учурунда астымда турган кыз жаракат албасын деп аттын мойнун буруп жиберип өзүм кырсыктадым. Жыйынтыгында бутум сынып, азап тартып жатканыма бир жыл болду. Бутумдун кыр сөөгү бырчаланып, темир салышкан. Оор операцияны башымдан өткөргөндөн кийин кайра бутка туруу оор болду. Азыр кыйынчылык менен 4-5 кадам кылып жатам. Кайра калыбыма келүү үчүн өз алдымча көнүгүү жасап жатам, адистерден массаж алам. Сөөк сынгандан кийин аба ырайына жараша сыздап ооруп турат экен. Башында кыйналып жаткам, азыр ага деле көндүм.
— Бир жылдан бери эч жерде иштебей каражат жагынан кыйналсаңыз керек?
— Туура, бир жылдан бери эч жерде иштебей кара жаным менен алек болуп жатам. Кырсыктаганга чейин көптөгөн келишимдерим бар эле. Анын баарын токтотууга туура келди. Кайдыгер эмес адамдар Элсом номериме акча которуп жатышат. Эң негизги жардамчым – ата-энем. Операция канчалык оор болсо, кайра калыбына келүү этабы ошончолук кымбат болот экен. Массажым, процедураларым аз эмес акчаны талап кылат. Бирок мунун баары убактылуу деп билем. Буюрса, бутума туруп, мурдагыдай иштей турган күн алыс эмес деп ойлойм. Тилекке каршы, бул иш боюнча уюштуруучулар эч кандай жардам кылган жок. Тескерисинче, мага күнөөнү оодарышты.
— Алдыда көп суммадагы каражат талап кылынган операция күтүп жаткан турбайбы?
— Ооба, кыр сөөгүмө эки темир салынган да. Эми аны алууга Сауд Арабияга барууга аракет кылып жатам. Биринчи операцияны жасаган доктурдун колуна барсам жакшы болот эле. Барган жол кирем, медициналык кызмат, операциянын өзүнө 45 миң доллар керек болууда. Мурда-кийин башыңдан мындай окуя өтпөгөн соң андай акчаны камдап тура албайт экенсиң. Кыргыз элиме кайрылып жардам сураганга туура келди. Эң оору, операциядан кийин дагы бир жыл калыбыма келе турган убакытты башымдан өткөрөм. Андан кийин дагы бир жыл оор жумушка жарабайм. Баш-аягы, Кудай буюрса, төрт жылда калыбыма келет окшойм.
— Жашооңуздагы бул бурулуш апаңыз үчүн да чоң сыноо болду окшойт?
— Апам жанымдан карыш жылган жок. Ыйлап, сарсанаа болуп жүрүп аябай арыктап кетти. “Апа, мен сөзсүз бутума турам, күчтүүмүн” десем чыйралып калды окшойт. Жалгыз кызым деп аябай аяр мамиле жасайт. Көңүлүмдү көтөрүп тамакты түрлөп жасап берип, жагымдуу белектери менен кубандырып, жакшы сөздөрүн айтып жүрөгүмдү элжиретет. Эненин жүрөгү ушундай назик, таза, ошол эле учурда күчтүү болот экен. Азыр эки кишинин ордуна иштеп жаткан кези.
— Бир ирет апаңыз “мени жалгыз калат деп турмушка чыккысы келбей жүрөт” деди эле. Жигитиңиз казак деп да айтып жүрүшөт…
— Жок, жигитим казак эмес. Негизи, мен жеке жашоомду эл алдына алып чыгууну каалабайм. Бул негизги эрежелеримдин бири. Балким, бир учурда ошентип айтсам керек. Бирок маңдайыма жазылып турмушка чыгып чет мамлекетке кетемби же бул жакта жашаймбы, апамды эч убакта жалгыз калтырбайм. Апам менин эң кымбат байлыгым. “Кийин балалуу болсом, сизди балдарымдан да артык көрөм” деп көп айтам. Менин апама болгон сүйүүм чексиз.
— Цирк дүйнөсүнө кантип, канча жашыңызда аралашып калдыңыз эле?
— Ал кезде мен балдардын хореографиялык балетинин артисти элем. Циркте ошол кезде бир программа даярдап жатышкан экен, бизди жардамга чакырышты. Ошондо ат үстүндөгү оюндарга кастинг болуп жатканын, катышып көрүүмдү сунушташты. Ал кезде мени эмне күтүп турганын билбесем да, аттарды жакшы көргөндүктөн дароо макул болгом, болбосо өмүрүмдө ат минип көргөн эмесмин. Калыстар тобу менин ээрде ишенимдүү отурганымды баалашкан. Андан кийин цирк менен «ооруп» калдым да, кийин аба гимнастикасы менен да олуттуу машыга баштадым. Ошондо 17 жашымдан бери бул чөйрөдө кызмат кылып келем.
— Ошондо ат башкарууда тажрыйбаңыз жетиштүү эле экен да?
— 15 жылдан бери ат үстүндө оюндарды көрсөтүп келем. Ат оюндарынын түрүн өздөштүрүү үчүн суткасына 12 саат иштегем. Чет мамлекеттердеги эл аралык чоң ареналарда иштеп келдим. Менден чет өлкөлүктөр: “Силердин өлкөдө кыздардын баары ушинтип атка жеңил минеби?”- деп сурашчу. Бул мен үчүн чоң сыймык. Жумушума болгон жан дүйнөмдү салып иштедим жана иштей берем. Аман-эсен айыгып, атка бир жолу отурсам деген каалоом күч. Циркте мен универсалдуу жогорку категориядагы артистмин.
— Буюрса, айыкканда циркке кайтып келесизби?
— Операция ийгиликтүү өтсө, кайра баарын нөлдөн баштоого туура келет. Аны убакыт көрсөтөт го. Кичинекей окуучуларым бар эле, аларды андан ары окутуп, эл алдына чыгаргым келет.
— Азыр кантип алаксып, күнүңүз эмне менен өтүп жатат?
— Алты саным аман кезде жашоомдун көп бөлүгү жумушумда өтчү.Үйгө келип 2-3 саат уктап, кайра жумушка кетчүмүн. Атты тынымсыз минип, алар менин жашоомдун ажырагыс бөлүгү болуп калган. Жумушка көнүп алгандан кийин үйдө отуруп калуу азап экен. Азыр убактымдын көбү ооруканада өтөт. Окуучуларыма сабак берип, кээ бир көнүгүүлөрдү айтып түшүндүрүп, үйрөткөнгө аракет кылып жатам. Бош убактымда сүрөт тартам, китеп, ыр жазам. Тарткан сүрөттөрүмдүн коллекциясын бүтүрүп көргөзмө өткөрүп, андан түшкөн каражатты жетим балдарга, карылар үйүнө белек катары которуп берсем деп тилек кылгам. Ал максатым ишке ашкыча эле бутум талкаланып, өз айламды таппай калдым. Эми азыр ошол көргөзмөнүн үстүндө иштеп жатам.
— Буга чейин көп мамлекетке чыгып иштедиңиз. Эмне себептен ошол жакта калып калган жоксуз?
— АКШ, Түркия, Орусия, Италия, Кытай, Кореяда иштедим. Бардык жерде мени жылуу кабыл алышты. «Калып, биздин өлкөнүн атынан аренага чыгып иштеңиз”,- деген сунуштар көп болду. Шанхайда 40 миң көрүүчү кол чаап, өнөрүмө таазим этип суктанганы али эсимде. Мен ал сезимди сөз менен жеткирип бере албайм. Дүйнөнүн жарымын кыдырсам да, жүрөгүмдө дайыма мекениме болгон сүйүү үстөмдүк кылып келет. Мен патриотмун!
Анара Дүйшөналиева