Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрѳк үнү. Кыз сыры — …
Айзада: «Аяшым экѳѳбүздүн арзуубуз»
— Тѳрт балага эне болуп, барган жеримде барк күтүп, баары түзүлгѳн кезде жашоомдо жаңылык болорун ойлогон эмесмин. Келин болуп келгени бардык эле кыргыз аялдарындай түйшүккѳ бышып, түтүп, бүлѳм сакталып калсын деп баарына чыдап келдим. Мындан ары да чыдап, ѳмүрүм ѳткѳнчѳ макул болуп жашай берет элем. Эгер кѳңүлүмдү гүлдѳтѳр бир жакшы адамдын жакшы мамилеси болбогондо.
***
Барчылык дайыма эле бактылуу кылбайт экен. Аны ѳз турмушумдан улам бешке билем. Ашып кеткен байлыгыбыз болбогону менен жашообузда тиричилик үчүн каржалып, кыйналган жокпуз. Бул нерсе күйѳѳмдү кѳптүрдүбү, эриктирдиби, айтор, аракка берилип кетти. Бир кезде анын мүмкүнчүлүк болгон жерден баш тартпай ичкенин кадыресе нерседей кѳрүп, «баары эле ичип жатпайбы» деп тогото берчү эмесмин. Кѳрсѳ, ал ошондо аракечке айлануунун биринчи баскычында жүрүптүр. Байкалбай жылдар ѳтүп, күйѳѳм аракка кѳз каранды болуп кетти. Мурдагыдай ѳзүн карабай, балдарын ойлобой калды. Мага кылган мамилеси тууралуу айткым да келбейт. Эптеп эле балдар үчүн жашап калдым.
Мени бүт абалымды түшүнүп, жакшы кебин айтып соороткондор аяштарым болду. Чынында, биздин аяштар башкаларга салыштырмалуу аябай ынтымактуу, бири-бирине күйүмдүү. Бир айылдын суусун ичип чоңоюшкан классташтар болгонгобу, абдан жакын, ынак достор. Аялдары да жакшы чыккандан болсо керек, башкалардан укканымдай сындашкан, чырдашкандардан эмеспиз. Бири- бирибиздин кыял-жоруктарыбызды жатка билип, ошого жараша мамиле кылып ынтымакта келебиз.
Досторубуздун арасында мен кеп кылчу бир бүлѳ бар. Сабыр (ѳз атын атабай эле коёюн) чын эле адам таң калгандай сабыры бекем жигит. Аялынын алкынып-жулкунуп аны ооз ачырбаганы баарыбызды таң калтырып, кийин тамашага айланып бүткѳн. Аялынын алдында гана бүжүрѳп калганы болбосо, башка маалда кадимкисиндей эле опулдап, бапылдаган ачык адам. Ал эми аяшыбыз эрин эле эмес, топтобу бардык эркектерди башкарып, кекетип, кагып сүйлѳгѳн бир башкача мүнѳздүү неме. Кээ бир кылыктарын карап отуруп ал Сабырдын маңдайына эле эмес, баарыбыздын маңдайыбызга бүткѳн балакеттей сезип кетем. Ушуга чыдап жүргѳн жолдошуна баар берем. Ал кылгандын бирин кылсам, менин күйѳѳм эмдигиче мени жок кылмак, же сабап ѳлтүрүп, же ажырашып болсо дагы. Ушуну ойлоп мен Сабырды ичимден абдан сыйлачумун. “Андагы айрым сапаттардын кичинеси эле менин күйѳѳмдѳ болсо гана” деп суктанып кетер элем. Башкалардан айырмаланып Сабыр гана менин тартып жүргѳн азабымды ичтен туюп, аяп турчу.
***
Бир жолку шеринеге Сабыр жалгыз келди. Аялы тѳркүнүнѳ тойго кеткен экен. Анын кадимкидей ээн-эркин жайдары отурганы баарына байкалып, тамаша- чындан түрдүү кептер айтылды. Отурушубуз кадимки нугунда ѳтүп, ырдап да, сырдашып да, эркектерибиз ичип да жетишишти. Ошол маалда күйѳѳм экѳѳбүз баягы эле арактын айынан араздашып, конокко араң келген элек. Ал мага ѳчѳшкѳн киши болуп ашыгы менен ичип, турбай калганча мас болду. Кетерге келгенде «соолукканда жеткирип коёбуз» деп балдар аны жаткан жеринде жѳн коюшту. Үйгѳ сүйрѳп жеткириш бир азап, мен да жѳн койдум да, барып тынч эс алууну ойлодум. Конок болуп барган үйдѳн үйүбүз алыс эле. Ар ким ѳз жолу менен кетип отуруп мени Сабыр жеткирип коймок болду.
Адамдын оюн, ал турсун жашоосун ѳзгѳртүүгѳ кээде бир аз гана нерсе керек окшобойбу. Ошол чогуу басуудагы сѳздѳр менин жакшылыктан эчак үмүт үзгѳн, жалаң кайгы, санаа менен ѳкүнүчкѳ толуп калган ойлорумду ѳзгѳртүп таштады. Сабыр мас болбосо да кызуусу бар эле. Экѳѳбүз бир аз баскан соң колумдан алып ѳзүн колтуктатып алды. Анан мен күтпѳгѳн сѳздѳрдү айтып таң калтырды:
— Сендей аялды кор кылган эриңе да жаза бардыр. Сени аяп жүрүп сүйүп каларымды ойлогон эмесмин. Айла гана жок, сенде тѳрт бала, менде беш бала. Ошолор үчүн жашайбыз. Бирок мен сени ар дайым оюмда багып, сага санаамды бѳлүп жүргѳнүмдү бир эске алып кой. Күйѳѳң эми оңго бурулуп оңолбойт окшойт. Андай болсо да сен ден соолугуңду, ѳзүңдү карап жаша. Балдарыңа, мага керексиң. Мен сага азыр эч нерсе кыла албастырмын, бирок сен үчүн бир жакшылык кылууну дайыма ойлоп келем. Бир күнү ага да жетербиз.
***
Ишенсеңиз, ал күнү Сабыр жүзүмдѳн да сүйүп койбой, жакшы кептери менен гана кош айтышып узап кетти. Эгер жанагы кептин баарын айтып, анан жабышып ѳѳп-жыттаса, ал сѳздѳрүнүн баарын ошол эле жерден калпка чыгармактырмын. Үйгѳ кирип бутумду чечип жатсам «ичип алганым үчүн кечирип кой» деген кат келди. Ошондон ыңгайсыз болгонун билип, ичкен адамдан адам жийиркенерин түшүнгѳнүнѳ ушунчалык ыраазы болдум. А менин койнумда жаткан күйѳѳмчү? Ѳмүрүндѳ бир жолу ушуну эске алып, орой айтканда оозун жууп албаган балиттигине арданып кеттим.
Сабырдын айткандарынын туура же туура эместигин ажырата алган жокмун. Бирок ошол эле күнү менин жүрѳгүмдѳ бир жылуулук пайда болду. Ѳзүмдѳн-ѳзүм маанайым ачылып, демейдегидей салмактанып отурбай жеңил кыймылдап калдым. Эртеси эле чачымды боёп, кийимдеримдин баарын иретке келтирип чыктым. Башкаларга күнүмдүк тиричиликтин бир ишин кылып жаткандай эле кѳрүнсѳм керек. Бирок ошол кадамдарга мени ичимдеги бир кубаныч, толкуу күчү жеткирип жатканын алар кайдан билсин. Күйѳѳм болсо баягыда кандай болсо ошонусундай эле балит сѳзү менен кѳңүлүмдү тебелегенден ырахат алып жүрѳт.
Сабыр бул темага кийин кайрылган жок. Чалган да, жазган да жок, ѳзү да үн катып айтпады. Ѳзүм деле анын бирин күткѳн жокмун. Тескерисинче, дагы кайталап айтса баары кыйрап калчудай аярлайм. Мурда шеринелерге, отуруштарга кандай барсак ошондой барып, эл шары менен учурашып, коштошуп жүрѳбүз. Болгон мамилебиз дасторкон үстүндѳ бири-бирибизди үнсүз тиктеп сүйлѳшүп келебиз. Кѳздѳр сүйлѳшѳрүн мурда билчү эмесмин. Кинолордогу тиктешүүлѳр жѳн эле кѳз караштар болбогонун эми түшүнүп отурам. Кѳрсѳ, кѳздѳр менен жүрѳктѳр сүйлѳшѳт экен. Биздин бул мамиле канчакыга чейин, кандай уланат, ким билсин? Башкысы, азыр мени шыктандырып, жылмайтып, жакшы ойлорго жетелеп жүргѳн ушул сезимдерге ыраазымын. Ал эми аракты сүйгѳн күйѳѳм менен ажаан аяшым адам ѳмүрүндѳ ушундай керемет сезимдер да болорун билбеген бойдон ѳтүп кетишет окшобойбу.
Кыял: «Кош бол, мендей кызды сүйѳ албаган сүйгѳнүм!»
- Мугалимдик кесипти жан дилим менен сүйүп тандап алгандыктан, мени бѳлгѳн мектепке токтоосуз жѳнѳдүм. Бара жаткан тарабыма анчейин деле кызыгып, абал, шартын териштиргеним жок. Себеби мага ар дайым жаңы чѳйрѳ, жаңы адамдар кызык. Жалгыз башымдан башка маселем болбогон соң кайда барсам да ал жерге жайгашып алуу мага оңой.
Алыс деп айтышкан. Бирок мынчалык алыс, болгондо да жомоктогудай коркунучтуу кыя жолдор менен барарын, анан аябай чакан айыл экенин элестете албаптырмын. Бул айылда телефон азыр да жакшы тартпайт. Катуу шамал болсо электр жарыгы ѳчүп калат. Сууну колонка эмес, кадимки булактан алып келебиз. Адамдары да бир сонун. Кошуналар бири-бирин чайга чакыргандан тажашпайт. Мен келген соң баары кѳңүл буруп, ар бир түтүн тамакка чакырып, айрым апалар жоолук, жүз аарчы, конфет салгыч сыяктуу идиштерди да белек кылып салышты.
Мектептеги күндѳрүм болсо узун жокмок. Жомок ак боз атчан ханзаадасыз болбойт эмеспи. Ушул жерден мен ошол ханзаадамды таптым. Керемет айылдын кең далылуу, анык тоолуктардын сапаттары боюна сиңген бир жигитине ашык болдум. Жаш курагыбыз тең чамалаш болгонго чакан мугалимдердин жамаатынан экѳѳбүз бири-бирибизге кызыктуу маектеш болдук. Башкалар бизди тамашалап «жабыштырып» алышты. Сыртымдан сыр бербегеним менен ичимден бул нерсе мага жагат. А менин ханзаадам деги эле шек алдырбайт. Эмне болбосун ага жагып же жакпай жатканын билүү ар дайым кыйын. Окуу жылы теңдеп калган кезде мен аны ѳзүмѳ энчилеп алдым. Болду-болбоду экѳѳбүз баш кошобуз деп ойлодум. Айланада болуп жаткан окуянын баары менин бул жакшы оюмду чындыкка жетелеп бараткандай эле. Узун түндѳ узун кыялдарга оронуп, мугалимдердин үй-бүлѳсүнүн бактылуу жашоосун элестетем.
Бирок бир күнү баары ойрон болду. Айыл заматта түп кѳтѳрүлүп «баланча үйлѳнѳт экен…” деген кеп чоң жаңылыкка айланды. Кимге? Мына ушул суроонун жообун билгенче чый-пыйым чыгып кетти. Ыйлап жибере жаздап турсам да, кесиптеш эжеден «кимге үйлѳнѳт экен?» деп сурадым чымыркана. Ал ушул суроону эле күтүп тургансып ата-энең эчак сѳйкѳ салып койгон кошуна айылдын кызын алып келериңди, канча киши, канча калың менен баратканын, той кандай ѳтүп, ал турсун тѳшѳктү ким саларына чейин саймедиреп айтып салды. Менин муунум бошоп, тамагым кысылган абалымды байкап да койгон жок.
Эртеси алдымдан чыкканыңда саламыңды алик албай кабак чытып ѳтүп кеттим. Түшүнбѳй калгандырсың же түшүнүүң керектигин ойлогон да жоктурсуң. Ырас, сен мени түшүнүүгѳ милдеттеме алган деле эмессиң да. Ѳзүмдѳн-ѳзүм ѳзгѳрүп, кыйналып, кысылып жүргѳнүмѳ эки ай болуп баратат. Сен болсо эч нерседен бейкапарсың. Ата-энең эле эмес, айыл эли бүтүндѳй сенин тоюңду күтүп, тойго камынып убара. Айтор, менден башкалардын бардыгына дүйнѳ тегиз да, жашоо кызык.
Буга чейин чейректер арасындагы каникулдарда айылдан кеткен эмесмин. Бир чети жол алыс, районго чейин унаанын каттамы ѳтѳ жаман. Анын үстүнѳ мени кел деп чакырып турган ата-энем болбогон соң агам менен жеңемдикине баруу зарыл деле эмес болчу. Мына, азыр эс алууга чыктык. Эми менин бул жерде калышым зарыл эмес. Кайда экенин азыр билбесем да, бул айылдан чыгып кетишим керек. Окуучуларым менен коштошуу гана кыйын. Алардан башка мени бул жерде эч нерсе кармабайт. Мени мектепке эмес, айылга, бир окуу жылына эмес, бир ѳмүргѳ алып калчу жалгыз адам сен элең. Сен айткандын баарына макул болууга даяр жүргѳн мени сүйѳ албаган сүйгѳнүм, кош бол, бактылуу бол!
Мунара Сапарова