Негизгиге Интервью Элмирбек Иманалиевдин жубайы Нурзат: Китептин чыкканына сүйүнөйүн десем, жанымда Элмир жок

Элмирбек Иманалиевдин жубайы Нурзат: Китептин чыкканына сүйүнөйүн десем, жанымда Элмир жок

5584

Залкар төкмө акын Элмирбек Иманалиев таланты менен жеке адамдык сапаты айкалышып турган өзгөчө жан эле. Бизди таштап кеткенине жарым жылдан ашык убакыт өтсө да кечээ эле көмгөндөй жүрөк ачышат, ырларын уккан сайын көздөн жаш термелет. Акындын чыгармаларына суусап турган эли үчүн жубайы Нурзат айым демилге көтөрүп, үч айдын ичинде 2 китебин чыгарып элге тартуулап турган чагы. Оор үшкүрүнгөн Нурзат айым акынды эскерип биз менен маек курду.

– Нурзат айым, жакында жолдошуңуз Элмирбек Иманалиевдин бир эмес, катар эки китеби жарыкка чыкты. Бул өзү даярдап жатып бүтпөй калган китептери беле?

– Элмирбек каза болгондон кийин мен үчүн жашоо абдан оор болуп калды. Санаа тартып, үйдө тынч отура албай калдым. Анан ойлонуп, Элмирдин жакын санаалаштары Азамат Болгонбаев, Мирлан Самыйкожо, Асылбек Маратовдорду чакырып, китеп чыгаралы деген оюмду айтсам, алар колдоп кетишти. Элмирдин жазып жүргөн ырларынан китеп чыгарсам деген ниети бар болчу. Бирок ал ар бир нерсеге кылдаттык менен мамиле кылгандыктан, ичинен бышырып жүрүп жетишпей калды окшойт. Биз жазгандарын чогултуп отуруп «Аманат», «Ак таңдагы ак бата» аттуу эки китебин жарыкка чыгардык. Миң нускадан эки миң нуска чыгардык эле. 27-октябрь ачылышы болду, эртеси күнү кечинде китеп калбай калды. Азыркыга чейин телефон тынбай жатат, китеп алам дегендер өтө көп. Андыктан китеп дагы басылып чыга турган болуп жатат. Мен азыр китеп чыкканына кубанайын десем, жанымда Элмир жок. Өзү болгондо кандай сонун болор эле.

– Тирүү жанга жашоо улана берет эмеспи, баягыдан баш көтөрүп калдыңызбы?

– Элмирбекти жоготконубузга жарым жылдан өтүп бара жатат. Бул аралыкта балдарым менен бирге атабызды сагынып, анын караанына, сүйлөгөн сөздөрүнө зар болуп жашообуз өтүп жатат. Түшүнүксүз эле бир жашоого келип калгандай болуп жүрөм. Үйдо болобу, эшикке чыгамбы, Элмирбек бардагыдай эмес, жашоо супсак. Анын баарын сүрөттөп айта алгыс нерсе. Балдарым үчүн эле баш көтөрүп жашап жатам. Атасын жоготуу өзгөчө улуу балам Эруланга катуу тийди окшойт, түнт тартып, эшикке да чыкпай калды. Азыр балдарым менен бири-бирибиздин көзүбүздү карап эле сооротушуп жашап калдык. Ыйлаганымды балдарыма көрсөткүм келбейт. Эгерде ыйлап калсам, 2ге чыга элек Элханымдан бери, төртөө төрт жерге отуруп ыйлап калышат. Кайра мен аларды сооротом. Кыскасы, бири- бирибизди алаксытып эле жашап атабыз. Балдарыма да кыйын болду. Үчүнчү балам Адылхан: “Болду, ушуну менен атам келбейби? Атамды катып эле койдуңар окшойт, чыга бер деңизчи”,- деп жүрөктү эзет. Өздөрүнчө сүйлөшүп калышса “атам бизди карап турат, калп айтпа” деп турушат. Элмир үйгө келгенде бутун өзү чеччү эмес эле, балдары кезек менен бутун чечип тосуп алышчу. Элмир Элханды өзгөчө жакшы көрдү. Жумуштан келери менен көтөрүп ырдап берип, чарчаганына карабай карачу. Балам да Элмир келгенде мени карабай калчу. Кеч келип калса бөлмөсүнүн эшигинде күтүп отурчу. Анан атасына видеого тартып жөнөтүп койсом шашып келчү. Элмирбектин балдарын Элмирбексиз өстүрүү башкача жоопкерчиликти талап кылат экен. Колумдан келишинче атасынын ордун жоктотпой тарбия бергенге аракет кылам.

– Балдарыңыздын арасынан атасындай таланттуусу болсо керек?

– Албетте, Элмирбектин балдары да таланттуу. Эруланга атасы комузду черткенди көрсөтүп берип койчу, үйрөнүп алыптыр. Атасы “12 жашка чыкканыңдан баштап менин шакиртим болосуң, дайыма жаныма алып жүрөм” дечү. Өзү да кичинесинен “ата, чоңойгондо сиздей акын болом” деп калар эле. Илдет жаңы келгенде, “Коронавирус” деген төрт сап ыр жазыптыр. Элмир кубанып “балам ыр жазды” деп чоң-чоң акындарга жиберсе, “уйкаштык болбосо да ичинде бир ой бар” деген жакшы ойлорун айтышыптыр. Тилекке каршы, балам 11 жашка чыкпай атасынан айрылып калды. Жакында атасына арнап да 3 куплет ыр жазыптыр. Бизге окута элек болчу, кокусунан окуп калдым. “Дагы улайм, анан көрсөтөм” деп жүрөт. Кийинки уулубуз Адылханда атасындай актёрдук чеберчилик бар. Балдарымдын арасынан атасындай төкмө акын чыкса, бул жашоодо арманым жок эле. Бассам-турсам ошону тилек кылам.

– Элмирбек байке каза болгондо ажалга ыраа көрбөй ыйлабаган кыргыз калган жок окшойт. Оор болсо да ошол күндү эстей аласызбы?

– Элмирбек кант диабети оорусу менен ооручу. Акыркы жылдары “жүрөгүм” деп калган, кан басымы да төмөн болуп жүрчү. Ошол үч оору бир келгенде көтөрө албай калды окшойт, биз деле түшүнбөй калдык. Акыркы күндөрү Элмир өзгөрүп, өңүнө келип, өзгөчө жакшынакай болуп кеткен. Кошуналардан бери байкашып “аябай сулуу болуп кетти го?” деп калышкан. Жумшак болуп, бизге өзгөчө аяр мамиле жасап калган. Акыркы сөздөрүн эстесем, мага “мен сага ыраазымын, сага катуураак айтып койгон сөздөрүм – жөн эле чыгып кеткен сөздөр” деп кечирим сурап, балдарга “апаңарды уккула, сыйлап жүргүлө” деп айткан экен. Бирок мен көп маани берген эмес экенмин. Каза болордон мурун эки күн катары менен үй бүлөбүз менен түнкү саат 4кө чейин сүйлөшүп отуруптурбуз. Азыр ойлоп, ошондо биз менен коштошконбу деп калам. Каза болор күнү эрте менен эле маанайы жок турду. Канты көтөрүлүп кеткен экен, инсулинден кийин нормасына келип калган. Бирок өзүн жаман сезип “Тез жардам” чакыр, жүрөгүм сайгылашып атат” деди. “Тез жардам” келип Элмирди алып кетти. Элмирбекти алгач оорусу хирургиялык окшойт деп, Фучиктеги ооруканага алып барышса, хирург көрүп “биздин оору эмес” деп, кайра президенттин иш башкармалыгына караштуу ооруканага алып барышыптыр.. “Тез жардам” менен ары-бери жүрүп кыйналып, өзүн таштап койду окшойт. Ошол убакта карантин болуп, коммендаттык саат болуп жатпады беле. Мен ооруканага жаткырып коюп, балам менен үйгө жөнөдүм. Үйгө келип бутумду чечип жатсам, Асылбек Маратов телефон чалып “катуу болуп жатат, келиңиз” деди, барсам Элмирбек каза болуп калып чакырышкан экен…

– Экөөңүздөр канча жыл чогуу жашадыңыздар, кандай күндөр өттү?

– Биз 2009-жылдын январь айында үйлөнгөнбүз, 11 жыл чогуу болуптурбуз. Бизде катуу сөз айтышып же урушуу деген болгон эмес. Элмир бардык нерсени акырын эле какшык менен айтып койчу. Бирок сүрү бар болчу, балдарыбыз менен бир нерсени айтарда сүрдөп турчубуз. Мындай таланттар эркин болушу керек деп туугандары, достору менин кулагыма сиңирип коюшкан экен. Мындай адамды кызганбай коюу да мүмкүн эмес эле. Аялсың, кызганыч деген болчу. Бирок аша чапкан эмесмин, Элмирге да өтө ишенчүмүн. Кээде кеч болуп кетсе, чалсам албай койсо таарынып калмайым бар эле. Андайда тамашалап таарынычымды жазып алчу. Биз аз жашасак дагы татыктуу, бактылуу жашадык. Мени көлөкөдө, бапестеп багыптыр, баарын даяр кылчу. Элмирбектей адам менен жашаган мен бактылуу экенмин.

– Тагдыр сиздерди жолуктурган күн кызыктырып жатат.

– Мен ал кезде президенттин иш башкармалыгына караштуу ооруканада медик болуп иштечүмүн. Биз таанышкан убакта, Элмир аталган ооруканага биринчи жолу жатыптыр. Эсимде, жумуштан шашып чыгып, тепкичтен түшүп кетип жатсам, Элмир чыгып бара жатыптыр. Мени аябай карап калды. Бирөөгө окшоштуруп жаткан го деген ой менен мен да бурулуп карап алып түшүп кеттим. Эртеси жумушка барып, палатасына кирсем керебетинде колун башына алып жатыптыр. Мени көрүп тура калып “кечээ ак куртка кийип чуркап бара жаткан сиз белеңиз?” деп калды. Ошентип экөөбүз таанышып калдык. Бир-эки күндөн кийин ооруканада жаткан эжелерден төкмө акын Элмирбек Иманалиев экенин уктум. Ооруканадан чыгарда “дары-дармектерди сурап турсам болобу?” деп телефон номеримди алган. Кийин чалып турду, туулган күнүнө чакырды. Бара-бара жылдызыбыз келишип калып, баш кошуп калдык. Биз баш кошкон кезде мен 26 жашта болчумун.

– Төкмө акындын жубайы катары коомчулукка көп чыга берчү эмес элеңиз, бул кимдин каалоосу эле?

– Табиятымдан тартынчаакмынбы, айтор, элдин назарында болгонду көп эле жактыра бербейм. Андыктан гезит-журналдар интервьюга чакырса такыр барчу эмесмин. Бул нерсе Элмирге деле жакчу, оюма койчу. Бир жолу Элмирдин суранычы менен сага интервью бергеним эсимде. Азыр тааныгандар болуп калат. Бул нерсе бир чети сыймык болсо, бир жагынан ыңгайсыздык жаратат экен. Элмирбектин аброюн мурун эле жакшы билчүмүн, бирок каза болгондо андан бетер таң калдым. Каза болгондо 50 күндүккө чейин, күн сайын биз тааныбаган күйөрмандары келип куран окутуп, жакшы сөздөрүн айтып кетип жатышты.

– Элмирбек байкенин мурунку никесиндеги кыздары келип турушабы?

– Сезим үйгө көп келип турчу, аны жакында турмушка узаттык. Азыр деле бат- баттан келип, атасына куран окутуп кетишет. Элмир “балдарды кичинесинен жакындатсак, чоңойгондо жакын болушат” деп турчу. Айтканындай эле азыр мамилебиз абдан жакшы, “Нурзат эже” деп турушат. Балдарым “Айзуура эжем, Сезим эжем” деп аларды абдан жакшы көрүшөт. Балдарыбыз аман болсун.

– Рахмат. Балдарыңыздын бактысына сиз аман болуңуз!

Динара ЧОКОЕВА

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here