Негизгиге Менин баяным Жолдошум атасын урат

Жолдошум атасын урат

3385

— Биз баш кошконбузда кайненемдин көзү тирүү эле. Рак менен ооруп каза болгонуна 4 жыл болду. Ошондон кийин жолдошум өз атасына кол көтөргөн жаман адат таап алды.

Кайнатам жоош-момун, эч кимге зыяны жок киши. Бирок жаштык кезинде жаңылышып башкага азгырылып, кийин үй-бүлөсүнө кайтып келген жайы бар экен. Кайненем каза болгонуна жарым жыл болуп калганда күйөөм кызуу болуп келди. Өзүнчө бир нерсеге кыжырданып, жумурткадан кыл издеп турган. Баарыбыз чай ичип отурсак жыйырма жыл мурунку ошол окуядан көз козгоп атасына тийишип калды. “Сен ушундай жолго барбаганыңда апам өлбөйт эле, ал сенин азабыңды тартып жүрүп өтүп кетти” деген сыяктуу ар кандай ачуу сөздөрдү айтты да, атасын сабап салды. 70ке таяп калган кайнатамда күч деле жок да, баласынын чоң муштумуна туруштук бере албай учуп кетти. Андайды көрбөгөн жаныбыз мен чырылдап ортого түшүп, балдарым ыйлап бир заматта ызы-чуу түшүп жатып калдык. Ошол ошо болду, ар кайсыны шылтоо кылып атасына кол көтөргөндү адат кылды. Мас дейин десең, кээде соосунда деле урат. Айтып койдура албай жатам. “Атанын каргышы жаман, сенин мунуңду көргөн балдарың кандай болушат? Эртең өзүн ушундай күнгө туш болуп калба” деп көп жолу тыюуга аракет жасадым. “Сенин ишиң болбосун”,-деп коёт да өз билгенин кыла берет. Кайнатама абдан боорум ооруйт. Бирок колумдан эч нерсе келбей жатат. Эмне кылсам болот? Кеңеш бериңиздерчи?! — Аноним.

Каттар тууралуу бизге инстаграмдан @lady__kg кайрылсаңыз болот.

СоӊкуЖонни, Айжан: “Балким, келечекте бирге ырдап калабыз”
КийинкиКаржы гороскобу 2021: Ким бай болот?

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here