“Күттүм ай” деген чыгармасы менен элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, Жонни деген каймана ат менен таанылган ырчы Жаныбек мырза жакында түндүк көтөрүп, үй-бүлѳ ээси болду. Жаңы үй-бүлөнү куттуктап, рубрикабызга отко киргиздик.

— Жонни, куш бооңор бекем болсун! Үй-бүлөлүк жашоо кандай башталды?
— Жонни: Чон рахмат! Үй-бүлөлүк жашообуз ойдогудай өтүп жатат. Эртең менен жалгыз ойгонбойсуң, жанымда сүйүктүү жубайым бар. Кийимим, үйүм таза, курсагым ток, кайгы-капа жок. Баары өз нугунда жакшы башталды, буюрса.
— Жубайыңыз менен тааныштырып өтсөңүз.
— Жубайымдын аты Айжан, Жалал-Абаддын кызы, бирок Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн, 20жашта. Учурда Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде билим алып жатат. Үй-бүлөдө беш бир туугандын улуусу. Айжанды бир жыл мурун ата-энем менен тааныштыргам.
— Айжан, келиндик доор кандай башталды?
— Буюрса, өзүм элестеткендей башталды. Жолдошум үйдүн кичүү уулу, андыктан биз ата-энебиз менен чогуу жашайбыз. Жаңы ата-энем мени кызындай кабыл алышты. Жаңы келгенде эки-үч күндөй сүрдөп жаттым, кийин бат эле көнүп, баарын өздөштүрүп кеттим. Азыр чогуу чай ичип сырдашып, кээде карта ойноп отурабыз. Абдан жөнөкөй үй-бүлө экен. Өз ата-энем кандай болсо, жаңы үй-бүлөм да ошондой экен, эч айырмачылык жок.
— Тойго канча убакыт даярдандыңыздар?
Ж: Тойдун идеясын жубайым экөөбүз ойлонуп, бир айдын ичинде эле даярдадык. Эң башкысы, спирттик ичимдиктер такыр коюлган жок. Калганы элдикиндей эле өттү деп ойлойм.
— Айжан, Жонни мырзанын сизге арналган “Айжан” аттуу ырын алгачкы жолу тойдон уктуңузбу?
— Мурда бул ырдын обонун угуп, жактыргам. Бирок мага арналган чыгарма болорун билген эмесмин. Тойдон сөзү менен укканда өзгөчө жылуу сезимдерге бөлөнүп турдум. Себеби буга чейин мага эч ким ыр арнаган эмес да.
— Жонни мырза, көптөн күткөн периңизди кантип жолуктуруп калдыңыз эле?
— 2018-жылы “Мария” деген ырыма клип тартуу үчүн башкы каарманга кыз издеп жатып, “Инстаграмдан таанышып калганбыз. Тилекке каршы, Айжандын ата-энеси клипке тартылууга каршы болуп, тартылбай калган. Ошентсе да сүйлөшүүнү токтотпой, анда-санда ал-акыбал сурашып жүрдүк. “Инстаграм” аркылуу жарым жылдай сүйлөшкѳн соң жолугушууну сунуштадым. Жанынан биринчи көргөндө эле жактырдым. Эки жылга жакын кыз-жигит болуп жүрүп баш коштук.

— Кайсы сапаттарына арбалдыңыз?
— Жубайым өзүнүн тартиби, ыймандуулугу, анан албетте, чырайлуу келбети менен арбап алды. Үй-бүлөсү менен таанышканда да мага ата-энеси, сиңдилери, инилери жаккан. Мен кыялданып жүргөндөй кайын журттуу болдум Кудай буюруп.
— Айжан айым, Жоннини биринчи көргөндө кандай сезимде болгонсуз? «Ырчы жигитке турмушка чыгам» деген ой болду беле мурда?
— Биринчи көргөндө өзгөчө деле сезим болгон эмес. Катардагы бир мырза деп эле кабыл алгам. Жоннинин келбетин мурда көрбөптүрмүн дагы. Бирок ырларын угуп жүрчүмүн. Ырчы жигитке турмушка чыгарымды ата-энем абдан жакшы кабыл алышты. Себеби мен кичинемден ырчы болууну кыялданчумун. Кыялымды билген атам “ырчы болсоң ырчыга эле турмушка чыгып, экөөңөр чогуу ырдасаңар” деп калчу. Атам Жоннинин ырларын угуп, чыгармачылыгын баалачу.
— Келечекте бирге ырдап чыгууңуздар мүмкүнбү?
Ж: — Балким.
— Канча балалуу болууну кыялданып жатасыздар?
Ж: — Мен кичинекей кезимден эле эки уул, эки кыздуу болууну кыялданчумун. Айжанды жолуктургандан кийин бул тууралуу сурасам, экөөбүздүн тилегибиз бир экен. Андан көп болсо дагы жакшы. Бирок азыркы кыйын жашоодо көп балалуу болуу деле оңой эмес. Эми баары Кудайдын колунда, ар бир баланын ырыскысы бар дешет.
— Айжан, чыгармачыл инсандар үй-бүлө кургандан кийин эле жоголуп кетишчү эле. Жолдошуңузга кандай колдоо көрсөтөсүз.
— Буюрса, Жонни жоголбойт, мен жолдошумду колдоп турам. Жолдошумдун чыга элек көп ырлары бар, эми биргеликте изденебиз.
— Эл көзүндө жүргөн адамдын жубайы болуу кандай экен?
— Чынын айтсам, оор эле экен. Анткени мен мындайга көнбөптүрмүн. Хейтерлер көп болуп, алар ар кандай сөздөрдү жазышат экен.
— Ж: — “Инстаграмдан жоолук, тырмак, байпагына чейин асылып жаза бергендер бар. Мен андай сөздөргө көңүл бурбай кѳнгѳм.
Айгерим Токтобай кызы
(Автордук укуктар сакталган. Маалыматты уруксатсыз көчүрүп, башка маалыматтык булактардын атынан орнотууга болбойт)