Негизгиге Акча Каржы гороскобу 2021: Ким бай болот?

Каржы гороскобу 2021: Ким бай болот?

629

2020-жыл жөнөкөй жылдардан болгон жок. Эми бардык үмүт 2021де. Астрологдор белгилешкендей, Уйдун өзүнүн мүнөзүнө жараша келаткан жыл молчулуктун, токчулуктун жылы болмокчу. Көпчүлүктүн каржылык абалы оңолуп, иштери ийгиликтүү болмокчу.

Кой (21-март – 20-апрель)

Койлорду бул жылы Күн менен Марс башкарат. Булар сизге бардык жагынан, анын ичинде каржы жаатында да артыкчылыктарды беришет. Бул жылы акчаны жоготуу коркунучу аз болгондуктан, буга чейин иш жүзүнө ашыра албай жүргөн долбоорлоруңузга ойлонбой кирише берсеңиз болот.Бирок бир талап бар: кредит албаңыз, акчага байланыштуу ар кандай оюндарга азгырылбаңыз. Кыскасы, бул жылы жылдыздар сиздин жашооңузду жакшы жагына өзгөртөт. Бирок канчалык деңгээлде өзгөрөрү өзүңүздүн аракетиңизден көз каранды. Жалкоолук жана ишке шалаакы мамиле жасоо – сизди негизги кирешеден ажыратат. Калган учурда өзүңүздүн планыңызга ишениңиз жана аны кандай кырдаал болбосун өзгөртпөңүз.

Букачар (21-апрель – 21-май)

Келе жаткан жылы Букачарлардын башкаруучусу болгон Венера планетасы аларга каржы чөйрөсүндө бир топ кызыктуу жана маанилүү окуяларды алып келет. Тилекке каршы, бардык эле долбоорлоруңуз иш жүзүнө аша бербейт. Андай учурда өзүңүздү таштабаңыз. Сиз үчүн эң маанилүү нерсе – мотивация. Эң негизгиси, акчаңызды себепсиз коротпоңуз жана жакын досторуңуз сунуштап жатса да күмөндүү долбоорлорго салбаңыз. 2021-жылдын экинчи жарымы биринчи жарымынан кескин айырмаланат. Бул убакытта сиздин ишенген, кеңеш сурай турган адамдарыңыз пайда болот. Алар сизге акчаны кантип туура иштетүү боюнча багыт бере алышат.

Эгиздер (22-май – 21-июнь)

2021-жыл Эгиздер үчүн каржы жаатында туруксуз жылдардан болмокчу. Бирок өзүңүздүн аракетиңиз менен каалаган жыйынтыкка жете аласыз. Эң негизгиси, майда максаттарыңызга алаксып убактыңызды коротпой, так коюлган максатты көздөй гана жылып отурушуңуз керек. Сизди жолуңуздан адаштырууга аракет кылгандар – жаңы тааныштарыңыз болушу мүмкүн. Андыктан өзүңүзгө гана ишениңиз. Эгерде сиздин жеке бизнесиңиз бар болсо, аны кеңейтүүгө же жакшыртууга эң ылайыктуу учур – дал ушул жыл. Ал эми жөнөкөй кызматкер болсоңуз, жетекчиңизге жакындай бериңиз. Жылдын экинчи жарымында кимдир- бирөө аркылуу акча табуу мүмкүнчүлүгүн берет. Ошентип, 2021-жылдын аягы сиз үчүн ийгиликтүү бүтөт.

Бөйөн (22-июнь – 22-июль)

Келерки жылы акча чогултуу, инвестиция жаатында Бөйөндөрдүн жолу болот. Негизгиси – мүмкүн болушунча көбүрөөк кыймылдап, өзүңүздүн кыймыл-аракетиңизге анализ жүргүзүп турушуңуз керек. 2021дин биринчи жарымы мүмкүнчүлүктөргө абдан бай болот. Алар өзүнөн-өзү иш жүзүнө аша берет деп жалкоолондуңуз дегиче баарын коё бересиз. Жеке бизнесиңиз менен алектенсеңиз, кошумча киреше түшө турган булак ачууңузду жылдыздар эскертишет. Ишиңиздеги мындай бурулуш канчалык чоң болсо, бул жылдагы кирешеңиз ошончолук көбөйөт. Жылдын экинчи жарымында мүмкүнчүлүктөрүңүз мурункудан да көбөйөт. Алардын баарына сиз жетишпейсиз, андыктан туугандарыңызга, кесиптештериңизге да мүмкүнчүлүк бериңиз. Ансыз деле сиз өзүңүзгө жетип, аша тургандай киреше табасыз. Андыктан жаңы ишке көзүңүз жетип турса, өзүңүздүн жолуңузду өзүңүз тоспоңуз, алга гана жылыңыз.

Арстан (23-июль – 23-август)

Арстандарга 2021-жылы каржы жаатында анча-мынча курмандык кылууга туура келет. Жакшы жери – мурун колуңуз жетпей жүргөн долбоорлорду иш жүзүнө ашырууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Бирок тобокелчиликке баруунун кереги жок. Бир нече секунддук эле эмоцияңыздын таасиринен улам чечим чыгарып көп акчаңыздан кол жууп калбаңыз. Бул учурда жакын досторуңуздун кеңешин угуңуз. Жылдын экинчи жарымы биринчиге караганда кызыктуу жана кирешелүү өтөт. Бул убакыт инвестиция кылууга абдан ылайыктуу.

Бийкеч (24-август – 22-сентябрь)

Бийкечтер келе жаткан жылы эки нерсени эске алуулары керек: жакын адамдарынын каалоолорун жана өздөрүнүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн. Ошондо киреше булагыңызды көбөйтө аласыз. Эгерде өз бизнесиңиз менен алек болсоңуз, өнөктөштөрдү тандоодо абдан кылдат болууну жылдыздар эскертишет. Ошондой эле эски долбоорлоруңузду жыйынтыктамайынча жаңысын баштабай туруу сунушталат. Болбосо ири каржылык тартыштыкка туш болосуз. Жылдын экинчи жарымы Бийкечтерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү белек кылат. Күчүңүздүн азайып калганына сарсанаа болбоңуз, бул убактылуу көрүнүш. Эс алыңыз, досторуңуз менен көңүл ачыңыз, бирок акча менен азгырган оюндардан алыс болуңуз. Кыска мөөнөттүк эмоцияңызды башкара албай керексиз нерсеге акчаңызды коротуп алсаңыз, кийин кайра бутуңузга турушуңуз кыйын болот.

Тараза (23-сентябрь – 22-октябрь)

Таразаларга 2021-жыл каржылык жактан жөнөкөй жылдардан болбойт. Эмнеси менен? Аларга бул жааттагы эки багыттын бирин тандоого туура келет. Экөө тең келечектүү болгондуктан, бирин тандай албай эки анжы болушат. Жылдыздар бул учурда шашпоону, болгон маалыматты жыйнап жакшылап изилдөөнү сунуш кылышат. Сизге сырттан эч кандай пайдалуу кеңеш же жардам болбойт. Баарын өз күчүңүз менен кылууга туура келет. Иштериңиз жай жүрсө да бул сиз үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Башкалардын оюна, сизди макулдатууга кылган аракеттерине көңүл бурбаңыз. Эгерде кеңседе иштесеңиз, өзүңүздүн шартыңызды жакшыртып алыңыз, бул маселе менен жетекчиликке кайрылуудан тартынбаңыз.

Чаян (23-октябрь – 21-ноябрь)

Чаяндар үчүн келе жаткан жыл каржы жаатында ийгиликтүү жылдардан болмокчу. Анткени аларды башкарган Марс планетасы бул багыт боюнча күчтүү позицияны ээлейт. Чаяндар жумушун башка кирешелүү ишке алмаштыруулары толук мүмкүн. Күтүлбөгөн жерден ири суммадагы акча коротот. Бирок бул ашыгы менен кайра кайтып келет. Эгерде бизнесиңиз болсо, бул жылы жалгыз иштөө сиз үчүн эмес. Өнөктөштөрдү табыңыз. Мындай маселеде биринчи болуп кадам таштоодон тартынбаңыз, бул эки тарап үчүн тең пайдалуу болот. Башкалар үчүн жай мезгилинде кирешесин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок жылдын экинчи жарымында мүмкүнчүлүктөр азаят. Ага чейинкилерди кармап калып баштап койгон болсоңуз жакшы, болбосо коё бердим деп эсептей бериңиз. Алдамчылардын торуна түшүп калуу коркунучу бар. Жаңы таанышууларда, жаңы иштерди баштоодо эки эсе сак болуңуз.

Жаачы (22-ноябрь – 21-декабрь)

Бул жылы сиздин башкаруучуңуз болгон Юпитер жаңыча жашоону сунуштайт. Жаңыча чечимдерди кабыл алып, жаңы замандын талабы менен иш алып барган Жаачылардын кирешеси көбөйөт. Жаңы кызмат орун же мурункуңуздан бир топ жакшы башка жумушка отуруп калууңуз күтүлүүдө. Ошондой болсо да сарамжалдуураак болууну жылдыздар сунушташат. Эң зарыл гана чыгашаларга акча сарптап, калгандарын кийинкиге жылдыра туруңуз. Ошондо жыл аягында чоң максаттарды ишке ашырууга жарай тургандай каражат чогулуп калганы байкалат.

Текечер (22-декабрь – 20-январь)

Келаткан жылда Текечерлердин каржы жаатына байланышкан максаттарынын иш жүзүнө ашышы татаал болот. Сизге кокусунан эле жакшы мамиле кыла баштаган адамдар менен мамиле түзүүдө абдан сак болуңуз. Ири суммадагы акчаңызды жоготууда ушундай адамдар себепчи болуп калышы ыктымал. Буга чейин ишенген адамыңыздын кеңешин тоготпой койбоңуз. Анын бул жолу да сизге пайдасы тиет. Жылдын экинчи жарымында каржылык абалыңыз өсүүнүн гана үстүндө болот. Буга чейинки жасаган жумуштарыңыздын жемишин көрөсүз. Ошондой болсо да жакындарыңызга байланыштуу чыгашалардан башка учурларда сарамжалдуу болуңуз. Жылдын аягында сизди акчага байланыштуу сюрприз күтөт.

Суукуйду (21-январь – 19-февраль)

Суукуйдулар да бул жылы каржы жаатында көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. Болгону, шашылыштын кажети жок. Кеңседе иштегендерге көп нерсе убада кылышат, бирок алардын бири да иш жүзүнө ашпайт. Жетекчилигиңизден айтылган убаданы аткаруусун талап кылгандан тартынбаңыз. Туура айткан болсоңуз, баары сиз ойлогондой болот. Туура эмес айтсаңыз деле сизге бардык жактан орун табылат. Бирок жумушту кышында издегениңиз оң. Ким өзүнүн бизнеси менен алектенсе, күчтүү эркке ээ болгондуктан жайында бутуна туруп калат. Акчаны иштетүүдө сөзгө эмес, өзүңүздүн интуицияңызга ишениңиз.

Балыктар (20-февраль – 20-март)

Акчага байланышкан мүмкүнчүлүктөр Балыктарда бул жылы көп болот. Ошолордун бирин эле коё берсеңиз, кийин катуу өкүнөсүз. Бирок бул жерден унчукпай жүрө берүүгө болбойт. Идеяларыңызды, пландарыңызды башкалар менен бөлүшсөңүз, буга чейин ишке ашууга мүмкүн болбогондой сезилген долбоорлоруңуздун ишке ашышына шарт түзүлөт. Бизнес менен алек болгондор үчүн ири иштерди кылууга ылайыктуу учур. Эгерде келечеги бар болсо, ири суммадагы акча жумшоодон коркпоңуз. Ал бат эле ашыгы менен кайтып келет.

СоӊкуЖолдошум атасын урат
КийинкиАйжан: Кайрылып кел, балдарымдын атасы