Үй шартында кантип арыктаса болот?
Эки айлык карантин баарыбыз үчүн эркти сыноого жакшы шарт болду десек болот. Жакындарыбызга кам көрүп, алардын ашказанын сүйүнтүү менен бирге ашыкча салмакка ээ болгондор, тескерисинче, бош убактысы көп болуп ден соолугуна, өзүнүн мүчө-келбетине кам көргөндөр да болду. Кыскасы, азыр көпчүлүк айымдар ашыкча салмактан арылуунун аракетин көрүүдө. Ал үчүн сөзсүз машыктыруучуга же фитнеске баруунун зарылдыгы жок. Үй шартында төмөнкү эрежелерди колдонуп, жыйынтык чыгарып көрсөңүз болот.
Күлкү
Илимпоздордун далилине ишене турган болсок, 30 мүнөттүк күлкү 120 калорийди эритип жок кылат. Адам күлүп жатканда курсактагы булчуңдар иштеп, ичтеги май эрийт. Эң негизгиси, күлкү стресстен арылтып, серотонин гормонун иштеп чыгат. Ал эми бул гормон иштегенде тамакка болгон табит буулат.
Ачуу тамак
Ачуу калемпирдин түрү, имбирь, куркума, корица, горчица, мунун баары күнүнө 116 калорийди жок кылганга жардам берет. Анткени ачуу тамак жегенде адамдын дене табы көтөрүлүп, анын эсебинен мурдагыдан көп калорий сарптай баштайт. Андан сырткары ачуу тамак узак убакытка чейин адамды ток тармайт. Эгерде сизде ашказан, ичегилериңизде дарт жок болсо, күн алыс ачуу татымалдар менен тамактануу сунушталат.
Бий
Британиянын Брайтон университетинин окумуштуулары бий мыкты кардио экенин жана чуркоо, велосипед тебүү, сууда сүзүүгө караганда бийлеп көбүрөөк калорий жок кылууга мүмкүн экенин далилдешкен. 30 мүнөттүк бий 293 калорийди эритет. Бий адамдын эмоциялык абалын да жакшыртат.
Баш катырма чечүү
Мээ адамдын денесинин салмагынын 2%ын түзөт. Ал эми денедеги кубаттын 20%ын мээ сарптайт. Бул болжол менен күнүнө 320 калорий. Эгер буга кошумча мээни иштете турган көнүгүүлөрдү кошсо, мындан да көп калорийди жок кылууга болот. Мисалы, ордуңузда жатып эле китеп окуу, баш катырмаларды чечүү, чет тилдерди үйрөнүү сыяктуу интеллектуалдык эмгек кылсаңыз мээңиз жогорудагыдан да көп кубатты корото алат.
Ысык жана муздак ванна
Ашыкча күч келтирбей калорий жок кылуунун дагы бир жолу – ысык, кайра муздак кылып сууга түшүү. Минтип бир саат сууга түшүү жарым саат жөө басканга барабар. Тагыраагы, экөөнөн тең бирдей эле 130 калорий сарптайсыз. Бул ыкманын пайдалуу жагы кандын курамындагы кантты төмөндөтөт, иммунитетти чыңдайт, стресстен арылтат. Ысык суунун артынан муздак сууга чайынсаңыз теринин алдына май топтолбойт.
Кыймыл
Мисалы, телефон менен сүйлөшүп жаткан учурда жатып же отурбастан ары-бери басып сүйлөшкөндү адатка айландырыңыз. Мындай ыкма менен мүнөтүнө 3-7 калорий сарптаган болосуз. Ал эми лифттин ордуна тепкичти колдонсоңуз 30-50 калорий короткон болосуз. Ошол эле учурда сыналгы көрүп жатып чаң сүртүп же башка үй иштерин аткарсаңыз да калорий сарптоонун үстүндө болосуз.
Карантин убагында арыктаган жана толгон жылдыздар
Шоу-бизнестин өкүлдөрү башкалар сыяктуу эле карантиндин пайдасын да, зыянын да көрүштү. Көбү бул убакытты чыгынып өздөрүнүн сулуулугуна, келбетине жумшашыптыр. Натыйжасы төмөнкүдөй.
Ляйсан Утяшева туура тамактанууга өттү
Карантин убагында спортчу Ляйсан Утяшева жолдошу юморист Павел Воля менен эки баласын туура тамактануу эрежесине өткөрдү. Жарым фабрикат тамактардан жана майонездерден муздаткычын тазалаган. Анын тамак жасоодогу негизги эрежеси – азыктарды узак убакытка кайнатпоо. “Азыктардын курамындагы пайдалуу заттар өлүп, ашыкча калорийге айланбаш үчүн бат-бат кууруп же бууга бышырам”,- дейт гимнастка. Ал эми салмакты көзөмөлдөп бир калыпта кармоо үчүн күндө гимнастика, йога менен машыгат. Карантин маалында онлайн машыгуу менен алек болгон. Эки баланын энеси учурда 52 килограмм салмакта.
Сергей Жуков 10 килограммга арыктады
“Руки вверх” тобунун лидери Сергей Жуков бир айда 10 килограммга арыктады. Ал карантин маалында онлайн-машыктыруучу менен иштеген. “Буга чейин мен курсакты ток кармап, бирок ошол эле учурда арыктаса болорун билбептирмин”,- дейт. Машыктыруучунун кеңеши менен ал күнүмдүк калориянын өлчөмүн 15%га кыскарткан. Курамында белок бар азыктарды көп колдонгон. 3 литрден ашык суу ичкен жана таттуулардын ордуна кургатылган жемиштин түрүн, мөмөлөрдү жана бал жеген. Азыркы салмагы 98 килограммды түзөт.
4 килограммга толгон Королёва
46 жаштагы Наташа Королёва карантин маалында 4 килограмм салмак кошкон. Буга жолдошуна тамак жасап берип ашканадан чыкпаганы себеп болгон. Азыр ырчы таасирин тез бере турган диетанын түрүн тандап жаткан кези. Учурдагы салмагы 58 килограммды түзөт. “Мен толуп кетүүгө жөндөмдүү экенимди билем, азыр спортзалга барбайм. Үйгө машыктыруучу келет. Андыктан мага жалкоолонгонго жана ал айткан эрежеге баш ийбей койгонго акым жок”,- дейт ырчы.
Максим Фадеевдин максаты 25 килограммга арыктоо
Бою 180 сантиметр, салмагы 150 килограмм болгон продюсер Максим Фадеев карантин учурунда 12 килограммга арыктаган. Эч кимге ачык айтпаганы менен анын мындай жыйынтыкка кытайлык дарыгерлердин жардамы менен жеткени белгилүү болду. Алар атайын продюсердин организмине жараша диета иштеп чыгышкан. Максим дагы 25 килограмм салмак таштоону максат кылды. Ал эми жалпысынан 60 килограмм таштаганда сакалын алам деп күйөрмандарына убада бергени бар.
Анастасия Волочкованын сыры саунада
Учурдагы салмагы 63 килограммды түзгөн балерина Анастасия Волочкова карантин учурунда салмагын сактап калмак тургай арыктай да алды. Ал ысык мончодо тердеп, көп убактысын сууда сүзүү менен өткөрөт. Ал эми күнүмдүк тамактанууда куурулган азыктарды колдонбойт, майсыз сүт азыктарына басым жасайт.
Бир собол
Карантин учурунда ашыкча салмактан арылдыңызбы же?..
Назми, ырчы: “8 килограммга толуп кеткем”
— Башында кыймылдын жоктугу, күндө ашканада түрлөп тамак жасап жеп жатып 8 килограмм салмак кошуп жибердим. Чектен чыгып баратканымды сездим дагы, дароо 10 күн “голодание” кылдым. Бул ыкманын жардамы менен 5 килограммга арыктадым. Эми 3 килограммды кетирүү үчүн фитнес залга барышым керек. Жашың өйдөлөгөн сайын ашыкча салмак көйгөй боло баштайт экен. Акыркы 3 жылдан бери фитнеске бара элек элем. Эми үзгүлтүксүз барып турам.
Салима Балтаева, ырчы: “7 килограмм арыктадым”
— Негизи, карантиндин алдында ичегилеримди тазалатып алган элем. Өзүмдү орозого даярдап койгом. Ага чейин салмагым 76 килограмм болчу, карантин учурунда туура тамактанып, зыяндуу азыктарды колдонбой карманып жаттым. Андан кийин орозо башталып калды. Анда деле ооз ачканда ашказанды чойбой жеңил тамактарга басым жасап жаттым. Ошентип, эки ай аралыгында 7-8 килограмм ашыкча салмак таштаптырмын. Өзүм толуп же арыктап кетүүгө жөндөмдүү деле эмесмин. Бирок ушинтип маал-маалы менен дене-мүчөмдү бир калыпка келтирип турам.
Гүлсүн Бостонкулова, ырчы: “Бир салмакты кармаганга аракет кылам”
— Негизи, өзүм 57-58 килограмм менен жүрчүмүн. Карантин маалында 3 килограмм коштум дагы, кайра орозо учурунда ошол эле ашыкча салмакты жок кылдым. Өзүм дайыма туура тамактанууну карманганга аракет кылам. Үй-бүлөбүз менен сууну көп ичебиз. Эртең менен дайыма ачкарын суу ичем, 30 мүнөт көнүгүү жасагандан кийин гана тамактанууга өтөм. Жатарда тамак ичпейм.
Анара Дүйшөналиева