Эркектер эмнени каалашат? Күйөөңүздү бактылуу кылыңыз
Жолдошуңуз үчүн идеалдуу аял болууну каалайсызбы? Ал сизден эмнени каалашын билип алып, төмөнкү жөнөкөй эрежелерди колдонуп аны бактылуу кылыңыз.
- Башкалардын көзүнчө мактаңыз. Эгерде аял күйөөсүнө болгон ыраазычылыгын башкалардын көзүнчө билдирсе, бул эркекке жагат. Башкалардын алдында кандайдыр бир жоопкерчилик пайда болгондой сиздин мактооңузга татыктуу болууга аракеттенет.
- Эркектер да белек алганды жакшы көрүшөт. Чогуу дүкөн кыдырып жүргөндө ага жаккан нерсени билип алып, кийинки жолу барып сатып алыңыз да, ага белек кылыңыз. Эркек үчүн бул абдан жагымдуу болот. Ошондо ал дагы сизди белектер менен кубандыргысы келет.
- Даамдуу тамак. Тамак чындыгында эле эркектин жүрөгүн багындыруудагы мыкты курал болуп эсептелинет. Эгерде тамак жасаганды билбесеңиз буга маани бербегендей түр көрсөтүп коюшу мүмкүн. Бирок чындыгында андай эмес. Бир күнү өзгөчө тамак жасап көрсөңүз, анын реакциясын байкайсыз.
- Сиз менен сыймыктансын. Ар бир эркек өзүнүн жанында келбеттүү, сулуу, жарашыктуу кийинген аялдын жүрүшүн каалайт. Ошондой аял менен эркектер сыймыктанышат, бактылуу болушат.
- Жагымдуу нерселерди жасап туруңуз. Бууланып турган күзгүгө же кагазга жүрөкчөнүн сүрөтүн тартып чөнтөгүнө салып койсоңуз, жумушта жүргөндө жылуу сөздөрдү жазып билдирүү жөнөтсөңүз, бул майда нерселер күйөөңүздү бактылуу кылат. Бирок бардык нерсенин чеги менен болгону жакшы. Мындай нерселер менен жолдошуңузду тажатып албаңыз.
- Сизге керек экенин ар дайым билсин. Өзүн эркек катары сезип жашоого жол бериңиз, сиз андан көз каранды экендигиңизге ишендириңиз. Өзүнүн сизге керек экенине чындап ишенгенде байланып калат.
- Кээде ага жалгыздык керек. Кандайдыр бир убакытка жалгыз болуп башындагы ойлорун иретке келтирип алуу ар бир адамга керек. Анан да ар бирөөнүн жеке өзүнө таандык мейкиндиги болууга тийиш. Күйөөңүздү маал-маалы менен ошол мейкиндикке ээ кылып турсаңыз, ал сизди мурункудан да сыйлап калат.
- Жыгылып баратканда колдоп туруңуз. Эркек адамдын эң жаман көргөн сөзү: “Мен сага айтпадым беле!”. Бул сүйлөм аны ыза кылгандан тышкары өзүн-өзү баалоосун төмөндөтөт. Андыктан жолдошуңуздун кайсы бир иши оңунан чыкпай турган учурда аны сындабаңыз, жөн гана колдоңуз.
- Кеңеш сурап туруңуз. Пайда болгон майда маселелерди да өзүңүз чечпей андан кеңеш турап туруңуз. Үй тиричилигинде эркектин ролун өз моюнуңузга албаңыз. Айтканын кунт коюп угуп, маселени чечүүдө аны колдонгонуңузду көргөн күйөөңүз өзүн алда канча бийик сезип бактылуу болуп калат.
- Өзүн жаман сезип турганда кучактаңыз. Бул жерде ашыкча сөздүн кереги жок. Жөн гана кучактаңыз. Кайгырып же кандайдыр бир маселеге кабылып турганда эле эмес, кучакташууну адатка айландырсаңыздар ал да, сиз да бактылуу болосуздар.
- Комплимент айтуудан тартынбаңыз. Эркектер деле комплиментти жакшы көрүшөт, жөн гана жакшы көрбөгөндөй түр көрсөтүшөт. Бирок айтылган комплимент чын жүрөктөн чыгыш керек. Жасалмалуулукту, калпты алар дароо сезишет.
- Жакындарын сындабаңыз. Анын ата-энеси, бир туугандары, эгерде сизге чейин үй-бүлөсү болгон болсо алар тууралуу эч качан жаман сөз айтпаңыз. Атүгүл жумушу тууралуу жагымсыз сөз айтып сындаганыңыз күйөөңүзгө жакпайт.
- Кандай болсо ошондой кабыл алыңыз. Аны өзүңүз каалагандай кылып өзгөртүп алам деп аракет кылбаңыз. Баары бир өзгөртө албайсыз. Же чогуу өзгөрүңүздөр, же кандай болсо аны ошондой кабыл алыңыз.
Эркектин бактысыз экенин билдирүүчү белгилер:
- Ал кечинде жубайы менен мурункудай сүйлөшүп, өткөн күндөгү окуяларды талкуулабай калат. Келечекке чогуу план түзүп, максат коюуну токтотот. Анткени сөз арасында ашыкча сөз айтып алуудан коркот. Ошондуктан андан көрө унчукпай коюуну туура көрөт. Кээде эркектер сүйлөшкүсү келбей жатканын ачык айтат.
- Майда-чүйдө нерселерге карата нааразычылыгы күчөп кыйкымчыл болуп кетет. Аялы канчалык аракет кылса да жактырбай жумурткадан кыр издеп турат.
- Мисалы, мурун сизге жагымдуу маанай тартуулоого аракет кылып ресторанга, киного чакырып турса, эми антпей калат. Түнт болуп кетет.
- Үйгө кирери менен телевизорго, телефонго же китепке “жармашып”, ошо менен убакыт өткөрөт. Алардан башка жашоо жоктой сыртта болуп жаткан нерселерге кайдыгер мамиле кылат.
- Сиз ал үчүн көзгө көрүнбөс жанга айланасыз. Чачыңыздын түсүн өзгөрткөнүңүз, арыктаганыңыз, жарашыктуу жаңы кийим сатып алганыңыз, булардын баары көз жаздымда калат.
- Үйдө өзү жалгыз болобу, көчөдө достору менен болобу, көп ичип калат.
- Айланасына сизге чоочун адамдар топтолот. Алар менен сизди тааныштыруу тууралуу ою жок болот.
- Өтө эле көп убактысын жалгыздыкта өткөрөт. Ар бир адамдын өз мейкиндигинде жашоого акысы бар. Бирок белгилүү бир убакытка гана. Эгерде жолдошуңуз жалгыздыкты көп каалап, дем алыш күндөрүн да жалгыз өткөргүсү келсе, бул анын бактысыздыгынан кабар берет.