Негизгиге Интервью Жашоого боёк кошкон улуу сезим – сүйүү

Жашоого боёк кошкон улуу сезим – сүйүү

661

Жашоого боёк кошкон улуу сезим – сүйүү

Сүйүү бул – сезимдердин падышасы. Мындай сезимге кабылган адамдын көкүрөгүн тоону томкоруп жиберчүдөй күч ээлейт. Белгилүү инсандарга махабат тууралуу ар кандай суроолорду берип, кызыктуу жооп алганга аракет кылдык.

Сүйүктүүңүздүн жүрөгүн багындыруу үчүн канча убакыт талап кылынган?

Бакыт Осмонканов, режиссёр: “9 жыл кыз-жигит болдук”

— Келинчегим экөөбүз 10-класста окуп жүргөн окуучу кезибизден бири-бирибизди жакшы билебиз. Ага кыз-жигит болуу сунушун киргизип, бир жылга чейин оюн көрүп эле сүйлөшүп жүрдүк. Андан кийин гана бизде чыныгы махабат учкундары ойгонуп, ошондон кийин тогуз жыл кыз-жигиттик мамиледе болуп жүрүп баш кошконбуз.

Бир көрүп сүйүүгө ишенесизби?

Ильгиз Абдалиев, ырчы: “Бир көрүп сүйүп, экинчисинде үйлөнүү сунушун киргизгем”

— Өзүм башымдан өткөргөнүм үчүн мен ишенем. Келинчегимди бир көрүп жактыргам. Классташ кызым “ушул кыз менен сүйлөшүп көрбөйсүңбү?” деп сүрөтүн көрсөткөндө эле жүрөгүм башкача соккон. Биринчи жолугушууга чакырып сүйүп калдым. Экинчисинде “мага турмушка чыгасыңбы?” десем келинчегим нес болуп, бирок 15 мүнөттөн кийин эле макулдугун берген. Келинчегим менден 12 жашка кичүү, ошондуктан “чын эле алган жатасыңбы, жаш кыз да, ойнотпойсуңбу?” деген сөздөр болгон. Үйлөнөрүмдү досторума айтсам алар да ишенбей коюшкан. Жадакалса жакын досум Аваз Акимов ишенбей келбей койгон.

Сүйүктүүңүзгө сүйүүңүздү кантип билдирип турасыз?

Алтынай Нарбаева, КРнын Эмгек сиңирген артисти: “Сезимимди мамилем аркылуу билдирем”

— Сөзсүз түрдө эле “сени сүйөм” деп айтпастан, муну жакшы мамиле менен билдирсе болот. Мисалы, мен жолдошумдун маанайын көтөрчү сөздөрдү билем, ал сөздөрдү көп айтып турам. Ага арнап танбай жеген сүйүктүү палоосун, оромо, манты деген тамактарынан эринбей жумуштан чарчап барган күндө дагы жасап берем. Жүзүмдүн кыямын жакшы көрүп жегени үчүн атайын ага карап жайында жүзүмдүн кыямын көп жасайм. Ушундай көңүл буруум менен эле жолдошума болгон сезимимди жеткирип турам.

Жолдошуңузду канча убакыт сагынбай жүрө аласыз?

Айнура Салахидинова, ырчы: “Жолдошумсуз бир жума чыдасам керек”

— Жаңы турмуш курган маалдарда жолдошумду бир күн көрбөй калсам же үйгө келчү убактысынан кечигип баратса сагынып, улам чалып качан келерин сурай берчүмүн. Азыр 3-4 күнгө чейин айылга кетип же башка иштери менен жүрө берет. Көңүл токпу же кандай билбейм, анчалык катуу деле сагыныч болбойт. Мындан улам бир жумага чейин балдарыма алаксып жүрө берип, андан соң чыдабай сагынсам керек деп ойлоп жатам.

Канча жолу баш айланткан сүйүүгө кабылгансыз?

Эржан Осмонов, актёр: “20 жашымда каршылыктарга карабай үйлөнүп алгам”

— Жубайым менин баш айланткан биринчи сүйүүм болгон. Айылдан келип жогорку окуу жайда окуп жүргөндө мындай сүйүүгө кабылгам. Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп мен 20, ал 17 жашында ата-энебизге үйлөнөрүбүздү айтсак “жашсыңар, эрте” деп каршы болушкан. Бирок ага карабай үйлөнүп алганбыз. Азыр, Кудайга шүгүр, үч балалуу бактылуу ата-энебиз.

Сүйүктүүңүзгө “мен сени сүйөм” деп бир күндө канча ирет айтасыз?

Камчы Сарыбаев, актёр: “Келинчегиме “сүйөм” деп такыр айткан эмесмин”

— Келинчегимдин көзүнө карап бир да ирет бул сөздөрдү айткан эмесмин. СМС-билдирүү аркылуу жазган учурларым болгон. Мен келинчегиме болгон сүйүүмдү мамилем аркылуу жеткирем. Өөп, жылуу сөздөрдү айтып турам. “Балдарымдын апасы, кайнатамдын кызы, боорсогум” деп эркелетем. Күнүгө айта бергенден көрө ошону иш-аракетиң менен билдирип туруу таасирдүүрөөк.

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуБалаңыздын акылдуу болушун кааласаңыз, туура тамактандырыңыз
КийинкиЖамал Сейдакматова кечээ жана бүгүн