Жамал Сейдакматова кечээ жана бүгүн
“Атактуунун альбому” рубрикабыз аркылуу элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон белгилүү инсандардын альбомун барактап, сизге кызык болгон сүрөттөрү тууралуу сөз кылабыз. Рубрикабыздын бүгүнкү каарманы театр жана кино искусствосунун чебери, КРнын Эл артисти Жамал Сейдакматова болмокчу.
“Мен үчүн кымбат сүрөт”
8-классымда жатакананын алдында тартылган бул сүрөт мен үчүн абдан кымбат. №5 мектепте окуп жүргөндө интернатта турчубуз. Баарыбызга ушундай окшош пальто, күрөң көйнөк, ак жана кара түстөгү эки фартук, бут кийимдерди беришчү. Ал убакта сүрөткө аз тартышчу да, анан бир түшкөндө жакшылап түшөйүн деген ой менен өзүмдү ырчы элестетип түшкөн окшойм. Негизи, бала кезимден ырчылыкка жакын болчумун. Мектептеги ырдоо ийримине катышып, ар кандай сынактарда ырдап жүрдүм.
“Театрга алгачкы кадам…”
17 жашымда “Бийик жерде” спектаклиндеги Чолпон деген кыздын ролун ойноп, биринчи ролумду жараттым. Ата-энесин өлтүрүп үйүнөн алып кетип баратканда белиндеги бычакты алып, ичин жарып качып кетет эмеспи. Репетиция башталганда жыгачтан жасалган бычакты алып саяр учур келгенде эле күлкүм келет. Экинчи күнкү репетицияда да күлкүмдү тыя албай койдум. Анан залда отурган агайым мени чакырып: “Жамал, сен атаңды жакшы көрөсүңбү? Эгерде аны бирөө өлтүрүп кетсе кандай болот элең?”- деп сурады. Мен “атамды эч ким өлтүрбөйт” деп ыйлап жибердим. Ал болсо “мына, көрдүңбү, эртең ушуну эстеп ойно” деп айтты. Чын эле эртеси эстеп алып бакырып-өкүрүп жыгач бычак менен Алдей байкени койгулай бериптирмин. Ал байке “Жамал, бул мен, акырын” деп токтоткону эсимден кетпейт.
“Өнөр жолунан тапкан курбум Мираида Далбаева”
Кыргыз Эл артисти Мираида Далбаева экөөбүз курбу болуп, турмуш жолуна да бир убакта аттанганбыз. Тактап айтканда, курбум Сатыбалды Далбаевге, мен болсо Болот Шалтаевге өмүрлүк жар болуп бардык. Кийин да Мираида экөөбүз көп жылдар бою театрда бирге иштедик. Болоттун да, Сатыбалдынын да көзү өтүп кетти. Мираида экөөбүз болсо азыр да көрүшүп ал-акыбал сурашып, катташып турабыз.
“Келиним менин жаш кезиме окшош”
Бул 1950-жылы 1-майда майрамга карата уюштурулган парадга чыкканда тартылган. Сүрөттө Мираида жана Сатыбалды Далбаевдердин эң улуу кызы Айнура. Айнура азыр Англияда турат, үй-бүлөсү, неберелери бар. Ушул сүрөтүмдөгү келбетимди көпчүлүк келиним Асел Чоткараевага окшоштурушат.
“Бешикти тепкениме азыркыга чейин өкүнөм”
Бул сүрөт отуз жашка барып калганда, “Ак боз ат” спектаклиндеги Эркайымдын ролун аткарганда тартылган. Негизи, бул ролду Мираида Далбаева ойношу керек эле. Бирок Мира Москвага жолдошунун көзүнө операция жасатуу үчүн кетип, кайра келе албай калганда мага сунушташкан. Эркайым көпкөн аял болот. “Уул балалуу болгун” деп кайненеси бешик берсе, “уулуңдун мага кереги жок” деп бешигин тээп жиберген жери бар болчу. Өзүмдүн кош бойлуу, “мына төрөйм” деп жүргөн кезим болгондугуна карабай баш тартканды билбей макул болгом. Бешикти тебе турган жерине келгенде “кош бойлуу аял бешикти теппейт” деген оюма кылт дей түшүп, оюмду токтоткончо болбой бутум тээп жиберди. Ошонун эртеси эле балам боюмдан түшүп калган. Негизи, ырым-жырымдар бекеринен айтылган эмес, ошол нерсени эске албай койгонума алиге чейин өкүнөм.
“Сулуулуктун сыры”
Мында өзүм отузга барып калсам дагы жаш кыздын ролун аткаргам. Негизи эле мага өзүмдүн жашымдай образдарды беришчү эмес. Тынбай спорт менен машыгып, атайын бийлөө залдарына барып бийлечүмүн, абдан көп кыймылдачумун. Азыр деле 80ге чыкканымды айтсам ишенбей “коюңузчу” деп калышат.
“Унутулбаган монолог”
Шекспирдин “Укрощение строптивой” спектакли үчүн атайын ушундай чач жасалга жасашкан. Ал кезде чачым калың, анан узун болчу. Спектакль15 жыл укмуштуудай кабыл алынып көрүлгөн. Ошончо жыл бою керек болсо күнүгө тажабай, тескерисинче, ырахаттанып аткарган ролум болду. Ошол монологду азыр да жатка айтып бере алам.
“Уулум – менин сүрөтчүм”
Менин көп сүрөттөрүмдүн автору – уулум. Уулум композицияны жакшы тандап, өзгөчө сүрөттөрдү жаратат. Кайдан жакшы пейзаж көрсө эле мени алып барып тарта берет. Бул жерде өрүктүн гүлдөгөн маалы эле. Беш-Күңгөйгө бара жатканда гүлдөгөн өрүктү көрүп калып, атайын унаадан түшүрүп алып мени жалгыз тартып, андан кийин уул-келиним, неберелерим менен баарыбыз бирге түшкөнбүз.
“Сүйүктүү неберем менен”
Быйылкы жылы 80-жылдык юбилейимди ресторандардын биринде өткөрдүк. Бул салтанаттуу кечеге келген коноктордун бардыгы менен сүрөткө түшкөм. Ал эми бул сүрөттө менин эң сүйүктүү, кичинекей неберем Сезим. Сезимим төрт жашта. Неберемдин кыял-жоругу, эркелегени, баскан-турганы, атүгүл, ырдап, бийлеп жибергенинен бери мага окшош. Ушундан уламбы, аны бөтөнчө жакшы көрөм.