Нурзат Токтосунова, алпаруучу: “Мурдагыдай көп акча таба албасам да ачка калбайм”
Сөзүнөн чаң чыккан алпаруучу Нурзат Токтосунова социалдык тармактар аркылуу элге видеокайрылуу жасап, көп жылдан бери тилек кылып жүргөн ниеттеринин бири орундалып жоолук салынганы тууралуу айтты. Нурзат айымдын жашоосундагы күтүлбөгөн жаңылыктары, жеке жашоосу тууралуу азыноолак маек курдук.
“Бул күндү көп жыл күткөм”
Нурзат айым, сизге жоолук салынууга кимдир-бирөө түрткү болдубу же бул жеке өзүңүздүн чечимиңизби?
— Менин айланамдагы адамдардын көпчүлүгү эле намаз окуган адамдар. Алардын арасынан менин жоолук салынуума Айжан Акылбекова, Жазгүл Жамангулова, Сумая Асанова деген курбуларым себеп болушту. Негизи, өзүм деле бала кезимден динге жакын болуп чоңойдум. Атам фатиха сүрөөсүн кичине кезимде эле үйрөткөн. Студент кезимде да динге жакын чөйрөдө жүрдүм. Бул кадамым көпчүлүк үчүн таң каларлык болуп жатканы мага кызык болду. Атүгүл айрымдар “эми араб болуп кетесиңби?!” деп күлкүмдү келтирип жатышат. Менин оюмча, жан дүйнөсү жарды, эч качан китеп окубаган адам гана башка бирөөнүн маданиятына бат кирет. Мен башымдагы жоолук эч нерсени өзгөртпөй тургандыгын баса белгилегим келет. Мурда жоолук салынып жүргөндөрдү карап суктанып, бирок “той алып барбай каламбы, тиги көйнөгүмдү кийбей каламбы?..” деген ар кандай шылтоолор менен чечим кабыл ала албай келгем.
Анан акыркы чечимди кантип кабыл алдыңыз?
— Мен мурда “Умрадан келгенден кийин жоолук салынам” деп Айжанга айткан болчумун. Айжан келгенден кийин эмес, Умрага барарда кийип баруумду сунуш кылган. Анан Кудай мага быйыл Умра сапарын насип кылыптыр. Кетерге эки күн калганда Айжан “биздин келишим күчүндөбү?” деп сурады эле, “албетте” деп сүйүнүү менен салындым.
Жакындарыңыз бул кадамыңызды кандай кабыл алышты?
— Биз үй-бүлөдө беш бир тууган болсок, үчөөбүз кызбыз. Бала кезибизде атамдын азаны менен ойгончубуз. А энем болсо кыздарын кенедей кезибизден жоолук салынууга үйрөткөн. “Чачыңар тамак-ашка түшөт, жыйнагыла” деген апамдын биринчи сөзү болчу. Эшиктен кирерибиз менен жоолук салынып, чыгарда чечип жүрчүбүз. Ошондуктан бир туугандарыма да бул жаңылык болгон жок, анын үстүнө алардын арасында да жоолук салынып жүргөндөрү бар. Менин көптөн бери жоолук салынууга даярданып жүргөнүмдү жолдошум билгендиктен, ага деле күтүүсүз болгон жок.
Эми тамадалык ишиңиз эмне болот?
— Шариятка каршы арак-шарап болгон, шаан-шөкөттүү жерлерде боло албай калам. Алып баруучулук менин жашоом, сүйүктүү жумушум, ошондуктан мамлекеттик, маданий чоң иш-чараларды алып барууну уланта берем. Тойдун башкача форматын сунуштап, ичимдиксиз, ысырапкерчиликсиз тойлорду алып барганга аракет кылам. Анан үч жылдан бери кандидаттык диссертациямды бүтүрө албай келем, ошонун үстүндө иштейм. Андан сырткары жогорку окуу жайдагы “Нур” академиямдагы мугалимдик кесибимди аркалайм. Айтор, менде жумуш көп. Мурдагыдай көп акча таба албасам дагы ачка калбайм деп ойлойм.
Гардеробуңуздагы кооз көйнөктөрүңүздү эмне кыласыз?
— Гардеробумду жаңыртып баштадым. Эми деле айымдардын чөйрөсүндө кийсе боло турган эски кийимдеримди калтырдым. Калганын жакындарыма таратып жатам. Айрым кийимдеримди күйөрмандарым сатып алат элек деп сурап жатышат. Андан улам сатуу тууралуу да ой келүүдө. Муктаж адамдарга да берсем дейм.
Социалдык тармактарда “мурдагы сүрөттөрүңүздү өчүргөнүңүз оң» деген пикирлер айтылууда. Буга кандай карайсыз?
— Ооба, айрымдар жоолукту чектөө катары көрүп, жылаңбаш түшкөн сүрөттөрүмдү өчүрүшүм керек деп ойлошот экен. Сүрөттөрүм менин тарыхым да, аларды өчүрүп, эч жакка барбай бир бурчта отуруп калгандан деле өздүгүм өзгөрбөйт болушу керек. Бирок “көч бара-бара түзөлөт” дегендей, шариятта кандай шарттар туура болсо бара-бара ордуна келет буйруса.
Кызыңыз жакында эле бир жашка чыкты, кандай кылык-жоруктары менен сиздерди кубантып жатат?
— Кызым абдан таттуу болуп турган чагы. “Кел өбүшүп койчу” десем чуркап келип өпкөндү үйрөндү. “Ата”, “апа” деген сөздөрдү аз-аздан айтып жатат. Жашын “бир” деп айтканды билет. Айтор, күндөн-күнгө жаңы кылыктары менен бизди кубантып жатат.
Өзүңүз кандай апа болуп жатасыз?
— Кызым мени үйдөн чыгарбай ээрчип калды. Ар дайым жанында боло албай анча жакшы эмес апа болуп жатам го. Убактым болсо күнү-түнү деле кызым менен отургум келет. Дегеле бала тарбиялоодо ар дайым кучактап, жакшы көрүп тургула деп айтар элем. Кызым тарбиялуу, кыргыздын улуттук баалуулуктарын билген кыз болуп чоңойсо деп тилек кылам.
Иштеп эле жүргөнүңүздү көрөбүз, бул учурда кызыңызды ким карап турат?
— Кызым төрөлгөн күндөн баштап эле апам менен эжем каралашып турушат. Ошол себептен бала багууда менде эч кандай маселе жаралган жок.
Кызыңыздын сүрөттөрүн социалдык тармактарга чыгарбайсыз. Элдин көзүнөн коркосузбу?
— Азыр эмес, кызым чоңойгондо деле социалдык тармактарга чыгарбайм. Кээде чоң эле өзүмө да элдин көзү, сөзү өтүп калган учурлар болот. Андайда дем салдырып жатып араң өзүмө келем. Кызым үчүн бул оор болот. Келечекте дагы балалуу болсом, дегеле үй-бүлөлүк бакытты сактап калуу үчүн жеке жашоомдогу көрүнүштөрдү элге жарыялабоону туура көрдүм.
Бүгүнкү күнү гив оюну абдан популярдуу болуп, уюштурбаган киши калган жок. Арасында сиз да барсыз. Чубак ажы бул тууралуу терс пикирин билдирди эле, динде кандай экендиги тууралуу маалымат алдыңызбы?
— Бул жерде биз жаман нерсе уюштурган жокпуз деп ойлойм, адамдарга белек тартуулоо динге каршы келбейт болушу керек деген ойдомун.
Айгерим Токтобай кызы. Леди KG
(Маалымат порталдарына : макаланын текстин уруксатсыз көчүрүп алууга, уруксатсыз өз булактарынын атынан бөлүшүүгө тыюу салынат. Редакция)