Борбор шаардагы карылар менен мүмкүнчүлүгү чектелгендерди камкордукка алган имаратка Эл аралык карылар күнү деп белгиленген 1-октябрь күнү баш бактым. Жалпы кызматкерлер жашоочуларына майрамдык маанай тартуулоонун аракетинде тызылдап чуркап жүрүшүптүр. Ал эми жүзүн бырыш желелеп, колун таяк ээлеген ата-апалар адеми санаган кийимин кийип, майрам үчүн кабактарын ачып отурууга аракеттенип жатышты. Ага карабай алардын ар биринин карегинде канчадан бери уялап келаткан кайгы баш багып, ууртундагы алсыз жылмаюуга үшкүрүк үндѳшѳт. Бул туракта иштегендер да, жашагандар да бир ооздон “кѳчѳдѳ каралбай калганча бул жер алда канча жакшы” дешти. Тѳрдѳ отурчу карылардын эч кимисин бул жерге ыраа кѳрбѳй турсам да, аргасыз бул пикирге макул болуп узадым. Ары маңдайга жазылган жазууну биз ѳчүрѳ албайт эмеспизби.
Гүлүйпа апа, карылар үйүнүн ардагерлер кеңешинин тѳрайымы: “Бул жердин шартын билгенге уулумдун санаасы тынч”
— Бул жерде жашаганыма 13 жыл толду. Келгениме бир жыл болгондон кийин ардагерлер кеңешинин тѳрайымы болуп шайлангам. Азыр 83 жаштамын, 23 жашымдан бери эл менен иштеп келаткан адаммын. Ансыз мага болбойт. Ошол себептен бул жердеги китепкананы, музейди, концерттик залды ѳз кѳзѳмѳлүмѳ алгам. Китепкананы иштетем. Сырттан келген китепканачы бизге чыдабайт экен. Себеби жашоочулар түн ичинде деле, эс алуу, майрам күндѳрү деле китепканага келе беришет. Китепкана бек болсо капаланышат. Ошондуктан “күн-түн ушул жердемин, мага эле бергилечи, тейлеп берейин” деп баарын ѳткѳрүп алгам. Бул кызматка акы албайм. Болгон жашоом ушул жерде ѳтүп аткан соң чын дилим менен иштейм. Ѳзүм эки уул, бир кыздын энеси элем. Кичүү баламды унаа коюп кетип каза болуп калган. Күйѳѳм менен илгери эле ажырашкам, жаш аял алып кетип калган. Балдарымды чоңойтуп, үйлѳнттүм. Тилекке каршы, эки келин бир үйгѳ батпай коюшту. Айлам кетип 3 бѳлмѳ үйдү сатып экѳѳнѳ эки үй алып бердим. Улуу балам азыр да ошол мен алып берген бир бѳлмѳ үйдѳ жашайт. Кичүүм “апа, жер үй алалы, улап курап, сизге ѳзүнчѳ бѳлмѳ салып берем” деген. Тилегине жетпей эрте жашында каза болуп калды. Айла жок кызымдыкына бардым. Бирок кыз бала менен жашоо кыргыздарга жарашпайт эмеспи. Анан бир таанышымдын сунушу менен ушул жерге келип жайгашкам. 70 жашымдан бери ушул жер менин үйүм. Уулум орус мүнѳз болуп ѳсүп калгангабы, менин мында жашашымды кадыресе нерсе караты эле кѳрѳт. Бул жерде шарт жакшы экенин билет да, санаасы тынч. Кызым дайыма кабар алып турат. Алты неберем, үч чѳбѳрѳм бар. Неберелерим гүл кѳтѳрүп келип кѳңүлүмдү кѳтѳрүшѳт. Бүгүн да улам бири келип карылар күнү менен куттукташууда.
Дамира: “Сиңдимдин алып кетишин күтүп жүрѳм”
— Ѳмүрүмдѳ карылар үйү тууралуу ойлонуп кѳргѳн эмес элем. Тагдыр экен, былтыртан бери ушул жердин тамагын ичип жашап жатам. Мен ѳмүрүмдѳ тѳрѳгѳн эмесмин. Жолдошум экѳѳбүз сегиз жыл жашап балалуу боло албай ажырашканбыз. Ал кийинки аялынан да балалуу болгон жок. Кѳрсѳ, күнѳѳ анда экен, ѳзү да, кайненем да менден жашырып коюшуптур. Кийин тѳрѳт үйүнѳ кезекке туруп энеси эмизбей качып кеткен 10 күндүк кызды багып алгам. Кызым “Манас” университетинде окуп, Түркияга практикага барган. Ошол жактан аны түрк жигит жактырып калыптыр. Мекенибизге келип колун сурады. Таптакыр каршы туруп “мен да жалгызмын, бул да жалгыз, бербейм” дедим. Бирок кѳшѳрүп гана туруп алды. Кызымдын да кѳңүлү бар экен, акыры күйѳѳ балам экѳѳбүздү тең Анталияга алып кетти. Ошол жакта кызымдын жанында болом деп шаар четиндеги үч бѳлмѳлүү үйүмдү сатып, эч нерсемди калтырбай таратып кеткем. Бирок кѳп ѳтпѳй ооруп, гемодиализге муктаж болуп калдым. Алардын мыйзамы сырттан келген оорулууларды артка кайтарат экен. Ошентип, мага Анталияда дарыланып жашоого мыйзам жол бербей койду. Бир чети “ѳлсѳм ѳз жеримде коюлганым артык” деп келе бердим. Аяктан бир дарыгер “силерде аппараттар начар, узак жашабайсың” деди. Ошондо мындан ары кызымды кѳрбѳй калам го деп болгон сырды айттым. Байкуш кызым “менин апам сиз элесиз, антип айтпаңыз” деп ыйлады. “Балким, тѳрѳгѳн энеңди издеп таап аларсың?” деп да сунуштадым. “Жок, эч кимди издебейм. Менин бир гана апам бар” деп болбоду. Азыр кызым менен күн сайын видеочалуу менен сүйлѳшүп, неберелеримди кѳрүп турам. Кара-Балтада иним бар. Ал тосуп алып, ошонукунда элем. Бирок борборго гемодиализге келип кетүү кыйын болуп калат экен. Ошол үчүн бул жерге ѳзүм келип алдым. Италияда бир сиңдим иштеп жүрѳт. Жакында шаардан үй алды, эми ѳзү келсе сиңдим мени алып кетет. Күтүп жатам.
Ашырбү: “Бул жердеги жашоомо абдан ыраазымын”
— Ѳмүрүм Жалал-Абаддын бир айылында ѳткѳн. Жалгыз уулубуз кѳп жылдан бери Орусияда иштеп жүрүп, ошол жактын жараны болуп алган. Үй-бүлѳлүү, эки баласы бар. Жолдошум ѳтүп кеткен соң жалгыз калдым. Жетимишке таяган адамга айылдын кышы оор. Кѳмүр түшүрүп, от жагуу кыйын. Ошондо борбордо жашаган бир тууган иним кыштап кетүүгѳ шаарга чакырды. Бир күнү телевизор кѳрүп отурсам ушул жерди кѳрсѳтүп калды. Аябай кызыктым да, келинимди барып кѳрүп келчи деп жибердим. Жакшы экенин айтып келгенде андан бетер кызыгып ѳзүм келип кѳрдүм. Бул жакта жашайм деп чечкенимде келиним аябай каршы чыкты. Тызылдап “жалгыз эжесин эки кабат үйүнѳ батырбай коюшуптур” деп кеп кылышат дейт. Ырасында инимдин жашоосу аябай жакшы. Мага бир бѳлмѳнү бѳлүп берип коюшкан. Бирок баары бир ѳз үйүң болбогон соң кысыла бересиң. Ошентип келип эки жылдан бери жашап жатам. Уулум угуп алып абдан капа болду, ыйлады. Жашоосу, иши ошол жакта болуп атса, башка айла болбосо эмне кылабыз? Кыргызстанга келгенде келип учурашып турат. Иним каза болуп калды, азыр келиним жума сайын мен жакшы кѳргѳн тамактарды жасап алып келип турат. Кээде үйүнѳ алып кетет. Бул жакта жашап жатканым бара-бара тааныштарга да угулду. Чалып алып ар кайсыны айтышат. Баарына “мени менен ишиңер болбосун. Үйдѳ жашаганымда бирѳѳң келип алдыма аш салып, очогума от жагып бермек белеңер. Бул жерде баары сонун” дедим.
Венера, тазалык кызматкери: “Каза болгон карынын ордун жоктоп жаман болом”
— Эже, бул жерде иштегениңизге канча болду? Кандай милдет аткарасыз?
Жыйырма жыл мурун санитарка болуп ишке киргем. Азыр тазалык башчысымын. Бул арада жетекчилерден бери алмашып отуруп илгертен иштеп келаткандардан экѳѳбүз элебиз. Биздин негизги милдет – карылардын тазалыгын кѳзѳмѳлдѳѳ. Жума сайын шейшептерин алмаштырып, жуунтуп, кирлерин жууйбуз. Карыларыбыз жумасына бир жолу сууга түшүшѳт.
— Жумушуңуздун эң оор бѳлүгү кайсы?
Бизде тѳшѳктѳ жатып калган жашоочулар да бар. Аял, эркек деп бѳлбѳй аларга такма жалаяк салып, булганып калганда алдын жууп, тазалайбыз. Ушул эң оор. Жаш кезимде жийиркенип, кыйналчумун. Азыр кѳнүп калгам. Карылардын оор абалын түшүнүп чын дилимден тазалап берем. Күнүгѳ кылган ишибиз окшош, бир күндѳ бир нече жолу кайталанат. Айрым апалар ич кийимин жууп берүүбүздү суранышат. Милдетибиз болгон соң жууйбуз.
— Мындан жеңил жумуш издегендирсиз? Бул жерде айлыгыңыз канча?
Жаңы келген кезде 800 сом алчумун. Кѳтѳрүлүп отуруп жыйырма жылда 8 000 миң сомго жетти. Жакындарым кѳп жолу башка жумуш сунушташкан. Бирок мен бир кѳнгѳн жеримден кете албайт экенмин. Кыйынчылыктарына деле кѳз жумуп иштеп келатам. Акыркы кезде бул жерден кетүүнү такыр эле ойлонбой калдым. Уулум иштебей эле коюңуз дейт. Мен пенсияга чыкканча кыбырап иштей берейин деп атам. Карыларга деле кѳнүп калгам. Ар бирин “ата”, “апа” деп жылуу сүйлѳп, акыбалдарын сурап турам. Алар да мени “кызым” деп жакын тутуп, сырын айтып калышат.
— Узак жылдан бери карылардын жан дүйнѳсүн жакшы билип калсаңыз керек?
Мен бир да атанын, бир да апанын бул жерге келишин каалабайт элем (ыйлап). Бул жерде канча жакшы деген менен үйүн эңсебеген, балдарын сагынбаган кары жок. Ар биринде санаа, кайгы бар. Апалар кѳп учурда келини менен батышпай “чогуу жашабасам койдум, ушул экѳѳ урушпай ынтымакта жашашса болду. Ажырашып кетишпесин” деп келип алышат. Бирок бул жакта эркектер кѳп. Аялзаты небере карап, үй ишин кылыша калып эптеп батат экен. Карылык эркектерге оор окшойт. Анан бул жерге кѳнгѳн соң туруктуу жашап калышат. Айрымдар үйүнѳ кетип кайра эле баягы маселелер кайталанып баштаганда келип алышат.
— Эсиңизден кетпеген тагдырлар болсо керек?
Абдан кѳп. Акыркы кезде бир апа оюмден чыкпайт. Ал апа туруп-туруп эле басып кетчү экен да, балдары таппай калышчу экен. Ошонусунан тажаганда бул жакка алып келишиптир. Апага бул жерди оорукана деп коюшкан экен, бир күнү “кызым, менин дарыларым бүттүбү? Үйгѳ кетсем болот эле” дейт. Мындайда чындыкты айта албай жаман болом. Айла жок “дарыланып бүтѳ элексиз. Сизди кѳпкѳ дарылаш керек экен” деп алдаганга туура келет. Байкуш апа үйүн абдан эңседи. Кийин балдары ойлонушту окшойт, алып кетишти. Анын бир жакыны менен сүйлѳшүп турчу элем, үйүнө барган соң он күндѳй жатып эле каза болуп калыптыр.
— Бул жактан каза болгондор акыркы сапарга кандай узатылат?
Алгач бала-бакырасына, баласы болбосо башка келип жүргѳн жакындарына кабар беребиз. Айрымдар келип алып кетишет. Эч ким алып кетпесе ушул эле жерден анын туткан динине карап болгон зыйнатын кылып узатабыз. Кайгырабыз, ыйлайбыз. Кѳмүлүүчү жайы мамлекеттен каралган. Жалаң карылар жашаган жерде мындай жоготуулар кѳп болот. Ал карынын ордун жоктоп бир топко жаман болом. Үйдѳ жүрүп деле ал адамдын баскан-турганын, айткан кептерин эстей берем.
Гүлайым Калыбекова